Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 26-марты № 6
Өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундарын үзгүлтүксүз азык-түлүк, даары-дармектер жана күйүүчү май каражаттары менен камсыз кылуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу жана өткөрүү менен байланышкан төмөнкү жүктөрдү ташыган автоунаалардын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында тоскоолдуксуз жана күнү-түнү өткөрүүсүн камсыз кылууну:
- айыл чарба продукцияларын, азык-түлүктөрдү, суусундуктарды жана азык-түлүктөрдүн накталай, чийки жана иштетилген түрлөрүн коштолуучу өндүрүшү менен бирге (ороочу каражаттарын, тараларды өндүрүү ж.б.);
- даары-дармектерди, медициналык каражаттарды, алардын ичинде жеке коргоо каражаттарын, медициналык беткаптарды жана халаттарды;
- күйүүчү - майлоочу каражаттарды жана газ баллондорун.
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттарына жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |