Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Мамасадык Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы № 38 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
2019-жылдын 7-марты
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонованын курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, М. Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн И.Н. Айткуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы № 38-а аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү, жана М. Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн И.Н. Айткуловдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 4-сентябрында М. Абдыкалыковдун Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан, арыздануучу адвокат И.Н. Айткулов аркылуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2011-жылдын 23-сентябрындагы ага карата козголгон жазык ишти Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына (андан ары - УКМК ТБ) тапшыруу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө, ошондой эле тергөөчүнүн далилдерди чогултуу боюнча аракеттерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө даттануу менен кайрылган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 23-ноябрындагы токтому менен иш боюнча тергөөнү УКМК ТБга өткөрүп берүү тууралуу Башкы прокурордун чечими мыйзамсыз деп таанылган, М. Абдыкалыковдун даттануусу калган бөлүгүндө канааттандыруусуз калтырылган. Көрсөтүлгөн токтом адвокат И.Н. Айткулов тарабынан Бишкек шаардык сотунда даттанылган. Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясынын 2012-жылдын 25-январындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 23-ноябрындагы токтому өзгөртүлгөн жана арыздануучунун даттануусу толугу менен канааттандырылган.
2012-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар коллегиясы тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясынын 2012-жылдын 25-январындагы аныктамасы каралган жана күчүндө калтырылган.
Кийинчерээк Жогорку соттун судьялар коллегиясы прокурор өзгөчө учурларда тергөөнүн караштуулугуна карабастан жазык ишти тергөөнү бир органдан бир органга берүүгө ыйгарымдуу деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап чыгып, 2012-жылдын 1-июнундагы токтому менен бул иш боюнча бардык болгон сот чечимдерин жокко чыгарган жана даттанууну канааттандыруудан баш тарткан.
М. Абдыкалыковдун өтүнүчүндө 2012-жылдын июнь айында Жазык-процесстик кодекстин 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө кайрылуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылганын да белгилеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы анын өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн берененин «өзгөчө учурларда – тергөөнүн караштуулугуна карабастан» деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык келбейт деп тааныган.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар коллегиясы 2018-жылдын 22-июлундагы аныктамасы менен жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө М. Абдыкалыковдун арызын канааттандыруусуз калтырган.
Арыздануучунун айтуусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өз чечимин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин талаптарына ылайык жазык сот өндүрүшү тергөө өндүрүшү жана соттук териштирүү учурунда колдонуудагы мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-январындагы чечими 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу юридикалык күчүн жоготкон деп жүйөлөштүргөн.
Арыздануучунун пикири боюнча талашылып жаткан ченем тергөө-сот органдарына тергөө өндүрүшү жана соттук териштирүү учурунда колдонуудагы мыйзамга ылайык жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууну орнотуу менен Конституцияга карама-каршы келүүдө, ага ылайык мыйзамды бузуу менен табылган далилдер айыптоону негиздөө жана соттук актыны чыгаруу үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу, М. Абдыкалыков 2018-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү менен кайрылган.
М. Абдыкалыков өз өтүнүчүндө талашылып жаткан ченемдин колдонулушу тергөө учурунда колдонулуп жаткан жазык-процесстик ченемдерди бузуу менен табылган далилдерди пайдалануу мүмкүндүгүнө жол берет, аны менен анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына мерчемдүү залал келтирилүүдө, сот адилеттигинин кызыкчылыктарына жана сот бийлигинин кадыр-баркына зыян келтирилүүдө деп белгилеген. Арыздануучу талашылып жаткан ченемдин туура эмес колдонулушуна анын укуктук күмөндүүлүгү, анын мазмунун бирдей эмес түшүнүү мүмкүндүгү көмөктөш болууда де эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы М. Абдыкалыковдун өтүнүчүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсү жѳнүндѳ маселеде күмөндүүлүктү тапкан жок жана 2018-жылдын 11-октябрындагы аныктамасы менен өтүнүчтү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тарткан.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча арыздануучу, укук көз караштан алып караганда, талашылып жаткан ченемдин жөнгө салуу предмети менен ал шилтеме жасаган конституциялык орнотмолордун ортосундагы өз ара байланышты же карама-каршылыкты көрсөтпөй турган нагыз жагдайларды келтирүүдө. Келтирилген өтүнүчтө талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугундагы күмѳндүүлүктү туудурган ынандырарлык укуктук аргументтер жок. М. Абдыкалыковдун айткандары укуктук мүнөздө болбостон, укук колдонуучулук тажрыйбадагы кѳйгѳйлѳргѳ таандык болууда.
М. Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн И.Н. Айткулов судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы аныктамасы менен макул болбостон 2019-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу өз даттануусунда судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна шилтеме жасап, өтүнүч формасы жана мазмуну боюнча көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги эмнеде чагылдыраарын так аныктаган эмес деп көрсөткөн. Мында, И.Н. Айткулов судьялар коллегиясынын аныктамасы жалпылаштырган мүнөзгө ээ жана өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартуунун себептерин ачкан жок деп белгилейт.
Арыздануучу судьялар коллегиясы укук колдонуучулук тажрыйбанын көйгөйлөрү талашылып жаткан ченемдин карама-каршы баяндалышынан келип чыкканын, түшүндүрмөсү анын конституциялуулугундагы маселеде укуктук күмөндүүлүктү жаратканын эске алган эмес деп эсептейт.
И.Н. Айткулов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-январындагы чечимине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар коллегиясынын 2012-жылдын 1-июлундагы токтомун кайра кароодон баш тартуу факты Конституциялык палатага кайрылууга себеп болгону тууралуу судьялар коллегиясы менен макул болуп, судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароодон мыйзамсыз жана негизсиз баш тартуу фактысын көрө алган эмес деп эсептейт.
И.Н. Айткуловдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана башка мыйзамдарынын талаптарын сактабоосу мурда тапшырылган өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуу үчүн негиз катары кызмат кылмак. Ал Конституциялык палатанын судьялары «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинде орнотулган ыйгарым укуктардан пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Конституциялык палатанын 2014-жылдын 13-январындагы чечимине карабастан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме жасап, төрт жыл өткөндөн кийин өзүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы токтомун кайра кароодон баш тартууда туюндурулган мыйзамдуулукту орой бузуу фактысы боюнча жеке аныктама чыгарууга милдеттүү деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келди.
Ченемдик укуктук актылардын конституциялуулук презумпциясынын күчүнө ылайык, алардын конституциялуу эместиги тууралуу маселенин коюлушу алардын конституциялуулугунда күмѳндүүлүктү даана кѳрсѳткѳн укуктук мүнөздөгү так жүйөлөр болгондо гана мүмкүн.
Келтирилген даттанууда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келбегендиги жөнүндө И.Н. Айткуловдун жүйөлөрү, талашылып жаткан ченем менен ал шилтеме кылган конституциялык орнотмонун өз ара логикалык-укуктук байланышын кѳрсѳткѳн жүйөлөштүрүлгөн негиздемелерди камтыбайт. Арыздануучнун аргументациясы жана ой-толгоолору Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан талашылып жаткан ченемди колдонуу фактысына негизделген жана анын жөнгө салуу жүйөсүнүн мазмуну менен тутумдаш байланышта эмес. Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 5-бөлүгүнүн негизинде каралып жаткан өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судьялар коллегиясынын тыянагы туура болуп саналат.
Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүндө жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган жана укук колдонулуучулук тажрыйбанын конституциялуулугуна баа берүүнү карабайт.
Сот органдары тарабынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерине байланыштуу мурда кабыл алынган актыларды кайра кароо маселелери, өз актыларын кайра кароо боюнча сот органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү, конкреттүү иште колдонулууга тийиш болгон материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин туура тандалышы, иштин нагыз жагдайларын аныктоо жана изилдөө сыяктуу маселелер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына таандык эмес («Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 18-беренелери). Андан дагы, бул сыяктуу фактылар кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө маселенин чечилишине таасирин тийгизе албайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинде орнотулган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укугу туурасында сот отурумунда ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө мыйзамдуулук бузулган учурлар табылса, Конституциялык палата тарабынан жекече аныктама чыгарыларын жана анын тиешелүү субъекттерге жөнөтүлөрүн белгилейбиз.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы аныктамасын жокко чыгарууга негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамасадык Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун «Мамасадык Абдыкалыковдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ