Загрузка документа…
ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН
НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМӨНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 30-марты № 4 б
Санитардык-карантиндик посттордо азык-түлүк ташыган автоуиаа каражаттарын өткөрүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө
Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында азык-түлүктөрдү ташыган автоунаа каражаттарын санитардык-карантиндик посттор аркылуу өткөрүү тартибин жөнгө салуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Коменданттын орун басарларына: Ош шаары боюнча (Боронов М.С.), Кара-Суу району боюнча (Акпаров О.А.), Ноокат району боюнча (Рахманов К.Т.):
1.1. Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жайгашкан санитардык карантиндик посттордо азык-түлүктүн бардык түрлөрүн, курулуш материалдарын, айыл-чарба продукцияларын, дары-дармөк, медициналык каражаттарды, күйүүчү-майлоочу каражаттарын ташыган автоунааларды коменданттык саат киргенге чейин тоскоолдуксуз өткөрүү төмөндөгүдөй тартипте уюштурулсун:
- санитардык карантиндик посттордо жогоруда аталган жүктөрдү ташыган автоунааларды өткөрүүдө, алардын жол жүрүү маршруту каттоо журналдарына белгиленсин жана кайтып жатканда токтоосуз өткөрүлсүн.
1.2. Буюрманын талаптары бардык санитардык карантиндик постторго жеткирилип, аткарылуусу катуу көзөмөлгө алынсын.
2. Коменданттын маалымат борборуна: жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу жогорудагы маалыматтарды коомчулукка жеткирүү милдеттендирилсин.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Комендант милициянын полковниги |
Нурдинов М.А. |