Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-декабры №353
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоосуна жана кармоосуна чыгымдарды ченемдик каржылоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү тууралуу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоосуна жана кармоосуна чыгымдарды ченемдик каржылоонун механизмин колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 15 сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоосуна жана кармоосуна ченемдик чыгымдарды түзүүнүн Ыкмасы 1-тиркемедеги редакцияга ылайык;
- Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоосуна жана кармоосуна ченемдик чыгымдарды эсептѳѳнүн Эрежеси 2-тиркемедеги редакцияга ылайык;
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти:
- расмий жарыялангандан кийин үч күндүн арагылында бекитилип жаткан документтерди эки экзеплярда, мамлекеттик жана расмий тилдеринде, кагаз жана электрондук түрүндѳ, жарыялануунун булагын кѳрсѳтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жѳнѳтсүн;
- Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоосуна жана кармоосуна ченемдик чыгымдарды түзүүнүн Ыкмасын жана Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоосуна жана
кармоосуна ченемдик чыгымдарды эсептѳѳнүн Эрежесин жетекчиликке алсын.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан кийин 10 күндүн аралыгында күчүнѳ кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министиринин орун басары Б.Ч.Бердалиевге жүктѳлсүн.
Министр | Ж.С.Бейшенов |