Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР
КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-июлу № 01-7/269
Кыргыз Республикасында жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Жылуулук жабдуучу ишканалардын жана уюмдардын ченемдик укуктук базасын жана жылуулук энергиясынын жаңы жана реконструкциялануучу керектөөчүлөрүнүн жылуулук жабдуу системаларына кошулуу механизмин өркүндөтүү максатында,
БУЙРУК КАЛЫМ:
1. Тиркелген Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу эрежелери Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | Э.К.Осмонбеков |
Кыргыз Республикасынын өнөр жай,
энергетика жана жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2019-жылдын “ 23 ” июль № 01-7/269
1. Ушул эрежелер жылуулук керектөөчү орнотмолорду, жылытуу тармактарын жана жылуулук энергиясынын булактарын жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу тартибин аныктайт.
2. Ушул эрежеде колдонулуучу түшүнүктөр:
“Кошула турган объект” – жылуулук энергиясын керектөө, жылуулук тармактары же жылуулук энергиясынын булагы карала турган капиталдык курулуштагы объект;
“Технологиялык кошуу”– кошуу жеринде жылуулук энергиясын зарыл кубаттуулугун камсыздоо үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын комплекси;
“Кошуу жери” – жылуулук жабдуу системасына туташтыра турган объектини кошуу;
“Арыз ээси” - инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга, керектелген жүктөмдү өзгөртүүгө байланышкан объекттин жаңы курулушун (реконструкциялоо, арналышын өзгөртүү, кайра пландоо) жүргүзүүчү, уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан жеке же юридикалык жак;
“Аткаруучу” - мыйзамдын негизинде жылуулук тармактары жана (же) жылуулук энергиясынын булактары бар жылуулук жабдуучу же жылытуу тармактык уюм, буга түздөн түз же жылуулук тармактары жана (же) жылуулук энергия булактары аркылуу кошуу жүргүзүлөт;
“Чектеш уюмдар” - мыйзамдын негизинде жылуулук тармактары жана (же) жылуулук энергиясынын булактары, өз ара кошуу жайлары бар уюмдар;
“Технологиялык байланышкан тармактар” - өз ара кошуу түйүндөрү бар жана жылуулук жабдуунун бирдиктүү технологиялык системасында катышкан мыйзамдын негизинде уюмдарга таандык болгон жылуулук тармактары.
3. Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу - жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу келишимдин (1-тиркеме) негизинде ишке ашырылат.
Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошулуу үчүн акы төлөө өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин Эрежесине” ылайык белгиленет.
4. Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошулуу жылуулук жабдуучу же жылуулук тармак уюмдарынын жылуулук менен жабдуу схемасында көрсөтүлгөн эксплуатациялык зонасынын жоопкерчилигине ылайык аныкталат.
5. Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу жөнүндөгү келишимди түзүү үчүн жылуулук тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү фактысы жана төмөнкү учурларда арыз ээси тарабынан өтүнмөнүн берүүсү (2-Тиркеме) негиз болуп саналат:
- кайрадан түзүлө турган же түзүлгөн туташа турган, бирок туташтырыла элек объектинин жылуулук жабдуу системаларына кошуу зарылдыгы;
- туташа турган объектинин жылуулук жүктөмүнүн (жылуулук керектөөчү орнотомолор үчүн) же жылуулук кубаттуулугунун (жылуулук энергиясынын булактары жана жылуулук тармактары үчүн) көбөйүшү;
- туташтырыла турган объектини реконструкциялоо же модернизациялоо, мында туташа турган объектинин жылуулук жүктөмүн же жылуулук кубаттуулугун көбөйтүү жүргүзүлбөйт, бирок жылуулук жабдуу системасында жылуулук тармактары жана жылуулук энергия булактарын куруу (реконструкция, модернизация) талап кылынат, мунун ичинен жылуулук жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана жылуулук энергиясын керектөө режимдерин өзгөртүү.
6. Технологиялык кошуу жөнүндө келишимди түзүү үчүн арыз ээси жылуулук тармактарына кошууга техникалык шарттарды алган күндөн кийин 30 календарлык күндүн ичинде аткаруучунун дарегине арыз (2-тиркеме) жөнөтөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) Туташтыра турган объектинин техникалык параметрлери:
- эсептөөлөр менен ырасталган технологиялык муктаждыктарга, жылытууга, шамалдатууга, абаны кондициялоого жана ысык суу менен жабдууга жылуулук энергиясынын эсептик максималдуу сааттык жана орточо сааттык сарптоолору жана аларга жараша эсептик сарптоолору;
- жылуулук алып жүрүүчүлөрдүн түрү (басымы жана жылуулук алып жүрүүчүлөрдүн пар түрүндө температурасы);
2) туташа турган объектини эксплуатацияга берүүнүн пландалган мөөнөттөрү;
3) туташа турган объектинин уруксат берилген курулуштун (реконструкциялоонун, модернизациялоонун) акыркы параметрлери жөнүндө маалымат.
Арыз ээси тарабынан кабар алынган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде жетишпеген документтер жана маалыматтар берилбесе же каршы болсо, аткаруучу жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошулуудан баш тартууга укуктуу.
Арызды алгандан кийин 15 календарлык күндүн ичинде аткаруучу арыз ээси берген маалыматтарды иликтөөгө жана жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу жөнүндө келишимдин долбоорун эки нускада арыз ээсине жөнөтүүгө милдеттүү.
Арыз ээси 15 календардык күндүн ичинде жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу жөнүндө келишимдин долбоорун карап чыгууга жана аткаруучуга кол коюлган келишимди же макул болбогон учурда пикир келишпестик протоколун же негиздүү баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү.
7. Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу жөнүндө келишим камтып турат:
1) аткаруучунун милдеттери:
- технологиялык жактан байланышкан тармактар жана (же) башка жылуулук энергиясын булактары болсо чектеш уюмдар менен технологиялык кошуу боюнча макулдашуу тартибин даярдоо;
- зарыл жылуулук жүктөмүнө камсыз кылуу максатында колдонуудагы жылуулук тармактарын реконструкциялоо боюнча долбоордук документтерин иштеп чыгуу;
- арыз ээсинин технологиялык кошуу үчүн техникалык шарттарды аткарышын текшерүү;
2) арыз ээсинин милдеттери:
- арыз ээси тарабынан туташтыруу түйүнүнөн долбоорлоо объектисине чейин жылуулук тармагынын жаңы тилкесин курууга долбоордук документацияны иштеп чыгуусу жана аны ишке ашыруусу;
3) ошондой эле:
- туташтырыла турган объектинин максималдуу сааттык жана орточо сааттык жылуулук жүктөмдөрү;
- туташтырылуучу объектинин ишенимдүүлүгүнө коюлган талаптарды эсепке алуу менен арыз ээсинин өздүк жылуулук энергия булактарын пайдалануу зарылдыгына же ал тарабынан жылуулук энергиясынын резервдеги булагын же резервдеги жылуулук тармагын курууга тийиштүү сунуштарды аткаруу үчүн ыктыярдуу сунуштар, ошондой эле туунду энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча сунуштар;
- технологиялык кошуу шарттарынын иш-аракет мөөнөтү 2 жылдан ашык эмес;
8. Жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу боюнча келишимдин аткаруусу:
1) аткаруучунун милдеттери:
- жылуулук тармактарын кошуу түйүндөрүнө жана (же) жылуулук энергиясынын булактарына чейин түзүү (реконструкциялоо, модернизациялоо), ошондой эле, жылуулук тармактарына объектини кошууга жана жылуулук энергиясын берүүгө даярдоо боюнча иш-аракеттерди аткаруу;
- технологиялык кошуунун шарттарын арыз ээси тарабынан аткарылганын текшерүү;
- технологиялык кошуу жөнүндөгү келишимде белгиленген кошуу күнүнөн кечиктирбестен туташтыруучу түйүнүнө жылуулук энергияны берүү;
- долбоордук документацияга өзгөртүүлөр киргизилсе (арыз ээсинин сунуштарын алган күндөн тартып, 30 күндүн ичинде) технологиялык кошуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу;
- арыз ээси тарабынан технологиялык кошуу шарттары аткарылган соң жана технологиялык кошуу үчүн толук төлөнгөндөн кийин аткаруучу аталган объектини жылуулук жабдуу системасына кошууга уруксат берет;
- аткаруучу кошумча төлөм төлөтпөстөн, кошуу иш-чараларынын аткарылышына контроль кылат;
- кошула турган объектиден кошуу түйүнүнө чейин тармактарды орнотуу боюнча иштерди кабыл алууга катышуу;
- эгерде арыз ээси аткаруучуга аянт ичиндеги жана үй ичиндеги тармактарын жана объектинин жабдууларын текшерүүгө мүмкүнчүлүк бербесе кошула турган объектини технологиялык кошуу күнүн кечирээк мөнөткө жылдырууга (технологиялык кошуу төлөмдөрүн берүү мөөнөттөрүн өзгөртпстөн);
2) арыз ээсинин милдеттери:
- технологиялык кошулуу жөнүндөгү келишимде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө технологиялык кошуу үчүн акы төлөө;
- жылуулук жабдуу системаларына технологиялык кошуу жөнүндөгү келишимде белгиленген аянт ичиндеги жана үй ичиндеги жана шаймандарды кошууга даярдоо шарттарын аткарууга;
- аткаруучуга белгиленген тартипте долбоордук документацияны инженердик жабдуу жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле инженердик-техникалык иш-чаралардын тизмегин жана технологиялык чечимдердин мазмунун берүүгө;
- эгерде кошулуучу объектини курууга (реконструкциялоого, модернизациялоого) долбоордук документациясына өзгөртүүлөр киргизилсе, технологиялык кошулуу жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар аткаруучуга жөнөтүлөт;
- технологиялык кошуу шарттарын аткарууну текшерүү үчүн аткаруучуга жол берүүгө;
- ар кандай технологиялык кошуунун шарттарынан четтеп кетүү боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана аткаруучу менен макулдашууга.
9. Технологиялык кошулуунун иш жүзүнө ашырылгандыгы технологиялык кошулуу жөнүндө акт менен ырасталат (3-тиркеме).
1-тиркеме
______________ а/ш «__» ____________20___жыл
____________________________________ (мындан ары - аткаруучу), ____________________________ аркылуу, ______________ негизинде иш жүргүзгөн, бир жагынан, жана _____________________________ (мындан ары- өтүнүүчү), ____________________________ аркылуу, ______________ негизинде иш жүргүзгөн, экинчи жагынан, төмөнкү жөнүндө Келишим түздү:
1. Келишимдин предмети
1. Аткаруучу өзүнө кошулуучу объектинин жылуулук менен камсыздоо системаларына технологиялык кошулуу иш-чараларын аткаруу боюнча милдеттерди алат, ал эми өтүнүүчү ушул келишимдеги милдеттерди аткарууга жана технологиялык кошулууга төлөмдөрдүү төлөөгө милдеттенет.
2. Кошулуучу объект ________________________________________ дарегинде жайгашкан.
3. Жылуулукту керектөөчү орнотуулардын, жылуулук тармактарынын же болбосо жылуулук энергиясынын булактарынын өтүнүүчү кубаты ____________________________ Гкал/саат.
4. Кошулуучу объекттин технологиялык кошулуусу кошулуучу объекттин ишке киришүү мөөнөтү жана ушул келишимдин 3-бөлүгүндө каралган мөөнөт менен аныкталат.
5. Ушул келишим менен каралган иш-чаралар аткаруучу тарабынан берилген _____________________ техникалык шарттарына толук дал негизинде тараптар тарабынан аткарылат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1. Аткаруучу төмөндөгү милдеттерге ээ:
- өтүнүүчү менен жылуулук энергиясы менен камсыз кылууга келишимди түзүүгө чейин өтүнгөн ________ Гкал/саат жылуулук кубатын резервдөө, бирок ушул келишимге кол коюлган убакыттан 24 ай ашпайт;
- объектти эксплуатацияга киргизүү графигине тийиштүү кошулуучу объектини кошулуу чекитине чейин тийиштүү түрдө камсыз кылуу үчүн жылуулук техникалык жабдууларын жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо боюнча керектүү иш-аракеттерди аткаруу;
- ушул келишимдин шарттарын тараптар аркылуу тийиштүү түрдө аткарылганда технологиялык кошулуу тууралуу актыга кол коюу;
- ушул келишимдин щарттарынын жана өтүнүүчүнүн техникалык шарттарынын аткарылышын маал-маалы менен текшерүү;
-долбоордук уюм менен макулдукка ылайык, долбоордук-смета иш-кагаздарына конструктивдүү чечимдерди киргизүү;
- өтүнүүчү менен бирге курулуп жаткан (кошулуучу) жылуулукту керектөөчү орнотуулар үчүн керектүү иш-аракеттердин тизмесин иштеп чыгуу.
2. Өтүнүүчү төмөндөгү милдеттерге ээ:
- ушул келишимдин 3-бөлүгүндө каралгандай, технологиялык кошулуу үчүн тартипте жана убагында төлөө;
- жылуулук менен камсыз кылуу долбоорун иштеп чыгуу жана аткаруучуга макулдашуу үчүн сунуштоо;
- жылуулук менен камсыздоо долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор болгондо аткаруучуга макулдашуу үчүн сунуштоо;
- объектти эксплуатацияга киргизүү графигине ылайык ушул келишимдин шарттарын толук аткаруу;
- жылуулукту керектөөчү орнотууларга технологиялык кошулуу шарттарынын аткарылгандыгы тууралуу аткаруучуга кат түрүндө билдирүү;
- кошулуучу жылуулукту керектөөчү орнотууларга технологиялык кароолорду (изилдөөлөрдү) жүргүзүү үчүн аткаруучунун өкүлдөрүнө жеткиликтүү камсыздоо.
3. Технологиялык кошулуу үчүн төлөм
1. Бардык салыктарды эске алуу менен технологиялык кошулуу үчүн төлөө __________________________________ түзөт.
2. Өтүнүүчү ушул келишимге кол коюлгандан тартып 15 календардык күндүн ичинде технологиялык кошулуу үчүн алдын ала төлөөгө милдеттүү.
3. Өтүнүүчү технологиялык кошулуу үчүн калган сумманы аткаруучунун тармагына кошулууга чейин төлөөгө милдеттүү.
4. Технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн көлөмүн корректировкалоо ушул келишимдин кошумча макулдашуу менен белгиленет.
5. Ушул келишимге кол коюлгандан кийин жылуулук-энергетикалык комплексти жөндөөчү ыйгарымдуу орган тарабынан технологиялык кошулуу үчүн базалык төлөөнүн көлөмүнүн өзгөрүшү ушул келишимдин шарттарын өзгөртүүгө негиз боло албайт.
6. Жылуулукту керектөөчү орнотуулардын керектөөчү жылуук кубатын жогорулатуу учурунда технологиялык кошулуу үчүн төлөм көлөмү өзгөрөт, жана ортодогу айырмачылык өтүнүүчү тарабынан төлөнүшү керек, бирок төлөө үчүн эсеп келгенде 15 календардык күндүн ичинде кечиктирбөө.
4. Тараптардын жоопкерчиликтери
1. Ушул келишимдин 3-бөлүгүндө аныкталган, Төлөө мөөнөтү бузулгандыгы үчүн аткаруучу 0,1 пайыз көлөмүндө айып төлөмдү эсептейт, ал эми 30 календардык күндөн ашса, технологиялык кошулуу үчүн жалпы көлөмдүн 0,2 пайыз көлөмүндө кошумча айып төлөм эсептелинет.
2. Ушул келишимдин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралгани милдеттер өтүнүүчү тарабынан аткарылбаган учурда, аткаруучу технологиялык кошулуу үчүн толөмдүн суммасынын калган бөлүгүн толук төлөгөнгө чейин тармакка кошпогонго милдеттүү.
3. Айып төлөмдү төлөө тараптарды ушул келишимдин милдеттерин аткаруудан бошотпойт.
4. Технологиялык кошулуу тууралуу акт ушул келишимдин бардык милдеттери тараптар аркылуу тийиштүү түрдө аткарылгандыгын далилдейт.
5. Келишимди бузуу
1. Ушул келишимди өзгөртүү, толуктоо, бузуу же токтотуу тараптардын кат түрүндөгү макулдашуусу аркылуу жүргүзүлөт жана ушул келишимдин бөлүнгүс бөлүгү болп саналат.
2. Ушул келишим тараптардын бирөөсүнүн талабы боюнча ушул келишимдин шарттарын бир тарап бузган учурда соттун чечими менен өзгөрүшү жана бузулушу мүмкүн.
3. Максатка ылайыксыз, же терс жыйынтыкка ээ болуу жана жумуштарды андан ары жүргүзүү мүмкүн эместиги аныкталганда, кызыктар тарап (тараптар) ушул келишимди бузуу керектигин сунуштайт, жана ал тараптар аркылуу 15 календардык күн ичинде каралышы керек.
6. Келишимдин мөөнөтү
1. Учурдагы келишим кол коюлгандан тартып «__» _____________ 20___жылга чейин жарактуу
7. Келишимдин кошумча шарттары
9. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери:
2-тиркеме
Жылуулук менен камсыздоочу
уюмдун жетекчиси Ф.И.О - га.
(Өтүнүүчүнүн аты-жөнү же аталышы)
Сизден кошулуучу __________________________________________________________________
(объекттин аталышы, жүктөөнүн кыскача мүнөздөмөсү, объекттин багыты ж.б.)
жылуулук менен камсыздоо системаларына технологиялык кошуу тууралуу келишим түзүүнү өтүнөт.
Кошулуучу объекттин жайгашуусу: Кыргыз Республикасы, ___________
________________________________________________________________
(технологиялык кошулуу иш-аракеттерин аткаруу кайсы жерде пландаштырылат)
Өтүнгөн (жылуулук) кубаттуулук _____________Гкал/саат, анын ичинде:
Жылуулук жүктөмүнүн түрү | Ченөө бирдиги | Жылуулукту алып жүрүүчү | |
Ысык суу | Буу, t= P= | ||
жылытууга | Гкал/саат |
|
|
вентиляцияга | Гкал/саат |
|
|
на ЫСмК | Гкал/саат |
|
|
технологияга | Гкал/саат |
|
|
Кошулуучу объекттин уруксаат берилген куруу (реконструкция, модернизация) чегини параметрлары тууралуу маалымат _________________________________________________________________
(кабаттуулук, куруу аянты жана имараттын көлөмү)
Жылуулукту керектөөчү орнотуулардын, жылуулук тармактарынын же болбосо жылуулук энергиясынын булактарын эксплуатциялоо мөөнөтү ______
Байланыштар, почта жана банктык реквизиттер: _____________________________________________________________
Уюмдун жетекчиси
_____________________________________________________________
(кызматы) (колу) (күн)
Өтүнмөнү кабыл алган: Кириш. № Тел:
3-тиркеме
№ _________, «____» _______________20___ж.
____________________________________ (мындан ары - аткаруучу), ____________________________ аркылуу, ______________ негизинде иш жүргүзгөн, бир жагынан, жана _____________________________ (мындан ары- өтүнүүчү), ____________________________ аркылуу, ______________ негизинде иш жүргүзгөн, экинчи жагынан, төмөнкү технологиялык кошулуу тууралуу актыны түзүштү жана кол коюшту:
Ушул акт №________, «_____» __________________20___-ж. техникалык шарттары менен № __________ долбооруна ылайык жылуулук керектөөчү орнотууларды технологиялык кошкондугун ырастайт.
Кошууну аткаруудагы техникалык мүнөздөмөлөр:
Объект:______________________________________________________________
____________________________________________________________________
Жайгашуусу:_______________________________________________
Кошулган жылуулук кубаттуулук ________Гкал/саат, ________ Гкал/саат.
Тиешелүү аралык балансы: ____________________________________
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Ушуну менен жылуулук тармагына жылуулук керектөөчү орнотуулардын техникалык кошулуусу аныкталган тартипте аткарылгандыгын ырастайбыз.
Аткаруучунун өкүлү Өтүнүүчүнүн өкүлү
____________/___________/ ____________/______________/