Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 24-марты № 1
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. 2020-жылдын 25-мартынын тартып 15-апрелине чейин саат 20-00дөн 07-00гө чейин Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында коменданттык саат киргизилсин.
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын коменданты милициянын полковниги Э.Ы.Молдокеевге жана Сузак районунун коменданты милициянын полковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |