Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 29-ноябрындагы № 431-НИ буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| КыргызРеспубликасынынАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын аймагындагы карантинге алынган объекттерди карантиндик фитосанитардык текшерүү
тартиби
Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында карантинге алынган объекттерди карантиндик фитосанитардык текшерүү тартиби (мындан ары -Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого жана карантиндик объекттердин популяцияларын аныктоого багытталган.
2. Айыл чарба, токой, суу жана башка багыттагы жерлер, өсүмдүктөр топтолгон жана дарыланган жерлер, өсүмдүктөрдөн жасалган продукциялар жана башка карантинге алынган материалдар (мындан ары – карантинге алынган объекттер), менчигинин түрүнө карабастан, карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
3. Евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №158 чечими менен бекитилген, Евразиялык экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесинде белгиленген ар бир карантиндик объектке карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлөт (мындан ары – Тизме).
4. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр контролдук карантиндик фитосанитардык текшерүүлөргө (мындан ары – контролдук текшерүүлөр) жана системалык түрдөгү карантиндик фитосанитардык текшерүүлөргө (мындан ары – системалык түрдөгү текшерүүлөр) бөлүнөт.
Контролдук текшерүүлөр өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы (мындан ары – аймактык башкармалык) тарабынан, карантиндик фитосанитардык зонанын же карантиндик объекттердин эркин зонасынын чек арасын аныктоо (тактоо), ошондой эле карантиндик объекттердин ээлеринин өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык актылардын талаптарынын сакталышын контролдоо максатында жүргүзүлөт.
Карантинге алынган объекттердин ээлери карантиндик организмдердин очокторун жоюуга жана локализациялоого багытталган, карантиндик объекттерди өз убагында табуу, алардын очокторунун чектерин аныктоо, карантиндик фитосанитардык режимди оптималдаштыруу максатында системалык түрдөгү текшерүүлөрдү жүргүзөт.
5. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория (мындан ары – лаборатория) текшерүү учурунда алынган үлгүлөрдү (сынамдарды) экспертизадан өткөрөт.
6. Текшерүү ченемдеринин жана текшерүү ыкмаларынын аныктамалары агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген, зыяндуу организмдерди табуу жана идентификациялоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдө (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) берилген.
2. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр
7. Карантинге алынган объекттер Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык абалды аныктоо максатында карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
8. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан төмөнкү максатта жүргүзүлөт:
- карантиндик зыяндуу организмдерди эртерээк табуу;
- жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин биологиясын изилдөө;
- Тизмени актуалдаштыруу;
- карантиндик фитосанитардык зоналардын чектерин аныктоо (тактоо);
- фитосанитардык талаптарды иштеп чыгуу (тактоо);
- карантиндик зыяндуу организмдердин очокторун локализациялоо жана карантиндик зыяндуу организмдердин популяциясын жоюу боюнча программаны иштеп чыгуу (оңдоо);
9. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр ыйгарым укуктуу орган бекиткен жылдык пландын негизинде, 1 жана 2-тиркемелерге ылайык, ошондой эле карантинге алынган объекттердин ээлеринин арыздары боюнча жүргүзүлөт.
10. Карантинге алынган объекттерди карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу төмөнкүлөр боюнча аныкталат:
- административдик аймактык бөлүнүшү;
- карантиндик объекттин (же зыяндуу организмдин) биологиясы;
- карантиндик объекттер тарабынан зыян келтирилген өсүмдүктөрдүн-кожоюндардын (өстүрүлгөн жана жапайы өсүүчү) таралышы;
- карантиндик объекттердин кириши жана таралышы мүмкүн болгон жолдор;
- карантинге алынган продукция сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, сатылуучу жана утилизациялоочу жерлер;
- жыйналган түшүмдү концентрациялоо жерлери;
- маданий өсүмдүктөрдүн колдонулуучу сорттору.
11. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-чараларды уюштурууда төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл:
- үрөн жана отургузуучу материалдарга арналган жерлерге жана өндүрүш участокторуна;
- импорттук үрөн себилген жана отургузуучу материалдардар отургузулган жерлерге.
12. Карантиндик фитосанитардык тешкерүү жүргүзүү убактысы төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
- карантиндик объекттердин өнүгүү циклинин;
- карантиндик объекттер тарабынан зыян келтирилген өсүмдүктөрдүн өнүгүү фазаларынын;
- карантиндик объекттердин очокторун локализациялоо жана жоюу программасын аткаруу убактысынын.
13. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр усулдук көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
14. Карантиндик объекттер же алардын бар болгондугун көрсөтүүчү белгилер табылган учурда, карантинге алынган объекттердин ээлери, пайдалануучулары (мындан ары – ээлери) бул тууралуу аймактык башкармалыктарга же ыйгарым укуктуу органга маалымат берет.
3. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын тариздөө тартиби
15. Жүргүзүлгөн карантиндик фитосанитардык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Карантинге алынган объектти фитосанитардык текшерүү актысы (мындан ары – Акт) 3 жана 4-тиркемелерге ылайык түзүлөт.
Карантиндик фитосанитардык текшерүү актыда текшерилген бардык зыяндуу организмдер көрсөтүлүүгө тийиш.
16. Физикалык жакка тиешелүү болгон карантинге алынган объектти карантиндик фитосанитардык текшерүү учурунда, Актыга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мөөрү басылат. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 27-августундагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын токтомунун негизинде Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр фитосанитардык текшерүүлөрдү каттоо журналында 5-6-тиркемелерге ылайык катталат.
17. Физикалык жана юридикалык жактардын арыздары боюнча жүргүзүлгөн карантиндик фитосанитардык текшерүүгө акы төлөнөт. Мындай текшерүүлөр фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө берилген арыздарды каттоо журналында катталган арыздын негизинде, 7-тиркемеге ылайык, аймактык башкармалыктын адистери тарабынан жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүү шарттары жана жол-жоболору Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандартында аныкталат.
5. Карантиндик фитосанитардык зонаны, карантиндик фитосанитардык режимди, карантинге алууну белгилөө
18. Карантиндик фитосанитардык зонаны белгилөө жана жоюу, карантиндик фитосанитардык режимди белгилөө жана алып салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Карантинге алуу жана карантинди алып салуу төмөнкү чек аралардын чегинде аткарылат:
- чарбалык субъекттин, чарбалык субъекттердин топторунун жана калктуу конуштардын чегинде – жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу, райондун же бир нече райондун чегинде – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан;
- облустун, бир нече облустун жана Кыргыз Республикасынын чегинде – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан.
19. Карантиндик объекттердин очогун өз убагында табуу, карантиндик фитосанитардык зоналарды жана алардын чек араларын аныктоо, карантиндик фитосанитардык режимди белгилөө жана табылган карантиндик объекттердин андан аркы таралышын болтурбоо максатында карантинге алынган объекттер системалык түрдө карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
20. Карантиндик фитосанитардык зонаны аныктоо жана жоюу, карантиндик фитосанитардык режимди белгилөө жана алып салуу, карантинге алуу жана карантинди алып салуу ар бир карантиндик объектиге өзүнчө ушул Тартиптин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
21. Карантиндик фитосанитардык текшерүү учурунда карантинге алынган объекттерде карантиндик объекттердин жугуп калуу (булгануу) белгилери табылган учурда, аймактык башкармалыктын адистери табылган зыянкечтердин, ооруунун симпотомдору бар өсүмдүктөрдүн, отоо чөптөрдүн же отоо чөптөрдүн уруктарынын үлгүлөрүн алып, этикетканы 8-тиркемеге ылайык толтурат.
Тандалып алнган үлгүлөр жана үлгү тууралуу маалымат лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн лабораторияга жиберилет.
Үлгүлөрдүн энтомологиялык, гербологиялык жана фитогельминтологиялык лабораториялык экспертизасы 3 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Үлгүлөрдүн бактериологиялык, микологиялык, вирусологиялык экспертизасы 21 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
22. Лабораториялык экспертизанын негизинде, экспертизанын жыйынтыгы алынган күндөн тартып, 24 сааттын ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү (мындан ары – аймактык башкармалык) карантиндик экспертизанын корутундусун берет.
Лабораториялык экспертизанын жыйынтыгында аймактык башкармалыктын кызматчылары карантинге алынган объекттин карантиндик фитосанитардык абалы тууралуу Акт түзөт. Акт корутунду алынган күндөн тартып, 24 сааттын ичинде, карантинге алынган объекттин ээсинин (ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) катышуусунда эки нускада түзүлүүгө тийиш. Актынын бир нускасы аймактык башкармалыкта сакталат, Актынын экинчи нускасы карантинге алынган объекттин ээсине (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) берилет.
23. Карантинге алынган объекттерде карантиндик объекттердин жугуп калуу (булгануу) белгилери табылган учурда, аймактык башкармалык Актыга кол коюлган күндөн тартып, 24 саат ичинде:
- карантиндик объектилердин табылгандыгы тууралуу ыйгарым укуктуу органга жазуу түрүндө маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына 9-тиркемеге ылайык, ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштама берет;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарга карантиндик объекттердин очогун (очокторун) локализациялоо жана жоюу боюнча чектөөлөрдү киргизүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарлайт.
24. Карантиндик фитосанитардык зона (анын аянтын көрсөтүү менен) Кыргыз Республикасынын, райондун, калктуу конуштун, ар кандай максаттуу багыттагы жер участокторунун, имараттын, курулуштун, топтоо жерлердин чек араларында белгилениши мүмкүн.
Карантиндик фитосанитардык режим киргизилген учурда, аймактык башкармалык карантиндик объекттерге каршы күрөшүү, алардын очокторун локализациялоо жана жоюу боюнча карантиндик фитосанитардык чаралар көрсөтүлгөн иш-чаралардын планын бекитет, ошондой эле белгиленген карантинге алынган продукцияны (карантинге алынган материалды, карантинге алынган жүктү) колдонууга, карантиндик фитосанитардык зонадан белгиленген карантинге алынган продукцияны (карантинге алынган материалды, карантинге алынган жүктү) ташып чыгууларга, тыюу салат, алардын аткарылышын контролдойт жана көзөмөл жүргүзөт.
25. Аймактык башкармалык Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына ушул Тартиптин 18-пунктунда берилген сунуштама жөнөтөт жана карантиндик объектти, карантиндик фитосанитардык зонанын (очогунун, коргой турган зонанын) чектерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына карантин, карантиндик фитосанитардык режим киргизүүнү сунуштайт.
26. Карантиндик объекттер табылган (булганган) аймакта жайгашкан ар кандай максатуу багыттагы жерлерге, имараттарга, курулуштарга, курулмаларга, резервуарларга, топтоо жерлерге жана объекттерге, карантин менчигинин түрүнө карабастан киргизилет.
27. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары тарабынан ушул Тартиптин 18-пунктунда берилген, карантин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, аймактык башкармалык:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлик органдары чыгарган карантин киргизүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу органга жиберет;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарга карантиндик объекттердин очогун (очокторун) локализациялоо жана жоюу боюнча чектөөлөрдүн киргизилгендиги, тыюу салынгандыгы жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берет;
- карантиндик фитосанитардык зонадагы карантинге алынган объекттердин карантиндик фитосанитардык абалын тактоо максатында контролдук текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- карантиндик фитосанитардык зонада карантиндик фитосанитардк режимдин сакталышын контролдойт (көзөмөл жүргүзөт).
28. Карантиндик объекттерди локализациялоо жана жоюу боюнча карантиндик фитосанитардык чараларды ишке ашырууда, башкармалык карантиндик фитосанитардык зонада контролдук текшерүү жүргүзөт.
29. Карантиндик объекттерге каршы күрөшүү боюнча карантиндик фитосанитардык иш-чаралар алар толук жок кылынганга чейин жүргүзүлөт.
6. Карантиндик фитосанитардык зонаны жоюу, карантиндик фитосанитардык режимди токтотуу, карантинди алып салуу
30. Карантинди алып салуу үчүн зарыл болгон негиздемелер:
- Аймактык башкармалыктын адистери тарабынан жүргүзүлгөн контролдук текшерүүлөрдүн маалыматтарына ылайык, карантин салынган карантиндик объекттин очогун жок кылуу, жана белгиленген аймакта карантиндик объекттин 3 жана андан ашык жылдын ичинде (зыяндуу организмдин биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша) жок болушу;
- карантин киргизилген карантиндик объектти Тизмеден алып салуу.
31. Карантинди алып салууга зарыл болгон негиздемелер бар болгон учурда, аймактык башкармалык 3 күндүн ичинде:
- ыйгарым укуктуу органга карантинди алып салуу үчүн тийиштүү негиздемелердин бар экендиги тууралуу маалымат берет;
- аткаруу бийлик органдарына ушул карантинди алып салуу Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштаманы жиберет;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарга мурда киргизилген тыюулар жана чектөөлөрдүн токтотулгандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарлайт.
32. Аймактык башкармалык 10-тиркемеге ылайык, ыйгарым укуктуу органга өтүп кеткен жыл ичинде карантиндик фитосанитардык режим киргизилген (алып салынган) объекттер жөнүндө жылына бир жолу маалымат берет.
_________________________________________________
1-тиркеме
Макулдашылды: _________________________ Толук аты-жөнү _______________________________ Колу ____________________ «____» ______________ 20____ ж. | Бекитемин: _________________________ Толук аты-жөнү _________________________ Колу____________________ «____» ______________ 20____ ж. |
Карантиндик объекттерди табуу максатында текшерүү жүргүзүү планы
№ | Облустун, райондун, айыл өкмөттүн аталышы | Өсүмдүк
| Карантиндик организмдин аталышы | Жалпы айдоо аянты, га | Текшерүү жүргүзүү зарыл, га | Текшерүү жүргүзүүнүн календардык мөөнөтү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
| |
2-тиркеме
Макулдашылды: _________________________ Толук аты-жөнү _______________________________ Колу ____________________ «____» ______________ 20____ ж. | Бекитемин: _________________________ Толук аты-жөнү _________________________ Колу ____________________ «____» ______________ 20____ ж. |
Карантиндик объекттерди табуу максатында кампа имараттарын текшерүү планы
№ | Ишкананын аталышы | Кампанын, сактоочу жайдын дареги | Кампанын товардык багытталышы | Кампанын жалпы аянты, кв. м | Кампанкөлөмү, куб. м | Булганган | Текшерүү жүргүзүүнүн календардык мөөнөтү | |
Карантиндик организмдин аталышы |
кв. м | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
| |
3-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН ӨСҮМДҮКТӨРДҮН КАРАНТИНИ ДЕПАРТАМЕНТИ
ФИТОСАНИТАРДЫК ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ №
Облус__________________________________________________________ Район ___________________________________________________
Шаар____________________________ Айыл округу же калктуу конуш ____________________________________________________________
Чарба же айыл чарба кошууну ____________________________________________________________________________________________
Ээсинин дареги (жеке жактар үчүн) ___________________________________________________________________________________________
Чарба ээсинин толук аты-жөнү _____________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________ табуу максатында карантиндик фитосанитардык текшерүү чарбанын, мекеменин ээсинин же өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
________________________________________________________________________________________________________________________
Текшерүү күнү “_____”_____________________________20____ж.
Участоктун номери жана аталышы | Өсүмдүк
| Өсүмдүк эгилген жалпы аянт (га) | Текшерилди | Булганган | Дарылоо талап кылынат | Зыянкечтин тукуму
| Көпөлөк куртунун жашы | ||
га | бактар (даана) | га | бактар (даана) | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Текшерүүчү _________________ аты-жөнү ________________________________
колу
МО Чарбанын, мекеменин ээси (өкүлү) ________________ аты-жөнү _________________________
колу
Эскертүү. Акт 2 нускада толтурулат (1 – чарба, айыл чарба кошуунунун өкүлүнө, 2 – аймактык органга).
4-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН ӨСҮМДҮКТӨРДҮН КАРАНТИНИ ДЕПАРТАМЕНТИ
Ишканалардагы элеваторлор, кампалар, сактоочу жайлар жайгашкан аймактарда
карантиндик жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес объекттерди табуу максатында
ФИТОСАНИТАРДЫК ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮ АКТЫСЫ №
Облус__________________________________________________________Район_________________________________________________
Шаар ____________________________ Айыл округу же калктуу конуш _________________________________________________________
Чарба же айыл чарба кошууну ____________________________________________________________________________________________
Ээсинин дареги (жеке жактарга) __________________________________________________________________________________________
Чарба ээсинин толук аты-жөнү _____________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________ табуу максатында карантиндик фитосанитардык текшерүү чарбанын, мекеменин ээсинин же өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.
________________________________________________________________________________________________________________________
Текшерүү күнү «_____»_____________________________20____ж.
Ишкананын аталышы | Кампаннын, сактоочу жайдын номери | Продукциянын аталышы | Сакталган продукциянын көлөмү (тонна) | Продукциянын келип чыгышы | Кампанын жалпы аянты, кв. м | Кампанын көлөмү, куб. м | Булганды, кв. м | Курт-кумурскалардын саны, өрчүү стадиясы (жумуртка, курт, имаго), даана |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
МО. Текшерүүчү _________________ аты-жөнү _______________________
колу
Чарбанын ээси (өкүлү) ________________ аты-жөнү ___________________
колу
Эскертүү. Акт 2 нускада толтурулат (1- чарбанын, айыл чарба кошуунун өкүлүнө, 2-аймактык органга).
5-тиркеме
_______________________________ фитосанитардык текшерүүлөрдү каттоо журналы
(район, облус, шаар)
№ | Айыл өкмөттүн аталышы | Участоктун номери жана аталышы, участок ээсинин толук аты-жөнү | Өсүмдүк
| Карантиндик организмдин аталышы | Өсүмдүк эгилген жалпы аянт (га) | Текшерилди | Булганган | Фитосанитардык текшерүү актысынын № жана күнү | |||
га | бактар (даана) | га | бактар (даана) | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6-тиркеме
_______________________________ кампа имараттарын текшерүүнү катоо журналы
(район, облус, шаар)
№ | Ишкананын аталышы, кампанын, сактоочу жайдын жайгашкан дареги, ээсинин толук аты-жөнү | Кампаннын, сактоочу жайдын номери | Продукциянын аталышы | Сакталган продукциянын көлөмү (тонна) | Продукциянын келип чыгышы | Кампанын жалпы аянты, кв. м | Кампанын көлөмү, куб. м | Булганган | Фитосанитардык текшерүү актысынын № жана күнү | |
га | бактар (даана) | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7-тиркеме
_______________________________ фитосанитардык текшерүү жүргүзүүгө арыздарды каттоо журналы
(район, облус, шаар)
№ | Участок ээсинин толук аты-жөнү | Өсүмдүк
| Өсүмдүк эгилген жалпы аянт (га) | Текшерилди | Фитосанитардык текшерүү актысынын № жана күнү | Лабораториялык экспертиза | Эскертүү | ||
га | бактар (даана) | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8-тиркеме
|
Топурактын баштапкы үлгүсүн тандап алуу ЭТИКЕТКАСЫ
|
Республика, облус _______________________________
Район ___________________________________________
Калктуу конуш ________________________________
Чарба _______________________________________
Жердин аталышы _________________________________
Өсүмдүк _______________________________________
Үлгү тандап алынган күн____________________________
Кошумча маалымат _____________________________
_______________________________________________
Текшерүүчүнүн аты-жөнү___________________________
Колу ________________________________________
« ____» _____________ 20 __ ж. | 1. Облус ______________________________________ 2. Район_________________________________________ 3. Калктуу конуш _______________________________ 4. Чарба _____________________________________ 5. Участок ээси ________________________________ _________________________________________________ (аты-жөнү, дареги)
6. Участоктун жайгашкан орду: короо жанында, талаада (керексизин сызып салгыла) 7. Үлгү тандалып алынган участоктун аянты __________га 8. Участокто өскөн өсүмдүктүн аталышы ____________ _________________________________________________ 9. 3 жыл ичинде участокто же талаада өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн аталышы ___________________________ ________________________________________________ 10. Өстүрүлгөн картошканын сорту __________________
11. Үлгүнү тандап алды___________________________
12. Үлгүнү тандап алган адамдын колу ________________
13. Үлгү тандап алынган күн _________________________ |
9-тиркеме
СУНУШТАМА
№_____ «____» ____________ 20____ж.
________________________________ районунда ________________________________облусундагы аймакта
_________________________ ___________________ өсүмдүгү табылган карантиндик объекттерде карантиндик фитосанитардык зоналарды белгилөө жөнүндө
Жер-жемиш өсүмдүктөрүндөгү карантиндик объекттердин очокторунун жайылып кетишин четтетүү, локализациялоо жана жок кылуу максатында “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелеринин, Евразиялык экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмегинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө Жобонун негизинде төмөнкүлөр сунушталат:
1. _____________________________ райондун, айыл аймактын аймактарында: _______________________________________________________ карантиндик зыяндуу организм боюнча карантиндик фитосанитардык зона _____________________________________________ 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. ______________________________________ райондун, айыл аймактын аймагында ___________________________________ карантиндик зыяндуу организм боюнча карантиндик фитосанитардык режим __________________________________________ 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.
3.____________________________________________________________________________________________________________ карантиндик зыяндуу организмди локализациялоо жана карантиндик зыяндуу организмдин популяциясын жоюу боюнча программа 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Аймактарында карантиндик фитосанитардык зона белгиленген райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
- ушул буйрукту карантиндик фитосанитардык зоналардын чек араларында жайгашкан чарба субъекттерине бир күндүк мөөнөттө жеткирсин;
- карантиндик фитосанитардык иш-чараларды __________________________________ карантиндик зыяндуу организмди локализациялоо жана карантиндик зыяндуу организмдин популяциясын жоюу боюнча программага ылайык иштеп чыгуу, бекитүү жана уюштууну райондук жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тапшырсын.
5. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрү, белгиленген карантиндик фитосанитардык режимди сактоо боюнча карантиндик фитосанитардык контролдук текшерүү жана көзөмөл жүргүзүүнү камсыздасын.
ӨКАБ башчысы Аты-жөнү
_______________ облусунун _____________ районунун, _______________ а/о аймагында карантиндик зыяндуу организмдер боюнча белгиленген карантиндик фитосанитардык зоналардын тизмеги
________________________________________________________________
орусча жана латынча аталышы
№ | КЗО очогу | Буфердик зоналар
| ||
Очоктордун жайгашкан жери, карантинге алынган объекттердин ээлери | Карантиндик фитосанитардык текшерүү актысы, Карантиндик фитосанитардык экспертиза күбөлүгү
| Аянт, га | ||
1 |
|
|
| __________ чегиндеги жер участоктору:
|
2 |
|
|
| |
Карантиндик фитосанитардык зона боюнча бардыгы: |
|
| ||
Район боюнча бардыгы: |
|
| ||
Облус боюнча бардыгы: |
|
|
| |
__________________________________________________ облусунун аймагындагы карантиндик фитосанитардык зоналарда катталган
________________________________________________________________
орусча жана латынча аталышы
карантиндик зыяндуу организм боюнча
карантиндик фитосанитардык режим
________________________________________________________________
орусча жана латынча аталышы
жайылып кетишин четтетүү, локализациялоо жана очогун жоюу боюнча программа
____________________________________ облусунун чек арасындагы карантиндик фитосанитардык зоналардын тизмеги
1. __________________________ район, участоктор _______________________
Буфердик зона: ________________________ чегинде жайгашкан жер участоктору ________________________________________________________________
2. ___________________________ район, а/ө, а/о _________________
Буфердик зона: ___________________________ чегинде жайгашкан жер участоктору
Чектөөлөрдүн тизмеси:
1.
2.
3.
ж.б.
________________________________________________________________ жайылып кетишин четтетүү, локализациялоо жана очокторун жоюу боюнча карантиндик фитосанитардык иш-чаралардын тизмеги
№ | Карантиндик фитосанитардык чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
Карантиндик фитосанитардык зонанын чек араларында жайгашкан карантинге алынган объекттерди текшерүү планы
Иш-чаранын аталышы | Текшерүү күнү жана мөөнөтү | Текшерүү жүргүзүү мезгили |
|
|
|
Карантиндик зыяндуу организмдин популяциясын жоюу жана карантиндик фитосанитардык режимди алып салуу критерийлери
Карантин тийиштүү карантиндик иш-чаралар өткөрүлгөндөн жана карантиндик зыянкечтердин, өсүмдүктөрдүн ооруларынын жана отоо чөптөрдүн очоктору толук жоюлгандан кийин алып салынат.
Карантиндик фитосанитардык зонада 3 жыл жана андан ашык убакыт ичинде ____________________________________________________ жоктугу контролдук текшерүү жана лабораториялык карантиндик фитосанитардык экспертизанын маалыматтарынын негизинде тастыкталгандыгы, анын жок кылынгандыгын далилдейт жана карантиндик фитосанитардык зонаны жоюуга жана карантиндик фитосанитардык режимди алып салууга негиз болуп санала
10-тиркеме
Фитоситосанитардык режим киргизилген (алып салынган)
объекттер жөнүндө маалымат
_____________________________________
(район, облус)
№ | Субъекттин (айыл өкмөттүн, калктуу конуштун, короо жай участогунун, чарбалык субъекттин) аталышы | Ээсинин (пайдалануучунун) аты-жөнү | Ээсинин (пайдалануучунун) почта дареги | Кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду | Карантиндик организмдин аталышы | Карантин режими киргизилген, га | Токтомдун реквизити | Текшерүү актысынын № жана күнү | Фитосанитардык карантиндик экспертиза күбөлүгүнүн № жана күнү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|