Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 28-марты № 10
Социалдык-экономикалык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө
Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары М.Т.Акматовго:
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан соода түйүндөрүндө, даарыканаларда жана элге зарыл керектүү товарларды саткан жайларда эмгектенген адамдардын санитардык-эпидемиялык иш-чараларды сактоосуна, кардарларды тейлеген адамдардын беткап жана колкаптар менен гана кызмат көрсөтүүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү кызматтарынын үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүсүн уюштурсун;
- дүкөндөрдүн, даарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү жайлардын ээлерине кардарлардын беткап менен гана киргизүүсүн жана тейлөөсүн, кызмат көрсөтүүчү жайларды антисептикалык каражаттар менен камсыз кылуусун жана кардарлардын көп топтолушуна чектөө киргизүүлөрүн жеткирсин;
- “Таш-Булак” блокпосту жайгашкан аймактагы айланып өтүүчү жолдорго бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн, Сузак районунун айыл аймактарынын жана айыл башчыларынын жергиликтүү тургундар арасында өзгөчө абал режиминин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүлөрүн уюштурсун жана көзөмөлдөсүн.
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты М.Т.Акматовго жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |