Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 25-марты № 4
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында тиркемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнен, Сузак районунун ИИБнен жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын № 52870, № 12544, № 36806, № 92840 аскер бөлүктөрүнүн керектүү күчтөрүнөн турган биргелешкен блокпосттор коюлсун (тиркеме № 1).
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттары:
2.1. Өздөрүнө бекитилген бөлүмдөрдүн кызматтарынын, АМБнын начальниктерин бекитилген блокпостторго жооптуу катары дайындасын;
2.2. Блокпостторго тартылган кызматкерлердин иш графигин бекитип, материалдык-техникалык базасын камсыз кылсын;
2.3. Белгиленген графикте блокпосторго тартылган кызматкерлердин кызмат өтөөсүн текшерүүнү уюштуруп, аныкталган кемчиликтерди жеринде жоюу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |