Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА
МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 04- марты № 4 -дп
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегацияланган балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик базаны андан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченемдик ишкердигин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына делегациялоо жөнүндө» токтомун аткаруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Көлмөлөрдүн абалын жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыкты жана башка суу организмдерин кайрадан өндүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды өткөрүү тартиптери жөнөндө Жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Суу объектилеринде балык чарбасын мелиораиялоону өткөрүү тартиптери жөнүндө Жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Балык камдарын жана алар жашаган жерлерди коргоого алуу, балык коргоонун штаттан тышкаркы кызматкерлерин уюштуруу жана ишкердигинин тартиптери тууралуу Эрежелер, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөн балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин бекитип берүүнүн тартиптери жөнүндө Жобо,
4-тиркемеге ылайык;
- Анча баалуу эмес жана кереги жок балыктарды мелиоративдик кармоону жана балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоо тилкелерин тазалоону жүзөгө ашыруунун тиртиби жөнүндө Жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Табыгий жана жасалма көлмөлөрдү балыктандыруу ченемдерин белгилөөнүн жана балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Көлмөлөрдөн алынган же көл, олтургузуу жана авиз балык чарбаларында өтүрүлгөн балык жана балык өндүрүмүн эсепке алуу тартиби тууралуу Жобо, 7-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү - биологиялык ченемдери жана Кыргыз Республикасынын балык чарбаларында товарды балык жана балык олтургузма материалдарын өстүрүүнүн эрежелери, 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын балык чарбаларында товардык балыкты жана балык олтургузуу материалдарын өстүрүүнүн балык өстүрүү-биологиялык ченемдери жана эрежелери, 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык өнөр-жайын, ихтиологиялык мониторингди жана балык камдарын кайрадан өндүрүүнү уюштуруу жана алып баруу жөнүндө Жобо, 9-тиркемеге ылайык;
- Илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоого, контролдук кармоо, балык өстүрүү-мелиоративдүү иштерди, акклиматизацилоону, балыктандыруу жана кайра өндүрүүнү аткаруу үчүн балык уулоо документтерин жана билеттерин берүү жана пайдалануу тартиптери жөнүндө Нускоо, 10-тиркемеге ылайык;
- Балык камдарын жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайлап уулоо боюнча ишти аткаруунун тартиби жөнүндө Нускоо, 11-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында балык чарбасы көлмөлөрүн жана балык уулоо тилкелерин сынактын негизинде берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо, 12-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруу жана ишкердигинин тартиби жөнүндө Жобо, 13-тиркемеге ылайык;
- Балык чарбачылыгы көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык ишти жүргүзүү жана балыкты контролдук уулоонун тартиптери жөнөндү Жобо, 14-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы, балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилген табыгий жана жасалма көлмөлөрдө чарбалык жигер тууралуу балык-өстүрүү биологялык негиздөөлөрдү түзүү жөнөндө Жобо, 15-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти:
- расмий жарыяланган учурдан тартып 7 жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрук менен бекитилген балык чарбасы чөйрөсүндөгү укуктук актыларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүүнү ишке ашырсын;
- балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо максаттарында көлмөлөрдү пайдаланууга берүү боюнча ведомстволор аралык сынак комиссиясынын курамын жана санын, ошондой эле Балык өстүрүү-биологиялык эксперттик Кеңештин курамын жана санын аныктасын жана министрликтин бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департементинин алдындагы Балык өстүрүү-биологиялык эксперттик Кеңеши жөнүндө Жобону иштеп чыгып жана министрликтин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Буйруктан аткарылышына контролду кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мурашев |
1-тиркеме
Көлмөлөрдүн абалынжана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыкты жана башка суу организмдерин
кайрадан өндүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча балык
өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды
өткөрүү тартиптери жөнөндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, көлмөлөрдүн абалын жана Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрүндөгү балык камын кайрадан өндүрүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталган балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларын жүзөгө ашрууну уюштуруунун, мерчемдөөнүн жана өткөрүүнүн тартиптерин таныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
3. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- акклиматизациялоо иштери –бул, суу биологиялык ресурстарды бир көлмөдөн, мурда алар болбогон же жок болуп кеткен, алардын кийин жаңы шарттарга ыкташуусу жана өзү кайрадан өсүп популциялануусу үчүн экинчи көлмөгө көчүрүү;
- биологиялык мелиорация–биологиялык иш-чаралардын жардамы менен максатка жетишүүн камсыз кылган чаралардын комплекси;
- ашыкча суу өсүмдүктөрү жана көлмөлөрдүн эфтрофикациясы менен биологиялык күрөшүү – суу өсүмдөктөрүн жана суунун өңүнүн өчүүсүнө алып келген эң түбүндөгү балырларды жок кылуу үчүн көлмөлөргө балырлар менен тамактанган балыктарды көчүрүү;
-табыгий урук чачуучу жайды калыбына келтирүү – мурда жоголуп кеткен урук чачуучу жайларды суу менен бастырууга, алардын баткак басып кетүүсүнүн алдын-алууга, агын жана башка шилендилерден тазалоого, балыктын урук чачуусу мезгилинде нормалдуу суу теңдемин камсыз кылууга өбөлгө түзгөн техникалык чаралар комплекси;
- балыктандыруу–товардык массасына чейин жетүүсү же ошол көлмөдө жашаган, бирок өнө албаган же начар өнгөн балыктын жергиликтүү түрлөрүнүн санын толтуруу максатында көлмөгө балыктарды кое берүү;
- балыктардын суу топтомо курулмаларына жана ирригациялык тутумга кирип кетүүсүнөн коргоо - жаш жана өрчүгөн балыктардын ар кыл түрүндөгү суу топтомо жана ирригациялык тутумдарда өлүүсүнүн алдын алуу боюнча долбоордук жана техникалык чаралар системасы;
- балыктардын урук чачуу жайларына өтүүсүн камсыз кылуу - өтүмдүү жана жарым өтүмдүү балыктардун сууларга көтөрүлүүсүн камсыз кылуу боюнча гидротехникалык чаралар системасы;
- ихтиологиялык мониторинг– жүргүзүлүп жаткан иштердин суу биологиялык ресурстарга жана алардын жашаган чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүү, биологиялык объекттер менен иш алып барууда техникалык ченемдерди сактоо, көлмөлөрдүн абалын жана балык азыгын өндүрүү шарттарын жакшыртууга карата жүзөгө ашырылып жаткан балык өстүрүү-мелиоративдик иштердин натыйжалуулугун баалаган маалыматты топтоо;
- көлмөлөрдү пайдаланучулар - балык өстүрүү, балук уулоо жана балык багуу максаттарында, алардын алдына өзүнчө көлмөлөр жана балык уулоо тилкелери бөлүнүп берилген балык заводдору, балык чарбалары, балык чарбалар ассоциациялары,коомдук бирикмелер жана балык чарбасынын башка субъекттери;
- балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар - бул, көлмөлөрдүн абалын жана балык камдарын табыгий өстүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган иштердин топтому;
- утурумдук мелиорация -кыска мөөнөттүү оңтойлуу натыйжага алып келген (жаш балыкты сактап калуу, көлмөлөрдү чөгүп кеткен торлордон тазалоо) ыкчам мүнөздөгү техникалык жана биологиялык иш-чаралар топтому;
- техникалык мелиорация – балыктардын жашоо шарттарын жана көбөйүүсүн, аларды уулоо ыкмаларын жакшыртууну камсыз кылган техникалык чаралар комплекси;
- капиталдык мелиорация – узак мөөнөттүү оңтойлуу таасирди (акклиматизация, балыктандыруу, сууну тереңдетүү) камсыз кылган техникалык жана биологиялык иш чаралардын же алардын өзүнчө түрлөрүнүн топтому;
- көлмөлөрдүн суу менен камсыз болуусун жакшыртуу - балыктын жана башка суу биоресурстардын (суунун химиялык курамы, агын суу, деңгээлдик ыргак жана башка көрсөткүчтөр) жашоосун жана көбөйүүсүн колдоо жана жакшыртуу боюнча гидротехникалык жана башка чаралардын топтому.
4. Каражаттарды пайдаланууга жараша балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар биологиялык жана техникалык мелиорацияга бөлүнүшөт, ал эми чыгымдары жана таасир этүү узактыгы боюнча утурумдук жана капиталдык мелиорация деп аталышат.
Капитылдык мелиорацияны жүргүзүү жашоо чөйрөсүнүн жана гидробиотондордун түрдүк курамынын олуттуу өзгөрүүсүнө алып келет.
Утурумдук мелиоративдик иштер учурунда жашоо чөйрөсүнүн жана гидробиотондордун түрдүк курамынын олуттуу өзгөрүүсү жүрбөйт.
II. Жүзөгө шырылап жаткан балык
өстүрүү-мелиоративдик иштердин түрлөрү
5. Биологиялык мелиорация төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт: акклиматизациялык иштерди жана көлмөлөрдү балыктандырууну, ихтиофаунаны жана балыктардын азык базасын реконструкциялоону, балыктын эндемикалык жана баалуу түрлөрүн жок кылышкан балыктардын баасы начар, бааланбаган жана жырткыч түрлөрүн кыскартууну жана биологиялык объекттердин жардамы менен ашыкча богон суу жашылчасын жок кылууну.
6. Техникалык мелиорация төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт: суу менен камсыз кылууну жана гидрибионттордуун жашоо шарттарын жакшыртууну, ашыкча суу жашылчаларын чаап бүтүрүүн, жайкы жана кышкы кырылуулардын алдын алууну, табыгий урук чачуу жайларын калыбына келтирүүнү жана жасалма урук чачуу жайларын орнотууну, балыктарды байланган көлмөлөрдөн сактоону, түбүн тереңдетүү жана балыктын урук чачуу жайларына өтүүсүн камсыз кылган башка иштерди, балыктын суу тосмолоруна кирип кетүүсүнөн коргоону, балык ишкердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында балык уулоо тилкелерин жана түбүн тазалоону.
7. Балык өстүрүү-мелиоративдүү иш-чараларды уюштуруу, мерчемдөө жана өткөрүү тартиби ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Балык өстүрүү-мелиоративдүү иш-чараларды өткөрү балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен балык өстүрүү-мелиоративдүү иштердин макулдашылган жылдык мерчеминин негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Балык өстүрүү - мелиоративдүү иштерди өткөрүүнүн демилгечилеринин болуп, мамлекеттик балык чарбалары, көлмөнү пайдалануучулар, айыл өкмөттүн балансында турган көлмөлөрдө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, балык чарба ассоциациялары жана алардын алдына бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо менен иш алып барышкан коомдук бирикмелер саналышат.
10. Капиталдык мелиорация, орун алган көйгөйдү талдоону, сунушталып жаткан иш-чаралардын биологиялык негизденүүсүн, аны аткарууну камсыз кылуу боюнча долбоордук чечимди, аталган долбоордун экологиялык, социалдык-экономикалык максаттуулугун камтыган биологиялык жана технико-экономикалык негиздөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
11. Утурумдук мелиорация, илимий уюмдардын кызматкерлери же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык өстүрүү адистери тарабынан аткарылган эксперттик баа берүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
12. Биологиялык жана технико-экономикалык негиздемелер илимий, долбоордук жана башка уюмдар тарабынан мамлекеттик, муниципалдык, балык чарба жана коомдук бирикмелердин буюртмасынын негизинде аткарылат.
13. Көлмөлөрдү балык чарба мелиорациялоо боюнча демилгечи долбоорлор балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт жана арызды, биологиялык-техникалык негиздемени камтууга тийиш.
14.Балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды өткөрүүгө биологиялык негиздеме мамлекеттик экологиялык экспертизанын кароосуна жөнөтүлөт. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оңтойлуу корутунду алынгандан кийин, балык өстүрүү-биологиялык негиздеме иштелип чыгат.
15. Капиаталдык мелиоративдик иштерди өткөрүүнүн милдеттүү шартынан болуп, коштоп жүргөн ихтиологиялык мониторинг жана суу биологиялык ресурстарга жана алардын жашаган чөйрөсүнө таасирге баа берүү саналат.
16. Коштоп жүргөн ихтиологиялык мониторингдин максатынан болуп, жүргүзүлүп жаткан иштердин гидробионтторго тийгизген таасирине баа берүү, биологиялык объекттер менен иш алып барууда технологиялык ченемдерди сактоо, жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугуна баа берген маалыматтарды топтоо саналат.
17. Балык өстүрүү-мелиоративдик иш чаралардын бардык түрлөрүн, алар аяктагандан кийин, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлгөн комиссия кабыл алат жана алардын аткарылган санын жана аткарылган иштердин өлчөмдөрүн белгилөө менен белгиленген форма боюнча, бүткөрүлгөн мелиоративдик иштердин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
2-тиркеме
1. Бул Жобо, балык чарбасы маанисиндеги суу объектилеринде балык чарбасын мелиорациялоону өткөрүү тартиптерин аныктайт.
2. Балык чарбасын мелиорациялоо, көлмөлөрдүн балык өндүрүмүн сактоого жана жогорулатууга, балыктын (анын ичинде эндемикалык жана жана сейрек кездешкен түрлөрүн) башка гидробионттордун жашоо шартын жана көбөйүсүнө жакшыртууга багытталган комплекстик иш-чаралардын негизги бөлүгү болуп саналат.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
4. Балык чарбасын мелиорациялоону өткөрүүнүн объектиси болуп, балык чарбасын жүргүзүүгө пайдаланылып жаткан же пайдаланылышы мүмкүн болгон суу объекттери саналат.
5. Балык чарбасын мелиорациялоо өзүнө төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт:
- биологоиялык ресурстардын табыгий кайра өндүрүлүшүнө тоскоолдук кылган, балыктын семирүү жана урук чачуусу жайларындагы катуу суу өсүмдүктөрүн чабууну жана жумшактарын жок кылууну;
- көлмөлөрдүн түбүн тиешелүү иштетүү жолу менен суу өсүмдүктөрдүн тамыр бөлүгүн жок кылуу;
- көлмөнү ашыкча баткактан тазалоону, түбүн мерчемдөөнү, көлмөнүн түбүнө ташталган, чөгүп кеткен, эски балык торлорунан жана башка таштандылардан тазалоону;
- суулардын агымын, куймаларын жана өзөндөрүн тазалоо;
- суу биоресурстарын жасалма жана табыгий кайра өндүрүүнүн оптималдуу шарттарын камсыз кылуу үчүн жырткыч жана анча бааланбаган, кереги жок балыктарды жана суу омутркасыздарын мелиоративдик уулоону;
- балык коргоо курулмаларды орнотууну;
- өндүрүүчүлөрдүн өтүүсү жана жаш балыктардын агып кирүүсү мүмкүн болуусу үчүн балык өткөрүү курулмаларын орнотууну;
- жасалма урук чачуу жайларын орнотууну.
6. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштер, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштер мерчеминин негизинде жүзөгө ашырылат.
7. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштер мерчеми илимий уюмдардын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог-адистеринин жана балык багуучуларынын сунуштарынын негизинде түптөлөт.
8. Көлмөлөрдүн түбүн мерчемдөө жана өзгөртүү менен байланыштуу болгон көлмөлөрдө, балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштерди өткөрүү жаратылышты коргоо жана балыкты коргоо боюнча талаптарды жана ченемдерди сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
9. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо аларга бекитилип берилген көлмөлөрдө же башка өзүнчө тилкелерде көлмөлөрдү колдонуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Мамлекеттик балык чарбалары тарабынан көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштерди каржылоого акысыз негизде демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, тараптар ортосунда келишилген эки тараптуу келишимдин негизинде гана жүзөгө ашырылат.
Келишимде укуктук, экономикалык жана башка шарттар, тараптадын милдеттери жана укуктары, аткарылуучу иштердин түрлөрү, иштерди каржылоо өлчөмдөрү жана шарттары, тараптардын өз ара эсептешүү тартиптери, келишимдик шарттарды аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчиликтери так регламенттелүүгө тийиш.
11. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча мерчемделген иштер аткарылгандан кийин, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссия, иштерди аткаруу боюнча жыл сайын иштелип чыккан мерчемдердин негизинде, бүткөрүлгөн иштерди кабыл алуу актысын түзүү менен көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча бүткөрүлгөн иштерди кабыл алат, ал актыга комиссия мүчөлөрү кол коюшат жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет.
4-тиркеме
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү бекитип берүү шарттарын жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
3. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- акватория - табыгий четтери, жасалма жана шарттуу чектери менен чектелген көлмөнүн суу бетинин тилкеси;
- балык чарбасы маанисиндеги сууобъекттери - балык чарбасы жана балык уулоо үчүн колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон табыгий жана жасалма көлмөлөр, авиздер жана суулар, ошондой эле алардын айрым тилкелери;
- вегетациялык мезгил – анын өсүшү үчүн жагымдуу болгон (абанын жана суунун температурасы, жарык күндүн узактыгы жана башкалар) жаратылыш факторлору менен балык өстүрүү сезону;
- табыгий балык өндүрүмдүүлүк - бул, анын табыгий азык базасынын (кг/га) эсебинен көлмөнүн аянтынын бирдигине карата балык биомассасынын саны;
- суунун күзгүсү - жээк менен чектелген ачык көлмөлөрдүн суу беттери;
- зообентос - көлмөнүн түбүндө отурукташкан суу организмдеринин топтому, балыктар үчүн азык болуп саналышат;
- зоопланктон - суу катмарында отурукташкан, агын менен акырындан жүргөн суу азыкорганизмдеринин топтому, балык үчүн азык болуп саналышат;
- азык коэффициенти - булл, балыктын массасынын 1 кг. алышы үчүн балык тарабынан желген табыгий же жасалма азыктарды санын мааниси;
- балык уулоо (балык кармоо) - балыкты, суу омутркасыздарды жана башка суу биологиялык ресурстарды алардын жашаган чөйрөсүнөн алып коюу, ал балыкты жана суу омурткасыздарды өндүүштүк алуу, ошондой эле, балык чарба көлмөлөрүнөн ышкыбооз жана спорттук балык уулоо жолу менен жүзөгө ашырылат;
- балык өстүрүү - балык чарбасы көлмөлөрүн балыктандыру учүн икраны жана балыктын баалуу түрүнүн жаш балыктарын инкубациялоо;
- балык чарбасы - көлмө жана авиздердин балык камдарынын курамын жакшыртууга башытталган, ошондой эле товардык балыкты, олтургузуу жана асыл тукум материалын өстүрүүнү, кармоону, аны коргоону жана кайра иштеттүүнү уюштуруу боюнча балык өстүрүү, балык уулоо, кайра өндүрүү жана балык камдарын коргоо тутуму;
- балык уулоо документтери - балык уулоо билеттери жана эсепке алуу документтери (журналдар, ведомосттор, өндүрүш билеттери жана уулоону, топтоону, ташып жеткирүүнү, икраны инкубациялоону, өстүрүүнү, балыктын жаштарын чыгарууну жана көлмөлөрдү балыктандырууну эсепке алуу актылары);
- рекрациялык максаттарда балык өстүрүү-ышкыбооз жана спорттук балык уулоо тартибинде товардык балыкты кармоо боюнча калкка кызмат көрсөтүү максатында жасалма шарттарда товардык балыкты көбөйтүү жана өстүрүү ишкердиги;
- рекреациялык ишкердик-ышкыбооз жана спорттук балык уулоо менен байланыштуу эс алуу жайларын түзүү жана тиешелүү деңгээлде күтүүгө багытталган ишкердик;
- балык өнөр-жайы чарбасы-негизги ишкердиги, кармалган балыкты кийин сатуу же кайра иштеттүү үчүн балык чарба көлмөлөрүнөн жана балык уулоо тилкелеринен балыкты алып коюу (кармоо) болгон чарба;
- балык өстүрүү чарбасы-көлмөлөрдө товардык балыкты жана/же балык олтургузуу материалдарын өстүрүү максатында көлмөлөрдө түзүлгөн чарба;
- рекреациялык балык уулоо чарбасы - негизги ишкердиги бекитилип берилген көлмөлөрдө балыктандыруу, балык чарба мелиорациясы, зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана ышкыбооз жана спорттук балык уулоо чөйрөсүндө жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү максатындагы башка ишкердик болуп саналган чарба;
- балык өндүрүмү - көлмөнүнү аянтынын бирдигинен алынган балыктын жалпы биомассасы (кг) же белгилүү бир мезгил (сутка, декада, ай, вегетациялык мезгил) ичиндеги өлчөмү;
- көл-товардык балкык чарбасы (КТБЧ) - бул, аларда чарбалык-начар баадагы балыкты кармоонун, аларга баалуу товардык балыкты көчүрүү, өстүрүү жана кийин кармоонун эсебинен ихтиофаунаны толук же жарым-жартылай алмаштыруу жолу менен көлмөлөрдү балык чарбалык пайдаланууну жакшыртуу менен иш алып барган чарба;
- балык чарбасын жана балык уулоону уюштуруу жана алып жүрүү – балыкты өстүрүү, кармоо, кайра иштеттүү жана кийин сатып өткөрүү жолу менен балык чарба ишкердигинин пайдалануучулары тарабынан балык уулоону жүзөгө ашыруусу;
- көлмөнү пайдалануучулар (пайдалануучулар) - балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо тармагында ишкердигин жүзөгө ашырышкан балык заводдору, балык чарбалары, балык чарба ассоциациялары, коомдук бирикмелер жана башка балык чарба субъекттери;
- товардык балык өстүрүү - аны кийин көлмөдөн алып коюу жана сатып өткөрүү максатында, товардык балыкты көбөйтүү, өстүрүү жана багуу менен байланыштуу болгон ишкердик.
4. Көлмөлөрдү же алардын айрым тилкелерин пайдаланууга берүү, көлмөлөр же балык уулоо тилкелерин балык чарбасын же балык уулоону уюштуруу үчүн сынакты жеңип чыккан пайдалануучуларга бекитип берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Балык чарбаларын же балык уулоону уюштуруу максатында пайдалануучуларга көлмөлөрдү же анын тилкелерин бекитип берүү, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, аларды кийин балык чарбасына өздөштүрүү, балык чарбаларын орнотуу жана уюштуруу максатында, өткөрүлгөн сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча балык өстүрүү-биологиялык негиздеменин негизинде аткарылат.
6. Сынак комиссиясынын прот околунун негизинде 10 күндүк мөөнөт ичинде балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен саныкту жеңип чыккан падалануучунун ортосунда балык чарбасын же балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү тууралуу бүтүм келишилет.
7. Көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү тууралуу бүтүм, ага тиешелүү көлмөнүн же балык уулоо тилкесинин чектерин 1:50000 масштабындагы карта-чиймесин тиркөө менен эки нускада түзүлөт.
Бүтүмдүн бардык нускаларына эки тарап кол коюп, мөөр менен бекитилет.
8. Көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү бүтүм таризделгенден кийин, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пайдаланууга берилген көлмөнүн же анын айрым тилкелеринин чектерин белгилейт жана аларды пайдалануучулар ортосунда бөлүп берет. Көлмөнүн (көлмө тилкелеринин) карта-чиймеси тиркелген бүтүмдүн бир нускасы балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда калат, экинчиси -көлмөнү же анын айрым тилкелери пайдаланууга алган пайдалануучуга берилет.
9. Көлмөнү же анын айрым тилкелерин бекитип берүү бүтүмүнүн негизинде пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөрдө же анын айрым тилкелеринде балык уулоо, кармоого укук берген балык уулоо жана эсепке алуу документтери берилет.
10. Табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, балыктын жашаган, өстүрүлгөн жана кармалган чөйрөсү катары көлмөлөрдүн же анын айрым тилкелеринин суу акваторияларын (суу мейкиндигин) пайдалануучуга бекитип берет.
11. Балык өстүрүү жана балык багуу максаттарында көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин бекитип берүү он жылдык мөөнөткө аткарылат, ал эми балык уулоо максаттарына бир жылдык мөөнөткө берилет. Бүтүм ага эки тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Пайдалануучуга балык өстүрүү, балык көбөйтүү же балык уулоо максаттарында бекитилп берилген көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин субижарага берүүгө тыюу салынат.
13. Эгерде пайдалануучуга бекитилип берилген көлмө же балык уулоо тилкеси масаттуулугу боюнча колдонулбаса, же пайдалануучу тарабынан келишим шарттары ар дайым бузулуп же аткарылбай келсе, бүтүм балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгары укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
14. Көлмөнү максаттуулугу боюнча пайдаланбай коюу же көлмөнү тараптар ортосунда келишилген бүтүмдө каралбаган максаттарда пайдалануу, көлмөнү же анын айрым тилкелерин балык чарбасы үчүн пайдаланууга каралган белгиленген акыны төлөөдөн бошотпойт.
III. Балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында
суу объекттерин пайдалануу үчүн акынын өлчөмүн
аныктоонун ыкмасы
15. Пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөнүн же анын арым тилкелеринин авкаториясынын аянты суу күзгүсүнүн үстү боюнча суу акваториясы менен белгиленген чектер менен, же болбосо көлмөнүн айрым тилкелерин пайдалануучулар ортосунда бөлүштүрүү учурунда карта-чиймеде белгиленип түшүрүлгөн шарттуу чектер менен чектелет.
16. Көлмөнү балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында пайдалануу учурунда акы, көлмөнүн же балык уулоо тилкесинин балык чарба паспортунун негизинде суунун күзгүсүнүн үстү (суу акваториясынын аянты) менен аныкталат, мында, көлмөнүнү акваториясынын аянты жасалма көлмөдөгү суунун кымылына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
17. Балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында суу объекттерин пайдалануу үчүн акынын өлчөмү, товардык балыкты жана балык олтургузуу материалдарын өстүрүү үчүн көлмөлөрдүн табыгий азык базаларын (зоопланктон, зообентос) колдонуунуни эсебинен көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүнүн табийгуулугуна жараша арныкталат.
18. Суу объекттерин пайдаланууга акынын өлчөмүн эсептеп чыгуу төмөнкү форма боюнча аныкталат:
П = ФпхК1хК2хК3хК4хS, мында
П-пайдалануу үчүн акынын өлчөмү (1 вегитациялык сезгил үчүн сом менен);
Фп – суу объектисинин суу күзгүсүнүн 1 га аянты үчүн акынын белгиленген чоңдугу;
К1 – көлмөнүн түрүн эске алган коэффициенти (1-таблица);
К2 –кыртыш сапатын эске алган көлмөлөрдүн табыгий өндүрүмдүүлүгүнө коэффициенти(2-таблица);
К3 – суу объектисинин тереңдигин эске алган коэффициенти (3-таблица);
К4 – суу объектисинин жогорку жана суу өсүмдүктөрү менен өсүп кетишин эске алган коэффициенти (4-таблица);
S – суу объектисинин суу күзгүсү.
19. Акынын катталган чоңдугун аныктоо төмөнкүдөй аткарылат:
1) Катталган чоңдугун эсептеп чыгуу үчүн көлмөнүнү эң төмөн табыгий балык өндүрүмдүүлүгү алынган (атап айтсак, суу сактагыч, БДР, БСР), башкача айтканда, бир вегетациялык мезгил ичинде көлмөнүн аянтынын 1 гектарынан табыгий гидробионттор азыктык базасын керектеген балыктын массасынын өсүшү.
Зообентос өндүрүмүнүн эсебинен балык өндүрүмдүүлүккө баа берүү үчүн орточо өндүрүм-биомассалык коэфицциент (Р/В) колдонулат, ал өндүрүмдүн өсүш арымынын (Р) 5 деген мааниге ээ орточо биомассасына (В) таасири болуп саналат.
Зообентос боюнча мүмкүн болуучу балык өндүрүмдүүлүгүнүн эсептеп чыгуусу төмөнкү формула боюнча өткөрүлөт:
V – балыктын зообентос организмдеринин эсебинен өндүрүмдүүлүгүнүн өлчөмү;
S –биотоп/көлмө аянты;
В –зообентостун орточо биомассасы, г/м2;
R-зообентостун балык-бентофагдар тарабынан пайдалануусу коэффициент коэффициенти - 70%;
КК – зообентос организмдеринин азыктык коэффициенти-6 түзөт.
2) Зооплактон боюнча балык өндүрүмүн эсептеп чыгуу төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашырылат (бүтүндөй вегетациялык мезгилге бардык көрсөткүчтөр орточо):
V - зоопланктондор эсебинен балык өндүрүмүнүн өлчөмү;
W-суунун өлчөмү;
В- зоопланктондун орточо биомассасы, г/м3;
R -зоопланктонду балыктар тарабынан колдонуу коэффициенти, ал– 50% түзүт; АК -зоопланктондун азык коэффициенти, ал зоопланктон организмдери үчүн - 10 түзөт.
Эсептеп чыгуулар
3) Зообентос боюнча (иш жүзүндө) Биздин суу сактагычтар үчүн эсептеп чыгуу (зообентостун орточо биомассасы - 27,7 мг/м2же 0,0277 г/м2):
Бардыгы болуп: 807,9 мг/м2же 8,0 кг/га
4) Зоопланктон боюнча (иш жүзүндөгү) зоопланктондун орточо биомассасы -5,6мг/м3:
Бардыгы болуп: 140мг/ м3же 1,4 кг/га
5) Жыйынтыгында: 8,0 кг + 1,4 кг = 9,4 кг/ га жалпы балык өндүрүмү.
6) 9,4 кг/гаХ30 сом (өсүмдүк менен тамактанган балыктар чени) = 282 сом.
7) 9,4 кг/гах50 сом (лосось жана сига балыктар чени) = 470 сом.
8)(282 сом + 470 сом)/2 = 376 сом – бул,көлмөнүн бир вегетациялык мезгил ичинде 1 гектар суу күзгүсүн пайдалануу үчүн акы өлчөмүнүн катталган чоңдугу.
20. Коэффициенттердин мааниси:
Суу объектисинин түрүн эсепке алган
коэффициенттин мааниси (К1)
1-таблица
№ | Суу объектисинин түрү | Коэффициенттин мааниси |
1 | Суу сактагыч | 1.0 |
2 | Авиз | 1.1 |
3 | Көл | 1.2 |
4 | Туюк табыгий көлмө (карьер) | 1.2 |
Кыртыш сапатын эске алган, көлмөлөрдүн табыгий өндүрүмдүүлүгүнө түзөтүүчү коэффициент (К2)
2-таблица
Кыртыш түрү | Коэффициент |
Майда таштуу | 0,4 |
Чымдуу | 0,5 |
Кумдуу жана шордуу | 0,6 |
Жогорку өндүрүмдүү кыртыш (кара жер жана башкалар) | 1,2 |
Суу объектисинин тереңдигин эске алган коэффициенттин мааниси (К3)
3-таблица
Нормалдуу тиренүү деңгээлинде суу объектисинин орточо тереңдиги | Коэффициенттин мааниси |
1,5 м тартып 2,5 м чейин | 1.2 |
1,5 м чейин жана 2,5 м жогору | 1.0 |
Суу объектисинин жогорку жана суу өсүмдүктөрү менен өсүп кетишин эске алган коэффициенти (К4)
4-таблица
Суу объектисинин өсүп кеттүү пайызы | Коэффициенттин мааниси |
30% чейин | 1.2 |
30% тартып 60% чейин | 1.0 |
60% жогору | 0.7 |
IV. Балык чарбаларын жана балык уулоону уюштуруу тартиби
21.Табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балык чарбасын уюштуруу жана балык уулоо иштерин жүргүзүү үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көлмөлөрдүн же алардын айрым тилкелеринин суу акваториясын (суу мейкиндигин) балыктын жашаган, өстүрүү жана кармоо чөйрөсү катары пайдалануучуларга бекитип берет .
22. Балык чарбалары өзүнүн ишкердигинин багыттары боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- балык өнөр-жайы чарбалары;
- балык өстүрүү чарбалары;
-рекреациондук балык уулоо чарбалары.
23. Балык өстүрүү чарбаларына урук чачуу-өстүрүү чарбалары, балык питомниктери жана инкубациялык цехтери жана икраны инкубациялоо, жаш балыкты жана суу азык организмдерин өстүрүү боюнча иштерди аткаруу үчүн балык өстүрүү-өндүрүш базасына ээ болгон балык көбөйтүү заводдору, ошондой эле, көлдүк, олтургузуу, фермердик дыйкан балык чарбалары формасында товардык балык өндүрүмүн өстүрүү менен адистешкен балык чарбалары кирет.
24. Балык чарбасы көлмөлөрүндө же анын айрым тилкелеринде балык уулоо, алардын балык ресурстарын пайдалануусуна укук берген илимий жана коомдук уюмдардын пайдалануучуларына сунуштоо менен жүзөгө ашырылат.
25.Балык уулоо балыкты, суу омурткасыздарды жана азык объекттерин өнөр-жай кармоо, ошондой эле балык чарбасы көлмөлөрүндө жана жалпы колдонуудагы көлмөлөрдө же алардын айрым тилкелеринде ышкыбооз жана спорттук балык уулоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Өнөр жай, ышкыбоозчу жана спорттук балык уулоонун тартиптери жана шарттары балык уулоонун колдонуудагы эрежелери менен белгиленет.
26. Көлмөлөрдү пайдалануучулар, көлмөлөр жана балык уулоо тилкелерин пайдаланууга түзүлгөн бүтүмдүн жана балык уулоонун бөлүнүп берилген лимитинин (чектеринин) негизинде, балык уулоо жана жсептөө документтерин алгандан кийин өнөр-жай, ышкыбооз жана сүйүүчүлүк балык уулоону уюштурууга, ал эми жарандар балык уулоо билеттерин жана карточкалары алгандан кийин укук алышат.
27. Балык чарба көлмөлөрү жана балык камдары менен пайдалануу алардын чарбалык же рекреционалдык ишине тартылууда камтылган.
28. Көлмөлөр жана балык ресуртстары төмөнкү максаттар үчүн сунушталышы мүмкүн:
- балыкты илимий, ихтиологиялык максаттарда жана контролдук уулоо үчүн кармоо;
- балык өстүрүү, кайра өндүрүү жана суу биоресурстарынын акклимитизациясы макстттарында балыкты кармоо;
- балыкты өнөр-жай, ышкыбооз жана спорттук балык уулоо максаттарында кармоо.
29. Балыкты илимий, ихтиологиялык максаттарда жана контролдук уулоо үчүн кармоо балык камдарынын жана аларын азык базасынын орун алышы, бөлүштүрүү жана абалына баа берүү,балыкты жалпы жеткиликтүү кармоону аныктоо, балык уулоонун чектерин (квоталарын) белгилөө жана балык уулоо ыргагын жөнгө салуу максатында жүзөгө ашырылат.
30. Балык өстүрүү, кайра өндүрүү, акклиматизациялоо жана суу биологиялык ресурстардын көчүүгө балыкты кармоо төмөнкүлөр үчүн жүзөгө ашырылат:
1) белгиленген болжол-тапшырманы жана балык камдарын кайра өндүрүү жана суу биологиялык ресурстардын акклимитизациясы тармагында мерчемделген иш-чараларды аткарууга;
2) балыктын өнөр-жай түрлөрүнүн өндүрүүчүлөрдүн урук чачуу баскычынын келип чыгуусу менен аяктоосу мөөнөттөрүн аныктоо, топтолгон ихтиологиялык материалдарды талдоо жана изилдөө;
3) өндүрүүчүлөрдү кармоо жана балыктын кайра өндүргөн түрлөрүнөн инкраны топтоо;
4) балык өндүрүүлөрдүн оңдоо-маткалык үйүрүн түптөө;
5) балык камдарын жасалма калыбына келтирүү боюнча ишканаларда балык өндүрүүлөрдүн оңдоо-маткалык үйүрүн түптөө;
6) аларды көлмөгө чыгарган жерлерде баалуу өнөр-жай балык түрлөрүнүн икраларын жана жаштарын женп салуу учурларын алдын алуу максатында жана жырткыч, анча бааланбаган жана кереги жок балыктарды кармоо;
7) төмөнкү максаттарда акклимитизациялоо объекттерин балык чарбачылыгы маанисиндеги суу объекттерине кармоо жана көчүрүү:
- ихтиофаунанын популяңиясын байытуу жана жаңы тукумдарды балык чарбачылык өздөштүрүү;
- балыктын баалуу түрлөрүнүн туруктуу өнөр-жай камтарын түзүү;
- балык чарбачылыгы маанисиндеги суу объекттеринин азык базаларын жакшыртуу.
31. Ышкыбооз жана спорттук максаттарда балык уулоо жарандар тарабынан жеке керектөөсү үчүн, эс алуу максаттарында (рекрациялык максаттарда) жана киреше алуу мааксатын камтыбаган спорт менен машыгуу максаттарында жүзөгө ашырылат.
32. Ышкыбооз жана спорттук балык уулоо укуктары менен анын амагында жашаган же ал жакка келишкен Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн бардык жарандары балык уулоо боюнча атайы билеттин же карточканын негизинде пайдалана алышат.
33. Өзгөчөлөнгөн пайдалануу жана муниципалдык менчикте турган көлмөлөрдө ышкыбооз жана спорттук балык уулоо белгиленген көлмөлөргө ээлик кылуучуларынын жана менчик ээлеринин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
34. Балык субъекттерине бекитилип берилбеген балык чарбачылыгы объектилеринде жаратылыш суу чөйрөсүндө жашаган жана табыгий жол менен көбөйгөн балык жана башка суу омурткасыздарын ышкыбооз жана спорттук балык уулоо балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белинген балык уулоо билеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
35. Бекитилип берилген көлмөлөрдө жасалма кайра өндүрүү жана балык олтургузуу материалдары менен балыктандыруу жолу аркылуу өстүрүлгөн ышкыбооз жана спорттук уулоо объекттерин кармоо пайдаланылып жаткан көлмөлөрдү ар дайым балыктандырып туруу, көлмөгө салынып жаткан балыктын жаштарынын эсебин жүргүзүү жана балык уулоо үчүн көлмөлөрдү балыктандыруу актыларынын орун алышы шартында, балык субъекттери тарабынан берилген жолдомолор боюнча жүзөгө ашырылат.
36. Көлмөдө болгон күнүнө көз карандысыз бир киргенде, бир адамга үч килограммдан ашпаган ченемде үч ракокармоону пайдалануу менен тар казган рактарды кармоого уруксат берилет. Ракокармоочтордун диаметри 60 сантимерден ашпоого тийиш.
37. Бекитилип берилген көлмөлөргө чыгарылып жаткан тиешелүү түрдөгү жаш алыктарды эсепке алуу, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укукитуу органдын, жаратылышты коргоо жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, комиссиянын катышуусунда пайдалануучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
38. Жеке менчикте турган көлмөлөрдө ышкыбоозжана спорттук балык уулоо аталган көлмөлөрдүн менчик ээлеринин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
V. Балык уулоо эрежерели
39. Кыргыз Республикасынын балык чарбасы көлмөлөрүндө балыкты өнжүрүштүк уулоо аларга бекитилип берилген көлмөлөргө жана балык уулоо тилкелерине белгиленген чектердин (квоталардын) чектеринде ишке ашырылат.
40. Пайдалануучуларга балык алууга балык уулоо документтерин берүү балансында улоонун тор шаймандары, балык уулоо кайыктарынын жана балык өнөр-жайын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка балык уулоо шаймандарынын жана жабдууларынын болушу шартында гана берилет.
41. Балыкты өндүрүштүк алуу учурунда пайдалануучулар жана балык уулоо бригадаларынын балыкчылары балык уулоо эрежелерин сактоого милдеттүү.
VI. Балык уулоо ыргагы
42. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган илимий уюм менен макулдашуу аркылуу төмөнкүлөргө укуктуу:
- балыктын урук чачуу мөөнөттөрүнүн келип жетүүсүнө жана аяктоосуна таасирин тийгизген жаратылыш-климаттык шарттарга байланшутуу зарыл болгон учурда, балык уулоо мөөнөттөрүн ары же бери тарабынан, тыюу салуу мезгилинин жадлпы узактуулугунан ашып акетпестен 15 күнгө жылдырууга;
- айрым өндүрүштүк балык түрлөрүн уоллго урусат берүүгө же тыюу салууга жана аларга болгон өндүрүш көлөмдөрүн өзгөртүүгө;
- улоонун тыюу салынган ыкмаларын жана шаймандарын бекитүүгө;
- урук чачуу тилкелеринин жана кыштоо балык аңдарынын жана балык уулоо үчүн алардын көзөнөк көлөмдөрүн чектерин аныктоого.
43.Тыюу салынат:
- балык уулоо документтерсиз, жараксыз болгон балык уулоо билеттери менен же балык уулоо билеттерисиз балыкты өндүрүштүк уулоого;
- балык уулоо учурунда балык уулоонун тыюу салынган шаймандарын жана ыкмаларын колдонууга;
- балык уулоо документтеринде белгиленбеген жайларда, мөөнөттөрдө жана балык түрлөрүнө өндүрүштүк балык уулоого;
- балык уулоо билеттерисиз, аларды колдонуу ошол учурда жана ошол жерде тыюу салынган көлмөлөрдө же анын жээктеринде балык уулоо шаймандары, жардыпуучу жана ууландыруучу заттар менен болууга;
- балыкты, алар аккумулятор (батареяга) кошулган, биргелешип электр тогу менен балык уулоо (кармоо) милдетин аткарган, электр генераторлорунан турган электрокармоо системаларын колдонуу аркылуу электр кайрымактары менен уулоого;
- кескин зарылчылык учурларын (вавария, бурганак, туман) эске албаганда. салдарды, балык уулоо кайктарын жана башка транспорттук каражаттарды балык уулоого тыюу салынган жайлардын чектеринде токтотууга;
- жанында өндүрүштүк билеттери жок адамдардын балык уулоо өндүрүшүнө катышуусуна, ошондой эле балык уулоо пункттарында чоочун адамдардын болуусуна;
- өнөр-жай журналдарына жана өнөр-жай билеттерине катталбаган өндүрүш балоык уулоодон балыктарды балу уулоо пункттарында сактоого, ошондой эле балыкчылардын балыкты кам кылып камдап жана даярдап алуусуна;
- бир түрдөгү кармалган балыктарды түрдүн башка аталышы же түр курамын көрсөтпөстөн кабыл алууга (өткөрүп берүүгө);
- сууга биркаланбаган (маркерленбеген) торлорду, ошондой эле балык уулоо билеттеринде көрсөтүлбөгөн көзөнөктөрү менен торлорду салууга;
- балык кармалган жайлардан балыкты жана икраны товар коштоп жүрүүчү документтерсиз (коштомо кагаздарсыз), балык өнөр-жайынан балыкты жана икраны кое берүүгө берилген коштомо кагаздарда белгиленген аларды салмактарына шайкеш келбеген өлчөмдөрдө (салмактарда) чыгарып кетүүгө жана транспорттоого;
- мыйзамсыз балык уулоо өндүрүмдөрүн (балык жана икра) сатып алуу, кабыл алуу, сактоо, ташып жеткирүү жана сатып өткөрүүгө;
- балык кармоо чектеринен ашкан чектерде (квотада) балык уулоого, ошондой эле белгиленген өнөр-жай ченемдеринен аз өлчөмдө балык кармоого;
- көлөмү 10 сантиметрден (көз тилкесинен куйрук учуна чейин) кичине болгон тар казуучу рактарды кармоого, рак ургаачларын –икрянкаларды кармоого жана аларды уясынан алып чыгуу же кууп чыгуу жолу менен рактарды уулоого;
- дары жана химиялык жабдуулардын дардамы менен жасалган тарткынчыктын жардамы менен балык жана рак уулоого;
- атайы ферменттерди, кайрымакка илинүүнх ативдештирген заттарды жана балыктын абалына олуттуу таасирин тийгизген башка заттардын кошулмалары камтылган тарткынчыктарды жана каражаттарды пайдалануу менен балыкты уулоого;
- балыкты жардыруу, ууландыруу заттарын, улоонун электр, багарлоо жана саюу жабдууларынын жардамы, ок атуучу куралдардын, бардык конструкциялардагы кылтактарды, шакекчелерди, керме торлорду колдонуу, көлмөнү тосуу жана жабуу ыкмасы, ошондой эле ыргытма торлор жана өзүм билемдик менен жасалган илмек кайырмактар менен балык уулооого;
- суу нуктарында, балык урук чачуучу жана балыктын кыштоо аңдары жайларында шакыл таштарды топтоо, тандоо жана даярдоого;
- сууга стандарттык эмес торлорду орнотууга, ошондой эле балык уулоо билеттеринде белгиленген торлор санынан ашып кеткен торлорду орнотууга;
- балык уулоо документтеринде белгиленбеген улоо шаймандарын балык уулоо тилкелеринде сактоого, ошондой эле балкы уулоо мөөнөттөрү тарабынан тыбу салынган жана балык уулоо документи жок учурда, балык чарбасы көлмөлөрүнүн жээгинде балык уулоо торлорун сактап турууга;
- сууга балык уулоонун коюлуучу жабдуусун, адардын орун алган жерин көлмөнүн акваториясында тиешелүү тааныла турган белгилер (буйлар) менен белгилебестен туруп орнотууга;
- балык урук чачып жаткан учурда урук чачуу аймактарында, балык коргоо органдарынын суу транспорттук каражаттарын эске албаганда, суу-моторлуу транспортту колдонууга;
- сууга балык уулоонун коюучу жабдууларын орнотууга жана калкыма торлорду шахматтык нукта жайгаштырууга, ошондой эле, өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрдүн атайы балык уулоо билеттери боюнча уулоо учурларын эске албаганда, уулоо шайманы менен агын же каналдын кенендигинин үчтөн экисинен көбүрөөгүн жабууга.
VII. Балык уулоо үчүн тыюу салынган
жерлер, мөөнөттөр жана шаймандар
44. Жыл ичинде балык уулоого (кармоого) тыюу салынганы:
- суу жана каналдардын куймаларынын алдында, куйманын эки тарабына тең жана кхөлмөнүн ичкери кирген жеринен 500 метр аралыкта, аларды кармоого балык уулоо билеттеринин орун алуусу шарты менен жасалма өндүп алуу максатында, өнөр-жай балыктарын өндүрүүчү балыктарды уулоону эске албаганда, суу жана канал аркылуу жогору көтөрүлгөндө 500 метрге чейин;
- тосмо, шлюз, көпүрө алдыларынынын ажыратуу аймактарынын чегинде, магистарлык каналдар жана мелиоративдик системаларга ыкташкан жерлерде, ошондой эле шлюз каналдары менен камераларында;
- көлмөнүн балык чарбасы мүнөздөмөсү боюнча биологиялык негиздеме же корутундулары болбогон жана балык уулоого чектөөлөр (квоталары) белгиленбеген бардык мамлекеттик көлмөлөрдө;
- аталган мамлекеттик коруктардын администрациясынын макулдугусуз Ысык-Көл жана Каратал-Жапырык мамлекеттик коруктарынын жээк этигенидеги суу коруктарында.
45. Ысык-Көл көлүнөн балык уулоого тыюу салынат:
- № 15 жана 39 балык уулоо тилкелеринен;
- Таза, Кеңири-Көгүш Түп булуңунан;
- Ак-Терек (батыш) жанаТоң булуңдарынан.
46. Балык урук чачып жатканда өнөр-жай балыктарын уулоого тыюу салынат:
Ысык-Көл көлүндө:
- чабакчага, линге, лещке - 1-майдан тартып 1-июлга чейин;
- чабакка - 1- апрелден тартып 15-майга чейин № 1-27,2-32 балык уулоо тилкелеринде, көлдүн башка тилкелеринде - 15- марттан тартып
30-апрелге чейин;
- сазанга, карпка -15-майдан тартып 15- июлга чейин; - сига-лудогага- 1-ноябрдан тартып 30-декабрга чейин;
- форелге - 1- октябрдан тартып 25-январга чейин;
- маринкага –15- апрелден тартып 15-майга чейин;
Сон-Көл көлүндө:
- сига-лудогага - 15-октябрдан 25-ноябрга чейин;
- пелядьга 10-ноябрдан тартып 25-декабрга чейин.
Токтогул, Киров, Орто-Токой жана Базар-Коргон суусактагычтарында:
- сазанга, карпка, маринкага - 25-апрелден тартып 15-июнга чейин.
Бегиленген мөөнөт ичинде өсүмдүк менен тамактанган балыктарды, сазанды, карпты жана маринка урук чачып жаткан жерлерден башка жактарга өндүрүү көзөнөктөрү 70 сантиметр жана андан жогору болгон коймо торлор менен жүзөгө ашырылат;
Токтогул суу сактагычында:
- форелге -15-октябрдан тартып 25-январга чейин.
47. Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө 20-марттан тартып 10-июнга чейинки мезгилде тар казган рактарга, ал эми денесинин узундугу 10 сантиметрден кичине болгон, жумуртка алып жүрүүчү ургаачыларына бүтүндөй жыл ичинде уулоону аткарууга тыюу салынат.
48. Көлмө жана балык уулоо тилкелеринде урук чачуу мезгили ичинде балык уулоого тор колдонууга тыюу салынат.
VIII. Балыкка өндүрүш көлөмдөрү
49. Балыкка өндүрүштүк өлчөмдөр тумшугунун учунан (оозу жабык мезгилде) куйрук сүзгүчүнүн орто нурларынын негизине чейинки аралыкты өлчөө менен аныкталат.
Кайра иштетилип чыкакан балыкты (туздалган, кургатылган, ышталган ж.б.) өлчөөдө аталган көлөмдөр 4 пайызга кыскартылат.
50. Өндүрүштүк ченемдеги эмес балыкка, приондоо, тралдоо же тосмолоо үчүн уруксат берилген объекттин жалпы уулоосунан 8 пайызга ыкташууга жол берилет.
51. Белгиленген көлөмдөн ылдый, болуп калган кармалган балыктар жана рактар, аларды кармоого тыюуу салынган балыктар жана рактарбалык уулоо шайманы болуп саналган тордон чыгарылгандан кийин тирүүлөй түрүндө кайра көлмөгө кое берилүүгө тийиш.
Өндүрүш көлөмдөрүндөгү эмес балыктар жол берилген ченемлен ашык кармалган учурда, аталган жайда балык кармоо токтотулат же болбосо уулоо шайманы башкасы, көзөнөктөрү кыйла ири болгондоруна алмаштырылат.
IX. Балык уулоо шаймандарындагы көзөнөктөр көлөмү
52. Балык түрлөрү боюнча төмөнкү көлөмдөрдөгүдөн (мм менен) аз болгон уулоо торлорун колдонууга тыюу салынат:
Балык уулоо шайманы
| Чоң тор | мордушка | тор | ||
мотня | айдоо | канаттары | |||
Чабак уулоо үчүн | 32 | 40 | 45 | - | 32 |
Чабакча уулоо үчүн | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 |
Сазан, карп уулоо үчүн карпа | 60 | 60 | 60 | - | 65 |
Форель уулоо үчүн: - урук чачуу мезгилинде - семиртүү мезгилинде |
- - |
- - |
- - |
+ + |
45 60 |
Маринка уулоо үчүн | - | - | - | + | 40 |
Сига уулоо үчүн | - | - | - | + | 60 |
Пелядь уулоо үчүн | 38 | 40 | 45 | + | 35 |
Балык уулоонун тор шаймандарындагы көзөнөктөр көлөмүн аныктоо төмөнкү негизде жүзөгө ашырылат:
- балык уулоонун тор шаймандарынын көзөнөктөрү 30 мм.ден кем болгондорунда 11 түйүндүн ортосунданы аралык өлчөнөт жана алынган сан 10го бөлүнөт;
- балык уулоонун тор шаймандарынын көзөнөктөрү 30 мм.ден ашык болгондорунда 6 түйүндүн ортосунданы аралык өлчөнөт жана алынган сан 5ке бөлүнөт;
Жогоруда белгиленген көлөмдөр балык уулоонун курган шаймандарына белгиленет.
Нымдуу болгон балык уулоо шаймандарына белгиленген көлөмдөрдү 5 пайызга төмөндөтүүгө жол берилет.
X. Ышкыбооз жана спорттук балык уулоонун рекреациялык балык уулоо чарбаларын уюштуруу
53. Рекреациялык балык чарбаларынын негизги милдеттеринен болуп, ышкыбооз жана спорттук балык уулоонун жана жарандардын эс алуусунун уюштурулган формаларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу жагдайларды түзүү, балык камдарын көбөйтүү, ихтиофаунаны жакшыртуу жана көлмөлөрдө жаш балыктарды салуу жана балыктандыруу жолу менен көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
54. Жактырган жана спорттук балык уулоонун рекреациялык балык уулоо чарбалары пайдалануучу тарабынан, бир суу объектисинин чектеринде калыптанган, ышкыбооз жана спорттук балык уулоо үчүн саны туруктуу балыктандыруу жолу менен түптөлүп келген рекреациялык балык уулоо ыргагына которулган, өзүнчө турган көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде уюштурулат.
55. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, белгиленген тартипте ышкыбооз жана спорттук балык уулоонун рекреациялык балык уулоо чарбасы уюштурулушу мүмкүн болгон көлмөлөрдү же көлмөлөрдүн тилкелерин аныктайт жана аны тиешелүү бүтүмгө кол коюушуусу менен пайдалануучуга бекитип берет.
56. Рекреациялык балык чарбаларында ышкыбооз жана спорттук балык уулоо тартиптери рекреациялык балык чарбаларынын администрациялары тарабынан, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу аркылуу белгилеген.
57. Рекреациялык балык чарбаларын уюштуруу боюнча иштерди аткаруу мезгилинде, ошондой эле алар аяктагандан кийин аталган чарбаларда ышкыбооз жана спорттук балык уулоону жүргүзүү шарттары рекреациялык балык чарбаларынын администрациялары тарабынан жөнгө салынат.
58.Бекитилип берилген көлмөлөрдө рекреациялык балык чарбаларын уюштуруу боюнча мерчемделген иштердин комплекси аткарылып бүткөндөн кийин, көлмөнү рекреациялык балык чарбасы алдына даярдык иштеринин аяктагандыгы туурасында акт түзүлөт, ага бүтүмкө келишилген тараптар кол коюшат.
59. Ышкыбооз жана спорттук балык уулоо рекреациялык балык чарбаларын уюштуруу үчүн көлмөлөр же анын тилкелери бекитилип берилген пайдалануучулар аталган көлмөлөрдүн же айрым тилкелеринин пайдалануучулары болуп саналашыта.
60. Рекреациялык балык чарбалары уюштурулган көлмөлөрдө же анын өзүнчө тилкелеринде пайдалануучулар төмөнкү чараларды жүзөгө ашырышат:
- балык капдарын кайра өндүрүү жана коргоо боюнча иш чараларды;
- бекитилип берилген көлмөлөрдө табыгий балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылышат;
- бекитилип берилген көлмөлөрдү жыл сайын балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди аткаруу;
- бекитилип берилген көлмөлөргө ышкыбоозчу - балыкчылардын келиши, алардын кармаган балыктарынын саны жана түрү боюнча журналдык эсепке алууну аткарышат, ошондой эле балык камдарын кайра өндүрүү боюнча иш-чараларга пайдаланылган каражаттарды эсепке алууну аткарышат;
- көлмөгө чыгарылган жаш балыктарды эсепке алууну жүргүзөт жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга көлмөгө жаш балыктарды чыгаруу жана балыктандыруу актыларын беришет;
- рекреациялык балык чарбаларына келишкен ышкыбоозчу-балыкчыларга жагымдуу шарттарды (кайык станциялары, кайык токтоочу жай, түнөгөн орундар, тейлөө) түзүп беришет;
- бекитилип берилген көлмөлөрдө жана аныни айрым тилкелеринде ышкыбооз жана спорттук балык уулоо боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу балык чарба тармагындагы ыйгарым укукту органга маалыматтарды өз учурунда берип турат.
61. Бекитилип берилген көлмөлөрдө жана анын айрым тилкелеринде пайдалануучулар, көлмө абалдарын жана балыкты жана башка суу биоресурстарын кайра өндүрүүнү жакшыртуу боюнча балык коргоо жана балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды жүзөгө ашырат.
5-тиркеме
Анча баалуу эмес жана кереги жок балыктарды
мелиоративдик кармоону жана балык чарба
көлмөлөрүнүн балык уулоо тилкелерин тазалоону
жүзөгө ашыруунун тиртиби жөнүндө
Жобо
1. Бул Жобо, анча баалуу эмес, кереги жок жана жырткыч балыктарды мелиоративдик кармоону жана Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоо тилкелерин таштандыдан тазалоону жүзөгө ашыруунун тиртибин аныктайт.
2. Анча баалуу эмес, кереги жок жана жырткыч балыктарды мелиоративдик кармоо, эндемикалык жана өзгөчө баалуу өнөр-жай балык түрлөрүн табыгий кайра өндүрүү, ошондой эле чарбалык анча баалуу эмес балыктарды кармап, аларды азыктык мааниде товардык баалуу балык менен алмаштыруунун эсебинен, алардагы ихтиофаунаны кайра өзгөртүп түзүү жолу аркылуу суу сактагычтарды жана көлмөлөрдү балык чарбасына пайдаланууну жакшыртуу үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Балык чарбасынын балык уулоо тилкелерин тазалоо боюнча балык өстүрүү-мелиоративдик иштери - бул, көлмөлөрдү жаналыктар жашаган чөйрөнү жакшыртууга, балык камдарын кайра өндүрүү шарттарын жана көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралар топтому.
5. Эндемикалык ихтиофаунасы менен көлмөлөргө жок жерден акклимитизацияланган жана каалабагандай көчүрүлгөн объектиси катары балыктын анча баалуу эмес, кереги жок жана жырткыч түрлөрү эндемикалык жана баалуу өндүрүш балык түрлөрүнүн атаандаштары болуп саналышат, алардын жаштарын, икра жана личинкаларын өлтүрөт, ооруларды алып жүрүүчү болуп саналышат жана көлмөлөрдүн ихтиофауналарын жакшыртуу максатында мелиоративдик (селекциялык) кармоо жолу менен көлмөлөрдөн алынып салынууга жатат.
6. Көлмөлөрдө, анча баалуу эмес, кереги жок жана жырткыч балык түрлөрүнүн санын төмөндөтүү үчүн заводдук майда ячейкалуу торчолор, бредне, мордуш жана торлордун жардамы менен кармоо иштери жүзөгө ашырылат.
7. Анча баалуу эмес, кереги жок жана жырткыч балыктарды (мындан ары – балыктар) көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде мелиоративдик кармоо, бул түрлөр үчүн урук чачуу алдында жана урук чакчуу учурунда жүзөгө ашырылат.
8. Балыкты мелиоративдик кармоо жана балык чарбасы көлмөлөрүн эскирген жана чөгүп кеткен кармоо торлорунан тазалоо иштери, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар мерчеминин макулдашуу акылуу мамлекеттик балык чарбалары жана көлмө менен балык уулоо тилкелеринин пайдалануучулары (мындан ары – балык субъекттери) тарабынан ишке ашырылат.
9. Кереги жок балыктарды мелиоративдик кармоого жана балык чарбачылыгы көлмөлөрүн же алардын айрым тилкелерин ташталган, каралбаган жана эски чөгүп кеткен торлордон жана башка таштандылардан тазалоого балык уулоо жана балык багуу документтерин берүү, балык субъекттилери тарабынан балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилген арыздын негизинде жүзөгө ашырылат.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- балыкты мелиоративдик кармоо үчүн – балыктын анча баалуу эмес, кереги жок жана жырткыч түрлөрүнүн санын кыскартуу боюнча балык өстүрүү-мелиоративдүү иш-чаралардын мерчемдери;
- ташталган, каралбай калган жана эски чөгүп кеткен торлордон жана башка таштандылардан тазалоо үчүн – балык чарбасы көлмөлөрүнүн балык уулоо тилкелерин санитардык-мелиоративдик тазалоо боюнча мерчемдер;
- балыктарды мелиоративдик кармоо же көлмөнү ташталган, каралбай калган жана эски чөгүп кеткен торлордон жана башка таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүүгө илимий уюштуруунун биологиялык негиздөө же ихтиологиялык кызматтын корутундусу.
10. Балыктарды мелиоративдик кармоо же көлмөлөрдү тазалоо боюнча иштерди аткарууга арызды кызыкдар болгон балык субъектттери балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга болжолдонуп жаткан балыкты мелиоративдик кармоо же көлмөнү тазалоо иштери өткөрүлгөнгө чейин бир ай мурда жөнөтөт.
11. Арыз берүүчү тарабынан берилген документтер балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кароого алынат, андан соң аларга кереги жок балыкты мелиорациялык кармоо жана көлмөлөрдү тазалоо иштерин жүргүзүүгө балык уулоо же балык өстүрүү документтери берилет, же болбосо себебин көрсөтүү менен баш тартусу кат жүзүндө берилет.
12. Балыкты мелиоративдик кармоодон же көлмөнү тазалоо иштерин (мындан ары – мелиоративдик иш-чаралар) жүргүзүүдөн баш тартууга негиз болуп, төмөкүлөр саналат:
- арызда белгиленген маалыматтардын анык эместиги;
- арызда көрсөтүлгөн балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылчылыгынын негиздөөсүнүн жетиштиги;
-балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар мерчемдерин бербегендиги.
13. Балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар мерчемдеринин долбоорлору, кереги жок, керексиз жана жырткыч балык түрлөрүнүн камдары жана сандарын алдын-ала илимий же ихтиологиялык изилдөөнүн натыйжасы боюнча түзүлгөн илимий уюмдардын кызматкерлеринин же ихтиолог-адистердин сунуштарынын негизинде жана андан ары мелиоративдик иштерди жүргүзүү мерчемделип жаткан көлмөлөрдүн же балык уулоо тилкелеринин түптөрүн изилдөөнүн натыйжасында балык субъекттилери тарабынан түптөлөт
14. Балык өстүрүү-мелиоративдик иштердин мерчемдерин түптөө учурунда төмөнкү факторлор көңүлгө алынууга тийиш:
- балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди жүргүзүүнүн максаттуулугун жана күтүлүп жаткан болжолдорду негиздеп берүү;
- балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө сунушталган жайлар, тилкелер, мөөнөттөр жана ыкмалары;
- балык камдарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактап калуу үчүн опртималдуу шарттарды түзүүгө зарыл болгон мерчемделип жаткан балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралардын курамы, түрү жана өлчөмдөрү тууралуу маалыматтар
15. Баалуулугу аз жана кереги жок балык түрлөрүн кармоонун өлчөмдөрү белгиленбейт, жырткыч балыктарды кармоо ченемдери илимий уюмдардын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматынын сунуштары боюнча аныкталат жана балыкты мелиоративдүү кармоо документтеринде белгиленет.
16. Көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды жүзөгө ашыруу учурунда, көлмөлөрдөн аз баалуу, кереги жок жана жырткыч балык түрлөрүн же ташталган, эски жана чөгүп кеткен балык уулоо торлорун алып чыгуунун ар бир учуру боюнча белгиленген формадагы тиешелүү актылар түзүлөт.
17. Кармоо учурунда табылган, күтүүсүз жерден торго же кармоо шаймандарына түшүп калышкан өзгөчө баалуу өндүрүш балык түрлөрү токтоосуз, тирүүлөй түрүндө кайрадан көлмөгө кое берилет.
18. Балыкты жана суу омурткасыз жандыктарды мелиоративдүү кармоонун же көлмөдөн чөгүп кеткен жана эски торлорду алып чыгуунун ар бир жыйынтыгы, белгиленген формадагы каттоо журналына жазылып турат.
19. Көлмөлөрдү тазалоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө көлмөлөрдөн алынып чыгылган балык уулоо торлору, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда, иштер жүргүзүлүп жаткан жеринде жок кылына, ал тууралуу тиешелүү акт түзүлөт, акт балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет.
20. Көлмөлөрдү тазалоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө көлмөлөрдөн алынып чыгылган балык уулоо торлорунда табылган өндүрүш багытындагы тирүү балыктар тирүүлөй түрүндө көлмөгө кое берилүүгө тийиш, эгерде алар бузулган болсо көлмөнү тазалоо иштерине катышып жатышкан жактар аны тамакка колдонулушу мүмкүн, ал эми эгерде чирип бараткан болсо жок кылынат.
21. Мелиоративдик кармоо иштеринин жүрүшү учурунда кармалган балыктардын жырткыч түрү жана суу омуткасыз жандыктары, аларды сатып өткөрүүдөн алынган акча каражатын республикалык бюджеттин кирешесине которуу менен коштомо кагаз боюнча балык заводдоруна, балык кабыл алуу пункттарына, алар жок учурда соода уюмдарына өткөрүлүп берилет. Ал эми, көлмөдөн кармалган баалуулугу аз жана кереги жок балыктар кайра иштетилип чыгат жана балыкты азыктандыруу үчүн колдонулат же болбосо, жокко чыгарылат жана акт боюнча эсептен алынып салынат, же келишилген бүтүмдүн негизинде кайра иштетүү жана балыктардын азыктарын жасап чыгуу үчүн акт аркылуу башка балык чарбаларына өткөрүлүп берилет.
22. Көлмөлөрдү ташталган, эски жана чөгүп кеткен балык уулоо торлорунан тазалоо учурунда торлордон табылган балыктарды балык уулоо пункттарында сактоого, көлмөлөргө алып келүүгө же көлмөдөн алып чыгууга, көлмөнүн аква аймагына кайсыл болбосун торлорду орнотууга, ошондой эле даярдоо, кара иштеттүү, көлмө же балык уулоо тилкесинин аймагынан чыгарып кетүү же сатууга тыюу салынат.
23. Мерчемделген балык өстүрүү-мелиоративдик иштер аткарылып бүткөндөн кийин, жогоруда аталган иштерди жүзөгө ашырышкан балык субъекттери 10 күндүк мөөнөт ичинде, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга колдонулган балык уулоо документтерин, каттоо журналдарын, балыкты алып коюу актыларын, көлмөдөн алынып чыгылган ташталган, керексиз жана эски балык уулоо торлорун жок кылуу актыларын кошо тиркөө менен аткарылган иштин натыйжалары тууралуу отчетту тапшырат.
24. Ушул Жобонун талаптарын аткарууга контролдукту балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
№ 7-тиркеме
1. Бул Жобо, көлмөлөрдөн алынган же көл, олтургузуу жана авиз балык чарбаларында өстүрүлгөн балык жана балык өндүрүмүн эсепке алуу, ошондой эле алынган же өстүрүлгөн товардык балык жана балык олтургузуу материалдарынын өлчөмдөрү тууралуу алгачкы маалыматтарды токтоонун тартиби аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган дегендин алдында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт, мал-чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3. Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
- абсолюттук жемиштүүлүк - балык ургаачысындагы бышып жетилген икралардын жалпы саны;
- балыктын чыгышы – өстүрүү мезгилинде балыктардын тирүү калуусу (% менен белгиленет);
- табыгий балык өндүрүмдүүлүк – табыгий азык менен тамактануусунда вегетациялык мезгил ичинде 1 га дан балыктын массасынын өсүш арымы;
- балык өстүрүү өндүрүшү – аны андан ары өстүрүү жана товардык алык алуу максатында, көлмөлөргө кое берилген белгилүү жаш категориясындагы балык (икра, личинка, жаш, малек, сеголетка, жылдык ж.б.);
- жетилген икра – урук чачуунун же жасалма симуляция жүрүшүндө гонаддан (репродуктивдүү органдардан) эркин ажыраган жана уруктанууга даяр болгон ургаачынын жыныс органдары;
- уруктандырылган икра – уруктандыруу процесси нормалдуу жүргөн жана нукташтырылган клетка бөлүнүүсү башталган жетилген икра;
- уруктандыруу пайызы – нормалдуу ажыраган икранын жетилген жалпы икрага карата пайызы клеткалардын экинчи ажырашы баскычында аныкталат, болдол менен уруктандырылгандан кийин 1,5-2 сааттан кийин;
- эмбрионалдык мезгил – икринкалардын уруктануусу мезгилинен тартып суунун температурасы 18…+20 градус С шартында эмбриондун чокуп чыгуусу 3-4 сутка ичинде өтөт;
- өнүгүп жаткан икра – эмбрионддук өнүгүү процесси нормалдуу өтүп жаткан икра;
- личинкалардын чокуп чыгуусу – эмбрионалдык чел кабыктан (икринкадан) чыгуу процесси, уруктандыруудан кийин икранын инкубация темепературасына жана балык түрүнө жараша жүрөт;
- личинкалардын эндегенондук (ички) азыктануусу мезгили – эркин эмбриондун–личинканын өнүгүүсүнүн улануусу личинканын денесиндеги азыктуу камдардын камдарынын эсебинен жүргөн мезгил;
- экзогендик (сырткы) азыктанууга өтүү – личинкалардын тышкы азык менен азыктануусунун башталышы мезгили;
- предличинкалар - эмбриондун чел кабыкты чокуп чыгуусунан тартып саргыч баштыкчанын дээрлик толук менен таркашына чейинки өнүгүү баскычы;
- контролдук кармоо – анын өсүшүн контролдоо жана заыктандыруунун суткалык ченемдерин түзөтүү үчүн мезгил-мезгили кармоо жана салмакка тартуу, сеголеткалардын эттенүүсүн аныктоо дана алардын өнүгүүсүнүн тууралыына байкөө жүргүзүүң үчүн ар бир 10 күндө жүзөгө ашырылат, сынамды бир нече дерден алышат, контролдук кармоо жыйынтыктары атайы журналга жазылат;
- личинка - сырткы азыктанууга өткөн учурдан тартып малек баскычына жеткенге чейин жаш балык;
- малектор – кабылчак каптап, чоң балык формасын ала баштаган жаш балык;
- семирүү – балыктын интенсивдүү азыктануусу мезгили;
- стандарттык жаш балык – орточо дааналык салмактоого жеткен жана табыгий көлмөгө чыгарууга даяр болгон малектор. Нормалдуу шарттарда, стандарттык жаш балыкты өстүрүү жүрүмү активдүү азыктанууга өткөн учурдан тартып болжол менен айды ээлейт, бул мезгил ичинде чыгым личинкадан болжол менен 40 пайыз тегерегин түзөт;
- сеголеткалар – биринчи жайдын экинчи жарымынан жана күздөн тартып толук түптөлүп калган балык;
- жылдыктар – кыштаган сеголетка;
- эки жаштык - эки жай жашаган балык, башкача айтканда, анын өмүрүндөгү экинчи жайдын экинчи жарымын жана күздү;
- эки жылдык – эки кыштаган эки жаштык;
- курак категориялары 1+; 2+; ж.б. – жаш балыктын бир, эки жана андан аркы кышты баскан жана 1, 2 жана башка жашка ээлик кылган курак категориясы;
- оңдоо башы (жалпы саны) – алгачкы бышып жетилүүгү жакындаган жана матка жалпы санын толуктоо үчүн тандалып алынган балыктар;
- жумушчу өндүрүмдүүлүгү – балык чарба шарттарында ургаачысы тарабынан ушул жылы чачылган же ургаачыдан жасалма уруктандыруу үчүн алынган бышып жетилген икринкалар саны, икраны эсепке алуунун өлчөмдүк же салмак ыкмасы боюнча белгиленет;
- маткалык жалпы саны (үйүр) - алардан көп ирет тукум алуу максатында, атайы жагымдуу шарттарда (олтургузуу жыштыгынын төмөндүгү, температура жана жарык берүү ыргагы, теңдештирилген ащзыктар менен багуу ж.б.) кармалган жыныстык жактан бышып жетилген балыктар;
- чыгым - ар кыл курак категориясындагы жаш балыктын өлгөн экземплярлары;
- табыгий чыгым – өнүгүү аномалиясынын, бул функцияны кыйла күчтүү особдор тарабынан табыгий басмырлап коюунун эсебинен азыктанууну токтотуусунун жана башка табыгий себептерлен жаш балыктардын өлүмү. Демейде бир нече пайаздан куралат, өнүгүүнүн кескин мезгилдеринде, суткасына пайыздын ондук үлүшүнө чейин;
- технологиялык чыгым – чыгаруу сыйымдуулуктарынын номалдуу эксплуатациясынын жүрүшүндө технологиялык себептерден (тазалоо, сорттоо, олтургузуу, ташып жеткрүү, санитардык иштеп чыгуу ж.б.) улам жаш балыктардын өлүшү;
- жогорулаган чыгым – балык олтургузуу материалдарынын толук начарлоосуна алып келген ар кайсыл себепртерден (гидрохимиялык ыргактын бузулушу, көлөмү боюнча толук кандуу эмес, илдеттүү. Каткалаң болгон азыктарды колдонуудан, одоно жана өз учурунда аткарылбаган тащалоо, оору ж.б.) улам орун алган өлүм;
- массалык чыгым – адатта, өстүрүү сыйымдуулуктарындагы гидрохимиялык ыркактын кескин бузулушунан (РН олку-солкулугу, температура 3 градустан жогору, кислододдун төмөндөөсү ж.б.), азыктын же сыйымдуулуктун уулануусунан, оорулардын очогунун ачылышанан же жаш балыктын жашоо туруктуулугун төмөндөткөн тубаса факторлорго карата чараларды көрбөй коюудан улам келип чыккан жаш балыктардын олуттуу санынын өлүмү. Жаш балыктын массалык чыгымы фактысы боюнча комиссия негизделип, акт түзүлөт.
II. Өдүрүштүк балык уулоонуу жүргүзүү учурунда балык уулоону эсепке алуу тартиби
4. Өндүрүштүк балык уулоо тармагында иш алып барышкан балык чарбасынын мамлекеттик ишканалары жана мекемелери жана көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкерин пайдалануучулар (мындан ары – балык субъекттери, төмөнкү эсепке алуу документацияларын жана отчетторду жүргүзүшөт (балык өндүрүү журналдары, балык уулоо билеттери):
1) Балык өндүрүү журналы, белгиленген тартипте балык чарбасы көлмөлөрүндө же алардын айрым балык уулоо тилкелеринде балык өндүрүү ишкердигин жүргүзүшкөн балык субъекттеринин негизги эсепке алуу документтери болуп саналат.
Балык өндүрүү журналдарында, балык өндүрүү мезгилине балык субъекттери тарабынан түзүлгөн балык уулоо бригадалары тарабынан кармалган балыктарды эсепке алуу ишке ашырылат.
Балыкты өндүрүштүк кармоо үчүн пайдаланылган ар бир өзүнчө балык уулоо пунктуна өзүнчө балык өндүрүү журналы берилет, анда ошол балык уулоо тилкесинде кармалган балыктар каттоого алынат.
Балык өндүрүү журналына маалыматтар, балык уулоо биргадаларынын балыкчылары тарабынан кармалган балык балык уулоо пункттарына келип түшкөн күнү киргизилет.
Балык өндүрүү журналы ошол балык уулоо тилкесинде кармалган балыкты эсепке алуу жана кабыл алуу үчүн жооптуу адамда, балык уулоо пунктунда турууга тийиш.
Балык өндүрүү журналы катуу отчеттуулук документи болуп саналат жана номерленип, көктөлүп жана берген органдын мөөрү менен бекитилиши керек.
Балык өндүрүү журналдарынын тиешелүү тилкелерине, балык уулоо пункттарына келип түшкөн кармалган балык жана алардын андан ары жылышы, аларды сатып өткөрүү же жүзөгө ашыруу жайына чейин ташып жеткирүү менен байланыштуу болгон балык уулоо пунктарынан чыгарылгандыгы тууралуу бардык маалыматтар жазылат.
Балык уулоо пункттарынан балыкты чыгарып кетүү, салмакка тартуу жана өндүрүштөн чыгарылып жаткан балыкты балык өндүрүү журналына каттагандан кийин гана жол берилет жана балыкты чыгарып кетүүнүн күнү, түрү жана салмагын көрсөтүү менен товарды коштогон документтер (коштоо кагазы) боюнча жүзөгө ашырылат.
2) Балыкчылардын ким экендигин тастыетаган өндүрүш билетинин орун алышы шартында гана балык кармоого катышуусуна жол берилет.
Өндүрүштүк билет, балык субъектеринин штатында турган ар бир балыкчыга берилет жана балыкчынын балыкты өндүрүштүк уулоо (кармоого) катышуусуна укук берген жалгыз документ болуп саналат.
Ар бир балыкчы өндүрүштө кармалык жаткан балыктын эсепке алуусун күн сайын жүзөгө ашырып турууга жана өзүнүн бардык кармаган балыгын балык торунан алып чыккандан кийин, жеке өндүрүш билетинде каттоого милдеттүү.
Балык уулоо бригадаларынын балыкчыларынын бардык уулоолору балык уулоо пунктунун улук кызматкерине өткөрүлүп берилет. Ал балыкчыдан кабыл алынган балыкты балык өндүрүү журналында каттайт.
Өндүрүш билеттери номерленип, көктөлүп жана берген органдын мөөрү менен тастыкталууга тийиш.
3) Балык субъекттери өндүрүштө кармалган балыктардын эсепке алуусун көлмөлөр жана балык түрлөрү боюнча жүзөгө ашырышат жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 10 числосуна чейин, ай сайын балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте отчетторду тапшырат.
III. Балык чарбаларындагы эсепке алуу жана отчеттуулук
5. Балык чарбаларын өнүктүрүү боюнча өндүрүштүк жана уюштуруу иш-чаралары илимий кызматкерлердин, ихтиопатологдордун, балык өстүрүүчүлөрдүн, авиз жана башка балык өстүрүү курулмаларында (олтургузуу, бассейин ж.б.) эмгектенишкен башка адистердин катышуусунда иштелип чыгат.
6. Ар бир балык чарбасынын функциясына, зарыл болгон эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү менен уюштуруу жана ыкчам-чарбалык жетекчиликти жүзөгө ашыруу жана өндүрүш-каржылык мерчемдерди аткарууга контролдук кылуу митлдеттери кирет.
7. Товардын балыкты өстүрүү менен иш алып барышкан балык чарбаларында балык өндүрүү иштеринин календардык мерчемдери жыл сайын түзүлүп турат.
Мындай мерчемдер ар бир өндүрүш жүрүмү үчүн иштелип чыгылат: урук чачууну жүргүзүү, балык олтургузуу материалдарынын кыштоосун уюштуруу, асыл тукум үйүрүн, өсүмдүк менен азыктанган жага башка түрдөгү балктарды өстүрүү.
8. Отчеттук мезгил үчүн чарбанын ишкердигин чагылдырган атайы очеттук формалардан тышкары, бардык балык чарбаларында системалуу түрдө балык өстүрүү китеби – ички эсепке алуу-маалыматтык документ калыптанган, ага авиздер жана ар кыл категориядагы олтургузуулар боюнча балык өстүрүү иш-чараларын аткаруудагы балык чарбасынын ишкердигинин жыйынтык өндүрүш маалыматтары киргизилген.
9. Балык өстүрүү китеби, бүтүндөй чарбаны мүнөздөгөн бир катар маалыматтарды камтыган. Ошондой эле көлмө жана олтургузуулардын ар кыл категориялары, алардын аянты жана саны тууралуу маалыматтар да камтылат. Балык өстүрүү китебине ошондой эле, даярдоо жана эксплуатациялоонуну жүрүшүндө аткарылган иштин ар кыл түрлөрүнүн чагылдырылышы жана типешелүү категориялардагы көлмөлөр жана олтургузуулар боюнча ар жылдык өндүрүш ишкердигинен алынган натыйжалар да киргизилет.
10. Көлмөлөр менен авиздердин аянттары балык өстүрүү китебине, долбоордук маалыматтар боюнча эмес, өтүп жаткан жылы иш жүзүндө суу менен толтурулган аянты боюнча киргизилет.
11. Балык өстүрүү китебиндеги бардык жазуулар тиешелүү иштерди аткаруунун жүрүшүндө же болбосо тиешелүү кампания (уруктандырууну жүргүзүү жана малекторду көчүрүү, кыштоочу жерлерди бошотуу жана семиртүү көлмөлөрүн балыктандыруу, өсүп калган жана семиртүү көлмөлөрдөн контролдук уулоо, балыкты кыштоого олтургузуу ж.б.) аяктаган кийин түздөн-түз аткарылат.
12. Көлмөлөрдү суу менен толтурууга даярдыгы жана балык өстүрүү курулмаларынын абалы жөнүндөгү маалыматтар көлмөлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу актыларынын негизинде жазылат.
13. Эсепке алуу, балык чарбасынын жетекчиси менен катар балык өстүрүү китебиин туура жүргүзүлүшү үчүн жооптуу болгон балык өстүрүүчүгө тапшырылат.
14. Бардык байкоолорду жана балык чарбасындагы балык өстүрүүнүн утурумдук иштерин эсепке алуу үчүн балык чарбасында атайы күндөлүк жүргүзүлөт. Ага кийин актыларды, ведомостторду, журналдарды жана балык өстүрүү китептерин тариздөө үчүн керек болгон маалыматтар жазылат.
15. Күндөлүккө көлмөлөрдү жана олтургузмаларды даярдоонун мүнөзү, өлчөмү жана сапаты, урук чачууну өткөрүү, личинкалардын чокуп чыгуусу, алардын өнүгүшү, өстүрүү, кыштоосу жана балыкты кармоо маалыматтары, балык чарбасында жүргүзүлгөн санитардык-профилактикалык жана башка иштер тууралуу маалыматтар жазылат.
16. Күндөлүккө ошондой эле, өзүнчө категориядагы көлмөлөрдөгү абанын, суунун температурасына, газ ыргагына көз салуу жыйынтыктары да жазылат.
17. Күндөлүккө эсепке алуу, балыкты көчүрүү, көлмөлөрдү байытуу, алардын мелиориацясы жана балыкты азыктандыруу ыкмалары, балык өстүрүү иштеринин өндүрүштүк жана экономикалык көрсөткүчтөрү жана башка маалыматар дагы киргизилет.
Байкоо жүргүзүү жана балык уулоо иштеринин күндөлүгү
(бригаданын, чарбанын, район, областтын аталышы)
Күнү, айы, жылы
| Балык өстүрүү иштеринин жана байкоолордун мүнөзү | Өлчөө бирдиги | Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
18. Ушул күндөлүктүн негизинде балык чарбасынын болжолдуу календардык мерчеми түзүлөт.
IV. Балык уулоо, товардык балыкты жана юалык олтургузуу материалдарын өндүрүү жана сатып өткөрүү боюнча мамалекеттик статистикалык отчеттуулук
19. Форма 28 (балык) статистикалык отчеттуулугу балык чарбасы мамлекеттик ишканасы жана мекемеси, белгиленген тартипте аларга бекитилип берилген суу объектилеринде жана көлмөлөрдүн балык уулоо тилкелеринде товардык балыкты жана балык олтургузуу материалдарын алуу, өстүрүү жана көбөйтүү менен иш алып барган көлмөнү пайдалануучулар тарабынан түзүлөт.
20. Отчеттуулук балык өстүрүү жана балык уулоо боюнча эсепке алуу журналдарынын, балык өстүрүү китептеринин, ошондой эле бухгалтердик маалыматтардын жана ар кыл иштердин түрлөрү боюнча актылардын негизинде толтурулат.
21. Форма 28 (балык) статистикалык отчеттууулугу балык субъекттери тарабынан балык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ар бир жылдын 28-декабрында, 28-мартында, 28-июнунда жана
25-сентябрында берилип турат.
Аталган отчеттулуктун тиешелүү тилкелеринде төмөнкүлөр белгиленет:
- 01 «Балык кармалган көлмөлөрдүн аянты» тилкеси боюнча - отчеттук мезгил ичинде товардык балыкты уулоо жүзөгө ашырылган көлмөлөр тууралуу маалыматтар чагылдырылат, тонна менен;
- 03 – 08 тилкеси боюнча – көлдөрдө, суу сактагычтарда, олтургузууларда жана көлмөлөрдө отчеттук мезгил ичинде кармалган жана өстүрүлгөн балыктар тууралуу маалымат чагылдырылат, тонна менен;
- 09-16 тилкеси боюнча – түрлөрү боюнча кармалган балыктар тууралуу маалымат чагылдырылат, тонна менен;
- 02 тилке 03 – 08 тилкелер суммасына =, жана 02 тилке 09-16 тилкелер суммасына =;
- 17-18 «Сатылып өткөрүлгөн балык, бардыгы болуп» тилкелери боюнча - балык субъекттери тарабынан түздөн-түз базарда, соода түйүндөрүндө сатылган, башка уюмдарга жүктөлүп берилген, ошондой эле эмгек акыны төлөө эсебинен чарбанын жумушчуларына берилген балыктын саны белгиленет, тонна менен, миң сом;
- 19 «Икраны топтоо – бардыгы болуп» тилке - балыктын бардык түрлөрүнөн топтолгон икранын саны белгиленет. Эгерде кубулмалуу форель башка өлкөлөрдөн алынып келинген болсо,коштомо кагаз менен веткүбөлүгүн берүү зарыл;
- 20-22 тилкелер боюнча – балык түрлөрү боюнча топтолгон икранын саны чагылдырылат;
- 19 тилке 20-22 тилкелер суммасына =;
- 23 «Балык олтургузуу материалдары боюнча көлмөлөрдүн ачынты» тилкеси боюнча – отчеттук жылда алар колдонулганбы же колдонулган эмеспи, ага көз карандысыз, балык питомниктеринин жана балык олтургузуу материалдарын өстүрүү боюнча бардык питомниктердин жана башка көлмөлөрдүн жеке жана бекитилип берилген аянттары (өстүрүү, энеликтер отурукташкан, кыштоочу, урук чачуучу, урук чачуу алдындагылар, малек авиздери, олтургузуу авиздери) белгиленет;
- 24 «Аларда балык олтургузуу материалдары өстүрүлгөн» тилкеси боюнча – кышттоого ыкташкан көлмөлөр, кыштоо комплекстери боюнча кыштоо көлмөлөрүн кармоодон кийики маалыматтар белгиленет;
- 25-29 тилкелери боюнча балык түрлөрү боюнча өзүнчө балык олтургузуу материалдарынын саны белгиленет;
- 24 тилке 25-289 тикелер суммасына =;
- 30 «Өстүрүүгө баалуу балыктардын жаштары менен балыктандырылган – бардыгы болуп» тилкеси боюнча – семиртүү көлмөлөрүнө олтургузулган жылдыктардын жана өздүк чарбанын кыштоо авиздеринен алдын-ала кармалып алынган же сырттан алынып келинген эки жылдыктар саны тууралуу маалыматтар белгиленет;
- 31 - 36 тилкелери боюнча, анын ичинде балык түрлөрү боюнча;
- 30 тилке 31-36 тилкелер суммасына =;
- 37 «Калыбына келтирилген жана жаңы курулган балык өстүрүү көлмөлөрү - бардыгы болуп» тилкеси боюнча - балык чарба максаттары үчүн курулган жана калыбына келтирилген көлмөлөрдүн аянттары белгиленет.
22. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, балык субъекттери тарабынан өндүргөн жана өстүргөн товардык балыкты жана балык олтургузуу материалдарын өлчөмдөрү, ошондой эле №28 (балык) статистикалык отчеттуулук формасы боюнча көлмөлөрдөн балык уулоолордун өлөчөмү тууралуу статистикалык маалыматтарды топтоону жүзөгө ашырат.
23. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу №28 (балык) формасы боюнча келип түшкөн статистикалык отчеттуулукту топтоо жана талдоодон кийин, ар бир чейректин 10-числосуна карата топтолгон отчетту Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтөт.
V. Балык өндүрүүчүлөрдү эсепке алуу жана инвентаризациялоо
24. Асыл тукум балыктарды эсепке алуу (инвентаризация) жылына эки ирет ишке ашырылат: жазында жана кыштоо жана жайкы энелик балыктар жайгашкан авиздерди боштотуудан кийин, күзүндө.
25. Мында, өсүүсүндө артта калган, илдеттүү жана ооруулуу особдор бракка чыгарылат.
26. Балык субъекттери ар бир курак тобундагы особдордун саны, жалпы жана орточо массасы, алардын абалы тууралуу маалыматтарды белгилөө менен акт түзүшөт. Жай ичиндеги рыбанын өсүшү же болбосо кыш ичинлеги массасынын жоготуусу (% менен) жана бракталуу себептери аныкталат.
27. Балыктардын асыл тукум өндүрүүчүлөрүнө карточка-паспорт түзүлөт.
28. Бонитировка өткөрүүнүн деке карточкасы балыкты өндүрүүчүлөрдүн ар бири үчүн документ болуп саналат. Аларга ар бир өндүрүүчүнүн келип чыгуусу жана аны жыл сайын балоо менен жаыйынтыктары тууралуу маалыматтар киргизилет.
29. Балык тууралуу негизги маалыматтардан тышкары , жыл сайын өндүрүмдүүлүгү, балык өндүрүүчүнүн тукуму (жупташып урук чачуу учурунлда), жашоо туруктуулугу жана алынган тукумдун өсүш арымы тууралуу маалыматтар толтурулат. Бул жазууларды уялык укуөрук чачуу учурунда да аткарышат, бирок анда эки эркегинин номерлерин тең белгилешет.
30. Топтук урук чачуу учурунда, бир урук чачуу көлмөсүнө экиден ашык энелик салынган кезде, мындай жазуулар аткарылбайт.
31. Балык санынын кыймылы тууралуу ведомостту толтуруу, балык чарбасындагы өзгөрүүлөр жана которуулар туурасында так маалыматтарды алууга жана оңдоо жаш балыктарынын жана балык өндүрүүчүлөр үйүрүн өз учурунда топтоого, алардын курактык, жыныстык жана тукумдук түзүмү мерчемдөөгө мүмкүнчүлүк берет – ал болсо, өндүрүүчүлөрдүн белгилүү санын колдоп турууга жана асыл тукум иштерин өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
32. Балык өндүрүүчүлөр сатылган же башка балык чарбасына өткөрүлүп берилген учурда, алардын ар бирине алынган тукуму (эгерде ал орун алса) тууралуу маалыматтары менен паспорт толтурулат.
Бул, жаңы шарттарда балык өндүрүүчүлөрдүн сапатын текшерүү үчүн зарыл.
33. Өзүнчө көлмөлөр боюнча балык өстүрүү китебиндеги жазуулардын негизинде, бүтүндөй балык чарбасы боюнча балык үйүрүнүн кыймылынын курама ведомосту түзүлөт.
34. Жасалма өндүрүү максатында колдонулган лосось жана сига өндүрүүчүлөрү, балык камдарын кайра өндүрүүгө максаттуу пайдалануу үчүн алардан икралары алынып коюлгандан кийин, сатуудан түшкөн каражаттарды балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан атайы эсебине которуп берүү менен балык дүкөндөрүнө же соода тармактарына өткөрүлүп берилет.
35. Балык питомниги делолорунда төмөндөгү туруктуу документтер сакталууда турууга тийиш:
- жеке ведомостор;
- жеке бонитировка картотекасы;
- оүдоо жаштарынын китеби;
- балык санынын кыймылы ведомосту;
- ушул сезондо балык өндүрүүчүлөрдү тандоо мерчемдери.
36. Бардыке материалдарда эсепке алуу менен катар эле, балык чарбасында өндүрүү процесстерине катышкан балык өндүрүүчүлөрдү бонитировкалоо жүзөгө ашырылат, алардын асыл тукум жана чарбалык сапаттары аныкталат.
37. Бонитировка балыкты текшерүүгө алуу, таразага тартуу, узундугун, бийиктигин, калыңдыгын жана дене кулачын өлчөөну болжолдойт.
38. Алынган маалыматтар боюнча балыктын экстерьери аныкталат: денесинин салыштырмалуу бийиктиги жана калыңдыгы, денесинин салыштырмалуу карыштыгы жана эттенүү коэффициенти. Бонитировка материалдарына ылайык ведомость түзүлөт.
39. Өндүрүүчүлөрдү бонитировкалоо мезгилинде балыктар сапаттуу топторго (класстарга) бөлүнөт.
40. Балыктын ургаачыларын үч класска бөлүшөт:
- 1-класс – мыкты көрсөтүлгөн жыныстык белгилери менен экстерьер боюнча мыкты ургаачылары, биринчи кезекте аларды уруктандырууга колдонушат;
- 2-класс – орто көрсөтүлгөн жыныстык белгилери, ошондой эле биринчи ирет бышып жетилип жаткан ургаачылар;
- 3-класс – травма жана кемтиги орун алгандары. 3-класска кирген балыктарын ургаачылары уруктандырылгандан кийин бракка чыгарылат.
41. Балыктарын эркектерин эки класса бөлүшөт: биринчи класс – мыкты экстерьери менен орто жана жаш балыктар; калган балыктарды экинчи класска киргизишет, алар кам болуп саналышат.
42. Балык өстүрүү китеби менен күндөлүктөн тышкары, багык өстүрүү чарбасында, чарбалык жана балык өстүрүү инвентарын жана жабдууларын эсепке алуу үчүн инвентардык китеп, ошондой эле, көлмө жана курулмалардын кыскача балык чарба жана техникалык мүнөздөмөсү келтирилген гидротехникалык курулмаларды эсепке алуу китеби жүргүзүлүүгө тийиш.
43. Балык өндүрүүчүлөрдүэсепке алуу үчүн балык заводдорунда жана балык өстүрүү чарбаларында төмөндөгү эсепке алуу документациялары жүргүзүлөт:
1) Балыктын лосось жана сига түрлөрүн өндүрүүчүлөрдү эсепке алуу журналы
Лосось жана сига балык түрлөрүнүн кармалган өндүрүүчүлөрүн ыкчам эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар, декада үчүн жыйынтыктарды чыгаруу менен икраны топтоо жана кармоо пунктунда балык өстүрүү адиси тарабынан күн сайын аткарылып турат. Иштин ар бир түрүнө, эспепке алуу мезгилиндеги (ай, чейрек, жыл) жазууларды аткаруу үчүн журналда зарыл болгон барак саны ачылат.
2) Частик балыктарын өндүрүүчүлөрдү эсепке алуу журналы.
Частик балыктарынын өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүүчүлөрдү кармоо жана кое берүү мезгилинде урук чачуу-өстүрүү чарбаларына келип түшүүсүн эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар күн сайын – урук чачуу-өстүрүү чарбасынын балык өстүрүүчү адиси тарабынан аткарылат. Журналдагы маалыматтар чарбанын көлмөлөрүн частик балыктарынын өндүрүүчүлөрү менен балыктандыруу үчүн колдонулат.
3) Балык өндүрүүчүлөрдү биологиялык талдоону эсепке алуу журналы.
Аларды кармоо мезгилинде балыкты өндүрүүчүлөрдүн сапатына биологиялык ьалдоо жүргүзүүнү эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналдагы жазуулар, балык өндүрүүчүлөрдүн келип түшүүсүнө жараша лаборант тарабынан аткарылат.
4) Лосось жана сига балыктанынын өндүрүүчүлөрүн даярдоо жана ташып жеткирүүнү эсепке алуу журналы.
Лосось жана сига балыктарынын өндүрүүчүлөрүн ыкчам эсепке алуу жана алдарды ташып жеткирүү иштереңине талдоолор үчүн колдонулат. Журналга жазуулар өндүрүүчүлөрдү даярдоо жана ташып жеткирүү мезгилинде күн сайын, лосось же сига балыетарынын өндүрүүчүлөрүн даярдоо үчүн жооптуу болгон башкы балык өстүрүүчү тарабынан жазылат. Журналдагы маалыматтар отчет түзүү учурунда колдонулат.
44. Балык субъекттеринин жетекчилери, мамлекеттик балык заводдорунда жана мамлекеттик балык чарбаларында эсепке алуу документациясын жүргүзүүгө туруктуу мониторинг жасап турушат.
45. Эсепке алуу документацияларынын формаларын балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгат жана бекитет.
46.Өстүрүлгөн товардык балык жана балык олтургузуу материалдарын чыгарууну эсепке алуу боюнча бардык материалдар (эсепке алуу журналдары жана карточкалары, жаш балыктарды чыгаруу актылары, икра жана жаш балыктарды инвентаризациялоо) катуу отчеттуулук документтер укугунда кеминде 5 жыл сакталууда турушу керек.
VI. Балык өстүрүү өндүрүмүн эсепке алуу ыкмалары
47. Балык өндүрүмүн эсепке алуунун бир нече ыкмасы бар, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) Тике ыкма – жаш курагы бир жылдан ашыгыраак болгон анча чоң эмес (ондук-жүздүк экземплярлар) партияларды өлчөө жана салмактоо үчүн колдонулат, адатта, кеминде 1+;
2) Өлчөм-салмак ыкмасы – икра, личинка жана эрте жаштагы, 10 иг салмакка чейинкилер менен иштөөдө колдонулат. Тандалып алынган партиянын негизенде бардык икраны же жаш балыкты эсептеп чыгууда камтылат.1
Мисал. Бардык икранын санынын өлчөмү 1 л барабар, 5 см3 стаканда 500 икринки жайгашат, деммек икринкалардын жалпы саны төмөнкүнү түзөт:
= 100 миң даана
Салмактык ыкмада алгач энеликтен алынган бардык икраны салмактап алат, андан соң 2-3 анча чоң эмес порция алынат (идиш кичине болгондо 0,2-0,4 г. порция алынат, орточосунда- 0,5-3 г, ирисинде 10-20 г), аларды таразага тартат, ар бир порциядагы икраны дааналап санап чыгат жана орточо санын 1 г икра менен аныкташат, андан соң бардык икранын санын аныкташат;
3) Эталон боюнча эсептеп сыгуу ыкмасы дагы балыктардын кенже курак топтору менен иш алып барууда колдонулат. Стандарттык идишке балыктын эталлондук саны олтургузулганда, ал эми толтурулган идиштин саны боюнча балыктын бардык жаштарынын маалыматтарын эсепке алууда камтылган.
4) Икраны стандарттык салмактоо ыкмасы балыктын жумушчу өндүрүмдүүлүгүн аныктоо үчүн кызмат кылат. Сейрек колдонулат, анткени жаш балыктын олуттуу травмотизми менен байланыштуу.
VII. Балык олтургузуу материалдарынын балык заводдоруна жана балык чарбаларына келүүсүн эсепке алуу процедурасы
48. Даярдалган же балык чарбаларында багылган, же балык өндүрүүччүлөрдүн балык чарбаларында багылган балык өндүрүүчүлөрдөн тукум алуу боюнча иштерди өткөрүү учурунда уруктандырылган икра түрүндө алынган тукум атайы балык өстүрүү журналына киргизилет, анда иньециялоо (табыгий бышып жетилүү), бышып жетилүү жана даяр жыныстык өндүрүмдү алуу шарттары тууралуу маалыматтардан тышкары, алынган икранын саны грамм менен жана уруктанганга чейин энелик икранын салмактары милдеттүү түрдө белгиленет.
Бул көрсөткүчтөр уруктандыруу пайыздары менен катар эле өндүрүмдүүлүктү жана балык өстүрүү процессинин бардык андан ары жүрүшүн аныктоо үчүн базалык болуп саналат.
49. Балык өстүрүү процессинин жүрүшүндө экинчи маанилүү эсепке алуу мүнөздөмөсү болуп, уруктандыруу пайызы саналат, ал экинчи клеткалык ажырым баскычында (төрт бластомер) аныкталат, болдол менен урукташтыруу учурунан тартып температурага жараша болжол менен 1,5-2,5 сааттан кийин.
50. Уруктандырылган икранын саны төмөнкү формала аркылуу аныкталат:
М икра Х N салмактануу Х % уруктануу = m уруктандырылган икра
бардык алык өстүрүү көрсөткүчүн эсептеп чыгуу үчүн баштапкы чекит болуп саналат.
51. Өөрчүп жаткан икранын санын тактап аныктоо үчүн опуртал (саргыл тыгын, жүрөктү салуу жана айланып турган эмбрион) баскыч деп аталгандан сынамдар тандалып алынышы мүмкүн.
Эрежедегидей эле, эгерде уруктануу %, 80% жогору болгон болсо - бул сынамдар окшош натыйжа көрсөтүшөт жана демейде кайталап сынамды талап кылбайт, уруктандуруу % кыла төмөн учурунда эмбриондун аномалдуу өнүгүүсүнүн эсебинен олуттуу четтеп кетүү орун алышы ыктымал жана кайталап сынам өткөрүү милдеттүү, анткени, нормалдуу өнүгүп жаткант особдун % икранын партиясында 50% төмөн болсо, мындай икра андан ары инкубациялоого жараксыз деп таанылат жана ветеринардык эрежелерге ылайык акт боюнча эсептен алынып салынууга жатат.
52. Икраны инкубациялоо мөөнөтү температуурага жараща 5-21 сутка чектеринде туруксуз болуп турат, алар аягына чыккандан кийин кириштелген икра, эсептен алынып салынган чыгымды эске албаганда, автоматтык түрдө личинка категориясына которулушу керек.
53. Чокулуп чыккандан кийин личинкалар инкубациялык аппараттардан кармап туруу мезгилине (эндогендик азыктануу) жаймаларга, бассейиндерге же болбосо олтургузууларга которулат, алар балык түрүнө жана температурага жараша 5-15 суткага уланат. Өзгөчө икра олуттуу сектеп кеткен олтургузуу учурунда личинканы эталлон ыкмасында эсептеп чыгышат.
Кайра эсептеп чыгуу маалыматтары балык өстүрүү дурналдарына киргизилет. Чөйрөнүн жагымдуу шарттарында жана личинканын чокуп чыгуунун номалдуу сапатында кармап туруу мезгили ичинде четтөө, адатта 3% ашпайт.
54. Балык өстүрүү процессинин кийинки баскычы болуп, личинканын сырткы (эндогендик) тамактанууга өтүүсү саналат. Бул процесс бир катар татаалдыктар менен байланыштуу жана эрежедегидей эле, эгерде бул баскычта чпеттөө 20% ашпаган болсо, нормалдуу деп эсептелинген олуттуу чыгымдар менен коштолот.
Бул баскычтын узактуулугу оптималдуу 20% С тегерегиндеги температуралык шарттарда 2-4 сутканы түзөт. Техникалык катталдыктардан жана бул этаптын эмгекти көп талап кылуусунан улам, анын жүрүшүндө чыгымды эсепке алуудан башка эч кандай эсепке алуу операциялары жүргүзүлбөйт.
55. Жаш балык алуунун биотехникасынын кийинки баскычынан болдуп личинканы 500-700 мг. салмагына чейин азыктандыруу саналат. Бул жоопкерчиликтүү баскычтын жүрүшүндө жаш балыктын азыктанбаган бөлүгүнүн чыгымы байкалышы мүмкүн, ал өндүрүштүк өстүрүү жыштыгында дээрлик болбой койбос. Узактыгы 10-14 суткага уланган бул мезгил ичиндеги чыгым жаш балыктын активдүү азыктанууга өткөндөрүнөн 10-12% түзөт. Жаш балыктын личинкалык өнүгүүсү ушул мезгил менен аяктайт, ал 18-25 сутканы камтыйт, андан кийин бардык жаш балык малек категориясына өтөт.
56. Жаш балыктар 500-700 мг. салмагына жеткенде сорттолот жана көлөмүнө жараша өзүнчө өстүрүү көлмөлөрүнө олтургузулат, ал жерде алардын 2-3 г. стандарттык салмактануусуна чейин өсүүсү жүрөт, демейде ал 20 сутканын тегерегине жетет. Бул мезгил ичинлеги нормаолуу технологиялык чыгым 5-8% түзөт.Жаш балыкты эсепке алуу олтургузуу жана сорттоонун жүрүшүндө эталлондук ыкма менен жүзгө ашырылат.
57. Стандарттык салмактанууга жеткенден кийин балыктын негизги массасы семиртүү үчүн табыгий же жасалма көлмөлөргө кое берилет же башка балык чараларына өткөрүлүп берилет. Бул кезде эсепке алуу көп учурда эталлон ыкмасында кол менен эсептөө аркылуу, же техникалыке каражаттарды (бөлүү жабдуулары, көп учурда электромеханикалык эсептегич) колдонуу менен жүргүзүлөт. Сыгарылып жаткан жаш балыкка белги коюлган учурларда, чыгаруунун белги коюлган бөлүгүн тоталдуу негизде кол менен эсептеп чыгуу аткарылат.
58. Жаш балыктын калган, энелик санын оңдоо үчүн калтырылып жаткан 1-3 миңден ашпаган бөлүгү сеголеткалар сыяктуу кириштелет, алар ошол абалда кыштоо мезгилине ченйин өтүшөт, же болбосо жылы бою өстүрүү учурунда, 10 ай аралыгында, андан кийин алар 1+ категориясына өтүшөт, кийи нки кыштоого чейин, же кийин 2+ категориясына өткөнчө 12 ай аралыгында, анлан ары дагы биринчи бышып жетилүү мезгилине чейин, ошондо алар өндүрүүчүлөр категориясына которулушат.
59. Оңдоо үйүрүн өстүрүүнүн жүрүшүндө, демейде табыгий чыгым биринчи жылы жылына 3-5%, ал эки кийинкисинде 1% ашпаганды түзөт. Мында, оңдоону өстүрүүнүн жүрүшүндө сорттоо жана тандап алдуу процесси ар дайым жүрүп турарын эсепке алуу керек, анын жүрүшүндө алардын генетикалык ар тукумдуулугун чагылдырган фенотипикалык ар түрдүүлүк менен балыктар тобу түптөлөт, ал эми кайталоочу особдордун бир бөлүгү башка балык чарбаларына берүү же көлмөлөргө чыгаруу үчүн бракталат. Брактоо процесси милдеттүү түрдө тиешелүү акт менен чагылдырылат.
60. Балык заводдоруна же балык чарбаларына башка балык чарбаларынан балык олтургузуу материалдары келип түшкөндө же балык өндүрүүчүлөрдү кармоонун натыйжасындагы жаш балыкты кириштөө, балык олтургузуу материалдарына берилген коштомо кагаздардын жана ветеринардык документтерин негизинде ишке ашырылат.
Эгерде алар жок болсо, балык өстүрүүчү жана башка адситерди тартуу менен балык олтургузуу материалдарын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
61. Икра жана жаш балыкты эсепке алуу үчүн балык чарбаларында жана балык заводдорунда төмөндөгү эсепке алуу документациялары жүргүзүлөт:
1) Лосось жана сига балыктарын топтоону (жыйноону) эсепке алуу журналы
Лосось жана сига түрүндөгү балыктардын икраларын токтоо жана жыйноону эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазууларды, икраны токтоо (жыйноо) пункттарына икранын келип түшүүсү учурунда же икранын инкубациялык цехке түшүүсүнөн кийин, балык заводунун (балык чарбасынын) балык өстүрүүчү адиси түшүрөт.
2) Лосось жана сига балыктарынын икарларын инкубациялоону (личинкаларды кармоону) эсепке алуу журналы.
Инкубациялык цехтин же личинкаларды кармап туруу цехинин иш алуп баруусун эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар, икранын жана личинкалардын ар бир партиясы боюнча же ар бир инкубациялык аппарат, балык питомниги, бассейин боюнча аткарылат.
Мындан тышкары, заводдо болгон бардык икра (личинка) боюнча жазуулар аткарылат. Журналга жазууларды күн сайын икраны инкубацяилоо жана личинканы кармап туруу үчүн жооптуу балк өстүрүүчү киргизет.
3) Өлгөн икраны (жаш балык личинкасын) алып салууну эсепке алуу ведомосту.
Инкубация, кармап туруу жана өстүрүү учурунда өлгөн икраларды, личинка жана жаш балыктарды эсепке алуу үчүн колдонулат.
Жазуулар күн сайын, өлгөн икраларды, личинка жана жаш балыктарды алып чыгуу үчүн жооптуу адам тарабынан аткарылат.
Ведомость бир нускада толтурулат, өлгөн икраларды, личинка жана жаш балыктарды алып салууга катышкан адамдар тарабынан кол коюлат.
4) Лосось жана сига балыктарынын икраларын инкубациялоо, личинкалардны кармап туруу жана өстүрүү, жаш балыктаны өстүрүү жана кыштоосун эсепке алуу журналы
Журнал балык заводунун (балык чарбасынын) ишин талдоо үчүн кызмат кылат.
Жазуулар партия боюнча икра салынгандан жаш балык чыкканга чейин жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, уруктануунун бир жылындагы бардык партиялар боюнча маалыматтар суммаланат.
Жазуулар башкы балык өстүрүүчү же икраны инкубациялоону эсепке алуу үчүн жооптуу болгон балык өстүрүүчү тарабынан балык өстүрүү процесстеринин акырына чыгышы менен ишке ашырылат.
Маалыматтарды толтуруу үчүн негиз болуп ыкчам эсепке алуунун маалыматтары саналат.
Маалыматтардын бир нускасы балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт, экинчиси – балык заводунда (балык питомнигинде) калат.
5) Лосось жана сига балыктарынын жаш балыктарын өстүрүү, багуу жана азыктандырууну эсепке алуу журналы.
Жаш балыкты жана азыкты чыгымдоону эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар күн сайын, жаш балыктарды өстүрүү жана азыктандыруу үчүн жооптуу болгон өстүрүү цехинин балык өстүрүүчүсү тарабынан жасалат. Журналдагы көрсөткүчтөр балыкты азыктандырууга кеткен азыктарды эсептен алып салуу үчүн колдонулат. Жаш балыктын ар бир партиясына журналда өзүнчө барак ачылат.
6) Частик балыктарынын жаш балыктарын көлмөлүк өстүрүүнү эсепке алуу журналы.
Көлмө цехинин ишин талдоого алуу жана частик балыктарынын чыгарылган жаштарын эсепке алуу үчүн колдонулат.
Журналга жазууларды көлмөнү суу менен толтуруу, көлмөнү дарлылоо, байытуу жана жаш балыкты чыгаруу мезгилинде цехтин нөөмөт балык өстүрүүчүсү киргизет.
Маалыматтар жылдык отчетту түзүү учурунда колдонулат.
7) Частик жаш балыктарын чыгарууну эсепке алуу карточкасы
Көлмөлөргө чыгарылап жаткан частивк жаш балыктарын эсепке алуу боюнча негизги документ болуп эсептелет.
Күндөн акырында кароочка эсепке алуучу тарабынан толтурулат жана контролер тарабынан кол коюлуп, нөөмөт балык өстүрүүчүсүнө өткөрүлүп берилет.
Бул карточкалар частиков жаш балыктарын чыгарууга акт түзүү үчүн колдонулат. “Башка балыктардын түрдүк курамы” тилкесинде негизги жолуккан балыктар белгиленет, ал эми “башка балыктар” тилкесине – аз сандаган жана сейреке акездешкен балык түрлөрү жазылат.
8) Частик жаш балыктарынын чыгарылып жаткандарынын орточо салмагын аныктоо карточкасы
Аларды чыгаруу мезгилинлде частик жаш балыктарынын орточо салмактарын аныктоо жыйынтыактарын чагылдыруу үчүн колдонулат.
Жазуулар, алынган сынамдын негизинде эсепке алуучу жана котролер тарабынан түшүрүлөт. Күндүн акырында эсепчи жана контролер тарабынан кол коюлган карточка нөөмөт балык өстүрүүчүсүнө өткөрүлүп берилет.
9) Икраны топтоо жана балык өндүрүүчүлөрдү пайдалануу жөнүн акт.
Балык заводунда (балык питомнигинде) икраны топтоону жана балык өндүрүүчүлөрдү колдонууну тариздөө үчүн колдонулат.
Акт комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт.
Толтуруу үчүн негиз болуп ыкчам эсепке алуунун маалыматтары саналат.
Ар башка пункттарда икраны топтоо учурунда, актка, колдонулган өндүрүүчүлөрдүн санын жана топтолгон икранын санын белгилөө менен топтоо пунктунун ар бири боюнча өзүнчө ачып көрсөтүү тиркелет.
10) Жаш балыкты чыгаруу актысы.
Белгилүү бир мезгил ичинде жаш балыктарды чыгаруунун жыйынтыктарын тариздөө үчүн колдонулат. Акт комиссия тараьынани үч нускада түзүлөт.
11) Жаш балыкты чыгарууну эсепке алуунун топтомо ведомости.
Ар бир көлмөдөн, цехтен жаш балыктарды чыгарууну эсепке алуунун топтоочу документи катары колонулат.
Ведомость, чыгаруу үчүн жооптуу болгон балык заводу (балык чарбасы) тарабынан, чыгаруу актысынын негизинде эки нускада толтурулат.
Балыктын ар бир түнүө (лосось, сига, частиков) өзүнчө ведомосттор түзүлөт.
12) Жаш балыкты (икра, личинка) ташып жеткирүүгө акт.
Балык заводунан (чарбасынан) башка субъекттерге жөнөтүлгөн жаш балыктарды тариздөө үчүн колдонулат.
Жаш балыктын (икра же личинка) ар бир жөнөтүлгөн партиясына үч нускада акт толтурулат, анын ичинен биринчи нускасы жөнөтүлгөн партия менен бирге жөнөтүлөт, экинчи нускасы балык заводунда (чарбасында) калат, ал эми үчүнчүсү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
13) Балык олтургузуу материалын топтоо (алуу) жөнүндө актысы.
Балык олтургузуу материалын топтоо (алуу) үчүн колдонулат. Балык олтургузуу материалын топтогон балык заводунун (чарбасынын) өкүлү тарабынан түзүлөт.
Акт комиссия тарабынан үч нускада толтурулат, анын ичинен: первый биринчи нускасы – балые олтургузуу материалын алуучу жана чыгарып кетүүчү уюмдун өкүлүнө берилет, экинчиси – балык заводунда (чарбасында) калат, ал эми үчүнчүсү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
14) Икраны инкубацияга салуу боюнча акт.
Икраны инкубацияга салууну тариздөө үчүн колдонулат.
Андан ары инкубациялоо максатында икраны инкубацияга салуунун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт.
15) Балык олтургузуу материалын жөнөтүүгө акт.
Балык олтургузуу материалдарын башка субъекттерге жөнөтүүнү тариздөөүчүн колдонулат. Балык олтургузуу материалын жөнөтүп жаткан балыке чарбасынын өкүлү жана балык олтургузуу материалын алып жаткан субъекттин өкүлү тарабынан толтурулат.
Акт – ар бир тарап үчүн бирден жана бир нускасын балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүү үчүн, үч нускада толтурулат.
16) Балык олтургузуу материалын жеткирүү (көчүрүү) жөнөндө акт
Жеткирилип берилген (көчүрүлгөн) балык олтургузуу материалын тарыздөө чүн колдонулат. Акт комиссия тарыбынан үч нускада толтурулат.
17) Икраны инвентаризациялоо актысы.
Балык заводунда (чарбасында) өстүрүлүп жаткан балык икрасын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан, үч нускада толтурулат.
18) Жаш балыктарды инвентаризациялоо актысы.
Балык заводунда (чарбасында) өстүрүлүп жаткан жаш балыктарды инвентаризациялоо жыйынтыктары боюнча комиссия тарабынан, үч нускада түзүлөт.
19) Өндүрүүчү өнөр-жай балыктарын кармоону эсепке алуу журналы.
Лосось, сига жана частиков балыктарын кармоо учурунлда колдонулат. Балык уулоо пункттарында, балыкты өндүрүштүк уулоо жайларында өндүрүштө балыкты кармоо, эсепке алуу жана кабыл алууну уюштурууга жооптуу болгон жак тарабынан толтурулат.
20) Балык өндүрүүчүлөрдү кармап туруу жана инъецирлөөнү эсепке алуу журналы.
Журналга жазуулар балык өндүрүүчүлөрдү кармап туруу жана инъецирлөө мезгилинде, аталган иштерди аткарууга жооптуу башкы балык өстүрүүчү тарабынан аткарылат. Жазуулардын мезгилдүүлүгү иштин жүрүшүнө жараша болот. Журналдын маалыматтары жылдык отчетту түзүүдө колдонулат.
21) Градусокүндү эсепке алуу журналы.
Икранын өнүгүү баскычын аныктоо үчүн балык заводунда колдонулат.
Журналга жазуулар күн сайын, иш жүзүндөгү көз салуунун негизинде инкубациялык цехтин балык өстүрүүчүсү тарабынан киргизилет.
22) Жаш балыктын өсүш арымын эсепке алуу журналы.
Ар башка факторлорго (олтургузуу жыштыгы, температура, азыктандыруу ж.б.) жараша өстүрүлүп жаткан жаш балыктын өсүш арымына талдоо жүргүзүү үчүн колдонулат.
Жаш балыкты өстүрүүнүн жүрүш ичинде ишкананын (чарбанын) балык өстүрүүчүсү тарабынан толтурулат. Журналдын маалыиматтары жылдык отчетто колдонулат.
23) Гидрометрологиялык шаттарды эсепке алуу журналы.
Былк өстүрүү иштеринин мезгилинде гидрометрологиялык шарттарды эсепке алуу үчүн колдонулат. Балык өстүрүү заыодунун (чарбасынын_ балык өстүрүүчүсү тарабынан толтурулат.
24) Лосось балыктарын көбөйтүү боюнча балык заводунун ишинин натыйжалуулугуна баа берүү журналы.
Журнал, бир катар жылдар аралыгында жңүргүзүлүп келген, лосось балыктарын көбөйтүү боюнча балык заводунун ишинин натыйжалуулугуна баа берүү үчүн түзүлөт.
Журналга жазуулар жаш балыктарды чыгаруу актыларына жана уулоо маалыматтарына жараша аткарылат. Заводдун башкы балык өстүрүүчүсү тарабынан толтурулат.
Журналдын маалыматтары жылдык отчетту толтурууда колдонулат.
25) Дарылоо-профилактикалык иш-чаралар журналы.
Балык чарбаларында өткөрүлүп турган даарылоо-профилактикалык иш-чараларлды эсепке алуу жана алардын жыйынтыктарын талдоо үчүн колдонулат.
Журналга жазуулар өндүрүүчүлөрдү кармап туруу жана жаш балыктарды өстүрүү мезгилинде, даарылоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүнө жараша балык өстүрүүчү тарабынан жазыла.
26) Балык икрасын ташып жеткирүү актысына сапаттык күбөлүк.
Балык икрасын ташып жеткирүү актысына тиркеме болуп саналат.
Икраны топтоо пункттарынан балык заводдоруна же балык субъекттеринин инубациялык цехтерине жөнөтүлүп жаткан икранын сапатын мүнөздөө үчүн колдонулат.
Жөнөтүлүп жаткан икранын ар бир партиясына, ар бир өзүнчө топтолгон (жыйналган) партиясына, үч нускада толтурулат, анын ичинен бир нускасы – жүктөлгөн жана жөнөтүлүп жанткан икра партиясы менен кошо берилет, экинчи нускасы – топтоо үчүн жооптуу болгон уюмдун өкүлүндө калат, үчүнчү нускасы – икраны ташып жеткирүү актысы менен бирге балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
VIII. Балык чарбасындагы бухгалтердик эсепке алуу
62. Учурда, айрым балык чарбалары өздөрү малекторду өстүрүү менен иш алып барышат, башкалары жаш балыктарды балык питомниктеринен сатып алышат.
Ошого карабастан, биринчилери дагы (толук тутумдуу) жана экинчилери да (толук эмес тутумдуу) бухгалтерлик эсепке алууну жүргүзүшөт.
63. Толук тутумдуу эмес балык өстүрүүдө чыгымдар 20 эсеби боюнча, “Балык өстүрүү” субэсебинде, технологиялык топторго бөлүштүрүүсүз бир аналитикалык эсепте чагылдырылаттолук тутумдуу .
64. Толук тутумдуу балык чарбаларында жылдын акырына карата 20 эсеби боюнча, “Балык өстүрүү” субэсебинде бүткөрүлбөгөн өндүрүш калат, ага кыштоо көлмөлөрүндөгү сиголеткалардын наркы тиешелүү. Ошондуктан, бардык чыгымдар сиголеткалардын наркына жана товардык балыкка, же болбосо балыктын ар бир категориясына өзүнчө: өндүрүүчүлөргө, сеголеткаларга, жылдыктарга жана семиртилген балыктарга бөлүштүрүлөт.
65. Энелик көлмөлөрдө курактагы ургаач жана эркектерин багуу.
Икра чачуу мезгилинде энелик үйүр урук чачуу көлмөлөрүнө көчүрүлөт, ал жеде малектор пайда болгонго чейин турушат. Көчүрүлгөн балыктардын саны көлмөнү бакытандыруу жөнүндө отчетто чагылдырылат. Азыктандыруу тууралуу маалыматтар чектөө-жыйноо картасына киргизилет.
66. Урук чачылган көлмөлөрдөн малекторду кармап алып өстүрүү көлмөлөрүнө которушат. Мында, балыктын ар бир түрүнө урук чачуу көлмөсүн камалоо тууралуу отче түзүлөт.
Ошол документтин негизинде бухгалтер эсепке алууда малекторлун пайда болуусун жана аларды өстүрүү көлмөлөрүнө көчүрүүнү чагылдырат:
Дебет 43 субсчет «Малектор» Кредит 20 субсчет «Урук чачуу көлмөсү»
- малектор урук чачуу көлмөсүнөн кармалды;
Дебет 20 субсчет «Өстүрүү көлмөсү» Кредит 43 субсчет «Малектор»
- малектор өстүрүү көлмөлөрүнө жайгаштырылды.
67.Өстүрүү көлмөлөрүндө малектор кыш түшкөнгө чейин турушат, аньан кийин сеголеткалардын (курагы бир жаштан аша элек жаш балык) бир бөлүгү кыштоого жөнөтүлөт, ал эми экинчи бөлүгү энелик үйүрдү оңдоогот калтырылат.
68. Сеголеткаларды кыштоо көлмөлөрүнө көчүрүүдө өстүрүү көлмөлөрүн камалоо тууралуу отчет таризделет, ал эми бухалтердик эсепке алууда төмөнкүлөр жазылат:
Дебет 43 субсчет «Сеголеткалар» Кредит 20 субсчет «Өстүрүү көлмөсү»
- өстүрүү көлмөсүнөнө сеголеткалар кармалды;
Дебет 20 субсчет «Кыштоо көлмөсү» Кредит 43 субсчет «Сеголеткалар»
- сеголеткалар кыштоо көлмөсүнө жайгаштырылды.
69. Кыштоо алдында инвентаризация жүргүзүлөт жана бракталган балык саны аныкталат. Инвентаризациянын жыйынтыктары өндүрүүчү жана оңдоо үйүрлөрүн күздүк инвентаризациялоонун жыйынтыгы тууралуу отчетто жана өндүрүүчүнү өстүрүүнү жана жайкы үйүрдү оөдоонун жыйынтыктары тууралуу отчетто чагылдырылат.
70. Кыштоодон кийин жаш балыктар семиртүү көлмөлөрүнө көчүрүлөт, ал жерде алар экинчи жай айларына чейин өсүшөт, мында эсепке алууда төмөнкүлөр жазылат:
Дебет 43 субсчет «Жылдыктар» Кредит 20 субсчет «Кыштоо көлмөсү»
- жаш балыктар кыштоо көлмөсүнөн кармалды;
Дебет 20 субсчет «Семиртүү көлмөсү» Кредит 20 субсчет «Жылдыктар»
- жаш балыктар семиртүү көлмөсүнө салынды.
71. Күзүндө балыктар кармалат, саналып чыгылат жана лынган маалыматты милдеттүү түрдө семиртуу көлмөлөрүн камалоо отчетунда чагылдырышат.
72. Мындан тышкары, документке балыкты сатып өткөрүү же аны кайра иштетүүгө берүү тууралуу маалыматтар киргизилет.
73. Товардык балыктын киришин төмөнкү жазуу мерен тариздешет:
Дебет 43 субсчет «Товардык балык» Кредит 20 субсчет «Семиртүү көлмөсү».
- товардык балык алында.
74. Эгерде өстүрүлгөн балык көлөмү боюнча товардыкка шайкеш келбесе, анда аны толуктап кармап турууга жөнөтүшөт, ал жерде балык зарыл болгон салмакты алат, мындац балык жылдын акырына бүткөрүлбөгөн өндүрүш курамында калат.
75. Өстүрүлгөн балыктын өздүк наркы жылдын акырында аныкталат.
76. Толук тутумдуу эмес балык өстүрүүдө ал жаш балыктын наркынан жана аларды өстүрүүгө кетирилген чыгымдардан куралат, ал эми толук тутумдуу чарбаларда бухгалтерлер малектордун, сеголетка жана товардык балыктын өздүк наркын өзүнчө эсептеп чыгуу менен иш алып барышат.
77. Мисалы, жыл ичинде энелик жана урук чачуучу көлмөлөрдө жыл ичинде турган өндүрүүчүлөрдү күтүүгө кеткен чыгымдар малектордун өздүк наркын түзөт, ал эми сеголеткалардын өздүк наркы малек наркынан жана аларды өстүрүүгө кеткен чыгымдарга куралат.
78. Кыштоо көлмөлөрүнө салынган сеголеткалардын наркы, ошол көлмөдө кармаганга чыгымдар, ошондой эл көлмөлөрдү күтүүгө кеткен чыгымдар жылдыктардын (олтургузуу материалдарынын) өздүк наркын түзөт.
79. Кыштоо көлмөлөрүн камалоодон жана жылдыктарды смиртүү көлмөлөрүнө көчүрүүдөн кийинки жүзөгө ашырылган сыгымдар товардкы балыты өстүрүүгө таандык болот. Бул чыгымдар куруманы: жылдыктар наркы, кармап алуу жана сатып өткөрүүгө чейинки аларды өстүрүүгө чыгымдар кирет.
80. Толук тутумдуу чарбаларда жылдын акырына карата аягына чыгарылган өндүрүш калат. Аны, бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө иш жүзүндөгү чыгымдардан улам же нормативдик (мерчемдик) өздүк наркынан улам бааланаь.
81. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, көлмөлөрдөн алынган же мамлекеттик балык заводдорунда же балык чарбаларында алынган балыкты жана балык өндүрүмүн эсепке алуунун жүрүшүнө мониторинг жана контролдукту жүзөгө ашырат.
8-тиркеме
Ушул балык өстүрүү-биологиялык ченемдерде, Кыргыз Республикасынын аймагын товардык балык өстүрүү аймактарына бөлүү, ошондой эле балык уулоо аймактары боюнча балык өндүрүмдүүлүгүнүн, табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балыктын карп жана өсүмдүк менен тамактанган түрлөрүн культивацияланган түрлөрү боюнча сандык мааниси сунушталган.
Акважандыктардын (карп, ак амур, ак жана чаар толстолобик) салттуу объекттеринде балык олтургузуу материалдарынын жана товардык балык продукциясын өндүрүүнүн экономикалык жактан кыйла натыйжалуу формасынын болуп, балык чарбасы көлмөлөрүндө көлмөлүк, көл-товардык жана олтургузуу балык чарбалары саналат.
Балык олтургузуу материалдарынын жана товардык балыкты өстүрүүнүн рентабелдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өндүрүш жүрүмүн ийгиликтүү мерчемдөө максатында көлмө, көл жана олтургузуу балык чарбаларынын кызматкерлери балык профилиндеги адистен товардын жана олтургузуу балык өстүрүүнүн биотехникалык ыкмаларын билүүсү талап кылынат.
Балыктын ар кыл түрүн кайра өндүрүү жана багуунун биотехникалык ыкмаларынын балык өстүрүү-биологиялык ченемдери негизинен жашоо чөйрөсүнүн температуралык күтүүсүнө шартталган. Кыргыз Республикасында балык чарбасын аймактарга бөлүүнү тактоо үчүн товардык балык өстүрүүнүн тигил же бул аймагында жаратылыш-климаттык факторлор белгиленген: вегетациялык мезгилдин узактуулугу, жер кыртышынын артыкчылыктуу түрү, балык чарбасын суу менен камсыз кылуу кызматын аткарган көлмөлөрдүн биологиялык жигердүүлүгүнүн деңгээли.
Балык чарбасынын товардык балык өстүрүүнүн тигил же бул аймагына ыкташуусу көлмө акважандыгынын негизги обүекттин – карптын музду орто көп жылдык ээритүү датасы жана кыштоочу көлмөлөрдөгү муз тоңуунун башаталышы менен өстүрүүнүн вегетациялык мезгилинин узактуулугу менен да аныкталат.
Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрү үчүн кабыл алынган балык чарбасын жаратылыш-климатикалык аймактарга бөлүү 1-таблицада келтирилген.
№ № Балык өстүрүү аймактары | Абанын температурасы 15С0 болгон күндөрдүн саны | Областтар, райондор | |
Кыргыз Республикасы | СССРдин ченемдери, 1986-ж. | ||
1 | 3 | 91-105 | Нарын областы: Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондору Ош областы: Чоң-Алай району |
2 | 4 | 106-120 | Ысык-Көл областы: Түп, Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондору Нарын областы: Кочкор, Жумгал райондору Чүй областы: Кемин району Талас областы: Бакай-Ата, Кара-Буура, Талас райондору Жалал-Абад областы: Тогуз-Тороо, Ала-Бука, Чаткал райондору Ош областы: Алай, Кара-Кулжа райондору |
3 | 5 | 121-135 | Чүй областы: Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов, Чүй райондору Талас областы: Манас району Жалал-Абад областы: Аксы, Токтогул райондору |
4 | 6 | 136-150 | Баткен областы: Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору Ош областы: Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондору Жалал-Абад областы: Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондору |
2-таблица. Көлмөлөрдүн мүнөздөмөлөрү
Көлмөлөрдүн категориясы | Багыты жана көлмөгө карата талап
| Аянты (га) | Орточо тереңдиги (м) | Кое берүү мезгили (сут) | Толтуруу кезгили (сут) |
Башкысы | Ылдый жагында тур-ган бардык көлмөлөр-дү азыктандыруу үчүн зарыл болгон суу менен толтуруу үчүн. | 50-100 | 3-7 | 15-20 | 20-30 |
Урук чачуучу | Табыгий урук чачуу жана икрадан малек баскычтарын чыгаруу үчүн багытталган, жол-дон алыс жайгашып
майда шибер менен капталып турууга тийиш. | 0,1-0,15 | 0,2-1 | 6-8 саат | 10-15саат |
Малекторго | Малектор үчүн көлмө-лөргө жашы азыгы көп кыртыштуу жерлер ка-ралат, балыктандыруу күнүнө чейин 5-8 күн эртетолтурулат. Алардамалектер 25-45 күндө өстүрүлөт. | 0,2-2 | 0,5 | 4-6 | 5-8 |
Өстүрүү | Жай айы ичинде жаш карпты (сеголетканы) өстүрүүгө каралган. Чарба жана балык питомниктериндеги өстүү көлмөлөрү 85-90% түзөт. | 5-20 | 0,3-2 | 4-5 | 5-10 |
Семиртүү | Кыштагандан кийин бир жашар балыктарды товардык салмакка жеткирүү максатында семиртүү көлмөлөрүнө көчүрүшөт. | 50-100 | 1,5-4 | 10-15 | 10-20 |
Кыштоочу | Көлмөнүн тереңдиги кышкысын суунун то-ңуп калбаган катмары кеминде 1,25-1,75 м. болууга, суу алмашуу-су мыкты жана 1 л сууга 3 см3 кислороду болуга тийиш. | 0,2-1 | 1,5-2,5 | 2-3 | 1-2 |
Ургаачыларга | Ургаач үйүрдү жана түзөтүү жаштарын кышкы жана жайкы кармоо үчүн каралган, аларды инкубациялык цехтин урук чачууга каралган көлмөлөргө жакын жайгаштыры-шат. | 0,2–0,4 | 1,5 | 1 | 1 |
Карантиндик | Башка чарбалардан алынып келинген ба-лыктарга каралган, алар обочолонуп ту-руш керек жана ал көлмөлөрдөн сууну чыгаруусу чаобанын башка көлмөлөрүнө кошулбашы керек.
| 0,1-0,2 | 1,5 | 1 | 1 |
Суу сактагыч | БСР, БДРди карп, өсүмдүк менен тамак-танган балыктарды жана суу сактагычтагы пайдаланылган суунун ушул ченемдерде бегиленген талаптарга шайкеш келген балык чарбасы максаттарына колдонулган суунун курамынын шайкеш келүүсү шартында ба-лыктын башка түрлө-рүн өстүрүү үчүн пайдаланууга болот | кеминде 1 га | «Жансыз» абалында суунун минималдуу тереңдиги кеминде 0.5 м | Суу сактагычтагы суу-нун деңгээли балыктын табыйгий өндүрүлүшү жана жашоо шарты үчүн жеткиликтүү болу-уга тийиш | |
Көрсөткүчү
| Өлчөө бирдиги | Балык уулоонун бардык аймактары үчүн ченемдер |
| ||||||||||||||
карп | Өсүмдүк менен тамактануучулар | пелядь |
| ||||||||||||||
Урак чачуучу көлмөдө кайра өндүрүүчүлөрдү күтүү
|
| ||||||||||||||||
Бир көлмөнүн аянты | га | 0,1 | 0,05-0,5 |
|
| ||||||||||||
Орточо тереңдиги | м | 1,5-2,0 | 1,5-2,0 |
|
| ||||||||||||
Узактуулугу | саат | 6 көп эмес | 6 |
|
| ||||||||||||
Кое берүүнү толтуруу | сут. | 3 көп эмес | 3 |
|
| ||||||||||||
Суу алмашуусу , сут | сут. | 5 | 5 |
|
| ||||||||||||
Олтургузуу жыштыгы: Ургаачы | даана/га | 300 | 1000 |
|
| ||||||||||||
Эркек | даана/га | 500 | 1000 |
|
| ||||||||||||
Кайра өндүрүүчүлөрдү кармоо учурундагы суунун температурасы | Со | 18 чейн | 18-20 |
|
| ||||||||||||
Кайра өндүрүүчүлөрдүн камы | % | 100 | 100 |
|
| ||||||||||||
Гипофизардык инъекциялар алдында жана андан кийин кайра өндүрүүчүлөрдү сыйымдуулуктарда кармоо
|
| ||||||||||||||||
Кайра өндүрүүчүлөрдүн катышы (эркек : ургаачы) |
| 1:0,6 | 1:0,5 | 1:1 |
|
| |||||||||||
Жыныстын продуктарды алуу алдында күтүү үчүн сыйымдуулуктар | м3 | 4,0 | 4,0 | 3,0 |
| ||||||||||||
Сыйымдуулук узундугу | м |
|
|
|
| ||||||||||||
Сыйымдуулук жазылыгы | м | 0,6 | 2,5 | 2,5 |
| ||||||||||||
Суунун тереңдиги | м | 0,6 | 1,0 | 1,0 |
| ||||||||||||
Толтурулушунун узактуулугу | мин | 30 | 30 |
|
| ||||||||||||
Кое берилишинин узактыгы | мин | 15 | 15 | - |
| ||||||||||||
Кайра өндүрүүчүлөднү көлөмүнө жараша олтургузуу жыштыгы
| даана/ м3 | 3-5 | 1 | 40 |
| ||||||||||||
100 кг балыкка карата суунун чыгымы | л/сек | 3,0 | 6,0 | 2,0 |
| ||||||||||||
Суунун температурасы С0: Инъекция алдында | С0 | 18-20 | 20-25 |
|
| ||||||||||||
Краны инкубациялоо учурунда | С0 | 20-22 | 20-25 |
|
| ||||||||||||
Кайра өндүрүүчүлөрдү кармап туруу учурунда кислороддун курамы
| мг/л | кеминде 6 | кеминде 5 |
|
| ||||||||||||
Массанын 1 кг гипофиздердин чыгымы: |
|
|
|
|
| ||||||||||||
Ургаачысы | мг/кг | 3-4 | кеминде 5 |
|
| ||||||||||||
Эркеги | мг/кг | 2 | кеминде 1 |
|
| ||||||||||||
1 л суудан айырылып бөлүнүп чыккан заттардын чыгымы: |
|
|
|
|
| ||||||||||||
тальк | г | 10 | - | - |
| ||||||||||||
сүт | г | 100 | - | - |
|
| |||||||||||
Медикаментоздук препараттар чыгымы (кызгылт көк К) | г/м3 | 0,5 | 5,0 |
|
| ||||||||||||
Гипофизардык инъекциядан кийин ургаачыларынын бышып жетилиши | % | 85 | 80 | - |
| ||||||||||||
Икра боюнча жумушчу өндүрүмдүүлүгү | миң даана | 300-500 | 500 |
|
| ||||||||||||
4-таблица. Икранын инкубациясы
|
| ||||||||||||||||
Аппараттары | Өлчөө бирдиги | Вейса | ВНИИПРХ | Вейса | |||||||||||||
Аппараттын сыйымдуулугу | л | 8 | 100-200 | 8 | |||||||||||||
Бир аппаратка икраны жүктөө | миң даана | 600 дөн ашык эмес | 500-1000 | 700-800 | |||||||||||||
Бир аппаратка суунун чыгымы | л/сек | 0,05-0,08 | 0,08-0,16 | 0,05 | |||||||||||||
Икраны инкубациялоо учурундагы кислододдун курамы
| мг/л | кеминде 6 | кеминде 5 | - | |||||||||||||
Инкубация учурунда икранын жашап кетүүсү
| % | 55 | 65 | 65 | |||||||||||||
Икранын уруктануусу | % | кеминде 80 | кеминде 80 | - | |||||||||||||
Тукум өзгөчөлүгүнө жараша бир ургаачысынан икранын чыгуусу
| миң даана | 150-250 | 250 | - | |||||||||||||
5-таблица. Сырткы азыктанууга жеткенче личинкаларды кармап туруу
| |||||||||||||||||
Айнекпластик жаймасы
| Өлчөө бирдиги | Балык өстүрүү аймактары үчүн ченем | |||||||||||||||
карп | өсүм. жеген. | пелядь | |||||||||||||||
Суунун өлчөмү | м3 | 1,2 |
|
| |||||||||||||
тереңдиги (оптималдуу) | м | 0,6 | - | 0,4 | |||||||||||||
Олтургузуу жыштыгы | миң даана/ м3 | 1500-2000 | - | 300 | |||||||||||||
1 млн.даана личинкаларга суунун чыгымы | л/мин | 15 | 11 | 10 | |||||||||||||
Кармап туруудан кийин личинкалардын чыгышы | % | 85 | 75 | 95 | |||||||||||||
Аппарат ИВЛ- 2 | |||||||||||||||||
Пайдалуу сыйымдуулугу | л | 200 | 200 | 200 | |||||||||||||
Олтургузуу жыштыгы | Миң даана/л | 5 | 6,5 | 5 | |||||||||||||
Аппаратка суунун чыгымы | л/сек | 0.23 | 0.23 | 0.23 | |||||||||||||
Көрсөткүчү | Өлчөө бирдиги | Балык өстүрүү аймактары үчүн ченем | ||
карп | Өсүм.жеген | пелядь | ||
Личинкалардын жашап кетүүсү | % | 85 | 75 | 85 |
Кармап туруу узактыгы, температурада, сут.: | сут. |
|
| - |
4 - 50С | сут | - | - | 3-4 |
12-150С | сут | - | - | - |
20-220С | сут | 1-2 | 3,3 |
|
24-250С | сут | - | 3 | - |
26-270С | сут | - | 2 | - |
* Олтургузуу жыштыгын сактоо менен башка сыйымдуулуктарды колдолнууга жол берилет.
6-таблица. Балыктын ар башка түрүнүн личинкалар өстүрүү
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | Балык өстүрүү аймактары үчүн ченем | ||
карп | өсүм.жеген | пелядь | ||
Өстүрүлгөн личинкалардын орто даана массасы | мг | 20 | 20 |
|
Жаймадагы (бассейн) жумушчу суусу | м3 | 1 | 1 |
|
Жаймадагы суунун орточо тереңдиги | м | 0,4 | 0,4 |
|
1 м3 личинкаларды олтургузуу жыштыга
| миң даана | 200 | 200 |
|
Өстүрүү узактыгы температура, сут: |
|
|
|
|
25- 25,9 0С | сут. | 15-13 | 15-13 |
|
26 -28 ° С | сут. | 12-10 | 12-10 |
|
1 млн. даана личинкага суунун чыгымы | л/с | 3,3 | 3,3 |
|
Личинкалардын жашап кетиши | % | 70 | 70 |
|
7-8 мг чейин өстүрүүнү науплиям Артемии салина * азык коеффициенти менен баштапкы азыктар менен өткөрөт |
| 3 | 3 |
|
8 мг жогору өстүрүү кеминде 3 болгон азык коеффициенти менен жасалма баштапкы азыктарда өткөрөт | ||||
Көрсөткүчтөр | Жалпы ченем | Балык өстүрүүнүн ар бир аймагы үчүн ченем | |||
I | II | III | IV | ||
Бир көлмөнүн аянты, га | 1 чейин | Бардык аймактар үчүн |
| ||
Орточо тереңдик, м | 1,5 | Ошол эле | |||
Бул суу чыгаруунун максималдуу тереңдиги,м. | 1,8 |
|
|
|
|
Бир көлмөнү толтуруунун узактуулугу, сут | 0,5 |
|
|
|
|
Бир көлмөнү кое берүүнүн узактуулугу, сут | Кеминде 1 |
|
|
|
|
Личинка олтургузуунун жыштуулугу, млн.даана\га | 2,0-4 | 2,0 | 3,0 | 3,5 | 4,0 |
Өстүрүү узактуулугу, сут | 10-15 | Бардык аймактар үчүн |
| ||
Өстүрүлгөн жаш балыктын чыгышы, % менен | 50 | 50 | 50 | 50 | 50 |
Өстүрүүнүн акырына карата жаш балыктын орточо массасы, мг | 20-30 |
|
|
|
|
Өстүрүү көлмөлөрү
|
Бардык аймактар үчүн |
Бир көлмөнүн аянты, га | 10 -15 |
Орточо тереңдик, м | 1-1,5 |
Бир көлмөнү толтуруунун узактуулугу, сут | 1,0 |
Бир көлмөнү кое берүүнүн узактуулугу, сут | 3-5 |
9-таблица. Карп боюнча өстүрүү көлмөлөрүнүн табыгий балык өндүрүмдүүлүгү
Естественная рыбопродуктивностьПоказатель Көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Балык өстүрүү аймактары | ||||
I | II | III | IV | |||
Кыртыштын азыктуулугу боюнча орточосуна чейин (күлдүү, кымдуулукту кармаган, кара жер ж.б.) | кг/га |
150 |
200 |
220 |
240 | |
Азыктуулугу орточо болгон кырыштар үчүн минералдык семирткичтердин чыгымы | кг/га |
|
|
|
| |
Суперфосфат | кг/га | 200-400 | ||||
Селитра | кг/га | 200-400 | ||||
Азыктуулугу орточо болгон кыртыш үчүн чыгымды эске алуу менен минералдык семирткичтерди пайдаланууда табыгий балык өндүрүмдүүлүк | кг/га | 280 | 320 | 360 | 400 | |
Табыгий балык өндүрүмдүүлүккө карата түзөтүүчү коэффициент | ||||||
Майда тагтуу |
| 0,4 | ||||
Чымдуу |
| 0,5 | ||||
Кумдуу жана шордуу |
| 0,6 | ||||
Жогорку өндүрүмдүү кыртыштар (кара жер ж.б.) |
| 1,2 | ||||
10-таблица. Жарымжандыкта сеголеткаларды өстүрүү
| |||||
Көрсөткүчү | Жалпы ченеми | Балык өстүрүү аймагы | |||
I | II | III | IV | ||
Жалпы балык өндүрүмдүүлүк кг/га | 1360-2330 | 1360-1520 | 1730 | 2000 | 2330 |
анын ичинде: карп | 980-1260 | 980 | 1050 | 1130 | 1260 |
ак толстолобик | 360-830 | - | 360 | 580 | 830 |
чаар толстолобик | 150-300 | 300 | 240 | 200 | 150 |
ак амур | 60-90 | 60 | 80 | 90 | 90 |
Заводдук ыкмадан толук өспөй калган личинкаларды олтургузуу жыштыгы, иң даана/га.: |
|
|
|
|
|
карп | 120-125 | 120 | 120 | 125 | 125 |
ак толстолобик | 60-110 | - | 60 | 75 | 110 |
чаар толстолобик же | 60-20 | 60 | 40 | 35 | 20 |
толстолобиктер гиюриди | 95 | 95 |
|
|
|
ак амур | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 |
Табыгий урук чачуудан өсүп калган личинка жана жаш балык олтургузуунун жыштыгы, миң даана./га : | |||||
Карп | 60-65 | 60 | 60 | 65 | 65 |
ак толстолобик | 30 -50 |
| 30 | 35 | 50 |
чаар толстолобик | 25-10 | 25 | 20 | 15 | 10 |
толстолобиктер гибриди | 40 | 40 |
|
|
|
ак амур | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 |
Сеголеткалардын чыгышы, толук өспөй калган личинкалардан,%: | |||||
карп | 32-35 | 32 | 33 | 34 | 35 |
өсүмдүк менен тамактануучулар | 25-30 | 25 | 30 | 30 | 30 |
Табыгий урук чачуудан өсүп калган личинка жана жаш балык олтургузуудан %: | |||||
карп | 65 | 65 | 65 | 65 |
|
өсүмдүк менен тамактануучулар | 60-65 | 60 | 60 | 65 | 65 |
Сеголеткалардын дааналык чыгышы, миң даана/га: | |||||
карп | 39-42 | 39 | 39 | 42 | 42 |
ак толстолобик | 18-33 |
| 18 | 23 | 33 |
чаар толстолобик | 15-6 | 15 | 12 | 10 | 6 |
толстолобиктер гибриди | 24 | 24 |
|
|
|
ак амур | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 |
Сеголеткалардын орточо массасы, г : | |||||
карп | 25-30 | 25 | 27 | 27 | 30 |
ак толстолобик | 20-25 | - | 20 | 25 | 25 |
чаар толстолобик же | 20-25 | 20 | 20 | 20 | 25 |
толстолобиктер гибриди | 20 | 20 |
|
|
|
ак амур | 20-30 | 20 | 25 | 30 | 30 |
Жарымжандыкта өсүмдүк менен тамактанган балыктардын орун алышы шартында карптын АК жогорулоосу, % менен |
|
| |||
20 | 5 |
| |||
30 | 8 |
| |||
40 | 13 |
| |||
50 | 15 |
| |||
60 | 20 |
| |||
70 | 25 |
| |||
11-таблица. Кошумча объект катары пелядь сеголеткасын өстүрүү
Карптын эки жаштагылары менен бирдикте өстүрүлгөн пелядь сеголеткалар боюнча көлмөлөрдөгү кошупча балык өндүрүмдүүлүк, кг/га | 100-150 |
Сеголеткаларды өстүрүү үчүн семиртүү көлмөлөрдүн аянты, га | 50 жана андан жогору |
Пелядь личинкаларын олтургузуунун жыштыгы, миң даана /га | 15-20 |
Личинка олтургузуудан сеголеткалардын чыгышы, % | 50 |
Пелядь сеголеткасынын орточо массасы, г | 15-20 |
12-таблица. 3 жаштык тандап алуу учурунда экинчи тартиптеги олтургузма материал катары өстүрүү көлмөлөрүндө карптын эки жаштагысы менен өсүмдүк менен тамактануучу балыктарды биргелешип өстүрүү
Аянты 50-100 га болгон көлмөлөрлүн жалпы орточо балык өндүрүмдүүлүгү, кг/га | 1200—1500 |
Анын ичинде: |
|
карп | 1000-1200 |
толстолобиктер гибриди | 150-250 |
ак амур | 50 |
Чыгып жаткандагы эки жыл болгондор 75%, бир жылдыктарды олтургузуу жыштыгы , даана /га : |
|
карп | 9000-10000 |
толстолобиктер гибриди | 2000-2500 |
ак амур | 500 |
Бир жылдыктарды олтургузуудан эки жылдыктардын чыгуусу, % : | |
Дамбаланган көлмөлөр, 50 га чейин: |
|
карп | 80 |
толстолобиктер гибриди | 80 |
51 ден 100 га : |
|
карп | 75 |
толстолобиктер гибриди | 75 |
Эки жылдыктардын орточо массасы, г: |
|
карп | 170-180 |
толстолобиктер гибриди | 125-150 |
ак амур | 125-150 |
Чачылма азыктар үчүн АК 6% жогору | |
13-таблица. Көлмө балыктарын кышкы күтүү
Көрсөткүчтөр | Жалпы ченем | Ар бир аймак үчүн ченем | |||
I | II | III | IV | ||
Бөлүп багуу менен 1 тартиптеги кыштоо көлмөлөрүнө сеголеткаларды олтургузуу жыштыгы, миң даана/га : |
|
|
|
|
|
карп | 600-750 | 600 | 650 | 700 | 750 |
өсүмдүк менен тамактануучулар |
|
|
|
|
|
пелядь |
|
|
|
|
|
Сеголеткаларды олтургузуудан улам кыштоо көлмөлөрүнөн жылдыктардын чыгуусу, % : |
|
|
|
|
|
карп | 75-85 | 75 | 80 | 80 | 85 |
өсүмдүк менен тамактануучулар | 75-85 | 75 | 80 | 80 | 85 |
пелядь | 80 |
|
|
|
|
Сеголеткаларды олтургузуудан ыкташтырылган көлмөлөрдөн жылдыктардын чыгуусу, % : |
|
|
|
|
|
карп | 65-75 | 65 | 70 | 70 | 75 |
өсүмдүк менен тамактануучулар | 65-75 | 65 | 70 | 70 | 75 |
Кыштоо учурунда сеголетканын массасынын төмөндөөсү, % | 10-12 чейн | 12 | 12 | 11 | 10 |
Эки жаштагыларды кыштоо көлмөлөрүнө олтургузуунун жыштыгы, т/га: |
|
|
|
|
|
карп | 20 |
|
|
|
|
өсүмдүк менен тамактануучулар | 20 |
|
|
|
|
Кыштоо көлмөлөрүнөн эки жаштагылардын чыгуусу, % |
|
|
|
|
|
карп | 90 |
|
|
|
|
өсүмдүк менен тамактануучулар | 80 |
|
|
|
|
Кыштоо учурунда карп жана өсүмдүк менен тамактануучу эки жаштагылардын массасынын төмөндөөсү, % | 10 |
|
|
|
|
14-таблица. Карп жана өсүмдүк менен тамактануучулардын
товардык эки жылдыгын биргелешип өстүрүү
Көрсөкүчтөрү | Ченеми | Балык өстүрүү аймагы | |||
I | II | III | IV | ||
Аянты 100-150 га болгон дамбаланган семиртүү көлмөлөрүнөн балык өндүрүмүнүн жалпы чыгуусу, кг/га** | 1450-2350 | 1450 | 1900 | 2150 | 2350 |
Анын ичинде: карп | 1200-1400 | 1200 | 1300 | 1350 | 1400 |
ак толстолобик | 300 - 560 |
| 300 | 450 | 560 |
чаар толстолобик | 200-300 | 200 | 250 | 300 | 300 |
ак амур | 50-90 | 50 | 50 | 50 | 90 |
75% чыгуусунда жылдыктарды семиртүүгө олтургузуунун жыштыгы, даана/га:
| |||||
карп | 4000-3800 | 4000 | 4000 | 3900 | 3800 |
ак толстолобик | 1150-1050 | - | 1150 | 1050 | 1050 |
чаар толстолобик | 800-700 | 800 | 800 | 800 | 700 |
ак амур | 200-150 | 200 | 170 | 150 | 150 |
Орто азыктуу катмарларга минералдык семирткичтерди колдонуу менен семиртүү көлмөлөрүндөгү карп боюнча табыгий балык өндүрүмдүүлүк, кг/га | 190 – 310 | 190 | 250 | 265 | 310 |
Суунун температурасы 160С жогору болгон учурда карптарды активдүү азыктандыруу мезгили сут. | 105-130 | 105 | 115 | 125 | 130 |
Товардык эки жылдыктардын орточо массасы грамм менен | |||||
карп | 400-500 | 400 | 430 | 460 | 500 |
ак толстолобик | 350-750 | - | 350 | 600 | 750 |
чаар толстолобик | 350-600 | 350 | 400 | 500 | 600 |
ак амур | 350-800 | 350 | 400 | 500 | 800 |
Бир жылдыктарды олтургузуудан эки жашар карп жана өсүмдүк менен тамактанган балыктардын чыгуусу, % | Бардык аймактар |
Дамбаланган көлмөлөр: |
|
50 га чейин | 85 |
51 ден 100 га чейин | 80 |
101 ден 150 га чейин | 75 |
150 га жогору | 65 |
Нуктуу көлмөлөр: |
|
50 га чейин | 80 |
51 ден 100 га чейин | 75 |
101 ден 150 га чейин | 70 |
150 га жогору | 65 |
Акташтырылган суу толтурулуучу жайлар, кое берилбеген көлмөлөр, тереңдиги 3 метрден жогору болгон лимандар | 60 |
Эскертүү: Балык өстүрүүнүн III-IV аймактарындагы көлмөнүн орт очо тереңдиги 1,7-2,2 метрге чейин жогорулаган учурда өсүмдүк менен тамактанган балыктардын балык өндүрүмдүүлүгү 1,5 -2 ц/га чейин жогорулайт.
Суу менен камсыз кылынуусу муздак жана суусунун минералдашуу болгон суусу чарбалар үчүн өндүрүмдүн жалпы чыгуусу долбоор тарабынан каралат.
Нуктуу көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгү дамбалангандарга салыштырганда бардык аймактар үчүг 10% чейин төмөндөйт.
Аралыгы 50-150 км. болгон жерге ташып жеткирүү менен алынып келинген балык олтургузуу материалдарынан өстүрүлүп алынган эки жаштагы карп жана өсүмдүк менен тамактанган балыктардын чыгуусу 5 %, 150 км дан алысыраак ташып жеткирүүдө – 10% төмөндөйт.
Азыктарда чийаки проеим катышы төмөндөгөндө, азык коэффициенти жогорулайт (% менен), чейин:
Чийки протеин, % АК, бирдик
22 4,9
21 5,1
20 5,4
19 5,7
18 6,0
17 6,3
16 6,6
Жарымжандыкта өсүмдүк менен тамактанган балыктардын орун алышында азык коэффициенти жогорулайт (% менен), чейин:
Өсүмдүк менен тамактануучулар, % АК жогорулоосу, %
19 5
30 8
40 10
50 15
60 20
70 25
Чачылма азыктар үчүн АК 10% жогорулайт.
Карптын үч жаштыктары боюнча азык коэффициенти, эки жаштагыларындай эле, 7% жогорулайт.
15-таблица. Лосось-сига балыктары жана осман боюнча ченемдер
Ченемдин аталышы | Өлчөө бирдиги | Ченем |
1 | 2 | 3 |
Форель | ||
Чокуп чыгарууга чейин икранын калдыгы | % | 8 |
Азыктандыруу жана кошумча азыктандыруунун башталышына чейин кармоо учупунда личинка калдыктары | % | 22 |
Чыгарылып жаткан жа балыктын ортчо салмактанышы кеминде | г | 0,15 |
Өстүрүү учурунда личинка баскычынан покатник сеголетка баскычына чейин малеткордун чыгышы | % | 80 |
Чыгарылып жаткан покатник сеголетоккалардын орточо салмактануусу | г | 1 |
Осман | ||
Уруктандырылбаган икранын саны | % | 5 |
Инкубация учурундагы ирканын калдыгы | % | 8 |
Чокуп чыгарууга чейин икранын калдыгы | % | 5 |
Саргыл баштыкчы тартылып жаткан мезгилдеги личинкалардын калдыгы
| % | 5 |
Өстүрүү учурундагы личинкалардын калдыгы
| % | 1 - 15 |
2 - 7 | ||
Севан сигасынын икрасын инкубациялоо боюнча калдык ченеми | % | 35 |
Пелядь иркасын инкубациялоо боюнча калдык ченеми | % | 35 |
Чыгуу ( өстүрүүдөн кийин) |
| 80 |
Көрсөткүчтөр | Оптималдуу маанилери |
Суу булактарындагы суунун температурасынын көлмөдөгү сууларга карата өзгөрүлмөлүүлүгү, ° С |
5 ашык эмес |
Келип түшкөн суунун максималдуу температурасы, ° С | 28 |
Түсү, жыты, даамы | орун албашы керек |
Түстүүлүгү, нм (град) | 565 чейн (50 чейн) |
Тунуктугу, м | кеминде 0,75 -1,0 |
Салмактанып алынган заттар, мг/л | 25 чейн |
Суутек көрсөткүчү (pH) | 6,5-8,5 |
Ээриген кислород, мг/л | 5 ден төмөн эмес |
Көмүртектин эркин двуокиси, мг/л | 25 чейн |
Күкүрт суутеги, мг/л | 0 |
Эркин аммиак, мг/л | жүздүк үлүш |
Кычкылдануусу мг О 2 /л |
|
перманганаттык | 15 чейн |
гумин заттары камтылган учурда | 30 чейн |
бихроматттуу | 50 чейн |
БПК 5, мгОа/л | 3 чейн |
БПКполн.’мг0*/л | 4,5 чейн |
Аммонийдүү азот, мг/л | 1,5 чейн |
Нитриттер, мг/л | 0,05 чейн |
Нитраттар, мг/л | 2 чейн |
Фосфаттар, мг Р/л | 0,5 чейн |
Темир, мг/л |
|
Жалпы | 2 чейн |
Кычкылдаганы | 0,2 ден ашык эмес |
Жалпы каткалаңдыгы, мг • экв/л** | 2-6 |
Минералдашуусу, г/кг | 1 |
Микрорганизмдердин жалпы саны, млн. кл/мл | 3 чейн |
Сапрофиттердин саны, миң клетка/мл | 5 чейн |
Мунайзаттары, пестициддер, детергенттер | ПДК ашык эмес |
17-таблица. Жайкы балык өстүрүү көлмөлөрүнүн суу чөйрөсүнүн сапаты
Тунуктуу, орточо тереңдигинен %: |
|
Технологиялык ченеми | 50 чейн |
Жол берилген мааниси | 50 ±20 |
Түстүүлүгү, нм : |
|
Технологиялык ченеми | 550-580 |
Жол берилген мааниси | 540-600 |
Суутек көрсөткүчү (pH) : |
|
Технологиялык ченеми | 7,0-8,5 |
Жол берилген мааниси | 6,5-9,5 |
Кислороддун орун алуусу, мг/л : | 6-8 |
Жол берилген мааниси | 4 төн төмөн эмес |
Таңга жуук төмөндөөсү | 2 ден төмөн эмес |
Эркин көмүркислотасы: |
|
Технологиялык ченеми | 10 чейн |
Жол берилген мааниси | 30 чейн |
Аммиак (технологиялык ченеми *), мг/л : | 0,01 -0,07 |
Күкүрт суутеги, мг/л | Жок болот |
Туруктуу кислороддук жана температуралык | Жол берилбейт |
Мөөнөтү 1 суткадан ашкан ВПК стратификациясы: | мЮ2/л |
Технологиялык ченеми | 1-4 |
Жол берилген мааниси | 8 ге чейн |
БПК 5, мг03/л. : |
|
Технологиялык ченеми | 4-9 |
Жол берилген мааниси | 20 чейн |
Перманганатттык кычкылдануусу, мгОа/л : |
|
Технологиялык ченеми | 10-15 |
Жол берилген мааниси | 30 чейн |
Бихроматтык кычкылдануусу, мг02/л : |
|
Технологиялык ченеми | 35-70 |
Жол берилген мааниси | 100 чейн |
Агрессивдүү кычкылдануусу, % : |
|
Технологиялык ченеми | 35-70 |
Жол берилген мааниси | 85 чейн |
Фосфаттар, мгР/л : |
|
Технологиялык ченеми | 0,2-0,5 |
Жол берилген мааниси | 2,0 |
Аммонийдүү азот, мг/л : |
|
Технологиялык ченеми | 1 чейн |
Жол берилген мааниси | 2,5 чейн |
Нитраттар, мг/л .: |
|
Технологиялык ченеми | 0,2 -1 |
Жол берилген мааниси | 3 |
Нитриттер, мг/л : |
|
Технологиялык ченеми | 0,2 чейн |
Жол берилген мааниси | 0,3 |
Шакардуулук, мг-экв/л | 2-3 |
Каткалаңдык, мг. экв/л : |
|
Технологиялык ченеми | 1-3,5 |
Жол берилген мааниси | 2-7 |
Жалпыт темир, мг/л | 2-5 чейн |
Фитопланктондун биомассасы, г/м3 : |
|
Оптималдуу мааниси | 20-30 |
Жол берилген мааниси | 80 чейн |
Бактериопланктон, млн. клеток/мл : |
|
Оптималдуу мааниси | 5 чейн |
Жол берилген мааниси | 2 чейн |
Көрсөткүчтөр
| Оптималдуу мааниси |
Температура, °С | 8° ашыкка жогорулабашы керек |
Салмактанып алынган заттар, мг/л | 10 чейн |
Суутек көрсөткүчү (pH) | 6,5 -8,0 |
Ээриген кислород, мг/л | 6 ашык |
Көмүртектин эркин двуокиси, мг/л | 15 ашык эмес |
Перманганаттык кычкылдануу, мг02/л | 10 чейн |
БПК5, мгО 2 /л | 3 ашык эмес |
ВПКполн» мг02/л | 4,5 ашык эмес |
Аммонийдүү азот,, мг/л | 1 чейин |
Нитриттер, мг/л | миңдик үлүш |
Күкүрт суутеги, мг/л . | жок болот |
Темир, мг/л . |
|
Жалпы | 0,3 ашык эмес |
Кычкылданган | 0,05 ашык эмес |
Карп икрасын инкубациялоо үчүн суунун температурасы, °С | 19-21 | |
Карп личинкаларын өстүрүү үчүн суунун температурасы, оС | 26 -28 | |
Салмактанып алынган заттар, мг/л | 5 чейн | |
Суутек көрсөткүчү (pH) | 7,0-8,0 | |
Ээриген килород, мг/л . | 9,0-11,0 | |
Көмуртектин эркин двуокиси, мг/л | 10 ашык эмес | |
Перманганаттык кычкылдануу, мгО 2/л | 10 ашык эмес | |
БПК5, мг 02/ л | 2 чен | |
БПКтолук, мг 02/ л до 5 |
| |
Аммонийдүү азот, мг/л | 0,75 чейн | |
Эркин аммиак, мг/л | 0,03 чейн | |
Темир, мг/л |
| |
Жалпы | 0,10 чейн | |
Кычкылданган | жок болот | |
Күкүр суутек, мг/л | жок болот | |
Каткалаңдыгы, мг • экв/л | 1,5-5 | |
Минералдашуусу, г/кг | 1,0 чейн | |
Амиактын уулулугу бир катар көрсөткүчтөр топтомуна жараша болот (pH, температура, кислороддун катышы, каткалаңдык). | ||
Каткалаңдык, хлориддер, сульфаттар, шакардуулук аталган аймак үчүн мааниден орточосунан олутту ашып турбашы керек. | ||
IV. Ар кыл түрдөгү жана ар башка шатагы икраларды,
личинкаларды жана балыктарды ташып жеткирүү
Икра, личинка жана малекторду ташып жеткирүүнүн түрлөрү жана ыкмалары | Жолдогу убакыт (с) | карп | Өсүмдүк менен тамактангандар | пелядь | |||||||||||||
жүктөө | калдык % | жүктөө | калдык % | жүктөө | калдык % | ||||||||||||
Көлөммү 55 х 45 х 50 см болгон изотермикалык кутуда икарын ташуу, миң даана |
Икра, личинка жана малектор | ||||||||||||||||
24 чейн | 5 | 20 | - | - | 500 | 15 | |||||||||||
Сүт флягаларында же кислородсуз полэтилен баштыктарында (суу 40 литр) личинкаларды чарба ичинде ташуу, миң даана
| 1 ашык эмес | 100 | - | 100 | - | 100 | - | ||||||||||
Личинкаларды кислороду менен стандарттык полэтилен баштыктарында (20 литр суу) ташуу, миң даана
| 5 ашык эмес |
100 |
10 |
100 |
10 |
150 |
10 | ||||||||||
Сүт флягаларында же кислородсуз полэтилен баштыктарында (суу 40 литр) өстүрүлгөн малекторду чарба ичинде ташуу, миң даана
| 1 ашык эмес | 8 | - | 8 | - |
|
| ||||||||||
Өстүрүлгөн малекторду кислороду менен стандарттык полэтилен баштыктарында (20 литр суу) ташуу, миң даана
| 24 ашык эмес | 10-15 | 5 | 10- 15 | 5 | - | - | ||||||||||
|
Сеголеткалар жана бир жылдыктар
| ||||||||||||||||
Суунун арэациясы менен тирүү балык сыйымдуулуктарында ташуу (бактын сыйымдуулугу 31м3, суунун өлчөмү 20 м3), кг |
12 чейн 12-24 24-48 48 жана андан жогору | 1600 1400 1200 1000 | 2 4 5 6 | 1100 1000 750-800 750-800 | 5 10 15 20 | - - | - - | ||||||||||
Адистештирилген тирүү балык уунасы менен ташуу (сунун температурасы 100С шартында цистерна өлчөмү 3м3кг. |
3 3-6 6-12 12 жана андан жогору | 600 400 300 200 | - - 1 1 | 400 300 200 150 | - 5 8 10 | 250 200 200 200 | 10 10 12 12 | ||||||||||
Сыйымдуулугу 2 м3 болгон брезент челектеринде ташуу (челектер толук толтурулбайт) кг. | 3 3-6 | 400 250 | - |
|
|
|
| ||||||||||
|
Эки жылдыктар жана эки жаштыктар
| ||||||||||||||||
Суунун арэациясы менен тирүү балык сыйымдуулуктарында ташуу (бактын сыйымдуулугу 31м3, суунун өлчөмү 20 м3), кг |
12 12-24 24-48 48 жана андан жогору | 3000 2800 2200 2000 | 2 4 5 6 | 2200 2000 1500 1600 | 5 10 15 20 |
|
| ||||||||||
Адистештирилген тирүү балык уунасы менен ташуу (сунун температурасы 100С шартында цистерна өлчөмү 3м3кг. |
3 3-6 6-12 12 жана андан жогору | 900 600 450 300 | - - 1 1 | 700 450 340 225 | - 2 3 5 |
|
| ||||||||||
|
Товардык балык
| ||||||||||||||||
Суунун арэациясы менен тирүү балык сыйымдуулуктарында ташуу (бактын сыйымдуулугу 31м3, суунун өлчөмү 20 м3), кг | 2 чейн | 600 | - | 500 | - |
|
| ||||||||||
Адистештирилген тирүү балык уунасы менен ташуу (сунун температурасы 100С шартында цистерна өлчөмү 3м3кг. | 3 чейн | 1000 | - | 800 | - |
|
| ||||||||||
|
Өндүрүүчүлөр жана оңдоо | ||||||||||||||||
Орточо массасынын даанасы 2 кг. болгон оңдолгондорун кислороду менен стандарттык полэтилен баштыктарында (20 литр суу) ташуу | 48 ашык эмес | 2 | 1 |
|
|
|
| ||||||||||
Орточо массасынын даанасы 3-10 кг. болгон оңдолгондорун кислороду менен ири габариттүү полэтилен баштыктарында (40 литр суу) ташуу | 24 ашык эмес | 1 | - | 1 | - |
|
| ||||||||||
Адистештирилген ууна менен ташуу (цистерна өлчөмү 3м3кг.) кг | 12 чейн | 300 | 1 | 300 | 3 |
|
| ||||||||||
Суунун механикалык арэациясы менен тирүү балык сыйымдуулуктарында ташуу (бактын сыйымдуулугу 31м3, суунун өлчөмү 20 м3), кг | 12 12-24 24-48 48 жана андан жогору | 2000 1500 1200 1000 | 1 2 3 4 | 1500 1500 1200 | - 3 5 |
|
| ||||||||||
9-тиркеме
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык өнөр-жайын, ихтиологиялык мониторингди жана балык камдарын кайрадан өндүрүүнү уюштуруу жана алып баруу жөнүндө
Жобо
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык өнөр-жайын, ихтиологиялык мониторингди жана балык камдарын кайрадан өндүрүүнү уюштуруу жана алып баруунун тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган дегендин алдында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар, мал-чарбачылыгы ана балык чарбасы Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3. Бул Жободо төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- балык чарбасы маанисиндеги суу объекттери - балык чарбасы жана балык уулоо үчүн колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон көлдөр, көлмөлөр, суу сактагычтар, суулар жана аларга теңдештирилген каналдар же болбосо алардын айрым тилкелери;
- балык камдарын жасалма кайра өндүрүү – баалуу өндүрүш балыктарынын кошумча камдарын калыбына келтирүү, жогорулатуу же түзүүгө багытталган ишкердик;
- квота - балыкты уулоого (кармоого) чектөөнүн бир бөлүгү;
- чектөө - бул, балык камдарын сарамжалдуу пайдалануу, сактоо жана кайра өндүрүүгү камсыз кылган, балыкты, айрым түрлөрүн, белгиленген көлмөлөрдөн жана белгиленген мөөнөттө уулоонун (кармоонун) жеткиликтү жол берилген өлчөмдөрү;
- балык өстүрүү объекттери (балык өндүрүмү) - уулоо, кармоо жана топтоо объекти кызматын аткарган балыктар, икра, рактар жана башка суу омурткасыздары жана суу азык объекттери;
- мыйзамсыз балык уулоо өндүрүмү - тыюу салынган ыкмаларда, балык уулоо үчүн тыюу салынган мөөнөттөрдө жана жайларда, тыюу салынган түрлөрдү уулоого, белгиленген лимттен (квотадан) жана ченемден үстөк кармалган, ошондой эле, аларды кармоого тиешелүү укук берген уруксаты жок кармалган бүтүндөй өндүрүм же ошол өндүрүмдү сатып алуунун мыйзамдуулугун тастыктаган документтери сатып өткөрүү жайларында аныкталган балык өндүрүмү;
- балык чарба көлмөсү - балык чарбасын жүргүзүүгө пайдаланылган же пайдаланышы мүмкүн болгон, же болбосо балык камдарын кайра өндүрүү үчүн мааниге ээ болгон суу объектти;
- балык уулоо тилкелери – бул, белгилүү бир чектерде өндүрүштүк балык уулоо, өстүрүүнү жүзөгө ашыруу, ошондой эле ышкыбооз жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн түптөлгөн көлдөрдүн же суулардын өзүнчө тилкелери;
- балык өнөр-жайы – балык уулоо кемелери жана өнөр-жай тор жабдууларын колдонуу менен балык чарба көлмөлөрүндө өнөр-жай балыктарын уулоо боюнча ишкердик;
- балык уулоо жана эсепке алуу документттери – балык уулоого берилген балык уулоо жана өнөр-жай билеттери журналдар, ведомосттор жана уулоону, топтоону, ташып жеткирүүнү, икраны инкубациялоону, балык олтургузуу материалдарын өстүрүүн, жаш балыктарды чыгарууну жана көлмөлөрдү балыктандырууну эсепке алуу актылары;
- балык уулоо пункту - кармалган (уулоо) балыктарды жана алардан даярдалган икраны кабыл алуу жана эсепке алуу үчүн көлмөлөрдүн балык уулоо тилкелеринде атайы бөлүнгөн жерлер;
- балык олтургузуу материалдары – товардык балыкты алуу максатында андан ары өстүрүлгөн белгилүү курак категориясында, суу объекттерине көчүрүлгөн балык.
II. Балык өндүрүшүн уюштуруу тартиби
4. Кыргыз Республикасынын балык чарбасы көлмөлөрүндө балык өндүрүшү балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомствого караштуу мамлекеттик ишканалар жана мекемелер тарабынан, белгиленген формадагы балык өнөр-жайы документтери, балык уулоо жана өндүрүү билеттери боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Белгиленген тартипте, балык өстүрүү, балык уулоо жана балык багуу (мынданы ары - балык субъекттери) максатында аларга көлмөлөр жана балык уулоо тилкелир бекитилип берилген көлмөлөрдү пайдалануучулар кармалган балыктарды эсепке алууну түрү, көлмөлөр жана балык уулоо тилкелери боюнча жүзөгө ашырышат.
6. Өнөр жайда кармалган балыктарды эсепке алуу калмалган жерлердин түздөн-түз балык уулоо тилкелеринде ишке ашырылат, курама балык өндүрүү журналдарында жана балык уулоо билеттеринде чагылдырылат жана балыкты кармоо үчүн жооптуу жактар жана балык уулоо бригадаларынын балыкчылары тарабынан аткарылат .
7. Балык субъекттеринде белгиленген тартипте таризделинген жана эсепке алуу документтери жок учурунда балыкты уулоону жүзөгө ашырууга тыюу салынат;
8. Балык өндүрүшүн жүргүзүү үчүн балык субхекттери туруктуу же убактылуу (сезонуу) балык уулоо бригадаларын түзөт жана балыкты уулоо, кабыл алуу жана эсепке алуу жана кармалган өндүрүш балыктарынын сак туруусу үчүн жооптуу болгон адамдарды буйрук менен дайындайт.
9. Балык өнөр-жайы мезгилине балык уулоо ишине балыкчыларды тартуу, аларды балык субектисинин штатына киргизүү, түзүлгөе эмгек келишимдеринин же ьүтүмдөрүнүн негизинде алардын эмгегине төлөө долу менен жүзөгө ашырылат.
10. Жумушка жалданып жаткан балыкчылар менен эмгек келишемдерин (бүтүмдөрүн) түзүү учурунда, алардын эмгегине натуралай - өндүрүш уулоодон алынган балык менен төлөп берүүгө тыюу салынат.
11. Балыкчыларды балык уулоо иштерине катышуусуна, алардын ким экендигин тастыктаган, балык субъекттери тарабынан сунушталган тизме боюнча ар бир балыкчыга өзүнчө берилген өндүрүш билеттеринин болушу шартында гана жол берилет.
12. Ар бир балыкчы ал тарабынан өндүрүштө кармалган балыктын эсебин күн сайын жүргүзөт жана өзүнүн бардык кармаган балыгын, балыкты уулоо шайманынан түздөн-түз чыгаргандан кийин жеке балык уулоо билетинде каттоого тийиш.
13. Балыак уулоо учурунда балык субъекттери жана балык уулоо бригадаларынын балыкчылары ушул Жобонун талаптарын сактоого жана көлмөлөрдүн балык уулоо тилкелеринен алынган балыктарлын сак туруусун камсыз кылууга, анын бузулуп кетүүсүнө жана өндүрүш кармоолорунан урдалышына жол бербөөгө милдеттүү.
14. Ар бир өзүнчө балык уулоо пунктунда балык пунту боюнча улук адам дайындалат, ал балыкчылар тарабынан кармалган балыкты эсепке алууга жана сакталуу туруусуна жооп берет жана күн сайын кабыл алууну, өз учурунда таразага тартууну жана балыкчылардан кабыл алынган балыкты эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.
15. Топтолгон балык өндүрүү дурналы ар бир өзүнчө балык уулоо илкесинде жүргүзүлүүгө, балык пункту боюнча улук адамда болууга жана балыкты өндүрүштүк уулоо жайларында туруктуу орун алууга тийиш.
16. Өндүрүштө кармалган балыкты таразага тартуу үчүн ар бир өзүнчө балык уулоо мпунктунда милдеттүүтүрдө иштеп турган таразанын болуусу зарыл.
17. Балык уулоо бригадаларынын балыкчыларынын өндүрүштөн алынган бардык уулоолору, кынтыксыз негизде балык уулоо пункту боюнча улук адамга тапшырылат, ал балыкчылардын кабыл алынган балыкты курама өнөр жай журналында каттайт.
18. Эгшерде балык уулоо пунктунда курама балык өндүрүү журналында жана өндүрүш билеттеринде белгиленген тартипте катталбаган балык табылган учурда, ал мйзаисыз кармалган катары таанылат, мында балык балык субъекти үчүн балык уулоого коблган чектин (квотанын) эсебине киргизилет.
19. Бекитилип берилген балык уулоо тилкелеринде балык уулоо үчүн колдонулган бардык тор шаймандары балык субъектисинин аталышын, ошол торлорду тейлеген балыкчынын фамилиясы жана тор көзөнөктөрүнүн көлөмдөрүн чагылдыруу менен белгиленген тартыпте биркаланган (маркерленген) болууга тийиш.
20. Балыкты өндүрүштүк уулоо үчүн суу биологилык ресурстарына жана алардын жашаган чөйрөлөрүнө зыян келтирүүн жокко чыгарган, балык уулоонун уруксат берилген торлору гана колдонулушу керек.
21. Балык уулоодо түйүндүк сокмосуз монофил торлорун, чөктүргүч катары көлмөнүн ихтиофаунасына жагымсыз таасиринт тийгизген коргошунду колдонууга тыюу салынат.
22. Балык уулоо пункттарынан балыктарды чыгарып кетүүгө, өндүрөштөн жөнөтүлүп жаткан балык таразага тартылгандан жана курама өндүрүш журналында катталгандан кийин гана жол берилет жана күнүн, түрүн жана чыгарылып жаткан балыктын салмагын белгилөө менен товарды коштоочу документ (коштомо барак) боюнча жүзөгө ашырылат.
23. Балык уулоо пункттарынан балыкты чыгаруу жана аларды өндүрүү жеринен тартып, өткөрүү жана сатуу жерине чейин ташып жеткирүүгө, балык субъектисинде балык өндүрүү документтеринин жана балыкты ташып жеткирүүгө товар коштоочу документтердин орун алышы шартында гана жол берилет.
24. Көлмөлөрдө (көлмө тилкелеринде) жана балык уулоо пункттарында кармалган же топтолгон балык, балык субъекттери тарабынан калктуу пункттарга чыгарылат жана соода тармактары аркылуу сатылат же коштомо кагаз боюнча балык дүкөндөрүнө же коомдук тамактануу жайларына өткөрүлүп берилет.
25. Мыйзамсыз кармалган балыкты жана икраны сатууга тыюу салынат.
26. Балыкты өндүрүштүк уулоого кирүүсүнө уруксат берилген балык субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ар бир балык уулоо тилкесинде курама балык өндүрүү журналын туруктуу жүргүзүүнү жана анда бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде кармалган бардык балыктарды катоону камсыз кылууга;
- өзүнчө түрлөр жана көлмөлөр (тилкелер) боюнча белгиленген чектерден (квотадан) ашык кетпөөгө;
- ар бир өзүнчө балык уулоо бригадасы жана ар бир балыкчы үчүн аларды көлүнүп берилген чектерлдин (квоталардын) чегинде, балык жана көлмө (тилкелер) түрлөрү боюнча өлчөмдөрүн белгилөө менен балык уулоого өзүнчө тапшырмаларды белгилөөгө;
-ар бир балык уулоо пунктунда өнөр жайда алынып жаткарн балыкты салмактоо жана эсепке алуусу үчүн иштеп турган таразанын жана өндүрүштөн чыгарылган балыкка кабыл алуу-өткөрүп берүү квитанциясынын же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн болуусун;
- алардын балык субъекттерге таандык экендигин аныктоо максатында уулоо шаймандарын маркировкалоону жүзөгө ашырууга;
- балык уулоо пункттарын, ошондой эле, бекитилип берилген көлмөлөрдү жана уулоо шаймандары тандалган жерлердеги көлмөлөрдүн жээк тилкелерин тиешелүү санитардык абалда күтүүгө;
- бекитилип берилген көлмөлөрдө же анын айрым тилкелеринде балык камдарын калыбына келтирүүнү жана балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды аткарууну;
- балык коргоо кызматкерлерине өндүрүү түрлөрү жана райондору боюнча маалыматтарды берүүгө;
- уулоодон балыктардын чет тарапка чыгып кетүүсүнө, алар кармалган жерлерде сатууга, ошондой эле өндүрүш уулоосунан балыктар менен башка мыйзамсыз бүтүмдөргө (алмашуу, белек кылуу жана күрөөгө коюу) жериндежол бербөөгө;
- бөлүнүп берилген чектөө толугу менен же мөөнөтүнө мурда өздөштүрүлүп кеткен учурда, балыктуу уулоону дароо токтотуп, өндүрүштөн өзүнүн барлдык уулоо шаймандарын алууга жана балык уулоо жана эсепке алуу документтерин алган жери боюнча өткөрүүгө;
- балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өз кезегинде кармалган балык жана балык камдарын калыбына келтирүү боюнча белгиленген отчеттуулукту тапшырууга;
- балык коргоо кызматкерлерин уулоо шаймандарын жана ыкмаларын, балык өстүрүү документтерин, ошондой эле өндүрүү уулоолорун текшерүүсү үчүн балык кабыл алуу пункттарына, кампаларга, база жана башка жактарга тоскоолдуксуз өткөрүүгө;
- балыкты өндүрүштүк уулоону жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо боюнча балыкчыларга ар дайым нускамаларды өткөрүп турууга;
- балык өндүрүшүнө бузук же катталбаган чакан өлчөмдөгү кемелерди, ошондой эле корапусунда борт номери так жазылбаган кемелердин чыгуусуна жол бербөөгө.
27. Өндүрүштүк балык уулоону жүзөгө ашырып жаткашкан балык уулоо бригадаларынын балыкчылары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тиешелүү негизде таризделинлен, белгиленген формадагы өндүрүш билеттерин жанына алып жүрүүгө жана балык коргоо кызматкеринин биринчи талабы боюнча көрсөтүүгө;
- балык уулоо тилкесинде балык уулоонун белгиленген тартибин сактоого;
- көлмө акваторияларында балык өндүрүшү үчүн колдонулган балык уулоонун өндүрүш шаймандарын атайын буйлар менен белгилөөгө;
- өндүрүштө уулоого алынган бардык балыкты өндүрүш билеттерине өз учурунда каттоону жана аны, балыкчылар тарабынан кармалган балыктарды кабыл алуу жана эсеке алуу боюнча жооптуу, балык уулоо тилкеси боюнча улук адамга кечиктирбестен өткөрүп берүүгө;
- балук уулоо шаймандарынан аларга түшүп калган балыкты, анын бузулуп же чирип кетишине жол бербестен өз учурунда алып чыгууну камсыз кылууга.
28. Балык өндүрүү сезону аяктагандан жана балыкты өндүрүштүк уулоого берилген балык уулоо документтеринин мөөнөтү соңуна чыккандан кийин, балык субъекттери көлмөдөн балык уулоонун бардык шаймандарын чечип алууга жана аларды чакан өлчөмдө кемелер менен биргеликте көлмөнүн жана балык уулоо тилкесинин чегинен тышкары, туруктуу сакталууда турган жайларга чыгарып кетүүгө милдеттүү.
III. Ихтиологиялык мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү тартиптери
29. Балык ресурстарынын ихтиологиялык мониторинги мамлекеттик мониторингдин курамдык бөлүгү болуп саналат.
30 Ихтиологиялык мониторинг боюнча тиешелүү көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде иштерди өткөрүү, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ихтиологиялык кызматтардын утурумдук жана жылдык мерчемлерине, ошондой эле балыкты контролдук уулоо ыргагына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Балык ресурстарына ихтиологиялык мониторинг балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог адистери (мындан ары - ихтиология кызматы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Балык ресурстарына итиологиялык мониторинг төнөкүлөргө үзгүлтүксүз көз салуу системасын билдирет:
- балык популяциясынын абалына, алардын азык базасына жана өзгөрүүлөрдү өз учурунда аныктоо, аларга баа берүү, абалын болжолдоо жана биологиялык ар түрдүүлүктүн экологиялык тутумун сактоо үчүн жагымсыз процесстер менен кубулуштардын алыөдын алуу жана кесепеттерин четтетүү, балык чарбасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн балык чарба көлдөрүнүн сапатына;
- балык уулоо объекти болуп саналган балык ресурстарынын бөлүштүрүлүшүнө, санына, сапатына жана кайра өндүрүүсүнө, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнө;
- суу биологиялык ресурс балык уулоо жана сактоо;
33.Балык ресурстарына ихтиологиялык мониторинг анын маалымиаттарын төмөнкүлөр үчүн коолдонуу максатында жүзөгө ашырылат:
- балык ресусртарынын жана аларды жашоо чөйрөсүнүн жаратылыш жана антропогендик факторлор алдында биологиялык абалынын, санынын, бөлүштүрүлүшүнүн жана кайра өндүрүлүшүнүн өзгөрүлүшүнө жал сайын баа берүү жана болжолдоо;
-мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматты мамлекеттик балык чарбасы реестрине киргизүү;
- балык ресурстарынын жана алардын жашаган чөйрөсүнүн абалына тасирин тийгизген процесстерди аныктоо жана өнүгүүсүн болжолдоо;
- белгиленген тартиите балык уулоо үчүн чектөөлөрдү иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү кошо алганда, балык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу;
- аларды балык уулоо эрежелерине киргизүү үчүн, балык камдарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана калыбына келитирүү боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;
- эндемикалык жана баалуу өндүрүш балык түрлөрүнүн жана алардын жашоо чөйрөсүнүн санын жана камдарын сактап калуу жана жогорулатуу боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү;
- балык камдарын коргоо жана балык өнөр жайын жүргүзүү чөйрөсүндө ведомстволук, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан балык уулоо эрежелерин сактоосуна контролдукту камсыз кылуу;
- түрлөр жана көлмөлөр боюнча суу биологиялык ресурстардын жана алардын жашап турган чөйрөсүнүн абалы тууралуу ишенимдүү маалыматты даярдоону камсыз кылуу, анын ичинде балык өстүрүү тармагындагы талаш маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле балык уулоо жана балык камдарын коргоо тармагындагы укук бузууларды жүзөгө ашырган адамдарды жоопко тартуу;
34. Ихтиологиялык мониторингди жүзөгө ашырууда, ресурстук изилдөөлөрдүн жана балык камдарын мониторингдөөнүн жылдык мерчемдеринин негизинде аткарылуучу байкоо жүргүзүү, маалыматты топтоо жана бөлүштүрүүнү изилдөө, суу биоресурстарынын көлмө түрлөрү, ошондой эле алардын жашоо чөйрөлөрү боюнча саны жана кайра өндүрүлүшү жүзөгө ашырылат.
35. Балык ресурстары жана алардын жашаган чөйрөлөрүнө ихтиологиялык мониторингдин алкагында балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- балык чарбасы маанисиндеги суу объекттеринир категорияларын аныктоо үчүн маалыматты топтоо жана материалдарды камдоо (суу ресурстарынын сүрөттөлүшү жана суу биоресурстарын кармоонун (уулоонун) өзгөчөлүгү, көбөйүү, кыштоо, массалык семирүү жайлары жана балыктардын миграциясы);
- жасалма кайра өндүрүү максатында кармалган (уулоого алынган) жана өндүрүүчүлөрдү кармап туруу жана жыныстык өндүрүмүн бөлүп алуу учурунда өлүп калган, ошондой эле биологиялык талдоолорду жүргүзүү үчүн келишимдик негизде атайы алынган балыкка биологиялык талдоо жүргүзүүнү;
- кыштоо, масаалык семирүү жана балык миграциясы жайларындагы балык чарбасы маанисиндеги суу объекттеринин гидрологиялык жана температуралык ыргактары тууралуу мааалыматтарды топтоону;
- суу биоресурстарын табыгий кайра өндүрүү жөнүндөгү маалыматтарды топтоону (урук чачуу карточкаларын түзүү);
- суу азык организмдеринин биомасса көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн маалыматты топтоону;
- балык чарбасы маанисиндеги суу объекттеринде суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөлөрүнө антропогендик таасир этүүсү тууралуу маалыматтарды топтоону (ышкыбоз-балык уулоочуларды жана алардын уулоолорун, анын ичинде легалдуу эмес балык уулоону кошо алганда);
- суу биологиялык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө маалыматты талдоо, кайра иштеп чыгуу жана жалпылоону;
- сот жана укук коргоо органдарыны сурамдары боюнча, чарба ишкердиги тарабынан балык ресурстарына келтирилген зыяндын балык чарба экспертизасын өткөрүүнү;
- мыйзамсыз ууланган балыкты жана мыйзамсыз балык уулоо шаймандарын изилдөө жана талдоону жана алар боюнча компетенттүү органдардын сырамдарына корутундуларды даярдоону;
- балык чарбаларынан келип түшкөн кайралуулар жана материалдар боюнча, балыктын массалык өлүмүнүн жана алардын жашаган чөйрөсүнүн кирдешинин натыйжасында келтирилген зыян өлчөмү боюнча корутундуларды жана эсептеп чыгууларды (аныктамаларды) даярдоону.
36. Биологиялык абалына, санына ар жылдык баа берү жана болжолдоо, балык ресурстарын бөлүштүрүү дана кайра өндүрүү, суу биоресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына таасирин тийгизген процесстердин өнүгүүсүн өз учурунда аныктоо жана болжолдоо жана балык ресурстарын сактап калуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу максатында, ихтиологиялык кызмат, балык камдарын бөлүштүрүүгө, санына, сапатына жана кайра өндүрүлүшүнө ай сайын көз салуу маалыматтарын топтойт жана талдоого алып турат, жана негиз болгон шартта балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органша белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү берет:
- балык ресурстарын жана алдардын жашоо чөйрөсүнүн абалына таасирин тийгизген процесстердин сүрөттөлүшүн жана жалпы жол берилген уулоо өлчөмдөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды;
- балык уулоону чектөөну иштеп чыгуу жана ишке киргизүүнү кошо алганда, балык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды;
- балык камдарын, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүн сактап калуу боюнча иш-чараларды жана аларды балык уулоо эрежелерине кошуу сунушун.
IV. Балык камдарын жасалма кайра өндүрүү боюнча иштерди уюштуруу жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
37. Көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында балык камдарын жасалма кайра өндүрүү боюнча иштер аткарылат.
38. Балык камдарын жасалма кайра өндүрүү илимий уюм менен макулдашуу боюнча балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарбынан жыл сайын белгиленген жана бекитилген болжол-тапшырмага ылайык жүзөгө ашырылат.
39. Болжол-тапшырама илимий уюмдардын жана ихтиологиялык кызматтардын сунуштарынын негизинде түптөлөт.
40. Болжол-тапшырамада төмөнкүлөр белгиленет:
- өндүрүш балыктарынын икраларын инкубацияга өлчөмдөрү, мөөнөттөрү жана салуулары жана балык заводдорун жана икра инкубацияланган жана личинка, жаш балыктар өстүрүлгөн балык субъекттеринин инкубациялык цехтерин белгилөө менен балык түрлөрү боюнча икраны инкубациялоо;
- көлмөлөргө личинка ана баалуу жаш балыктарды чыгаруунун өлчөмдөрү жана көлмөлөрдү балык олтургузуу материалдарын чыгарган балык субъекттерин белгилөө менен көлмө жана балык түрлөрү боюнча балыктандыруу;
- чоңойтуу баскычы жана көлмөгө чыгаруу учурунда жаш балыктардын жана балык личинкаларынын түрлөр боюнча орточо-даана салмагы;
- балык ресурстарын жасалма кайрадан өндүрүү максатында балык чарба маанисиндеги суу объекттеринин аталыштары;
- икраны инкубацияга салуу, жаш балыктын (личинканын) өстүрүлгөндөрүн чыгаруу жана көлмөнү балыктандыруу мөөнөттөрү;
- кайра өндүрүү иш-чараларынын түрлөрү;
- балык олтургузуу материалдарын алуу булактары жана өндүрүүчүлөрү.
41. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болжол-тапшырманы балык камдарын жасалма кайрадан өндүрүү болжолдонуп жаткан өткөн жылдан кийинки жылдын 30-декабрына чейин бекилет.
42. Балык камдарын кайрадан өндүрүүгө белгиленген болжол-тапшырмалардын негизинде өткөрүлүүчү иш-чаралардын түрлөрү жана жаш балыктарды чыгаруунун зарыл болгон өлчөмдөрү аныкталат.
43. Икраны топтоо жана даярдоо максатында балык өндүрүүчүлөрдү кармоо боюнча иштерди аткаруу, икранын бышып жетилген басыкычын көрсөтүү жана балыктын урук чачууга массалык чыгуу мөөнөттөрүн аныктоо менен тар жана агын ургаачыларын эсепке алуу үчүн өндүрүш балыктарын кармоо жана изилдөө жолу аркылуу, илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөргө шартталышы керек.
44. Балыктарлын урук чачкан особдоруна өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, илимий уюм же ихтиологиялык кызмат өндүрүш балыктарынын урук чачуу мөөнөттөрүнүн жана икранын бышып жетилүү баскычынын келип жетүүсүн белгилөө менен биологиялык негиздеме же корутунду берет. Ал, аларды жасалма кайра өндүрүү максатында өндүрүү балыктарын кармоо боюнча иштерди уюштуруу жана өткөрүүгө негиз болуп саналат.
45. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, балык уулоо жана эсепке алуу документтерин берүү жолу менен балык субъекттерине балык камдарын жасалма кайра өндүрүү боюнча иштерге катышуусуна укук берет.
46. Балык камдарын кайра өндүрүү боюнча иштерди даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу максатында, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен икраны топтоо, салуу, инкубациялоо, өстүрүлгөн жаш балыкты (личинканы) чыгаруу жана көлмөнү балыктандыруу боюнча белгиленген болжол-тапшырманы малык субъекттери тарабынан аткарылышын текшерүү үчүн комиссия түзүлөт.
47. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу огандын комиссиясы балык камдарын кайра өндүрүү боюна иштер башталганга чейин күн аралыгында, балык питомниктерине, инкубациялык цехтерине жана аппараттарын ээлик кылган балык заводдоруна жана адистештирилген балык өстүрүү чарбаларына барышат жана икраны инкубацияга кабыл алуу, личинка жана бжаш балыкты өстүрүү боюнча иштерди уюштурууга жана өткөрүүгө даярдыгын текшеришет.
48. Балык субъекттеринин балык камдарын жасалма кайрадан өндүрүү рштерине катышуусу тууралуу чечими балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын, балык субъекттин балык камдарын жасалма кайра өндүрүү боюнча иштерди өткөрүүгө даярдыгы жөнөндөгү корутундусунун негизинде кабыл алынат.
49. Өндүрүү балыгын өндүрүүчүлөр, алардын икрасы алынып коюлгандан жана белгиленген формадагы журналда катталгандан кийин, тиешелүү коштомо кагаздарды тариздөө менен сатып өткөрүүгө жөнөтүлөт же коомдук тамактануу пункттарына өткөрүлөт, мында коштомо кагаздын бир нускасы балык уулоо пунктунда калат, экинчиси балыкты кабыл алган адамга берилет.
50. Эгерде балык уулоо пункттарынан катоо журналдарына киргизилбеген же иштетилбеген икрасы менен балык, ошондой эле белгиленген тартипте катталбаган жана тиешелүү коштомо кагаздары (акт жана коштомо кагаздар) таризделбеген икралар чыгарылган учурларда, алар балык коргоо кызматкерлери тарабынан акы төлөнбөстөн алынып коюлат жана протокол (акт) менен соода уюмдарына өткөрүлүп берилет.
51. Уруктандырылган икраны, личинка жана жаш балыкты бир балык субъекти тарабынан башка субъектке өткөрүп берүүсүнө, тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнүн катышуусунда гана жол берилет, мында акттын бир нускасы балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет.
52. Көлмөлөргө чыгарылган жаш балыктардын жана суу организмдерин акклиматизациясы, балык өстүрүү жана балыктандыруу, табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балык камдарын кайра өндүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп саналат.
53. Республиканын көлмөлөрүнө илимий уюмдун илимий биологиялык негиздемеси жана мамлекеттик экологиялык экспкетизанын корутундусу жок балыктын жаңы түрүн, суу гидробионтторун жана азык организмдерин акклиматизациялоого жана чыгарууга жол берилбейт.
54. Көлмөлөргө жаш балыктарды чыгаруу, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым уакуктуу мамлекеттик орган менен бекитилген жана макулдашылган көлмөлөрдү балыктандыруу ыргактарынын негизинде жана балык коргоо кызматкерлеринин жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча мамолекеттик контролд органдарынын өкүлдөрүнүн, комиссия мүчөлүрүнүн катышуусунда балык субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылат.
55. Балыктын жаштарын чыгаруу жана көлмөлөрдү балыктандыруунун жыйынтыгы боюнча балыктын жаштарын чыгаруу жана көлмөлөрдү балыктандыруу актысы түзүлөт, анын бир нускасы жаш балыктарды чыгарган балык чарбасында калат, экинчи нускасы – балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет, жаш балыкты чыгарууга катывшкан башка кызыкчылыгы болгон тараптарга анын көчүрмөсү ыйгарылат.
56. Аларга көз каранды болгон шарттарда балык камдарын жасалма кайра өндүрүү боюнча белгиленген болжол-тапшырманы аткарбаган жана/же аткарылган иштер боюнча отчетторду өз учурунда бербеген балык субъекттери, кийин балык камдарын кайра өндүрүү боюнча иштерди аткарууга киргизилбейт.
57. Ушул Жобонун аткарылышына контролдукту балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
10-тиркеме
1. Илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоого, контролдук кармоо, балык өстүрүү-мелиоративдүү иштерди, акклиматизацилоону, балыктандыруу жана кайра өндүрүүнү аткаруу үчүн балык уулоо документтерин жана билеттерин берүү жана пайдалануу тартиптери жөнүндө Нускоо Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык уулоо үчүн балык уулоо документтерин жана билеттерин берүүнү уюштуруу-укуктук негиздерин жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Нускоодо,балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3. Илимий максаттарда, ихтиологиялык мониторинг, балык өстүрүү-мелиоративдик иштер, акклимитизациялоо, балыктандыруу жана кайра өндүрүү үчүн балык уулоо балык чарба маанисиндеге республиканын бардык суу объектттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык уулоо документинин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Балык уулоого балык уулоо документтери төмөнкүлөргө берилет:
-илимий уюмдардын кызматкерлерине -суу биологиялык ресурстарда илимий балык чарба изилдөөлөрүн аткаруу үчүн;
- балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог адистерине (мындан ары ихтиология кызматы) – балык камдарын абалына жана аларды кайра өндүрүүнүн натыйжалуулугуна баа берүүгө контролдук кармоо үчүн;
- мамлекеттик балык заводдоруна, балык чарбаларына жана көлмөнү пайдалануучуларга - балыкты мелиоративдик кармоо, акклимитизациялоо, балыктандыруу жана кайра өндүрүү максаттарында балык уулоо үчүн.
5.Балык уулоо документтери белгиленген формадагы арыздын негизинде берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- илимий иштерди жүргүзүү үчүн - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, изилдөөгө алынуучу балыктарды, илимий максаттардагы балык уулоо жайларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен илимий ишти өткөрүүнүн белгиленген тартипте бекитилген илимий-тематикалык мерчеминен тастыкталынган көчүрмөсү;
- балыкты контролдук уулоону өткөрүү үчүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ихтиологиялык иштер мерчемдери жана балыкты контролдук уулоонун ыргагы;
- көлмөлөрдүн балык камдарын кайрадан өндүрүү жана балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн -түрдүк жана жыныстык (уургачы, эркек) курамы боюнча балык өндүрүүчүлөрдүн зарыл болгон сандагы балык уулоосун биологиялык эсептеп чыгуусу, икранын зарыл болгон өлчөмүн даярдоо жана көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин жаш балыктар менен балыктандыруу максатында талап кылынган балык жайгаштыруу материалын алуу үчүн, ошондой эле, бардык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын балык уулоо чарбаларынын балык камдарын жасалма балык өстүрүү боюнча иштерди уюштурууга даяр экендигин текшерген актысы;
- көлмөлөргө балыктардын жаңы түрлөрүн жана башка суу биоресурстарын акклимитизациялоо боюнча ишти аткаруу үчүн – илимий уюмдардын биологиялык негиздемелерин жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оңтойлуу корутундусу;
- балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди аткаруу үчүн - ихтиологиялык кызматтын корутундусу жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык өстүрүү-мелиоративдик иштердин мерчеми.
6. Балык уулоо документтери,көлмөлөр алардын ээлигинде же колдонуусунда турган тиешелүү уюмдар жана чарба жүргүзүүчү субъектттер менен аткарылуучу иштер макулдашылгандан кийин гана, арыз берүүчүгө берилет:
- пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде - аталган көлмө жана тилкелерди пайдалануучулар менен;
- пайдалануучуларга бекитилип берилбеген көлмөлөрдө же көлмө тилкелеринде - балык чарбасы көлмөсүнүн негизги пайдалануучусу менен;
- өзгөчө корукка алынган аймактарда жайгашкан көлмөлөрдө же алардын айрым тилкелеринде - ошол аймактын администрациялары менен.
7. Балык уулоого арызды кызыкчылыгы болгон субъектттер, иштерди аткаруу болжолдонуп жаткан күнгө чейинкки 15 күндөн кечиктирбестен балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга беришет.
8. Жогоруда аталган максаттарда балык уулоого арыз берүүчү тарабынан сунушталган документтер балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кароого алынат, андан кийин гана арыз берүүчүгө балык уулоо билеттери берилет, же болбосо себептерин көрсөтүү менен баш тартуусу кат жүзүндө жөнөтүлөт.
9. Балык уулоо билети контролдук балык уулоону аткаруу үчүн жооптуу болгон адамга берилет.
10. Балык уулоо билеттеринин бланктары олуттуу отчеттуулук документи болуп саналат, аларды даярдоо, эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле колдонулган балык уулоо билеттерин эсепке алуу жана сактоо балык чарбачөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нускоого алайык жүзөгө ашырылат.
11. Балык уулоо билеттери илимий уюмдардын, балык чарбачөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматынын, мамлекеттик балык заводдорунун жана балык чарбаларынын кат жүзүндөгү билдирмеси боюнча, алуучу ишеним кагазды жана ким экендигин тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин,балык уулоону аткарууга жооптуу адамга берилет. Балык уулоо документтерин башка бирөөгө өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
12. Балык уулоо документтери алар белгиленген формадагы эсепке алуу жана берүү жөнүндөгү китепке катталгандан кийин берилет.
13. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган балык уулоо документтерин туура колдонгондугуна зарыл болгон контролдукту жүргүзөт.
14. Балык кармалган ар бир учур боюнча илимий, контролдук, мелиоративдик уулоо аткарылгандыгы туурасында белгиленген формада акт,же балык өндүрүүчүлөр тарабынан кайра өндүрүү, акклимитизациялоо, балыкты көчүрүү же көлмөнү балыктандыруу максатында балык кармалгандыгы актысы толтурулушу зарыл.
15. Актылар, көлмөдөн алынып жаткан балыктын даана санын, жыныстык жана түрдүк курамын, ошондой эле, илимий, ихтиологиялык жана башка максаттар үчүн колдонулган ар бир түрдүн особдорунун санын, уулоо аткарылган жер жана убактысын, уулоо үчүн колдонулган шайман түрүн милдеттүү түрдө белгилөө менен түздөн-түз балык кармалган жерде түзүлүшү керек.
Мындан тышкары, актыга балык уулоону жүзөгө ашырган жана ошол иш учурунда катышкан адамдардын кызматы, фамилиясы жана инициалдарын белгилөө зарыл.
16. Балык уулоо документтери таризделинген адамдар жок балык уулоону ишке ашырууга тыюу салынат.
17. Балык уулоо балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда ишке ашырылат.
18. Балык уулоону жүргүзүүнүн жыйынтыктары белгиленген формада балыкты контролдук кармоону эсепке алуу жана каттоо журналына жазылат.
19. Уулоону каттоо жана эсепке алуу журналыбалык уулоо актылары балык уулоону аткаруу үчүн жооптуу болгон адамда болууга,балык уулоо аткарылган жерлерде сакталууга тийиш жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлери тарабынан текшерүү үчүн көрсөтүлөт.
20. Илимий жана ихтиоологиялык максаттар үчүн кармалган балык, зарыл болгон изилдөөлөр жана талдоолор жүргүзүлгөндөн кийин, коштомо кагаздары менен балык заводдоруна же балык субъектттеринин балык кабыл алуу пункттарына өткөрүлүп берилет, эгерде андайлар жок же алыс жайгашкан болсо - аларды сатуудан түшкөн каражатты республикалык бюджеттин кирешесине которуу менен балык дүкөндөрүнө же башка соода кылуу уюмдарына өткөрүлүп берилет.
21.Илимий изилдөө, ихтиоологиялык жана лабораториялык анализдер үчүн колдонулган, аларды аткаруу анын товардык сапатынын начарлануусуна алып келген балык, балык уулоону жүзөгө ашырган адамдардын, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык уулоого катышкан балык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда акт түзүү менен жок кылынат.
22. Төмөнкү учурларды балык уулоо билеттери өз аракетин токтотот:
- аракеттенүү мөөнөтү аяктаганда;
- ошол мезгилге карата тапшырмада мерчемделген илимий-изилдөө, ихтиологиялык, кайра өндүрүү, акклимитизациялык, мелиоративдик иштер толугу менен аткарылганда;
- балык уулоо билеттери чакырылып алынганда.
23. Ушул Нускоонун талаптары бузулган учурда же балык уулоо билеттери башка адамдарга өткөрүлүп берилгенде, алар балык чарбачөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматкерлери тарабынан алынып коюлушу ыктымал.
24. Иштер аяктагандан кийин балык уулоону аткарган уюмдар же жактар балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга 10 күн аралыгында,уулоону аткарууну каттоо журналын жана актыларды, ошондой эле кармалып алынган балыкты өткөрүп бергендиги тууралуу коштомо кагаздын көчүрмөсүн же аны эсептен алып салуу актысын жана пайдаланылган балык уулоо билетин тиркөө менен аткарылган иштин натыйжалары тууралуу отчет беришет.
25. Ушул Нускоодо каралган отчеттор жана башка документтер берилбеген учурда,андай уюмдарга жана жактарга андан ары балык уулоо билеттери берилбейт.
11-тиркеме
1. Бул Нускоо, Кыргыз Республикасынын балык чарбачылык көлмөлөрүндө балык камдарын жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайлап уулоо боюнча ишти аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Нускоодо, балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3. Өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайлап уулоого укук берүү балык өстүргө заводдор, балык өстүрүү ишканалары жана балык чарбалары (мындан ары – балык субъекттери) тарабынан, инкубацияга икраны топтоо, салуу, жаштарын өстүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу максатында өндүрүш балыгын өнүдүүрүчүлөрдү уулоого балык уулоо билеттерин берүү менен балык камдарын жасалма өндүрүүгө тиешелүү болжол-тапшырманы белгилөө жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Жасалма өстүрүп чыгуу максатында балык субъектилери тарабынан өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайы уулоого укукту балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берет.
5. Балык камдарын жасалма өндүрүп чыгууга бекитилген болжол-тапшырмасы жок өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайы уулоого тыюу салынат.
6. Жасалма өстүрүп чыгуу максатында өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайлап уулоого төмөнкүлөргө укук берилет:
- биринчи кезекте, балык өстүрүү - икраны инкубациялоо жана балыктын жашоого туруштук бере алган жаштарын чыгарууга жарактуу болгон өндүрүштүк базасына ээ болгон (инкубациялык цехтер жана инкубациялык аппараттар) адистештирилген балык өстүрүү чарбаларына (балык заводдоруна жана балык питомниктерине);
- экинчи кезекте, икраны тандап алуу, даярдоо, уруктантуу жана ташып жеткирүүгө квалификацияланган балык өстүрүүчү-адистерди тартуу шартында, келишимдик негизде аларды заводдук инкубациялоо жана балык личинкалары менен жаштарын өстүрүү максатында, белгиленген тартипте икраны инкубациялык аппаратка берүү жана салуу боюнча балык заводдору менен келишим түзүшөн башка балык өстүрүү чарбаларына.
7. Өнөр жайлык балыгын өндүрүүчүлөрдү кармоого арызды кызыкчылыгы болгон балык субъектилери балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, илимий уюмдун биологиялык негиздемеси же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматынын корутундусу менен белгиленген, балыктын урук чачуу миграциясы келип жетүүсү боолжолдонуп жаткан күнгө чейинки, кеминде 15 күнгө чейин жөнөтүшөт.
8. Аларды жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү кармоого балык уулоо билеттери, балык субъекттерине илимий биологиялык негиздеме же ихтиологиялык кызматтын корутундусу алынгандан кийин гана, балыктын урук чачуу мөөнөттөрүнүн келип жетүүсүн, урук чачуу райондорун жана көлмө менен суулардагы урук чачуу тилкелерин көрсөтүү менен берилет.
9. Аларды жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү кармоого чейин балык субъектилери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- балыкты өндүрүчүлөрдү кабыл алуу жана кармап туруу үчүн имараттарды, кампаларды, суу менен камсыз, кылуу тутумдарын, инкубациялык цехтерди, балык өстүрүү жабдууларын, бассейиндерди жана ошондой эле, икраны инкубацияга салуу жана балык олтургузуу материалдарын өстүрүү үчүн инкубациялык аппараттарды даярдоого;
- балык чарбасынын балык чарбалык ишин жүргүзүү жана кармалып алынган өндүрүш балыктарын сатуу менен байланыштуу болгон каржы операцияларын эсепке алуу жана жүргүзүү жана балык камдарын өндүрүү боюнча иш-чараны өткөрүүгө чыгымдарды эсепке алуу үчүн бухгалтерди жумушка кабыл алгандыгы жөнүндө буйрук чыгаруу жана анын көчүрмөсүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө;
- балыкты өндүрүүчүлөрдү уулоо жүзөгө ашырыла турган ар бир балык уулоо пункттарынын балыкчыларынын жана башчыларынын фамилияларын белгилөө менен өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү уулоо үчүн балык уулоо пункттарын жана бригадаларын түзүү жөнүндө буйрук чыгарууга;
- ар бир өзүнчө балык уулоо пункту боюнча, балык өндүрүүчүлөрдү уулоо боюнча эмгек келишимдери же макулдашуулардын негизинде ишке тартылган, сезондук негизде балыкчыларды кабыл алгалгандыгы туурасында буйруктун көчүрмөлөрүн балык чарба чөрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүүгө;
- балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген формада, өндүрүш балыгын уулоого арыз берүүгө, балык камдарын өндүрүү боюнча белгиленген болжолдоо-тапшырманы аткаруу максатында, зарыл болгон өлчөмдөрдөгү икраны даярдоо жана инкубацияга салуу үчүн эркек жана ургаачысынын санын көрсөтүү менен балык өндүрүүчүлөрдү түрлөрү боюнча эсептеп чыгууга;
- ар бир балык уулоо пунктунда, балык пункттарынан балык өндүрүүчүлөрдүн жана икралардын балык өстүрүү чарбаларына жана балык заводдоруна келип түшүүсүн белгиленген тартипте каттоого алуу, кыймылы жана эсепке алуу журналдарын ачууга;
- пайдалануу үчүн жарактуу болгон инкубациялык цехтердин жана инкубациялык аппараттардын санын, алардын түрлөрүн, икранын түрлөрү боюнча аларга салынуучу болжолдонуп жаткан санын, икраны даярдоо, тандоо жана инкубациялоо жана балыктын жаштарын өстүрүү боюнча ишке тартылуучу балыкчы-адистердин санын көрсөтүү менен маалым-катты берүү;
- өндүрүштүк балыкты кармоонун актыларынын, өндүрүү балыктарынын икраларын даярдоо жана инкубацияга салуу актыларынын жана белгиленген формаддагы отчеттук маалымат бланктарын даярдоо;
- аларды заводдук инкубациялоо, личинка жана жаштарын жашап кетүү баскычына чейин өстүрүү максатында, аларга өндүрүштүк икраны берүү боюнча инкубациялык аппараттары жана цехтери бар балык заводдору же балык субъекттери менен келишилген белгиленген формасындагы келишимдин көчүрмөсүн берүү (өзүнүн балык өстүрүү-өндүрүш базасы болбогон балык субъекттери үчүн);
- арыз берүү учурунда белгиленген талаптарга ылайык, өндүрүш балыктарын топтоо, даярдоо, кайра иштеп чыгуу, сактоо, уруктантуу жана ташып жеткирүү боюнча атайы иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон ассортиментте жана санындагы, зарыл болгон буюм, мүлк, материал, сыйымдуулук жана инвентарлардын балык чарбасында турган тизмесин берүүгө;
- балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзүп чыккан атайы комиссия тарабынан түзүлгөн негизги өндүрүш объекттеринин: балыкты өндүрүүчүлөрдү кармоо, көчүрүү жана багып турууга имараттардын, кампалардын, забойлордун, шандор жана бассейиндердин, суу менен камсыз кылуу системасынын, икраны инкубацияга кабыл алуу жана салууга, балыктын личинкаларын жана жаштарын өстүрүү үчүн инкубациялык цехтердин жана аппараттардын даярдыгынын актысын, ошондой эле аныкталган жетишпестиктерди четтетүү боюнча комиссиянын сунуштарын аткаргандыгы тууралуу маалым катты берүүгө;
- балык камдарын кайра өндүрүү, эсепке алуу журналдары, балык өндүрүүчүлөрдү уулоо актылары жана балык уулоо билеттери боюнча өткөн жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу отчет тапшырууга.
10. Икраны топтоо максатында өндүрүүчү балыктарды уулоого тартылган балыкчылар балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген формадагы өндүрүштүк билеттерди алууга тийиш, ал өндүрүүчү балыктарды уулоо боюнча ишке катышып жаткан балыкчынын ким экендигин тастыктаган, ошондой эле өндүрүштүк билеттерде балыктардын кармалган особдорду каттоо жана эсепке алуу максатындагы документ болуп саналат.
11. Өнөр жайлык балыктарды өндүрүүчүлөрдү уулоого өндүрүш билеттери жокторду тартууга тыюу салынат.
12. Өнөр жайлык балыктарды өндүрүүчүлөрдү уулоо боюнча атайы иштерди аткарууда, балык уулоо жайларында чоочун адамдардын болуусуна тыюу салынат.
13. Өнөр жайлык балыктарды өндүрүүчүлөрдү атайы уулоо балык уулоо пункттарында милдеттүү түрдө балык өндүрүү жана эсепке алуу документациясын (балыкты өндүрүүчүлөр кармалгандыгын катто жана эсепке алуу журналдары, балыкты өндүрүүчүдөр кармалгандыгы актысы, икраны топтоо жана даярдоо) милдеттүү түрдө жүргүзүү менен аткарылат.
14. Балык өндүрүүчүлөр кармалган жана өнөр жай балыктарынын икраларын даярдоонун ар бир учуру боюнча түздөн-түз балык өндүрүүчүлөр кармалган жана өнөр жай балыктарынын икраларын даярдоо жеринде белгиленген формадагы акт түзүлөт.
15. Балык уулоо пункттарында кармалган өнөр жайлык балыктарды өндрүүчүлөр жана икраны даярдоо түздөн-түз уулоо ишке ашкан жерде белгиленген формадагы каттоого жана эсепке алуу журналына катталууга тийиш.
16. Жасалма жол менен өндүрүү максаттарында балыкты бүлгүнчүлүк жол менен кармашкан, же болбосо тиешелүү документтери жок кармаган жарандардан өнөр жай балыгын өндүрүүчүлөрдү алууга тыюу салынат.
17. Өнөр жайы балыгын өндүрүүчүлөрдү атайлап кармоо балык өндүрүүчүлөрдү кармоо боюнча иштерди уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу адамдын жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо адисинин катышуусунда ишке ашырылат.
18. Өнөр жай балык өндүрүүчүлөрдү кармоону каттоо, эсепке алуу журналдары жана кармоо актылары ар дайым аталган иштерди аткарууга жооптуу болгон адамда балык уулоо пункттарында турууга жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо адиси тарабынан текшерүүгө алууга берилүүгө тийиш.
19. Өндүрүү балыктарынын икраларын тандоо балык уулоо пункттарында, жеңил укалоодон кийин дароо жыбылжып агуу менен оңой бере калган ургаачыларынын жашы жогорку особдорунан, икранын жетилгендигинин 5 баскычында (агымы) гана алынат.
20. Ургаачыларынан кан же бүртүк аралыш чыккан икраларды чогултууга жол берилбейт.
21. Эгерде жыныстык-жаштык бышылып жетиле элек жана алардын икраны алуу үчүн жараксыз болгон особдордон, же икрасы жок особдордон алынган учурда, анда алар уулоо шайманын тандалып алынгандан кийин дароо, тирүүлөй түрүндө кайрадан көлмөгө кое берилүүгө тийиш.
22. Өнөр жай балыктарын өндүрүүчүлөрдү уулоого маркерленген (биркаланган) торлорду, биркасына балык уулоо үчүн ар бир колдонулуп жаткан торго: ошол тоорлорду колдонуп жаткан балык субъектисинин аталышын, жетекчинин жана ошол торду колдонуп жаткан балыкчынын фамилиясын, балык уулоо билеттеринин номерлерин белгилөө менен гана жол берилет.
23. Өндүрүүчү балыктарды уулоо учурунда биркаланбаган торлорду колдонууга жол берилбейт.
24. Иштин ар бир циклинин: өндүрүүчү балыктарды уулоо – икраны инкубацияга салуу-балыктын личинкалары менен жаштарын өстүрүүнү аткаруунун жүрүшүндө, балык субъектери ар бир 10 күн сайын балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, ар бир циклдын келип жетүүсү жана аягына чыгуусу мөөнөттөрүн төмөндө келтирилген схеманын негизинде иштин ар бир өзүнчө циклы боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу отчет берип турууга милдеттүү:
- кармалык алынган өндүрүүчү балыктардын саны (ургаачы жана эркеги);
- инкубацияга салынган икранын саны, түрлөрү боюнча өзүнчө;
- түрлөрү боюнча инкубациялоо учурунда өлгөн икралардын санын (икрадан % менен);
- алынган личинка менен жаш балыктардын санын.
25. Өндүрүүчү балыктарда кармоо, өнөр-жай балыктарынын икраларын топтоо жана инкубацияга салуу боюнча иштер аяктагандан кийин, толтурулган журналардарды жана кармалган өндүрүүчү балыктарды эсепке алуу жана каттоо актыларын, өнөр-жай балыктарынын икраларын инкубацияга салуу актыларын жана балык уулоо билеттерин тиркөө менен белгиленген болжол-тапшырманы аткаруунун натыйжалары тууралуу отчет тапшырылат.
26. Ушул Нускоону аткарууга контролдук балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
12-тиркеме
1. Ушул Жобо, көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо тармагында балык чарбасын жүзөгө ашырууну мерчемдеп жаткан жана сынакка катыш талапкерлерге бекитип берүү үчүн чынакты уюштуруу жана өткөрүүнүн тартиптерин аныктыйт.
2. Сынак өткөрүүнүн максатынан болуп, сынакты жеңип чыккан катышуучуларга балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо тармагында балык чарбасын жүзөгө ашыруу үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин пайдаланууга берүү жөнүндө бүтүмгө келишүүгө кол коюу укугун берүү саналат.
3. Ушул Жобонун максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган дегендин алдында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар, мал-чарбачылыгы ана балык чарбасы Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Суу объекттерин балык чарбасы үчүн берүү сынагына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайы тизмеге киргизилген суу объектилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте пайдалануучуларга бекитилп берилбеген табыгий жана жасалма көлмөлөр коюлат.
5. Сынакка коюлган бардык суу объекттери лотторго бөлүнүүгө тийиш, мында көлмөнүн же алардын айрым тилкелери өзүнчө лот болуп таризделет.
6. Суу объекттерин (же алардын био бөлүгүн) балык чарбасы ишине берүү үчүн конкурстарды уюштуруу жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган республикадагы балык чарба суу фондунунун негизги пайдалануучусу жүзөгө ашырат (мындан ары – Сынакты уюштуруучу).
7. Сынак ачык болуп саналат жана бир көлмөгө (көлмө тилкесине) сыяктуу эле, бир катар көлмөлөр же айрым тилкелерге карата өткөрүлөт.
8. Сынактын ачыктыгы шарттары, күнүн жана өткөрүлө турган жерин белгилөө менен Сынакты өткөрүү тууралуу билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо аркылуу камсыз кылынат.
9. Сынакты уюштуруу:
- сынакты өткөрүү мөөнөттөрү тууралуу чемиди кабыл алат;
- сынак түптөйт, анын иш алып баруу тартиптерин жана комиссиянын курамын аныктайт;
- сынакка катышуучулар үчүн талапты белгилейт;
- сынакты даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди түптөйт жана териздейт;
- аларда даярдоо чыгашалары менен байланыштуу сынак документациясын берүү үчүн чегерүү каражатынын өлчөмүн аныктайт;
- сынак документациясын иштеп чыгууну жана таркатууну иштеп чыгат;
- сынак билдирмелерин берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле сынак билдирмелерине баа берүү боюнча комиссиянын отурумунун датасын белгилейт;
- сынакка катышууга билдирмелерди топтоону жүзөгө ашырат, ошондой эле конкустук сунаштарды жана башка кириш документацияларын каттайт жана сактоого алат;
- сынакты өткөрүүн уюштурат;
- сынак комиссиясы тарабынан сынакты жеңүүчү деп таануу тууралуу чечимин билдирет.
10. Сынактын уюштуруучусу кеминде отуз календардык күнгө чейин боло турган сынак тууралуу жарыяны жалпыга маалмдоо каражаттарында жана (же) айыл-чарбасы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органданы расмий сайтында жарыялайт.
11. Сынакты өткөрүү тууралуу жарыяда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- сынакты өткөрүү күнү, убактысы, орду жана маңызы;
- сынакка катууша билдирмелерге талаптар;
- орун алган жерин, аянтын, көлөмүн жана башка маалыматтарын көрсөтүү менен сынакка коюлуп жаткан көлмөлөрдүн же өзүнчө тилкелердин жалпы сүрөттөлүшү;
- сынакка катышуунун тартиптери, билдирмелерди берүү жана сынак документтерин алуу тартиптери жана мөөнөттөрү;
- сынак документацияларын берүү үчүн салымдын өлчөмү;
-сынакка катышууга комиссия тарабынын баа берүү үчүн зарыл болгон критерийлер;
- шертпул өлчөмү жана эгерде сынактын катышуучусун сынактын жеңүүчү деп аныктай турган болсо, балык чарбасы ишкердигин жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү ижарага алуунун акысын накталай эмес негизде пайдалануучу которуп берүүгө зарыл болгон эсептин реквизиттери;
- сынакка катышууга билдирмелерди алуунун акыркы мөөнөтү;
- сынакка катышуу үчүн белгиленген башка талаптар.
12. Балык өстүрүү-техникалык жана каржы камсыздоосу жана балык чарба ишкердигин жүзөгө ашыруугы зарыл болгон мүмкүнчүлүгү орун алган талапкерлер сынактын катышуучулары боло алат.
13. Сынакка катышууга талапкерлерге төмөндөгү милдеттүү талаптар коюлат:
- сынактын катышуучусуна карата банкроттук жана жоюу жүрүмдөрү өткөрүлбөгөн;
- сынактын катышуучусунун ишкердиги, сынак өткөрүү күкүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте токтолбаган;
- сынак өткөрүлгөн мурдакы мезгил аралыгында көлмөлөрдү жана айрым тилкелерин балык чарбасы ишкердигине пайдалануу үчүн сынакты уюштуруучу менен мурда келишилген бүтүм боюнча карызынын жоктугу.
14. Жарыяда белгиленген мөөнөт ичинде сынактын катышуучулары, сынак өткөрүү тууралуу жарыяда белгиленген дарек боюнча сынак документтерин алышат.
15. Конкретный порядок, состав и другие условия подготовки конкурсной документации определяет организатор конкурса.
Сынак документтери чаныкка катышуучунун расмий талабы боюнча топтом менен берилет.
16. Сынакка катышуу ниеттерин билдирген арыз берүүчүлөр, ушул Жобонун талаптарына ылайык, жарыяда белгиленген мөөнөт ичинде сынакка коюлуп жаткан суу объектине (анын бөлүгүнө) сынак комиссиясына билдирме беришет.
17.Арыз берүүчү, расмий сайтта жарыяланган күндөн тартып, билдирмени кат жүзүндө же почта аркылуу жөнөтө алат, же болбосо электрондук форматта беришине жол берилет.
18. Сынакка катышуу үчүн арыз берүүчү төмөнкүлөрдү белгилөө менен белгиленген формада билдирме берет:
- атылышы жана уюштуруу-куктук формасын, анын орун алган жерин, эсептешүү эсебинин номерин жана байланыш телефонун номерин;
- фамилиясын, таны, атасынын атын, паспорт маалыматтарын (серия, номер, качан жана ким тараптан берилген, жашаган жерин) жана байланыш телефон номерин;
- көлмөнүн (көлмө тилкесинин) аталышын белгилөө менен суралып жаткан лот (суу объектисинин) номерин;
- арыз берүүчү тарабынан белгиленип жаткан балык чарба түрлөрүн;
- көлмөнүнү (көлмө тилкесинин) аталышын жана орун алган жерин;
- эгерде ал сынактын жеңүүчүсү деп табыла турган болсо, суу объектин берүү үчүн сынакты Уюштуруучунун атайы эсебине которулуучу, чегерүүгө сунушталып жаткан акынын өлчөмүн кошо алганда, сынактын шарттары боюнча арыз берүүчүнүн сунуштарын, ал өзүнчө, оозу чапталган конвертте берилет.
19. Билдирме менен удаалаш сынак комиссиясына төмөнкүлөр берилет:
- уюштуруу документтеринин наториалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү же паспортунун, юридикалык жакты уюштуруусуз жеке адамды жеке ишкер катары ктоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- каттоого алынганы тууралуу салык органдарынан документтер;
- арыз берүүчүнүн атынан аракеттерди кжүзөгө ашырууга ыйгарым укук бергендигин тастыктаган документтер;
- арыз берүүчүнүн сынакка катышуучуларга коюулуучу талаптарга шайкеш келгендиги тастыктаган документтер (түп нускасы же нотариалдык жактан тастыкталган көөчүрмөсү);
- ишти аткаруу мөөнөттөрүн жана каржылоо булактарын көрсөтүү аркылуу, балыкты өстүрүү, балыктандыруу жана товардык балыкта уулоонун мерчемделип жаткан өлчөмдөрүнүн эсептеп чыгууларын кошо тиркөө менен сынакка коюлуп жаткан көлмө (көлмө тилкеси) боюнча белгиленген формада, арыз берүүчүнүн жетекчиси тарабынан бекитилген балык чарбасын өнүктүрүү мерчеми (түп нускасы);
- балык чарба ишкердиги үчүн колдонулушу мүмкүн болгон инфраструктуранын, балык өстүрүү жабдууларынын, инкубациялык цехтин жана аппараттын, сууда сүзүүчү каражаттын жана балык уулоо шаймандарынын, алардын саны жана багыттарынын орун алуусун тастыктаган документтер (эгерде орун алса);
- арыз берүүчү тарабынан туруктуу негизде балык өстүрүү же балык уулоого тартыла турган жумушчуларынын санын көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн сынакка коюлуп жаткан көлмөлөргө жанаша жайгашкан аймактарда жашаган калк үчүн жумушчу орундарын түзүү ниетин тастыктаган документтер.
Сынактык сунуштар, сынак документациясы тарабынан аныкталган талаптарда жана шарттарда даярдалып, сынак уюштуруучуга берилүүгө тийиш.
20. Сынакка коюлган көлмөлөр (көлмө тилкеси) мурда берилген арыз берүүчүлөр үчүн билдирмеге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
- каржы каражаттарын салгандыгын, жаш балыкты чыгаруу, көлмөнү балыктандыруу отчетторун, актыларын жана башкаларды тастыктаган документтерди тиркөө менен товардык балыкты көбөйтүү (өстүрүү) өлчөмдөрүнүн же акыркы үч жыл аралыгында, сынак өткөргөнгө чейинки жылда, же болбосо иш жүзүндөгү мезгилде, эгерде ал мезгил 3 жылдан кем болсо, сынак өткөргөнгө чейинки жылда көлмөнү балыктандыруунун өлчөмдөрүнүн көрсөткүчтөрүн тастыктаган документтер;
- жылдар аркылуу бөлүп берүү менен акыркы үч жыл аралыгында, сынак өткөргөнгө чейинки жылда, же болбосо иш жүзүндөгү мезгилде, эгерде ал мезгил 3 жылдан кем болсо, сынак өткөргөнгө чейинки жылда, мурда пайдаланууга берилген же сынакка коюлуп жаткан көлмөдө же анын тилкесинде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого (карточка жана билеттердин дүмүрчөгү,каттоо журналдары) арыз берүүчү тарабынан белгиленген тартипте ышкыбоз балыкчыларга энчилүү балык уулоо билеттеринин (карточкалардын) берилген санын тастыктаган документтер.
21. Арыз берүүчү бир лотко карата биор эле билддирме берүүгө укуктуу.
22. Арыз берүүчү тарабынан сынак комиссиясына сунушталган документтер тигилип, номерленип жана арыз берүүчүнүн кол тамгасы дана мөөрү менен тастыкталууга тийиш (жеке адам үчүн, эгерде андай орун алса).
23. Сынакка катышууга билдирмелер арыз берүүчү тарабынан сынак комиссиясына оозу чапталган конверттерде жеке өзү тарабынан берилет же болбосо сынакты уюштуруучунун дарегине тапшырылгандыгы тууралуу билдирмени алуу менен буюртма катынын жардамында посты аркылуу жөнөтүлөт.
Сынакка катышуу үчүн документтер жуп конверттерде берилет. Сырткы конвертинде сынакка катышууга билдирме камтылат, ал эми ичкисине сынак сунуштары салынат.
Ички конверт сынак сунуштарын берүү мезгилинде арыз берүүчү тарабынан чапталышы керек.
24. Сынакка катышууга билдирмени жана сынак сунуштарын берген арыз берүүчүгө сынак комиссиясынын катчысы тарабынан, билдирмени жана документтерди кабыл алгандыгын жана каттоодон өткөргөндүгүн тастыктаган тил кат берилет. Сынак комиссясынын катчысы арыз берүүчүлөр тарабынан берилген билдирмелерди жана аларга кошо тиркелген документтерди эсепке алууну жүргүзөт жана тихмектеп чыгат.
Арыз берүүчү тарабынан сынакка катышууга берилген билдирмелердин жана аларга тиркелген документтердин сак турушуна жоопкерчилик сынак комиссиясынын катчысына жүктөлөт.
Аларга кошо тиркелген документтери менен сынакка катушууга билдирмелер жана сына комиссиясынын протоколдору, сынакты уюштуруучу тарабынан келишим аракеттенген мезгил аралыгында, бирок үч жылдан ашык эмес убакытта сакталууда турат.
25. Аларды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн билдирмелер ачылбайт жана кароого алынбайт, ошо күнү дароо арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.
26. Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынган билдирмелер тууралуу комиссиянын протоколу түзүлөт, ага комиссия төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат. Билдирмелерди кабыл алуу жөнүндөгү протокол сынак өткөрүү башталган чейин түзүлүшү керек.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан протоколго кол коюлган мезгилден тартып арыз берүүчү сынактын катышуучусу статусун алат.
27. Арыз берүүчү, сынак комиссиясына кат жүзүндө билдирүү жолу менен сынак өткөрүү мөөнөтүнө чейин сынакка катышууга билдирмесин чакыртып алууга укуктуу.
28. Сынакка катышууга билдирмелерди кабыл алуудан баш тартуунун негизи болуп, төмөнкүлөр саналат:
- арыз берүүчү тарабынан сунушталган документтерди бурмаланган маалыматтын же болбосо аларда чындыкка жатпаган маалыматтардын орун алуусу учурунда;
- арыз берүүчү менен ал берген билдирменин, ошондой эле аларга тиркелген документтер сынак документациясы боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсү учурунда;
- документтердин толук топтому сунушталганда;
- билдирме, андай аракеттерди аткарууга ыйгарым укук берилбеген адам тарабынан жүзөгө ашырылганда;
- сынакты уюштуруучу менен мурда келишилген бүтүм боюнча балык чарбачылыгы үчүн көлмөлөрдү же анын тилкелерин пайдалануу үчүн сынак өткөргөнгө чейинки мезгилде орду жабылбаган карызы орун алган учурда.
29. Эгерде, арыз берүүчү сынак өткөрүү мөөнөтүнө чейин сынакты уюштуруучу менен мурда келишилген бүтүм боюнча балык чарбачылыгы үчүн көлмөлөрдү же анын тилкелерин пайдалануу үчүн сынак өткөргөнгө чейинки мезгилде орду жабылбаган карызды толугу менен капканга чейин, билдирмени четке кагат.
30. Анын себептерин көрсөтүү менен билдирмени кабыл алуудан баш тартуу тууралуу белги сунуш кылынган документтерге сынак катчысы тарабынан коюлат, анын бир нускасы комиссияда калат.
31. Сынакка киргизилбеген арыз берүүчүлөргө билдирме, билдирме кабыл алынган протколго кол коюлган учурдан тартып 3 жумуш күнүн ичиндеги мөөнөттө, тиешелүү билдирме берилгендиги тууралуу кол койдуруп алуу менен берилет же болбосо андай билдирмени почта (буюртма кат) аркылуу жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
32. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн сынак комиссиясы түзүлөт (мындан ары – комиссия).
33. Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы сынак уюштуруучу тарабынан аныкталат, мында комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы саны 9 адамдан ашпоого тийиш.
34. Сынакка катышуу үчүн сынакты уюштуруучу сынак комиссиясынын курамын балык чарбасынын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздуктун, илимий, коомдук уюмдардын жана балык өстүрүү жана балык уулоо ассоциацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түптөйт.
35. Жобонун 34-пунктунда белгиленген ведомстволор тарабынан сына комиссиясынын курамына киргизүү үчүн өз өкүлдөрүн бөлүп бергенден кийин После выделения ведомствами и организациями, указанными в п.34. настоящего сынакты уюштуруучу айыл-чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сына комиссиясынын курамын бекитип берүү сунушун киргизет.
36. Сынак комиссиясынын ишкердиги балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дайындлган төрага тарабынан аткарылат.
37. Сына комиссиясы төмөнкү ишкердикти аткарат:
- сынакты өткөрөт;
- өткөрүлөгөн сынактын жыйынтыгын кароого алат;
- белгиленген баа берүү критерийлерине ылайык сынактын жеңүүчүсүн аныктайт;
- сынактын катышуучуларына сынак жыйынтыктарын билдирет.
38. Сынак комиссиясынын иши отурум формасында жүзөгө ашырылат, ага төрага, ал жок болгон учурда – сынак комиссиясынын төрагасынын орун басары жетекчилик кылат. Сынак комиссиясынын отурумун комиссиянын катчысы уюштурат.
Сынак комиссиясынын отурумун өткөрүү тууралуу, иш башталганга чейин кеминде үч күн эрте комиссиянын катчысы билдирет.
Сынак комиссиясынын мүчөлөрү отурумдарга жеке келип катышышат.
39. Комиссия өз ишинде, ушул Жобого ылайык сынак уюштуруучу тарабынан иштелип чыккан жана отурумда кабыл алынган регламентти жетекчиликке алат.
40. Комиссиянын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
- сынактын мазмуну;
- сынак өткөрүү формасы;
- сынакка катышуучуларга коюлган талаптар тууралуу маалымат;
- сынакка катышуучулардын саны, аталышы жана даректери;
- баа берүүнү, критерийлерди салыштырууну, сынакты жеңүүчүнү тандоо негиздери, ошондой эле, бардык билдирмелер четке кагылганда – аларды четке кагуу негиздерин белгилөө;
41. Сынак комиссиясынан отурумдары агы мүчөлөрүнүн жармынан көбү катышканда укуктуу болуп саналат.
42. Сынак комиссиясынын чечими, отурумга катышып жаткан мүчөлөрдүн жөнөкөй көп добушу аркылуу ачык добуш берүү ыкмасында кабыл алынат.
Сынак комиссиясынын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
43. Сынак комиссиясынын чечими тиешелүү протокол менен тарызделинет, ага комиссиянын төрагасы, катчысы жана отурумга катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коюшат. Комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берүүгө жана протоколго тиркөөгө укуктуу, ал тууралуу протоколго атайы белгил коюлат.
44. Сынак комиссиясынын төрагасы комиссиянын отурумун алып барат, комиссиянын катчысы комиссиянын отурумунун протоколун толтурат.
45. Сынак өткөргөнгө чейин катчы төмөнкүлөрдү аткарат:
- сынакты өткөрүү тууралуу жарыяна жалпыга маалымоо каражаттарына өз учурунда берүүнү;
- сынакка катышуучуларга сынак шарттары тууралуу консультацияларды берүүнү;
- аларды толтуруу нускоолору менен бирге сынакка катышууга билдирмелердин тиешелүү сандагы бланкттарын даярдоону;
- комиссияга сунуштоо үчүн зарыл болгон ар бир билдирменин жана ага кошо тиркелген материалдардын келип түшүү күнүн жана убактысын белгилөө менен катар номерин ыйгаруу аркылуу келип түшүүсүнө жараша билдирмелерди кабыл алууну жана катоону ишке ашырууну;
- аны өткөрүү шарттарын белгилөө менен ар бир арыз берүүчүгө аны сынактын катышуучусу деп таануу, же болбосо беш тартуу себептерин далилдеп берүү менен анын арызын кароодон баш тартуу тууралуу кат жүзүндө билдирүүнү;
- сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык иштерин;
- аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо жана/же айыл-чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайытанда жайгаштыруу үчүн өткөрүлгөн сынактын натыйжалары тууралуу кыскача маалыматты даярдоону;
- сынакты даярдоо жана өткөрүү боюнча башка функцияларды аткарат.
46. Нысапсыз атаандаштык белгиленген учурда комиссия кайсыл болбосун учурда билдирилген лотту сынактан алып салууга же лот боюнча сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
47. Нысапсыз атаандаштык сынактын катышуучусу тарабынан орун алган болсо, акыркысы аталган лот боюнча андан ары сынакка катышуу укугун жоготот.
VI. Сынакка катышууга билдирмелери менен конверттерди ачуу
48. Сынак комиссиясынын төрагасы сынка комиссиясынын отурумунда, жарыяланган орунда жана убакытта сынакка катышууга билдирмелери менен конверттерди ачат.
49. Сынак билдирмелери менен конверттерди ачуу жүрүмүнүн алдында комиссия алардын бузулбай сак тургандыгына ынанып алат.
50. Комиссия, сынактик билдирме менен конверти белгиленген убакытта, сынакка катышуучунун же анын өкүлүнүн катышуусунда ачат.
51. Сынактын катышуучусунун же анын өкүлүнүн сынакка катышуу билдирмелери менен конверттерди ачуу боюнча комиссиянын отурумуна келбей калуусу, ал билдирме комиссия тарабынан кароого алынбай калуусуна негиз болуп саналбайт.
52. Сынак билдирмелери менен конверттерди ачуу учурунда комиссия катышуучу тарабынан сунушталган документтерин бар экендигин, ошондой эле алар талапкердик кылып жаткан көлмөлөр же көлмө тилкелери тууралуу маалыматты жарыялайт.
53. Сынак билдирмелери менен конверттерди ачуунун жыйынтыктары протоколдо чагылдырылат, ага отурумга катышып жаткан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
54. Көлмөлөрдү же көлмө тилкелерин ижарага берүү боюнча сынак билдирмелерин кароого алуу комиссия тарабынан конверттер ачылгандан кийинки беш күн аралыгында кароого алынат.
55. Сынактык билдирмелерди кароого алуунун жүрүшүндө, комиссия, түшүндүрмө берүүсү үчүн сынактын катышуучусун чакыра алат же документте берлиленген маалыматтын тактыгын тастыктоо үчүн тиешелүү инстанцияларга кат менен кайрыла алат.
56. Сынактын катышуучусу сынак документтеринин талаптарына шайкеш келүүсү керек.
57. Сынак документи жок же тиешелүү нукта таризделинбеген жана сынактын катышуучусунун сынак документациясы тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсү учурда, мындай катышуучу сынак шарттарына шайкеш келбеген катары таанылат жана сынакка андан ары катышуусуна жол берилбейт, ал тууралуу протоколго жазуу түшүрүлөт.
58. Эгерде, билдирмелери менен конверттери ачуу жана билдирмелерге жеткиликтүүлүктү ачууга чейин белгилүү бир лотко бир да билдирме берилбеген же бардык арыз берүүчүлөрдү белгилүү бир лотко катышуусуна жеткиликтүүлүгө баш тартуу чечими кабыл алынган болсо, анда сынакты уюштуруусу ушул Жобого ылайык 2 ай аралыгында жаңы сынак жарыялайт.
VII. Сынак билдирмелерине баа берүү жана салыштыруу критерийлери
59. Ар бир өзүнчө көлмөгө (көлмө тилкесине) берилген жана сынакка катышууга жеткиликтүүлүктү алган бардык билдирмелер, баа берүүнүн төмөнкү критерийлерине ылайык бааланат жана салыштырылат:
а) Мерчемделип жаткан өлчөмдөр:
- товардык балыкты өстүрүү (багуу) (тонна менен);
- жылдарга бөлүштүрүү менен келишим аракеттенген бүтүндөй мезгил ичинде көлмөнү балыктандыруу (миң же млн. даанада).
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 20-30 упайды түзөт
б) кыржылоо булактарын жана өлчөмдөрүн, белгиленип жаткан иштердин түрлөрүн жана мөөнөттөрүн белгилөө, жылдарга бөлүштүрүүсү менен сынакка коюлуп жаткан көлмөдө (көлмө тилакелеринде) балык чарбасы ишкердигин жүзөгө ашыруу үчүн колдонула турган балык өстүрүү инфраструктурасын түзүү боюнча сынактын катышуучусунун сунушу (бизнес-мерчем долбору).
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 30-40 упайды түзөт
в) балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо өндүрүш ишканаларында жергиликтүү калктын иш менен камсыз болуусу: сынакка коюлуп жаткан көлмөлөрдө же балык уулоо тилкелеринде туруктуу негизде балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо менен иш аып барышкан жумушчулардын (балык өстүрүүчүлөр жана балык уулоочулар) орточо саны.
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 20-30 упайды түзөт
г) акыркы үч жыл аралыгында, сынак өткөргөнгө чейинки жылда, же болбосо иш жүзүндөгү мезгилде, эгерде ал мезгил 3 жылдан кем болсо, сынак өткөргөнгө чейинки жылда, өстүрүлгөн товардык балыктын иш жүзүндөгү өлчөмдөрү (тонна менен) же боолбосо көлмөгө чыгарылган жаш балыктардын саны (миң же млн. даана).
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 30-40 упайды түзөт
60. Сынак комиссиясы, келишим түзүү үчүн эң мыкты шарттарды аныктоо үчүн сынакка катышууга билдирмелерди кароого алуу, баа берүү жана салыштырууну жүзөгө ашырат.
61. Сынактын жыйынтыктары билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу менен таризделинет, ага баа берүү жана салыштыруу жүзөгө ашырылган жана сынактын жыйынтыгы чыгарылган күнү комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын отурумунда катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
62. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу 2 нускада түзүлөт, анын бирөөсү комиссиянын төрагасында сакталат, ал эми экинчиси сынакты уюштуруучуга өткөрүлүп берилет.
63. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу мөөнөтү, билдирмелерди кароого алуу протоколуна кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн ашпашы керек.
64. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу, ага кол коблган күндөн тартып 5 жумуш күнү аралыгында сынакты уюштуруучу тарабынан айыл-чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.
65. Сынактын катышуучусу, билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу менен тааныша алат жана сынакты уюштуруучуга сынактын жыйынтыктары боюнча түшүндүрмө берүү тууралуу сурамын, кат жүзүндө өзү же почта аркылуу, же болбосо электрондук негизде жөнөтө алат.
66. Сынакты уюштуруучу андай сутам келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде сынактын катышуучусуна тиешелүү түшүндүрмөлөрдү кат жүзүндө же почта аркылуу жөнөтүү, же болбосо электрондук формада берүүгө, жана айыл-чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарылоого милдеттүү.
67. Билдирмелерге баа берүү жана салыштырууну жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде, сынакка катышып жаткан кайсыл болбосун катышуучу, себептерин түшүндүрбөстөн, белгилүү бир лотко катышуусунан баш тартуусу тууралуу комиссияга билдирме жөнөтө алат.
IX. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
68. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы сынак билдирмелери менен конверттер ачылган учурдан тартып он жумуш күнү ичинде комиссия тарабынан ишке ашырылат.
69. Сынак комиссиясы, ушул Жобонун VII бөлүгүндө белгиленген критерийлерге ылайык сынактын жеңүүчүсүн аныктоо максатында сынакка катышуу билдирмесин кароого алууну, баа берүүнү жана салыштырууну жүзөгө ашырат.
70. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу комиссия тарабынан төнөкү тартипте жүргүзүлөт:
а) билдирмеде жана ага тиркелген документтерде камтылган баа берүүнүн ар бир критерийи боюнча эсептелинип чыккан чоңдук, баа берүүнүн ушундай критерийинин маанисин билдирмеде жана ага тиркелген документтерде камтылган баа берүү критерийинин маанисинин катышын ошол критерийдин эң чоң маанисине көбөйтүү жолу менен аныкталат;
б) ар бир билдирме үчүн баа берүү криерийи менен эсептелинип чыккан чоңдуктар суммаланат;
в) келишим түзүүнүн эң мыкты шарттары, ушул пункттун “б” кичи пунктуна ылайык эсептелинип чыккан баа берүүнүн натыйжасында, суммардык чоңдуктун максималдуу маанисине ээ болгон билдирмеде камтылган.
71. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу жыйынтыктарынын негизинде комиссия ар бир билдирмеге (башкаларына салыштырмалуу, баа берүү критерийлеринин суммасынын азайышы ыргагында) катар номер ыйгарат.
72. Топтолгон упайлар суммасы боюнча мыкты шарттар камтылган билдирмеге биринчи катар номери ыйгарылат.
X. Сынакты жеңүүчүнү аныктоо
73. Сынактын жеңүүчүсү катары, сынактын жеңүүчүсүн аныктоо боюнча белгиленгент критерийлерге эң мыкты нукта шайкеш келген сынак сунуштары камтылган жана билдирмелерди кароого алуу, баа берүү жана салыштыруунун учурунда биринчи катар номери ыйгарылган катышуучу таанылат.
74. Сынакты уюштуруучу, сынак комиссиясы тарабынан билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 3 жумуш күнү ичинде сынактын жеңүүчүсүнө аны сынактын жеңүүчүсү деп таануу тууралуу билдирмени кат жүзүндө жөнөтөт.
75. Сынак комиссиясы тарабынан билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 10 жумуш күнү ичинде сынакыу уюштуруучу жана жеңүүчү балык чарбасы ишкердигин жүргүзүү үчүн көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү тууралуу, ар бир тарап үчүн бирден нуска тартибинде, эки нускадан турган келишимге кол коюшат, ал белгиленген формадагы журналга катталат.
76. Эгерде сынакты жеңип чыгуучу сынак комиссиясы тарабынан билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 10 жумуш күнү ичинде сынакты уюштуруучу менен келишим түзбөсө, сынактын бул бөлүгүндөгү жыйынтыгы жокко чыгарылат жана билдирмесине экинчи катар номер ыйгарылган башка катышуучу менен келишим түзүлөт
13-тиркеме
Балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруу жана ишкердигинин тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруу жана ишкердигинин тартибин жөнгө салат.
2. Жобо, пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык камы чөйрөсүндө коомдук контролдукту камсыз кылуу боюнча егердик кызматтын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
3. Ушул Жобонун максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган дегендин алдында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар, мал-чарбачылыгы ана балык чарбасы Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Балык камдарынын сактыгын камсыз кылуу жана пайдаланууга берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде өстүрүлгөн көл, суу же товардык балыктарды мыйзамсыз уулоо жана урдоо учурларынын алдын алуу үчүн көлмөнүн пайдалануучулары ушул Жободо белгиленген тартипте егердик кызматтарды түзүшөт.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы “Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” №561-токтомунун 23-пунктуна ылайык, бекитилип берилген көлмөлөрдө жана тилкелерде балык камдарын жана алар жашаган чөйрөнү коргоого алуу, ошол көлмөлөрдү жана тилкелерди колдонуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын кызматкерлерине балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарбынан белгиленген тартипте балык коргонунун коомдук инспекторлору укуктары берилет.
6. Егердик кызматтын кызматкерлерине балык коргоонун штаттан тышкары кызматкерлери укуктарын жана ыйгарым укуктарын берүү тартиби жана шарттары жана алардын балык коргоо ишкердигин уюштуруу ушул Жобо тарабынан жөнгө салынат.
7. Өзүнүн балык коргоо ишкердигинде егердик кызамттын кызматкерлери “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, балык камдарын коргоо, пайдалануу жана кайра өндүрүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, балык уулоо эрежелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.
8. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрүндөгү жана балык уулоо тилкелериндеги егердик кызматтын кызматкерлеринин балык коргоо ишкердигине координацияны жана мониторингди жүзөгө ашырат.
9. Ушул Жобонун ченемдери балык чарбасы жана балык уулоо үчүн пайдалануучуларга бекитип берилген көлмөлөргө жага балык уулоо тилкелерине гана таркатылат.
2. Егердик кызиматтын кызматкерлеринин максаттары,
милдеттери жана милдеттенмелери
10. Егердик кызматтын кызматкерлеринин негизги максаттарынан жана милдеттеринен болуп, белгиленген тартипте пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө балык камдарын коргоого алуу жана балык чарбаларында өстүрүлүп жаткан товардык балыкты мыйзамсыз уулоо жана урдоонун алдын алуу, ошондой эле юридикалык жактар жана жарандар тарабынан балык уулоо эрежелерин сактоосуна коомдук контролдук саналат.
11. Егердик кызматтын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык камдарын жана товардык балыкты коргоону жүзөгө ашырууга жана күзөткө алынган көлмөлөрдө бүлгүнчүлүк учурларынын жана балык уурдоонун алдын алууга;
- бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык уулоо жана кайра өндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде, көлмөнү пайдалануучунун балансында турган балык уулоо мүлкүнүн, сууда сүзүү каражаттарынын жана балык уулоо шаймандарынын сактыгын камсыз кылууга;
- балык кармалган жерлерде жарандардын кармаган балыгын, балык уулоо шаймандарын жана балык уулоо документтерин текшерүүгө;
- пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде жарандардын балык уулоо эрежелерин сактоосуна көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга;
- пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөргө жана балык уулоо тилкелерине келген жактыруучу-балык уулоочуларды системалык эсепке алуусун жана көлмөгө кирүү менен алар кармаган балыктарды саны, түрлөрү боюнча белгиленген формада эсепке алуу китебине каттоону жүзөгө ашырууга;
- жактыруучу-балык уулоочуларга жактыруу же спорттук балык уулоосу үчүн берилген балык уулоо документинин (билет, карточка, жолдомо) эсебин жүргүзүүгө;
- балык уулоо ыргагын жана балыкты кармоонун белгиленген чегин сактоого коомдук көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
- балык уулоочулар жана калк арасында балык коргоо, балык уулоо жана балык камдарын кайрадан өндүрүү маселелери боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүщүүгө;
- балык чарбасы маселелери боюнча балык уулоонун колдонуудагы эрежелерин, жоболорун, нускоолорун жана башка ченемдик укуктук актыларын билүүгө;
- күзөткө алынган көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде аныкталган балык уулоо жана балык камдарын коргоо эрежелеринин бузууларын эсепке алууга жана белгиленген мөөнөт ичинде балык коргоо иштери боюнча отчет тапшырууга;
- пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөргө, балык уулоо тилкелерине, балык уулоо пункттарына жана балыкты кабыл алуу жана сактоо пункттарына балык өстүрүү, балык уулоо жана балык камдарын кайрадан өндүрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматынын кыматкерлерин тоскоолдуксуз өткөрүүгө (кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү учурунда);
- өз милдеттерин аткаруу учурунда балык коргоонун штаттын тышкары кызматкери күбөлүгүн алып жүрүүгө жана аны балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматынын кызматкеринин талабы боюнча көрсөтүүгө.
3. Егердик кызматтын кызматкерлеринин
ыйгарым укуктары укуктары
12. Егердик кызматтын кызматкерлери балык коргоонун штаттан тышкаркы кызматкери күбөлүгүн көрсөтүү учурунда төмөнкүлөргө укуктуу:
- жараландандан алар тарабынан бузулган балык уулоо жана балык камдарын коргоо эрежелир боюнча түшүндүрмөнү талап кылууга;
- балык уулоо жайларында, балык кармоо же балык уулоо укугун берген балык уулоо документтерин, эсепке алуу документтерин, ошондой эле балык уулоо шаймандарын жана балык уулоо объекттерин текшерүүгө;
- балык уулоо эрежелерин бузган жана бүлгүнчүлүк менен балык кармоону ишке ашырган жактардан кармоонун тыюу салынган шацмандарын алып коюуга жана аны балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына, ал эми мыйзамсыз кармалган балыкты, аларды сатуудан түшкөн каражатты республикалык бюджеттин пайдасына которуу менен соода тармактарына өткөрүп берүүгө.
13. Протокол түзүү, бузууну жасагандыгы жөнүндө делону кароого алуу, бузуучу тууралуу маалыматтарды аныктоо жана бузууну аткарган адамды кароого алуу жерине жеткирүү тартиби жана бузуучунун жоопкерчилиги тууралуу чечимди чыгаруу Кыргыз Републикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 310-311-беренелери менен аныкталат.
14. Егердик кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым укуктары пайдалануучуларга бекитилип берилген же балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында пайдаланууга сунушталган көлмөлөрдүн жана балык уулоо тилкелеринин чектерине гана таркатылат.
13-тиркеме
Балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруу жана ишкердигинин тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруу жана ишкердигинин тартибин жөнгө салат.
2. Жобо, пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык камы чөйрөсүндө коомдук контролдукту камсыз кылуу боюнча егердик кызматтын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
3. Ушул Жобонун максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган дегендин алдында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар, мал-чарбачылыгы ана балык чарбасы Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Балык камдарынын сактыгын камсыз кылуу жана пайдаланууга берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде өстүрүлгөн көл, суу же товардык балыктарды мыйзамсыз уулоо жана урдоо учурларынын алдын алуу үчүн көлмөнүн пайдалануучулары ушул Жободо белгиленген тартипте егердик кызматтарды түзүшөт.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы “Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” №561-токтомунун 23-пунктуна ылайык, бекитилип берилген көлмөлөрдө жана тилкелерде балык камдарын жана алар жашаган чөйрөнү коргоого алуу, ошол көлмөлөрдү жана тилкелерди колдонуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын кызматкерлерине балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарбынан белгиленген тартипте балык коргонунун коомдук инспекторлору укуктары берилет.
6. Егердик кызматтын кызматкерлерине балык коргоонун штаттан тышкары кызматкерлери укуктарын жана ыйгарым укуктарын берүү тартиби жана шарттары жана алардын балык коргоо ишкердигин уюштуруу ушул Жобо тарабынан жөнгө салынат.
7. Өзүнүн балык коргоо ишкердигинде егердик кызамттын кызматкерлери “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, балык камдарын коргоо, пайдалануу жана кайра өндүрүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, балык уулоо эрежелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.
8. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрүндөгү жана балык уулоо тилкелериндеги егердик кызматтын кызматкерлеринин балык коргоо ишкердигине координацияны жана мониторингди жүзөгө ашырат.
9. Ушул Жобонун ченемдери балык чарбасы жана балык уулоо үчүн пайдалануучуларга бекитип берилген көлмөлөргө жага балык уулоо тилкелерине гана таркатылат.
2. Егердик кызиматтын кызматкерлеринин максаттары,
милдеттери жана милдеттенмелери
10. Егердик кызматтын кызматкерлеринин негизги максаттарынан жана милдеттеринен болуп, белгиленген тартипте пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө балык камдарын коргоого алуу жана балык чарбаларында өстүрүлүп жаткан товардык балыкты мыйзамсыз уулоо жана урдоонун алдын алуу, ошондой эле юридикалык жактар жана жарандар тарабынан балык уулоо эрежелерин сактоосуна коомдук контролдук саналат.
11. Егердик кызматтын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык камдарын жана товардык балыкты коргоону жүзөгө ашырууга жана күзөткө алынган көлмөлөрдө бүлгүнчүлүк учурларынын жана балык уурдоонун алдын алууга;
- бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык уулоо жана кайра өндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде, көлмөнү пайдалануучунун балансында турган балык уулоо мүлкүнүн, сууда сүзүү каражаттарынын жана балык уулоо шаймандарынын сактыгын камсыз кылууга;
- балык кармалган жерлерде жарандардын кармаган балыгын, балык уулоо шаймандарын жана балык уулоо документтерин текшерүүгө;
- пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде жарандардын балык уулоо эрежелерин сактоосуна көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга;
- пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөргө жана балык уулоо тилкелерине келген жактыруучу-балык уулоочуларды системалык эсепке алуусун жана көлмөгө кирүү менен алар кармаган балыктарды саны, түрлөрү боюнча белгиленген формада эсепке алуу китебине каттоону жүзөгө ашырууга;
- жактыруучу-балык уулоочуларга жактыруу же спорттук балык уулоосу үчүн берилген балык уулоо документинин (билет, карточка, жолдомо) эсебин жүргүзүүгө;
- балык уулоо ыргагын жана балыкты кармоонун белгиленген чегин сактоого коомдук көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
- балык уулоочулар жана калк арасында балык коргоо, балык уулоо жана балык камдарын кайрадан өндүрүү маселелери боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүщүүгө;
- балык чарбасы маселелери боюнча балык уулоонун колдонуудагы эрежелерин, жоболорун, нускоолорун жана башка ченемдик укуктук актыларын билүүгө;
- күзөткө алынган көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде аныкталган балык уулоо жана балык камдарын коргоо эрежелеринин бузууларын эсепке алууга жана белгиленген мөөнөт ичинде балык коргоо иштери боюнча отчет тапшырууга;
- пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөргө, балык уулоо тилкелерине, балык уулоо пункттарына жана балыкты кабыл алуу жана сактоо пункттарына балык өстүрүү, балык уулоо жана балык камдарын кайрадан өндүрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматынын кыматкерлерин тоскоолдуксуз өткөрүүгө (кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү учурунда);
- өз милдеттерин аткаруу учурунда балык коргоонун штаттын тышкары кызматкери күбөлүгүн алып жүрүүгө жана аны балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматынын кызматкеринин талабы боюнча көрсөтүүгө.
3. Егердик кызматтын кызматкерлеринин
ыйгарым укуктары укуктары
12. Егердик кызматтын кызматкерлери балык коргоонун штаттан тышкаркы кызматкери күбөлүгүн көрсөтүү учурунда төмөнкүлөргө укуктуу:
- жараландандан алар тарабынан бузулган балык уулоо жана балык камдарын коргоо эрежелир боюнча түшүндүрмөнү талап кылууга;
- балык уулоо жайларында, балык кармоо же балык уулоо укугун берген балык уулоо документтерин, эсепке алуу документтерин, ошондой эле балык уулоо шаймандарын жана балык уулоо объекттерин текшерүүгө;
- балык уулоо эрежелерин бузган жана бүлгүнчүлүк менен балык кармоону ишке ашырган жактардан кармоонун тыюу салынган шацмандарын алып коюуга жана аны балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына, ал эми мыйзамсыз кармалган балыкты, аларды сатуудан түшкөн каражатты республикалык бюджеттин пайдасына которуу менен соода тармактарына өткөрүп берүүгө.
13. Протокол түзүү, бузууну жасагандыгы жөнүндө делону кароого алуу, бузуучу тууралуу маалыматтарды аныктоо жана бузууну аткарган адамды кароого алуу жерине жеткирүү тартиби жана бузуучунун жоопкерчилиги тууралуу чечимди чыгаруу Кыргыз Републикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 310-311-беренелери менен аныкталат.
14. Егердик кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым укуктары пайдалануучуларга бекитилип берилген же балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында пайдаланууга сунушталган көлмөлөрдүн жана балык уулоо тилкелеринин чектерине гана таркатылат.
14-тиркеме
Балык чарбачылыгы көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык ишти жүргүзүү жана балыкты контролдук уулоонун тартиптери жөнүндө
Жобо
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын аймагындагы көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык, илимий, балык чарбасын изилдөө жана контролдук уулоону уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин аныкайт.
2. Кыргыз Республикасындагы балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык жана илимий-изилдөө ишкердигин уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун максатынан болуп, балык камдарына жана башка гидробинттердин жана алардын кайра өндүрүүнүн абалына контролдукту жүзөгө ашыруу, ошондой эле көлмөлөрдүн ихтиофаунасынын балык чарбалык изилдөөсү жана балык камдарына жана алардын жашаган чөйрөсүнө жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду изилдөө саналат.
3. Ушул Жобонун максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган дегендин алдында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт, мал-чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
4. Көлмөлөрдүн суу биологиялык ресурстарына балык чарбасы боюнча ихтиоолгиялык жана илимий изилөөлөрдү жүргүзүү, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ихтиологиялык иштердин ар жылдык мерчеминин, ошондой илимий уюм тарабынан бекитилүүчү илимий-техникалык мерчемдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Илимий кызматкерлер жана ихтиолог адистер өз ишин, иштердин бекитилген мерчемдерине жана жетекичиликтин илимий жана ихтиологиялык тапшырмаларына ылайык жүзөгө ашырышат.
II. Ихтиологиялык илимий иштерди жана балыкты
контролдук уулоону жүзөгө ашыруунун тартиби
6. Ихтиологиялык жана илимий изилдөөлөр, ошондой эле балыкты контролдук уулоо, балык камдарын жана алардын жашаган чөйрөсүн изилдөө, балык камдарынын орун алышына, бөлүштүрүлүшүнө жана абалына баа берүү, жаңы суу объекттерин жана алардагы өндүрүш өлчөмдөрүн изилдөө, жалпы жол берилген балык уулоону аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.
7. Илимий максаттарды балык уулоо жана балыкты контролдук
уулоолор төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырышат:
- балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык уулоонун мөөнөттөрүн жана аткарылуучу жайы белгилөө менен илимий программалардын негизинде илимий-изилдөө иштерин өткөрүү үчүн илимий уюмдун кызматкерлери тарабынан;
- ихтиологиялык иштер мерчеминин жана балыкты контролдук уулоо ыргагынан негизинде, балык камдарын абалын жана алардын өндүрүүнүн натыйжалуулугун мониторингдөө, эсепке алуу жана баа берүү максатында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдагын ихтиолог-адистери (мындан ары – ихтиология кызматы) тарабынан.
8. Көлмөлөргө, балык камдарына жана алардын жашаган чөйрөлөрүнө ихтиологиялык жана илимий изилдөөлөр төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
- балык уулоону жөнгө салуу боюнча чараларды негиздөө жана көлмөлөр жана балык уулоо тилкелери боюнча балыкты уулоо болжолунун долбоорун даярдоо үчүн ихтиологиялык иштерди жана балык чарбасы илимий изилдөөлөрүн жүзөгө ашыруу;
- көлмөлөрдөгү балык камдарынын жана алардын азык базасынын абалын изилдөө, балык чарба көлмөлөрүндө балык камдарын сактап калуу жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- таркатылуу ареалын, балыктын ички зат камдарын, алардын абалдарына өзгөрүү абалдарын жана баа берүүлөрүн болжолдоо, ошондой эле аларды илимий-негизделген пайдалануусун аныктоо максатында табыгий жана жасалма көлмөлөрүндөгү балык камдарынын жана суу организмдеринин абалына мониторинг жүргүзүү;
- балык уулоонун илимий-негизделген ченемдерин жана чектерин (квота) белгилөө жана аларды кармоо шаймандарына жана каражаттарына карата талаптар боюнча сунуштарды даярдоо;
- республикадагы балык чарбасы фонду боюнча маалымат топтоо жана маалымат базасын түптөө;
- көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана балык чарба көлмөлөрүндө балык камдарын кайра өндүрүүгө мерчем-тапшырмаларды белгилөө үчүн сунуштарды даярдоо;
- балык чарба көлмөлөрүнө изилдөөлөрдү жүргүзүү жана урук чачуу жана көлмөлөрдү калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
- балыктардын жана суу азык организмдеринин башка көлдөргө акклиматизациясы боюнча иштерди, алардын акклиматизациясына мониторингди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле акклиматизация объекттерине өндүрүштүк өздөнтүрүү жөнүндө корутунду даярдоо.
9. Балык чарбалык изилдөөлөр көлмөлөрдү жана суу биологиялык ресурстардын түрдүк курамын, аларды бөлүштүрүү, биологиясын жана популяциясынын сандык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алар жашаган чөйрө шарттарын жана балык камдарына, суу омурткасыздарга жана суу азык объекттерине зыян келтирүүсүз балыкты уулоо (кармоо) мүмкүнчүлүктөрүнө комплекстүү изилдөө дегенди түшүндүрөт.
10. Балык чарба изилдөөсү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- экспедициялык изилдөөлөрдү, контролдук уулоону, улоонун ар кыл шаймандарын колдонуу менен акустикалык жана эсепке алуу чыгарууларын, эксперименталдык өндүрүштү;
- маалыматтарды лабораториялык (камералдык) иштеп чыгууну;
- балыкты уулоонун жалпы жол берилген илимий-негизделген чоңдуктарын аныктоону;
- алардын сакталып туруусу жана жетиштүү табыгий өндүрүлүшү үчүн балык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин жана ченемдерин илимий негиздөөнү иштеп чыгууну;
- балык чарба көлмөлөрүндө чарба ишинин ар кыл түрлөрүнүн балык чарба экспертизаларын өткөрүүгө катышууну;
- ар кыл объекттерлдин курулушу жана эксплуатациясы тарабынан балык камдарына келтирилген чыгымдын өлчөмүн аныктоо боюнча балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди аткарууну;
- балык камдарын башкаруунун жүрүшүндө келип чыккан жалпы жана жеке көйгөйлөрдү изилдөөнү.
11. Контролдук уулоо - бул, ихтиофаунанын абалына мониторинг, балык ресурстарыны кайра өндүрүлүшүн аныктоо, жаш балыктардын түшүмдүүлүгүнө, көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүнө баа берүү максатында балык жана башка суу биоресурстарын уулоо.
12. Контролдук уулоо, төмөнкүлөр үчүн, балык камдарын, суу омурткасыздарынын башка түрлөрүн жана суу азык организмдерин пайдалануу боюнча ихтиологиялык корутунду даярдоо максатында ихтиологиялык кызмат тарабынан аткарылган:
- урук чачуу жайларын жана балыктын кыштоо ойдуңдарын аныктоо;
- балык миграциясын жана алардын көбөйүү мезгилиндеги абалын аныктоо;
- суу биоресурстарынын абалына жана бөлүштүрүлүшүнө мониторинг.
13. Балыкту контролдук уулоо, ихтиологиялык кызматтын иш мерчемине жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген контролдук уулоо ыргагына ылайык жүзөгө ашырылат.
14. Балыкты илимий жана контролдук уулоолор белгиленген тартипте, көлмөлөрдүн тыюу салынган тилкелерин жана балык уулоо үчүн тыюу салынган мезгилдерди кошо алганда, кайсыл болбосун балык чарбасы көлмөсүндө жана балык уулоо тилкелеринде жүзөгө ашырылат.
15. Көлмөлөрдүн коруктура турган суу тилкелеринде, ошондой эле пайдалануучуларга бекитилип берилген балык чарбасы көлмөлөрүндө айрым тилкелеринде балыкты илимий жана контролдук уулоо, мамлекеттик коруктун администрацияларына жана көлмө же көлмөнүн тилкеси бекитилип берилген пайдалануучуларга балыкты илимий жана контролдук уулоонун убактысы жана орду тууралуу билдирүүдөн кийин жүзөгө ашырылат.
16. Ар бир илимий жана контролдук уулоонун натыйжалары балык уулоону катоо жана эсепке алуу журналына жазылат жана уулоону жүзөгө ашырууну аткарган жана ага катышкан адамдар, улоонун орду жана убактысы, уулоого колдонулган шаймандар, кармалган балыктын саны түрү боюнча (даана жана килограмм) маалыматтарды камтыган акт менен таризделинет. Актка контролдук уулоону жүзөгө ашырган тараптар, көлмө бекитилип берилген пайдалануучу жана ага катышкан башка жактар кол коюшат.
17. Контролдук жана илимий уулоону жүзөгө ашырып жатыкашкан ихтиологиялык кызмат, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга иштер башталган чейники кеминде 10 күн аралыгында белгиленген тартипте формада арыз менен кайралыт жана төмөнкүлөрдү берет:
- ихтиологиялык кызмат үчүн - ихтиологиялык иштер мерчеми жана балыкты контролдук уулоо ыргактарын;
- илимий уюмдар үчүн - балык уулоо максаттарын, мөөнөттөрүн жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен илимий иштер мечемдерин.
18. Ихтиологиялык топтоо жана иштеп чыгуу, балык камдарын, көлмөлөрдүн азык базасынын абалын аныктоо жана балык уулоо ыргагын белгилөө, аталган максаттар үчүн балык уулоого ихтиологиялык кызматтын жана илимий уюмдун кызматкерлерине балык уулоо документтерин берүү максатында балыкты атайлап уулоону уюштуруу, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Көлмөлөрдүн балык камдарына жана алардын көлмөлөрдө кайрадан өндүлүшүнүн натыйжалуулугуна баа берүү максатында илимий максаттарда балык уулоо жана балыкты контролдук уулоо, ихтиологиялык материалды топтоо илимий уюмдардын кызматкерлери же ихтиологиялык кызматтардын адистери тарабынан аткарылат.
20. Контролдук же илимий балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу адам болуп, белгиленген тартипте балык уулоо документтери берилген ихтиолог-адис же илимий кызматкер саналат.
21. Ихтиологиялык байкоо жана илимий балык чарбачылык изилдөө иштери уюштурулган көлмөлөрдүн жана балык уулоо тилкелеринин тизмеси, ихтиологиялык кызмат же илимий уюм тарабынан аныкталат жана өзүнө ар жылдык ихтиологиялык же илимий-изилдөө иштеринин мерчемдерин камтыйт.
22. Илимий балык чарбасы же ихтиологиялык байкоо болжолдонуп жаткан көлмөлөрдүн тизмесине, балыктын баалуу түрү менен балыктандырылган балык чарбасы маанисиндеги көлмөлөр, ошондой эле балык уулоого мораторий киргизилген же экстремалдык абалдар келип чыккан көлмөлөр киргизилет.
23. Илимий же балыкты контролдук уулоо максаттарында балык уулоону жүзөгө ашыруу үчүн балык уулоо үчүн жооптуу болгон адамдар, балык уулоого укук берген балык уулоо документтеринде түрү, саны жана мүнөздөмөсү белгиленген уулоо шаймандарына ээлик кыла алышат.
24. Илимий максаттарда жана контролдук уулоо үчүн балык уулоого колдонулган уулоо шаймандары, тордун уулоо уюмуна таандык экендиги, уулоо үчүн жооптуу адамдын фамилиясы жана кызматы, илимий же контролдук балык уулоого берилген балык уулоо билеттеринин номери жана даталарын камтуу менен белгиленген тартипте биркаланган (маркерленген) болууга тийиш.
25. Илимий максаттарда жана балыкты контролдук уулоонун ар бир учуру, кармалган балыктын түрдүк курамын, ар бир түрү боюнча балык особдорунун санын, ошондой эле балык уулоону аткарып жаткан уюмду жана адамды, ошол иштерди аткарууда катышып жаткан тараптарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен иш аткарылп жаткан жерде, белгиленген тартипте актыланыш керек.
26. Ар бир конкреттүү учур үчүн балык уулоонун өлчөмү, ихтиологиялык материалды топтоо жана иштеп чыгуу иштерин аткаруу учурунан улам аныкталат.
27. Ар бир илимий же балыкты контролдук уулоонун натыйжалары балык уулоону каттоо жана эсепке алуу журналында чагылдырылат жана балык уулоону жүзөгө ашырган адамдар жана ага катышкан тараптар, уулоо өткөрүлгөн жер жана убакыт, колдонулган уулоо шайманы, ар бир түрдөгү балыктын кармалган особдорунун саны (даана жана килограмм) жөнүндө маалыматтарды киргизүү аркылуу акт менен таризделинет.
28. Акт, ага изилденген балыкты эсептен алып салуу (эгерде ал товардык түрүн жоготуп койсо) актысын тиркөө менен контролдук уулоо аткарылган жерде түзүлүп чыгат.
29. Актка илимий же контролдук балык уулоону жүзөгө ашырышкан тараптар, көлмө бекитилип берилген балык чарбасы субъектисинин өкүлү жана ошол ишке катышып жаткан башка тараптар кол коюшат.
30. Балык уулоону каттоо жана эсепке алуу журналдары жана илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо актылары, уулоо аткарылган жерде, илимий-изилдөө жана ихтиологиялык иштерди жүргүзүүгө жооптуу болгон адамдарда сакталууда турат.
31. Көлмөлөрдө илимий жана контролдук балык уулоону аткаруу учурунда, балык уулоо үчүн жооптуу болгон тараптар балык коргоо кызматкерлерине жана экологиялык коопсуздук органдарынын кызматкерлерине көрсөтүүсү үчүн төмөндөгү документтери жанында болууга тийиш:
- илимий же контролдук балык уулоого укук берген балык уулоо билеттери;
-кызматтык күбөлүгү же ким экендигин тастыктаган башка докуменити (күбөлүк, паспорт);
- илимий максаттарда жана контролдук балык уулоону эсепке алуу актыларынын бланктары;
- илимий максаттарда жана контролдук балык уулоону эсепке алуу жана катоо журналдары.
32. Балык, тиешелүү изилдөөлөр өткөрүлгөндөн кийин колдонуудагы кабыл алуу наркында балык заводдоруна же балык кабыл алуу пункттарына өткөрүлүп берилет, эгерде алар жок болсо же алыс жайгашкан учурда, аларды сатуудан түшкөн каражатты республикалык бюджеттин кирешесине которуу балык дүкөндөрүнө же соода тармактарына берилет.
33. Ихтиологиялык жана лабораториялык талдоого колдонулган,
алардын товардык сапаты начарлап калган балык, уулоо үчүн жооптуу болгон тараптын, балык коргоо кызматкерлеринин жана балыкты жок кылуу жана эсептен алып салууга катышкан адамдардын катышуусунда акт түзүү менен эсептен алынып салынат.
34. Көлмөлөрдө илимий иштер жана балыкты контролдук уулоо аяктагандан кийин, балык уулоону аткарышкан илимий уюмдардын жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлери, балык уулоо билетинин мөөнөтү аяктагандан тартып 10 күн аралыгында, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, каттоо журналдарын, балык уулоону каттоо алып актыларын жана пайдаланылган балык уулоо билеттерин, ошондой эле кармалган балыкты соода түйүнүнө өткөргөндүгү коштомо кагазын же аны эсептен алып салуу актысын кошо тиркөө менен аткарылган иш тууралуу отчет тапшырышат.
35. Илимий уюм жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлери тарабынан ушул Жободо белгиленген отчеттор жана башка зарыл болгон документтер тапшырылбаган учурда, мындай уюмдарга жана тараптарга балык уулоо билеттери кийин берилбейт.
36.Ушул Жобонун аткарылышына контролдук кылууну, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аткарат.
15-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагындагы, балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилген табыгий жана жасалма көлмөлөрдө чарбалык жигер тууралуу балык-өстүрүү биологялык негиздөөлөрдү түзүү жөнөндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, суу биологиялык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, балык чарбасы ишкердигинен суу экосистемасы үчүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштелип чыгылган жана балык өстүрүү-биологиялык камсыз кылууга даярдоонун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыттар, мал чарбачылыгы жана балык чарбасы Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
3. Балык өстүрүү-биологиялык негиздеме балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог-адистери тарабынан (мындан ары – ихтиологиялык кызмат) иштелип чыгылат.
Балык өстүрүү- биологиялык негиздеме 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана диаграммаларды, таблицаларды, карта-чиймелерин, фотоматериалдарды жана балык чарбаны өздөштүрүү жана тиешелүү көлмөнү пайдалануу боюнча башка маалыматты камтышы мүмкүн.
4. Ушул Жобонун аракеттери, балык чарбасын жүргүзүү үчүн колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон табыгий жана жасалма көлмөлөрдү, суу сактагычтарын, сууларды жана дренаж сууларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын бардык суу объекттерине таркатылат.
5. Суу объекттерин балык чарбасы максаттарында пайдаланууга, иштелип чыккан балык өстүрүү негиздемесинин жана көлмөнүн паспортунун болушу шартында гана жол берилет .
6. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- суу биологиялык ресурстар - бул, балык чарбасы маанисиндеги суу объектилеринде табыгий эркиндик абалында турушкан балыктар, суу омурткасыздары жана башка суу жандыктары жана өсүмдүктөрү;
- балыкты контролдук уулоо – балык ресурстарын мамлекеттик мониторингдөө үчүн балык уулоо;
- балык ресурстарына мониторинг – байкоо жүргүзүү системасы, жагымсыз процесстердин кесепетин жөнгө салуу, алдын алуу жана четтетүү макстында балык популяциясынын жана алардын азык базасынын абалына баа берүү жана болжолдоо;
- суу объекттеринин морфометрикалык көрсөткүчтөрү – рельеф формасынын сандык мүнөздөмөсү: тилкелүү, аянттык, көлөмдүү (тереңдиги, орто терең, жээ тилкелеринин мүнөздөмөсү ж.б.);
- балык чарба объекти – балык өстүрүү, балык уулоо жана балык багуу багытындагы суу объекттери;
- балык өстүрүү-биологиялык негиздеме – бул, көлөмөнүн абалы, анын ихтиофаунасы жөнүндө билүүгө жана алынган маалыматтардын негизинде аны балык чарбасына өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндөгү корутундунду чыгарууга мүмкүндүк берген иш-чаралар комплекси;
- балык жигердүүлүгү – аныкталбаган узак мөөнөт ичинде балык уулоо чарбаларында жашап келген, азык ресурстарын пайдаланган жана алардын табыгий кайра өндүрүшүн камсыз кылган балык уулоо аянтынын бирдигине балыктын саны (биомассасы);
- балык ресурстары – бул, балык чарбасында иш жүзүндө же потенциалдуу баалуулукка ээ болгон, кайра жандандырылган биологиялык ресурстар;
- балык чарба экспертизасы – бул, балык чарбасы маанисиндеги суу объекттеринде жашоо шарттарын жана балык ресурстарын табыгий кайра өндүрүүсүн сактап калуу максатында, чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбалык ишинин (мерчемдөө, жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо, эксплуатациялоо) суу биологиялык ресурстарына жана алардын жашаган чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүү боюнча иш-чаралар комплекси;
- балык жашаган чөйрө – анда балык табыгий эркиндик абалында жашап келген жаратылыш суу чөйрөсү (суу объекти).
II. Балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүү
үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоо
7. Балык өстүрүү-биологиялык негиздеме (мындан ары – ББН) төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- суу объектинин түрү жана анын аталышын;
- көлмө орун алган жерди (область, район, жергиликтүү аймактын өзүн-өзү башкаруунун аталышы);
- аймактын физико-географиялык мүнөздөмөсүн (климат, аймактын гидрографиясы, абанын орточо температуралык көрсөткүчтөрү, көлмөнүн агымдык тилкесинин мүнөздөмөсү жана анын өсүмдүк менен капталганы);
- морфометриялык маалыматтарды (аянты, максималдуу тереңдиги, орточо тереңдиги, көлмөнүн түбүнүн мүнөздөмөсү);
- суунун гидрофизикалык көрсөткүчү (суунун температурасы, тунуктугу, түсү, өткөрүмдүүлүгү);
- гидрологикалык мүнөздөмөнү (суу топтоо аянтынын түптөлүүсүнүн булагынын табияты, башаты, агындуулугу, суунун азыктануу түрү, жалпы дебит/суунун чыгымы, тоңгоктугу, суунун түсү);
- гидрохимиялык көрсөткүчтөр (рН, кислороддун курамы, минералдаштыруу деңгээли, биогендик аминдерди камтуусу);
- көлмөнүн чым-көңдүүлүгүнө баа берүү (планктон жана бентостун азык базасынын биомассасы);
- көлмөнүн ихтиофаунасынын мүнөздөмөсү (балык популяциясынын түрдүк, жаш курак жана сандык түзүмү, өсүү арымдары, эпизоотия).
8. Көлмө орун алган аймактын физико-географиялык мүнөздөмөсү (климат, кыртыш, жээк тилкесинин жана анын өсүмдүк менен капталуусунун мүнөздөмөсү).
1) Изилдөөгө алынып жаткан көлмө Кыргыз Рсепубликасынын кайсыл климаттык тилкесинде тургандыгын аныктап алуу зарыл. Аймактын климаты, абанын температурасынын жайкы жана кыш мезгилиндеги орточо көрсөткүчтөрү, абанын жана суунун температуралык максимуму жана температуралык минимуму, бүтүндөй аймак боюнча жаан-чачындын саны тууралуу маалыматтарды узак мөөнөткө байкоо жүргүзү же болбосо сурамжылоо жүргүзүү жолу менен аталган тилкенин микроклиматы тууралуу тактап алуу зарыл.
2) Зарыл болгон учурда кыртышка тесттерди жүргүзүү керек. Эң жөнөкөй экспресс-тест – нымдуу кыртыштын бир уучтамын алып жана узун формага тоголоктоо жана аны шакекче кылып ийүүгө аракет кылуу. Топурактуу кыртыш оңой тоголоктонот жана шакекче кылууда жарылып кетпейт. Кумдак топурак тоголоктонот, бирок ийилбейт. Ал эми кумдуу кыртыш майдаланып калат.
3) Андан ары көлмөнүн жээк тилкесинин мүнөздөмөсү изилденет (тик же жайык, түз же одуракай, өсүмдүктүүлүгү % менен).
9. Морфометрикалык маалыматтар - бул, аянтын, максималдуу жана минималлдуу тереңдигин, көлмө топурагынын рельефин, суу менен камсыз кылуу булактарын, көлмөнүн агындуулугун аныктоо. Суу сактагыч суткалуу, декадалык же сезондуу жөнгө салынган учурда. суунун максималдуу тиренген деңгээлинде жана суунун метрлик деңгээлинде аянты белгиленет.
1) Көлмөнүн акваториясынын иш жүзүндөгү аянтын, жээк тилкесинин узундугун, эң чоң узундугун жана жазылыгын GPS-навигатордун жана Google Earth атайы компьютердик программасынын, ошондой эле көлмө аянтын эсептеп чыгууну аткарган заманбап электрондук тахометрдин жардамы менен ишке ашырылат.
2) Суу сактагычтардын техникалык мүнөздөмөсү боюнча маалыматтарды топтоо ишке ашырылат:
- суунун максималдуу тиренип турган учурундагы аянты;
- суунун метрлик деңгээлиндеги аянты.
3) Көлмөнүн аянтын лазердик же ультрадобуштуу аралыкты өлчөй турган жабдуунун жардамы менен аныктоого болот. Лазердик аралыкты өлчөй турган жабдуу – бул, заманбап жогорку технологиядагы шайман, ал туура эксплуатациялоону талап кылат. Лазердик аралыкты өлчөй турган жабдуунун ишинин негизги принциби болуп, лазер (импульстук) жана сигналды контролдоочу саналат. Аралыкты өлчөө жабдуусунун жардамы менен керек болгон аралык аныкталат.
Эгерде көлмө формасы боюнча үч бурчтук болсо, анда анын аянты: S = 1/2 ah формуласы боюнча аныкталат, мында a – үч бурчтуктун тараптары, h – үч бурчтуктун бийиктиги жана S = 1/2 ab (S тик бурчтуу үч бурчтук);
Квадраттын аянты: S = a2, мында a – квадраттын тараптары;
Тоголоктун аянты: S = pr2, т.е. 3,14 х r2 , мында r – тоголоктун радиусу жана башка.
Эгерде көлмө аныкталбаган формага ээлик кылган болсо, анда анын аянтын аныктоо үчүн контурду бир катар жөнөкөй фигураларга (үч бурчтук, төрт бурчтук, трапециялар) бөлүүгө болот жана ошол фгуралардын аняттарын суммалап чыгуу зарыл.
4) Максималдуу жана минималдуу тереңдиги, көлмөнүн топурагынын рельефи ульрадобуштуу эхолоддун жардамы менен изилденет.
10. Гидрологикалык параметрлерин аныктоо (суу топтоо аянтынын түптөлүүсүнүн булагынын табияты, башаты, агындуулугу, суунун азыктануу түрү, жалпы дебит/суунун чыгымы, тоңгоктугу, суунун түсү).
1) Суу топтоо аянтынын түптөлүүсүнүн булагынын табиятын изилдөө. Түптөлүү тоо же өрөөн сууларынын эсебинен жүрөт, суунун азыктануу түрү: кар, мөңгү, жаан-чачындын эсебинен, жер алдындагы же кыртыш алдындагы суулардын түптөлөт. Зарыл болгон учурда көлмөнүн тоңуусу, кыш мезгилиндеги муздун калыңдыгын сурамжылоо жолу менен аныкталат.
Башат кайсыл жакка барып куярын, жай мезгилиндеги суунун түсүн, көлмөнүн агындуулугун аныктоо:
- жакшы агын көлмөсү, бул көлмөгө суу агып кирип жана агып чыккандагысы;
- аз агындуу көлмө, көлмөгө суу агып кирип бирок, агып чыккандагысы аз болгону;
- агыны жок көлмө, көлмөгө суу агып кирет, бирок агып чыкпайт;
- туюк көлмөлөр жаан суусу, эринди суулар же жер алдындагы суулар менен азыктанат.
2) Суу кирип турган же тартылган, башка ушул сыяктуу мезгилдерде суунун ыргагы тууралуу маалыматты топтоону жана талдоону жүзөгө ашыруу.
3) Зарыл болгон учурда, убакыт бирдиги үчүн суу агынынын каптал кесип өтүүсү аркылуу агып өткөн суунун чыгымын аныктоо.
Сууну чыгымы чыгым өлчөгүч же төмөнкү формула менен ишке ашырылат:
Q = A x ϑ
Q – суунун чыгымы, m3/с
A - суу агынынын каптал кесип өтүүсү, м2
ϑ – агындын орточо ылдамдыгы, м/с.
11. Суунун гидрофизикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо (суунун температурсы, өткөрүмдүүлүгү, тунуктугу, түсү, жыты, жытынын кескиндиги).
1) Суунун температурасы менен өткөрмөлүүлүгүн сууну анализатордун жардамы менен көлмөнүн бир нече жеринен аныктоо: кире берген жеринен, чыккан жеринен жана ортосунан, ошондой эле терең жеринен жана үстүнкү бетинен, бардык үч жеринен.
2) Тунуктугу Секки дискинин жардамы менен аныкталат. Диск Секки, дисктин ак кара чектери көрүнбөй калганга чейин тереңдикке түшүрүлөт жана 2 чекиитти белгилейт: бир чекити чектердин жуулушу жана экинчи чекити түстүк чектердин пайда болуусу. Бул маанилердин орточо чоңдугу тунуктуктун тиешелүү чоңдугу болуп саналат, алар метр менен белгиленет.
3) Суунун түстүүлүгү демейде изилденип жаткан үлгү аркылуу гексахлорплатинат калий жана хлорида кобальтанын стандарттуу аралашмасы менен аныкталат. Салыштыруу стандарттар шакаласынын же колоритеметрдик титирлөөнүн , ошондой эле суунун боелгон үлгүлөрүнүн оптикалык жыштыгын өлчөөгө негизделген (дистирилленген суунун толкунунун стандарттык узундугу) спектрофотометрикалык ыкманын жана алардын түстүүлүгүнүн жыйынтык эсепке алуусунун жардамы менен ишке ашырылат. Бул ыкмалар кыйла тез аткарылат жана так болот, өзгөчө олуттуу боелгон сууларды талдоого алууда, жана түстүүлүк субъективдүүлүгүн жокко чыгарат.
4) Суунун жыты, ага суу организмдеринин жашоо ыргагынан, аэробдук жана анаэробук шарттарда органикалык заттардын биохимиялык чиригенинен, көлмөдө камтылган компоненттердин, ошондой эле химиялык, металлургиялык, мунайзат иштеттүү, тамак-аш жана башка ишканалардын агын суулары менен химиялык таасир этүүсүнөн жана сууну иштеп чыгуудан улам келип чыккан, учуп жүргөн жыттанган нерселерди алып келет (1-таблица).
Жыттын түрлөрү
1-таблица
Кыскартылган | Жыттын классификациясы | Жыттын келип чыгуу себептери же мүмкүн болгон булактары
|
А | Ароматттуу же жыттуу
| Камфара, гвоздика, лаванда, лимон |
С | Химиялык | Өндүрүш агын суулар же химиялык иштеп чыгуу |
Cs | Күкүрттүү (сасык жыт) | Күкүрттек |
Da | Чириген | Туруп калган агын суулар |
G | Чым-көңдүү | Чым-көң |
Cm | Дарылык | Фенол жана йодоформ |
Со | Хлордуу | Эркин хлор |
Df | Балыктуу | Uroglenopis and Dinobryon |
E | Жер жыты | Нымдуу жер |
5) Андан ары жыттын кескиндиги аныкталат. Бул үчүн 500 мл өлчөмүндөгү коникалык колбага бөлмө температурасындагы (20 градус С) 250 мл суу куюлат. Колба тыгынтык менен жабылат жана бир нече жолу дыкаттык менен чакалат. Андан соң колбанын оозун ачып жыттын кескиндигин аныктоо.
Жыттын кескиндиги
2-таблица
Жыттын келип чыгуу баскычы | Жыттын мүнөздөмөсү | Жыттын кескиндигине упай менен баа берүү |
Сезилердик жыттын жоктугу | Эч кандай жыт жок | 0 |
Жыт керектөөчүлөр т арабынан сезилбейт, адистер тарабынан аныкталат | Абдан алсыз | 1 |
Көүңл бура турган болсо, керектөөчүлөр тарабынан аныкталган жыт | Алсыз | 2 |
Жеңил аныкталган жыт; ал сууну ичүү жагымсыз болуунун себиби да болушу мүмкүн | Байкалаарлык | 3 |
Жыт көңүл бурдурат, ичкенден баш тартууга алып келиши мүмкүн | Даана | 4 |
Жыт абдан кескин болгондуктан аны ичүүгө болбойт | Абдан кубатуу | 5 |
12. Көлмөнүн чым-көңдүүлүгүнө баа берүү (планктон жана бентостун азык базасынын биомассасы) гидробиологиялык материалды тандоо жана кайра иштетүү боюнча бекитилген усулдардын негизинде жүзөгө ашырылат.
13.Көлмөнүн ихтиофаунасынын мүнөздөмөсү (балык популяциясынын түрдүк, жаш курак жана сандык түзүмү, өсүш арымдары, балыктын өнөр-жай камдарын аныктоо), балыкты контролдук уулоо, ихтиологиялык жана ихтиопотологиялык материалды иштеп чыгуу жана балык камдарын аныктоо ыкмаларын ишке ашыруу боюнча усулдардын негизинде жүзөгө ашырылат.
III. Балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүү
14. Жобонун III бөлүгүндөгү бардык көрсөткүчтөрдү аныктап алгандан кийин, балык өстүрүү, балык уулоо жана балык багуу максатында көлмөнү балык чарбасына өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн суу объектисинин балык чарбасы жигери туурасындагы ББНди түзүү жүзөгө ашырылат.
15. ББНдин негизинде балык чарба субъекти бизнес-мерчем үчүн техникалык-экономикалык негиздемени түзүп чыгат.
16. Эгерде, балык чарбасын суудан алып кетүү жолу менен суу жээгинен алыс, жер алдындагы же артезиан сууларынын негизинде уюштуруу учурунда БНН суунун физика-химиялык көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлөт.
17. ББНдин негизинде балык чарба субъекти бизнес-мерчем үчүн техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) түзүп чыгат.
18. ТЭН жана сунушталган бизнес-мерчем изилденип чыккандан кийин ихтиологиялык кызмат субъекттин же объекттин мерчемделип жаткан ишкердигинин балык камдарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө тийгизген таасирине балык чарба экспертизасын ишке ашырат. Балык чарба экспертизасынын корутундусу мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү учурунда эске алынат.