Загрузка документа…
КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 25-январындагы № 41-нпа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-февралы № 36-нпа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба агенттигинин 2016- жылдын 27-майындагы № 5-чуа буйругу менен бекитилген ( КР Мамкурулуштун 2017- жылдын 13-июлундагы № 8-чуа буйругунун редакциясында) “Кыргыз Республикасында шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө эрежелердин топтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар мамлекеттик органдарынын аткаруу бийлигине ыйгарым укукту өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык жана архитектура-курулуш ишмердүүлүгү жаатында көптөгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Мамкурулуштун 27.05.2016 ж. № 5-чуа буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы шааркуруу боюнча документтерди макулдашуу жана бекитүү , иштеп чыгуу тартиби, курамы жөнүндө эрежелердин Жыйнагына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1.2 пунктундагы “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 “ Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорлорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомдору” деген сөздөр алынып салынсын;
- 1.3 пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда каралсын:
“шаар куруу документациясы -аймактарды куруу жана өнүктүрүүнү пландаштыруу шаардын жана калк отурукташкан пунктардын башкы планы, шаардын чектеринин жана деталдык пландаштыруунун долбоору, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бийлигинин тиешелүү деңгээлде ишке ашырылышын камсыз кылуучу жана муниципалдык түзүлүштөрдүн аймагынын өнүгүүсү шаар куруу жаатындагы башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн башка документтердин комплекси”;
-8.14 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“8.14.Башкы пландын негизги бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- аймактарды функционалдуу чөлкөмдөштүрүү;
- шаарды өнүктүрүү чегинин келечеги М 1:10000 масштабында”
- 11.8 пунктунун биринчи абзацындагы “калкты социалдык жактан тейлөөчү обьектилерди жайгаштыруу “ деген сөздөр алынып салынсын;
-11.13 пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“транспорт схемасы, жолдордун жана магистралдардын туура кесилиши”
-12.2 пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Курулуштун эскиздик долбоору- айрым курулуш обьектилерин долбоорлоого уруксат алуу үчүн техникалык документ болуп саналат”
-12.7 пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Мамкурулуштун 2015- жылдын 31-декабрындагы № 1-чуа буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда,калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартиби жөнүндө Жобосунун В Тиркемесине ылайык, Курулушту долбоорлоо баскычында, шаарлардын жана калк жайгашкан айыл аймактарынын башкы планынын негизинде кызыл линиялардын корректурасын иштеп чыгууга болот;
-12.21 пунктунун алтынчы абзацы алынып салынсын;
-14.6 пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Курулуштун эскиздик долбоору, шаар куруу документи статусуна ээ болуу менен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруучу аткаруу органдары тарабынан шаар куруу кенешинин отурумунда каралгандан кийин жана коомдук угуудан кийин архитектура жана шаар куруу аймактык органдарынын расмий сайтында жайгаштырылгандан кийин 2 айдын ичинде бекитилет”
Эскертүү:
1.Курулуштун эскиздик долбоолору, шаар куруу кеңешинде каралган, архитектура жана шаар куруу аймактык органдары менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамына ылайык, эрежелер топтому ишке киргизилгенге чейин эле көрсөтүлгөн тартипте бекитилген шаар куруу боюнча документ болуп эсептелет.
2.Курулуштун эскиздик долбоорлору, бекитилген деталдык пландоонун долбоорунун негизинде иштелип чыгат, архитектура жана шаар куруу аймактык органдары менен макулдашылат.
- 15.2 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“15.2.Долбоордук документтер долбоорлоочу уюмдун тапшырыкчысына төмөнкү санда берилет:
- долбоордун планы – 1 даана.
- азыркы убакта колдонулуп жаткан аймактын планы (түп нускасы)- саны долбоорлоого тапшырма берилгенде такталат
- схема – 1даана
- чиймелердин жана схемалардын фоторепродукциясы менен түшүндүрмө кат-3 даана.
- бардык графикалык материалдардын электрондук версиясы – 1 даана
Эскертме - Долбоордук документтер шаардын чеги жана калктуу конуштардын аймактын чегинде төмөнкү курамда берилет: долбоордун планы (түп нускасы)-1 даана, долбоордук план фоторепродукциясы менен түшүндүрмө кат – 3 даана, электрографикалык көчүрмө (катуу дискте)-1даана.
- 9 Эскертме-Курулуштун долбоорун иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтардын мазмуну жана курамы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“курулуштун долбоорун иштеп чыгуу үчүн тапшырыкчы башкы долбоорчуга төмөнкү алгачкы маалыматтарды берет:
-башкы долбоорлоо уюму менен биргелекте иштелип чыккан, тапшырыкчынын колу коюлган, курулуштун долбоорун иштеп чыгуу үчүн архитектура жана шаар куруу аймактык уюму тарабынан берилген, бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде иштелип чыккан, долбоорлоого тапшырма;
- сметалык документтерди түзүү үчүн алгачкы маалыматтар (долбоорлоого тапшырманын негизинде);
- курулуш иштерин уюштурууну долбоорлоону иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтар;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикти бузгандыгы үчүн компесациянын мүнөзү жана курулмаларды бузуу жөнүндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечими;
-жерлерди инвентаризациялоо материалдары бар курулуштар, жер астындагы жана жер үстүндөгү түйүндөр жана имараттар (долбоорлоого берилген тапшырмаларга ылайык);
-райондун деталдык пландоосунун долбоорунун бекитилген материалдары;
-топографиялык план жана инженердик изилдөөлөрдүн материалдары (кардар тарабынан берилиши мүмкүн же анын тапшырмасы менен долбоорлдук- изилдөөчү уюмдар тарабынан курулуштун долбоорун аткаруучу);
2. Мамкурулуштун аймактык жана карамагындагы бөлүнүштөрүнүн бардык жетекчилери ушул эрежелердин Топтомун жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.
3.Мамкурулуштун басма сөз-катчысы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасында укуктук ченемдик актыларды расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарык көрүүсү боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна:
-буйрук расмий жарык көргөндөн кийик үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жана электрондук түрдө, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ченемдик укуктук актыда көрсөтүлгөн жарыялоо булагын көрсөтүү менен жөнөтүлсүн;
-буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин өз күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А.Акматалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдиев |