Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 28-марты № 13
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда ыкчам иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө
Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасынын ыкчам штабынын кеңешмесинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 1 чечимин аткаруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.А.Сатаровго:
1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс, Атабек жана Барпы айыл аймактарында коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин жана иш-чарага тартылган кошумча күчтөрдөн турган топтор түзүлүп, 2020-жылдын 29-мартында жарандардын коомдук жайларда жүрүүсүнө чектөө киргизүү, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жарандарга карата чара көрүү боюнча иш-чаралар уюштурулсун.
1.2. Иш-чара жүргүзүлө турган аймактар, маршруттар аныкталып, тартыла турган күч каражаттар эсептелинип, нускамалоо жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 29-мартында саат 09.00гө Жалал-Абад облусунун ИИБге камсыз кылынсын.
1.3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн техникалары иш-чарага камсыздалсын.
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |