Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-ноябры № 415
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылуу жөнүндө
Айрым интернет-сайттарда Лейлек, Алай, Кадамжай, Сузак, Нарын, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары катары сыяктуу көрсөтүлгөн адамдар менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудио жазууларынын жайгаштырылгандыгына жана № 1019, № 1022, № 1326 шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар болгондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 2-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамда бекитилген тартипте текшерүүнү жүргүзүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылуу ишке ашырылсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |