Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-ноябры № 418
2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө, 55-беренесине ылайык, протоколдордо камтылган маалыматтарды кошуу аркылуу көрсөтүлгөн протоколдорду түзүүнүн туура экендигин алдын ала текшерүүдөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү аныктады:
1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3032666 шайлоочуну түздү.
2. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны - 1858632, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 61,28%тин түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Осмонов Курманбек Эргешович 2452 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,13%тин түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 266189 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,32%тин түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратович 13609 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,73%тин түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич 3239 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,17%тин түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бакир уулу Турсунбай 15195 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,82%тин түзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Колубаев Торобай Куназович 1941 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,1%тин түзөт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Байболов Кубатбек Калбекович 15427 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,83%тин түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманкулов Марат Муканович 5578 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,3%тин түзөт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Атамбаев Алмазбек Шаршенович 1161929 добуш алды, бул 62,52%ти, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн түзөт.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 8770 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,47%тин түзөт.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Дыйканов Сооронбай Сабырович 1339 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,07%тин түзөт.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Суваналиев Өмүрбек Исакович 16143 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,87%тин түзөт.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 274639 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,78%тин түзөт.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Айтикеев Акбаралы Ысырайылович 2081 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,11%тин түзөт.
17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевич 17232 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,93%тин түзөт.
18. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Каримов Алмазбек Ташполотович 1305 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,07%тин түзөт.
19. "Бардыгына каршы" позициясы үчүн 13419 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,72%тин түзөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүн, 55-беренесинин, 58-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколу түзүлсүн жана ага кол коюлсун (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколу бекитилсин.
3. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болду деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары төмөнкүдөй аныкталсын:
62,52% добушту, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн алган Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.
5. Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришүүдө Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүк, айырмалоо белгиси - Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана Штандарты (желеги) тапшырылсын.
7. Бул токтом "Эркит Тоо" газетасына жарыялансын.
Төрага | Т.Абдраимов |