Загрузка документа…
ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН
НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 25-марты № 5
Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында коменданттык саат киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Ош облусунун, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү" ПЖ № 56 Жарлыгынын 5-пунктунун талаптарын аткаруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында короновирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламатыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2020-жылдын 25-мартынан баштап 2020-жылдын 15-апрелине чейин саат 20:00ден саат 07:00ге чейин коменданттык саат киргизилсин.
2. Белгиленген аймактарда:
- коменданттын Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча орун басарлары коменданттык саата кызмат өтөө үчүн техника жана күч каражаттар аныкталсын.
- коменданттын маалымат борбору тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу жарандарга коменданттык саат жөнүндө маалымат жеткирилсин.
коменданттык саат учурунда жарандардын, жеке менчик автоууналардын жана тоскоолдуксуз жүрүүгө атайын өткөрмө уруксат кагазы жок жүрүүгө тыюу салынсын. Өзгөчө абалдын талаптарына баш инбеген жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
3. Буйруктун талаптарын аткаруу жагы коменданттын Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Комендант милициянын полковниги | Нурдинов М.А. |