КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-ноябры № 416
2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн даттануулар менен арыздарды кароо жөнүндө Жумушчу топтун маалыматы тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн даттануулар менен арыздарды кароо жөнүндө маалымат көңүлгө алынсын
2. Түшкөн даттанууларды жана арыздарды мыйзамда белгиленген тартипте кароо улантылсын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |