КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-марты № 326/1
Бакалаврларды даярдоонун 770300 – “Жарандык коргонуунун командалык тактикалык аскери” багыты боюнча Кесиптик жогорку билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомун аткаруу максатында жана аскердик кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №496 “Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки денгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген 2018-жылдын 16-июлундагы №323 токтомун аткаруу үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Төмөндөгү жогорку кесиптик билим берүүнүн бакалаврларды даярдоо багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилсин: 770300 – “Жарандык коргонуунун командалык тактикалык аскери”.
2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап 7 күндүн ичинде күчүнө кирет.
3. Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Г. М. Абылкасымовага расмий жарыяланган күндөн баштап бул буйрукту Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүү тапшырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары К. Г. Кожобековго жүктөлсүн.
Министр | Г.К.Кудайбердиева |