Редакцияот 31.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2018-жылдын 31-декабры № 1615/1

Бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун 530500 - "Юриспруденция", 532200 - "Укук коргоо иши" багыттары жана 530002 -"Соттук экспертиза" адистиги боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомун аткаруу максатында жана 2004-жылдын 3-февралындагы №53 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык

БУЙРУК КЫЛАМ

1. Төмөндөгү жогорку кесиптик билим берүүнүн бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилсин:

530500 - "Юриспруденция" бакалавр, магистр даярдоо багыты боюнча 1-2-тиркемелерине ылайык;

532200 - "Укук коргоо ишмердиги" бакалавр даярдоо багыты боюнча 3-тиркемесине ылайык;

530002 -"Соттук экспертиза" адистиги боюнча 4-тиркемесине ылайык.

2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Кесиптик билим берүү башкармалыгына (Г. М. Абылкасымовага) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүү тапшырылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары К. Г. Кожобековго жүктөлсүн.

 

Министр

Г.К.Кудайбердиева