Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 417
2011-жылдын 30-октябрындагы КыргызРеспубликасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн даттануулар менен арыздарды кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматы тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн шайлоолордун жыйынтыктарынын аныктыгына жалпысынан таасир бербеген даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымат кат көңүлгө алынсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү С.Н.Борубаевдин арызы боюнча № 5551 шайлоо участкасына тиешелүү материал иш жүзүндөгү кырдаалды тактоо, күнөөлүү адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |