Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-сентябры №812
«Кыргыз Республикасынын ИИМдин«Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү боюнча мамлекеттик тейлөө кызматынын Административдик регламенттинбекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматынын административдик регламентин иштеп чыгуу жана оптимизациялоо тартиби жөнүндө 2018-жылдын 16-январындагы №26 токтомунун 2- пункттун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын айрым ченем чыгармачыл ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15- сентябрындагы №530 токтомунун 1-тиркемесиндеги 2- пункттун аткаруу үчүн жана мамлекеттик тейлөө кызматынын стандартын кайрадан бекитүүгө байланыштуу«Бюджеттик каржылоо төлөмүнөн тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү» мамлекеттик тейлөө кызматы административдик регламентке зарылчылдыгы боюнча процедураларды ылайыкташтыруу үчүн
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тейлөө кызматынын «Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү административдик регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин жана аткарууга киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМи учурдагы буйрукту таасирдүү ишке ашыруу багытында тиешелүү чараларды кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин «КР ИИМдин Медициналык башкармалыгынын мамлекеттик тейлөө кызматынын административдик регламентин бекитүү жөнүндө» 2018-жылдын 16- сентябрындагы №838 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйрук КР ИИМдин расмий сайтында жарыялансын.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн, көрсөтүлгөн укук ченем актыны жарыялоо булагын белгилөө менен буйруктун эки көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө жөнөтүлсүн.
6. Бул буйрукту аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын начальниги ички кызматтын подполковниги Н.А.Метеровго жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарууну көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин Биринчи орун басары милицияныны генерал-майору С.А.Омурзаковго жүктөлсүн.
Министр милициянын генерал-майору
| К. Джунушалиев «Бекитилсин»
|
2. Тейлөө кызматын камсыз кылууда аткарылган процедуралардын тизмеси
4. Тейлөө кызматынын ишине төмөндөгү процедуралар топтому кирет:
1-Таблица
№ | Процедуралардын аталыштары | Эскертүү | |||
1. | Процедура 1. Оорулууну каттоо, аны тиш дарыгерине жөнөтүү; |
|
| ||
2. | Процедура 2. Кардарларга медициналык дарылоо жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүү; |
|
| ||
3. | Процедура 3. Дарыгер тарабынан оорулууну кароо;
|
|
| ||
| Процедура 4. Бюджеттик каржылоодон тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү(дарылоо);
| Кошумча дарылоо курсунун зарылчылдыгы жок учурда, бул процедуранын аякташы деп эсептелинет. |
| ||
4. | Процедура 5. Кошумча дарылоо курсу (физиотерапия);
|
|
| ||
| Процедура 6. Төлөм эсебин берүү; |
|
| ||
3. Процедуралардын өз ара байланыш блок-схемасы
5. Тейлөө кызматынын ишин аткаруудагы процедуралардын тизмеси төмөнкү схемада чагылдырылган.
4. Процедураларды баяндоо жана аларды мүнөздөө
2-Таблица
Процедуралар-дын аталышы жана аткарган иши | Аткаруучу, ээлеген кызматы | Аткарыл-ган иштин убактысы | Аткарылган иштин жыйынтыгы | Аткарылуучу иштерди жөнгө салуучу документтер |
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
Процедура 1 Мамлекеттик тейлөө кызматы менен камсыз кылуу үчүн керектүү документтерди оорулуудан кабыл алуу жана тиши оорулууга саламаттык баянын берүү | |||||
1.Кабыл алуу 2.Алдын ала документтерин карап чыгуу 3.Тиши оорулууга саламаттык баянын берүү | Медициналык регистратор | 15 мүнөт | 1.) Кардарды тиш дарыгерине жөнө-түү 2.)Кардарга мам-лекеттик тейлөө кызматын көрсө-түүдөн баш тартуу | 1.Аткарган милдеттери 2.Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускама |
|
3 аракет | 1 адам | 15 мүнөт |
| 2 ЧУА |
|
Процедуранын жыйынтыгы: Тиши ооруган оорулууларды каттоо журналы |
| ||||
Процедуранын түрү: Атайын процедура. |
| ||||
Кийинки процедуранын катар саны: 2 |
| ||||
Кийинки процедураны башташ үчүн бул процедуранын жыйынтыгын берүү ыкмасы : тиш оорулуунун саламаттык баянын берүү, оорулууну тиш дарыгерине жөнөтүү. |
| ||||
Процедура № 2. Кардарларга тиешелүү тиш дарылоо жардамын көрсөтүү үчүн керектүү шарттарды түзүү.
|
| ||||
-кабинеттерди жабдыктар менен, ж.б. медициналык каражаттар менен, санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайыктуу талап кылынган деңгээлдеги башка нерселер менен камсыздалат; - санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоону камсыздоо, ошону менен бирге бөлмөлөрдү тазалоону жана жалпы тазалоону, мекеменин бекитилген жана жакын жайгашкан аймактарын күнүмдүк санитардык тазалоону жүргүзүүнү уюштуруу; - техникалык коопсуздукту сактоонун талаптарын камсыздоо (ошондой эле өрт коопсуздугун); - өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыздоо, кабинеттерде, имараттарда, курулуштарда өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүү; - инженердик-техникалык байланыштарын, жабдууларын коопсуздук менен колдонууну жана учурдагы стандарттарга, эрежелерге жана ченемдерге ылайык келтирүү, өз убагында мекемелик имаратты карап чыгууну жана оңдоо иштерин жүргүзүүнү уюштуруу | мекеменин начальниги, дарыгер, медициналык айым, санитарка | дайыма | тиш дарылоо багытындагы медициналык мекемеде бекитилген санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка ченемдерди жана эрежелерди сактоо. | -мекеменин бөлмөлөрүн жана аймагын санитардык тазалоо графигин илүү; -кварцтоо,аспаптар-ды стерилизация-лоо, мекеменин имараттынын, курулушунун,жаб-дууларынын техникалык жана санитардык абалынан журналдарга ылайыктуу киргизилүүлөрдү жазуу |
|
4 аракет | 4 адам | дайыма |
| 4 документ |
|
Процедура жыйынтыгы: имараттын, курулуштардын, мекеменини жабдууларынын, кварцтоонун, аспаптарды стерилизациялоонун техникалык-санитардык абалын текшерүү журналы |
| ||||
Процедуранын түрү: Уюштуруучулук-башкаруу процедурасы |
| ||||
Кийинки процедуранын катар саны: 3 |
| ||||
Кийинки процедураны башташ үчүн бул процедуранын жыйынтыгын берүү ыкмасы: Тейлөө кызматы менен камсыздоо. |
| ||||
Процедура № 3. Дарыгер тарабынан оорулууну кабыл алуу жана кароо |
| ||||
- Оорулуунун саламаттык баянын, башка медициналык документтерин карап чыгат; - оору баянын чогултуп, клиникалык колдонмого,башка медициналык стандарттарга, ченемдерге жана сунуштарга ылайыктуу оорулууну кароону жүргүзөт; - керектүү учурда так диагнозун коюу үчүн рентгенологиялык дартты аныктоону уюштурат; - диагнозун коет, дарылоонун курсун жана көлөмүн аныктайт;
| ИИМдин тиш дарылоо кызматынын тийиштүү филиалынын тиш дарыгери. | Оорулуунун кабыл алууга кезек күтүү убагы 30 мүнөттөн ашык эмес. Бир жолу кабыл алуунун убагы 30 мүнөткө чейин. Өзгөчө кырдаалдарда өздүк документтеринин жоктугу кабыл албоонун себеби боло албайт. | 1.Диагноз коюу, дарылоонун көлөмүн жана курсун аныктоо. 2.Тиш дарылоо медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө оозеки түшүндүрүүлөр. | -Тиш оорулуунун саламаттык баянынын медициналык бөлүгүн толтуруу(оору баянын, локалдык статусун, диагнозун,)
|
|
4 аракет | 1 адам |
|
| 1 ЧУА |
|
Процедуранын жыйынтыгы: Тиш дарыгеринин күнүмдүк каттоо журналы |
| ||||
Процедуранын түрү: Атайын процедурасы. |
| ||||
Кийинки процедуранын катар саны: 4 |
| ||||
Кийинки процедураны башташ үчүн бул процедуранын жыйынтыгын берүү ыкма: дарылоо курсун жана байкоого кайра келүүсүн жана зарылчылдыгы боюнча дарылоону коррекциялоо дарыгер тарабынан белгилениши |
| ||||
Процедура № 4 Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү (дарылоо)
|
| ||||
-диагнозу коюлганда ал жөнүндө оорулууга маалымат берилет дарылоо мерчеми менен тааныштырат, ошондой эле дарылоонун башка методдору жөнүндө маалымдайт, дарылоо мерчемин оорулуу менен макулдашат,анын медициналык жактан кийлигишүүсүнө макулдугун алат, -медициналык тиш дарылоо жардамын коюлган диагнозго, медициналык жардам берүү стандарттарына ылайык көрсөтөт; -жүргүзүлгөн иш чаралардын эффективдүүлүгүн баалайт жана кошумча дарылоо курсунун зарылчылдыгын жөнүндө чечим чыгарат; - зарыл убакта кошумча дарылоо курсун, байкоо үчүн кайра кайрылуу жана зарылчылдыгы боюнча дарылоону коррекциялоону белгилейт, ; - дары-дармек каражаттарын колдонууда дарыгер оорулуудан же анын мыйзамдуу өкүлүнөн каршы көрсөткүчтөр бар экендиги жана аларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алыш керек; - айрым иш-аракеттерден жана процедуралардан баш тарткан учурда дарыгер оорулууну жана мыйзамдуу өкүлүн бул чечимге байланыштуу коркунуч мүмкүндүктөрү жөнүндө эскертүүсү керек; - оорулуунун саламаттык баянын толтуруп, аны каттоо жайына кайтарат; | ИИМдин тиш дарылоо кызматынын тийиштүү филиалынын тиш дарыгери. | Бир кабыл алуунун узактыгы оорунун катуулугуна карай 30 мүнөттөн көп созулат | 1.Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү жана тиштин анатомиялык формасын калыбына келтирүү, тиштерди реставрациялоо, косметикалык кемчиликтерди жок кылуу, чайноо жана эстетикалык функцияларды калыбына келтирүү;
| -Тиш оорулуунун саламаттык баянынын медициналык бөлүгүн толтуруу (оору баянын, локалдык статусун, диагнозун, дарылоону ж.б.)
|
|
6 аракет | 1 адам |
|
| 2 ЧУА |
|
Процедуранын түрү: Атайын процедурасы. |
| ||||
Процедуранын жыйынтыгы: Тиш дарыгеринин күнүмдүк каттоо журналы |
| ||||
Кийинки процедуранын катар саны: 5 |
| ||||
Кийинки процедураны башташ үчүн бул процедуранын жыйынтыгын берүү ыкмасы: дарыгер тарабынан зарылчылдыгы боюнча кошумча дарылоо жана байкоо үчүн кайра кайрылуу жана дарылоону коррекциялоо белгиленет |
| ||||
Процедура № 5 Кошумча дарылоо курсу (физиотерапия). |
| ||||
-оорулуудан анын саламаттыгы, физиодарылоо жүргүзүү үчүн каршы көрсөткүчтөрү жөнүндө сурамжылайт ; -каршы көрсөт-күчтөр тастыктал-ган учурда белгиленген процедураларды жүргүзүү үчүн чечим чыгарууга дарыгерге оорулуу менен чогуу барат; -физиотерапиялык аппаратты ишке даярдайт, анын иштөөсүн, туура колдонулушун жана техникалык коопсуздугун көзөмөлдөйт; -оорулууну физиотерапиялык процедураларга даярдоону жүргүзөт; -медициналык жардам көрсөтүү стандарттарына ылайык тиешелүү процедураларды жүргүзөт; -оорулуунун саламаттыгына карай сеанстын убактысын белгилейт; -жүргүзүүлгөн процедуралардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү медициналык документациялар-ды каттайт; | Физиокабинет тин медайымы | 30 мүнөт | 1)Оорулууга белгиленген физиотерапиялык процедураларды жүргүзүү 2)Оорулууну белгиленген физиотерапиялык процедураларды алгандан кийин тиш дарыгерине жөнөтүү | Жүргүзүлгөн процедуралардын жыйынтыгы боюнча саламаттык баянына тийиштүү белгилөөлөр жазылат |
|
7 аракет | 1 адам | Физиотера-певт-дары-геринин белгилөөсү боюнча |
| 1 ЧУА |
|
Процедуранын жыйынтыгы: Оорулууга белгиленген физиотерапиялык процедуралар жүргүзүлдү |
| ||||
Процедуранын түрү: Атайын процедурасы. |
| ||||
Кийинки процедуранын катар саны: 6 |
| ||||
Кийинки процедураны башташ үчүн бул процедуранын жыйынтыгын берүү ыкмасы: дарылоо курсунун аягы |
| ||||
Процедура № 6 Төлөм эсебин толтуруу |
| ||||
-тиш дарылоо акы кызматын көрсөтүү үчүн наряд толтуруу;
| ИИМдин тиш дарылоо кызматынын тийиштүү филиалынын тиш дарыгери. | 10 мүнөт | 1.)Оорулуунун дарылануусу аяктады
| -көрсөтүлгөн тейлөө кызматы үчүн (наряд) |
|
1 аракет | 1 адам |
|
| 1 ЧУА
|
|
Процедуранын жыйынтыгы: Оорулууга төлөм эсебин жазуу |
| ||||
Процедуранын түрү: Атайын процедурасы. |
| ||||
5. Мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча аткарылуучу процедуралардын схемасы (алгоритми) «Бюджеттик каржылоо көлөмүнөн тышкары тиш дарылоо жардамын көрсөтүү»
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну
көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга ички көзөмөлдөө жана тышкы көзөмөлдөө жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун ички көзөмөлүн мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүүчү мекеменин начальниги дайыма жүргүзүп турат (А.Б.Бакиев).
2) Ички көзөмөлдөө кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун сакталышын жана аткарылышын, ошондой эле мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүүдө чыгарган чечимдерин үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашат.
Ички көзөмөлдөөнүн максаты мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүүдөгү кардарлардын укуктарынын бузулушун табуу жана кароо,аларды жоюу, чечим чыгаруу жана кызматкерлердин үстүнөн түшкөн даттанууларга жооп даярдоо болуп эсептелинет.
3) Текшерүү жүргүзүнүн убактысы: күнүгө мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүү учурунда.
Планда жок учурда, ошондой эле мамлекеттик тейлөө кызматынын белгилүү бир кардарынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча административдик регламенттин талаптарынын бузууларын жоюу чаралары кабыл алынат, ошондой эле күнөлүүлөрдүн жоопкерчиликтери жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемине ылайык каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун тышкы көзөмөлүн КР ИИМдин Медициналык башкармалыгынын начальнигинин чечими менен түзүлгөн комиссия жүргүзүп турат.
1) Комиссиянын иш тартибин жана регламентин КР ИИМдин Медициналык башкармалыгы аныктайт. Комиссия ишинин жыйынтыктары маалым кат түрүндө катталат, анда бузуулар, жетишпегендиктер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет. Мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу максатында административдик регламентке өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар берилиши мүмкүн.
Бул маалым кат, кол коюлгандан баштап 3 жумуш күндүн ичинде, мекеменин жетекчисине жөнөтүлөт, ал маалым кат келген күндөн баштап бир айдын ичинде бузууларды жана жетишпегендиктерди жоюу боюнча чара көрүлөт, кызматкерлерге карата дисциплинардык жана административдик чара кабыл алынат, ошондой эле административдик регламентке (керектүү учурда) өзгөртүү киргизилет.
2) Тышкы көзөмөлдөөнүн жыйынтыктары боюнча , мамлекеттик органдын жетекчисинин бузуулары жана жетишпегендиктери боюнча, мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик тейлөө кызматынын бирдиктүү реестри боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемине ылайык мамлекеттик тейлөө кызматын аткарууга жооптуу жетекчилерге дисципилинардык жана административдик чаралары колдонулушу мүмкүн.
3) Административдик регламентти аткаруу талаптарын тышкы көзөмөлдөө жылына 1 жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузуу боюнча
жооптуу кызматкерлер
8. Административдик регламенттин талаптарын бузуулары үчүн мекеменин кызматкерлери жана жооптуу кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзам ченемине ылайык жоопкерчиликти алышат.
9. Тейлөө кызматын же анын бөлүгүн аутсорсинге жеке физикалык же юридикалык адамдарга аткарууга берилген учурда, тейлөө кызматын көрсөтүүдө административдик регламенттин талаптарын сактоо үчүн тейлөө кызматын көрсөткөн мекеме жооптуу.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент бир мезгилде тейлөө кызматтарынын Стандарты менен чогуу зарылчылдыгына байланыштуу кайра каралат.
9. Регламентти иштеп чыккандар
КР ИИМдин Тиш дарылоо кызматынын начальниги и/к майору КР ИИМдин МБнын башкы адиси | А.Б.Бакиев С.Б.Золотина |