Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 24-марты № 3
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттарын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын ИИБнин начальниги милициянын полковниги Молдокеев Эрнест Ыманбекович Жалал-Абад шаарынын коменданты, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын подполковниги Сатаров Эрнест Аскарбекович Сузак районунун коменданты болуп дайындалсын.
2. Аталган буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерге:
2.1. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендаттарынын ыкчам штабы түзүлүп, алардын курамы бекитилсин;
2.2. Өздөрүнө бекитилген аймактарда ыкчам абалдын кириши менен коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу үчүн Жалал-Абад шаары боюнча 3, Сузак району боюнча 11 блокпосттор түзүлсүн жана алардын орду, ага тартылган күчтөрдүн эсеби такталып, блокпосттордо үзгүлтүксүз иш алып баруу камсыздалсын;
2.3. Блокпосторго тартылган кызматкерлерге кызматка кирээрдин алдында жооптуу жетекчилер тарабынан нускамалар жүргүзүлүп, алардын кызмат учурундагы милдеттери жана укуктары жеткирилсин;
2.4. Аталган иш-чараларга элдик кошуундун жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылсын жана калк арасында өзгөчө абал жанан анын талаптарын аткаруу жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулсун.
2.5. Бекитилген аймактарда жашаган жана ички иштер органдарында каттоодо турган адамдарга, алардын ичинде ок атуучу куралдар катталган адамдарга өзгөчө көзөмөл жүргүзүлсүн.
2.6. Бекитилген аймактагы кырдаал, аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат күн сайын саат 17-00гө (03722) 7-04-12 факсы аркылуу, кырдаал курчуган учурда кечиктирилбестен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына берилсин.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |