Загрузка документа…
КОМЕНДАНТЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 31-марты № 18
Жалал-Абад шаарында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө
Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү жана Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасынын ыкчам штабынын кеңешмесинин 2020-жылдын 31-мартындагы № 2 чечимин аткаруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад шаарынын ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.Ы.Молдокеевге:
1.1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн, Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад шаарынын ИИБнин кызматкерлеринен турган топтор түзүлүп, 2020-жылдын 1-апрелинде жарандардын коомдук жайларда жүрүүсүнө чектөө киргизүү, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жарандарга карата чара көрүү боюнча иш-чаралар уюштурулсун.
1.2. Иш-чара жүргүзүлө турган аймактар, маршруттар аныкталып, тартыла турган күч каражаттар эсептелинип, нускамалоо жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 1-апрелинде саат 07.00гө Жалал-Абад облусунун ИИБге камсыз кылынсын.
1.3. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын муниципиалдык аймактык башкармалыктарынын жана элдик кошуундардын өкүлдөрү кошумча күч катары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тартылсын.
2. Жалал-Абад облусунун ИИБнин КЧБ иш-чарага тартылган автоунааларды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздасын.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад шаарынын коменданты Э.Ы.Молдокеевге.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |