Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 28-марты № 11
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордогу жетекчиликти өткөрүп берүү жөнүндө
Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү боюнча коюлган блокпосттордун ишмердигин уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун начальниги - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник А.К.Камаловго:
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында коюлган блокпостторду 2020-жылдын 29-мартынан саат 08.00дөн тартып Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын жоопкерчилигине алсын жана блокпосттордун ишмердигин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын № 52870 аскер бөлүгүнүн командири полковник А.Т.Ахмедшариповго тапшырсын;
- Блокпосттордогу жетекчиликти жана иштөө режимин уюштуруп, блокпостторго тартылган күчтөрдүн курамын аныктап, жооптуу кызматкерлерди бекитсин;
- Блокпосттордун тынымсыз ишмердигин камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун ички иштер органдары жана башка тиешелүү кызматтары менен өз ара кызматташууну уюштурсун;
- Блокпосттордогу ыкчам кырдаал, тартылган күчтөр жана каражаттар, аткарылган иш-чаралар тууралуу маалыматтарды күн сайын саат 07.00дө жана 19.00дө, кырдаал курчуган учурда токтоосуз Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына берүүсүн камсыз кылсын.
2. Жалал-Абад облусунун ИИБнин КККнын начальниги милициянын начальниги А.А.Жусуповго:
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан блокпосттордогу жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүүнү уюштурсун;
- Ар бир блокпостко бирден жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын кызматкерин камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник Р.И.Абдыкалыковго:
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында деструктивдүү күчтөр, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын жактоочулары тарабынан боло турган чакырыктарга жана коркунучтарга талдоо жүргүзүп, аталган багытта тиешелүү ыкчам иш-чараларды жүргүзсүн;
- Коменданттык саатты колдоо боюнча режимди бузгандыгы үчүн кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген чет өлкөлүк жарандар менен тиешелүү ыкчам иш-чараларды алып барсын.
4. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларына жана Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
5. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |