Загрузка документа…
ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН,
НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 25-марты № 1
Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун Комендантынын орун басарларын дайындоо жөнүндө
2020-жылдын 24-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан тартып "Өзгөчө абал" киргизилип, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун Комендатурасы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, түзүлгөн кырдаалга жеринде чара көрүп, ыкчам иш-чараларды уюштуруу үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Генералдык Штабынын Ош гарнизонунда жайгашкан 8-Гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командир и полковник Исаков Урматбек Сулайманович, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун Комендантынын орун басары болуп дайындалсын.
2. Ош ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун Комендантынын Ош шаары боюнча орун басары болуп дайындалсын.
З. Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Рахманов Кеңешбек Ташбалтаевич, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун Комендантынын Ноокат району боюнча орун басары болуп дайындалсын.
4.Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Акпаров Оролбек Абдималикович, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун Комендантынын Кара-Суу району боюнча орун басары болуп дайындалсын.
5. Буйрук Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун Комендатурасынын өздүк курамына жарыялансын.
Комендант милициянын полковниги | Нурдинов М.А. |