Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 27-марты № 8
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына М.Т.Акматовго:
- 2020-жылдын 28-мартынан саат 08.00дөн саат 18.00гө чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпостко тиешелүү медициналык жабдыктары менен 2ден медицина кызматкеринин жана санэпидемициялык станциянын өкүлдөрүнүн коюлушун камсыз кылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн блокпостторго биотуалеттерди койсун;
- тиешелүү блокпостторго 200 кол кап жана 1 литрлик антисептик каражаттар камсыздалсын;
- Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктар менен биргеликте иш алып баруу менен Жалаал-Абад шаарынын аймагынан сырткары жашаган пенсионерлердин пенсияларын жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык маяналарын жашаган жерлеринде берүү схемасын иштеп чыгып, аталган иш-чарага тартылуучу автоунаалардын тизмелерин өткөрмө баракча алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;
- Жалал-Абад шаарынан башка аймактарга айыл-чарба шаймандарын, техникалардын тетиктерин, үрөөн алып келүү үчүн барууга ар бир айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен автотранспорт каражаттарын аныктап, алардын тизмелери өткөрмө баракчаларын алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго:
- транспорттордун санын чектөө максатында Жалал-Абад шаарына азык-түлүктөрдү, даары-дармектерди медициналык каржаттарды жана башка өтө зарыл товарларды алуу үчүн ар бир айыл өкмөттөн бирден автоунааны аныктап, алардын тизмесин өткөрмө баракча алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;
- айрым айылдардын тургундарынын малдарын сыртка жайлоого чыгаруу үчүн маршруттарын аныктап, алардын тизмелерин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына М.Т.Акматовго, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |