Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 29-марты № 14
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин ишмердик чөйрөсү боюнча уюштуруу жана координациялоо үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Эрматов Нурдин Абдыманапович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун комендантынын орун басары болуп дайындалсын.
2. Н.А.Эрматовго төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:
- Жалал-Абад облусунун аймагында медициналык мекемелердин иштерин координациялоо;
- Санитардык-эпидемиологиялык түзүмдөрдүн иштерин координациялоо.
3. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Н.А.Эрматовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |