Загрузка документа…
ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН
НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 1-апрели № 11 б
Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда санитарды-карантиндик посттор аркылуу тоскоолсуз өтүүчү автоунаа каражаттарынын жана жарандардын тизмесин кайрадан бекитүү жөнүндө
Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында, учурдагы түзүлүп жаткан кырдаалды эске алып, жарандардын кирүү, чыгуу, жүрүү эрежелерии жөнгө салуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендантынын 29.03.2020-жылдагы №6-б буюрмасынын №2-тиркемеси жокко чыгарылсын.
2. Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолсуз өтүүчү автоунаа каражаттарынын жана жарандардын жаңы тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Коменданттын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Генералдык Штабынын Ош гарнизонунда жайгашкан 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командирн (Исаков У.С), Коменданттын Ош шаары боюнча (Боронов М.С.), Кара-Суу району боюнча (Акпаров О.А.), Ноокат району боюнча (Рахманов К.Т.) орун басарларына:
3.1. Буюрманын тиркемесине ылайык өзгөчө абал киргизилген аймактарда, анын ичинде санитардык-карантиндик посттордо автоунаалардын жана жарандардын жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөдү жүзөгө ашыруу уюштурулсун.
4. Буюрманын аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Комендант милициянын полковниги |
Нурдинов М.А. |
| "01" 04-2020 жылдагы № 11-б буюрмасынын №1 Тиркемеси |
Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жайгашкан санитардык карантиндик посттор аркылуу тоскоолсуз өтүү укугуна ээ болгон атуулдардын жана автоунаалардын
ТИЗМЕСИ
Төмөндөгү автоунааларга жана жарандарга атайын өткөрмө уруксат кагазы талап кылынбайт жана коменданттык саатан сырткары убакытта тоскоолсуз кирүү, чыгуу, жүрүү укугуна ээ.
- мамлекеттик органдардын, жергиликүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматкерлери (кызматтык күбөлүгү же иштеген жеринен тактамасы жана өздүгүн тастыктоочу документа болуусу тийиш);
- укук коргоо органдардын, күч түзүмдөрдүн кызматкерлери (кызматтык күбөлүгү болуусу тийиш);
- медициналык кызматкерлер (иштеген жеринен тактамасы жана өздүгүн тастыктоочу документе болуусу тийиш);
- дары-дармек, медициналык каражаттарды ташыган автоунаалар.
- азык-түлүктүн бардык түрлөрүн (эт, ун, май, сүт азыктарын жана башка) ташыган (ДЭУ-Лабо, Портер, минивэн, пикап ж.б. үлгүсүндөгү автоунаалар) жана оор жүк ташуучу автоунаалар;
- курулуш материалдарды, айыл-чарба продукциясын, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө керектелүүчү каражаттарды, күйүүчү-майлоочу каражаттарын ташыган оор жүк ташуучу автоунаалар;
Төмөндөгү автоунааларга жана жарандарга атайын өткөрмө уруксат кагазы талап кылынбайт жана күнү түнү тоскоолсуз кирүү, чыгуу, жүрүү укугуна ээ.
- гемодиализ алуучу жана медициналык мекемелерге дайыма барууга аргасыз болгон, каттоодо турган башка оорулардын түрлөрү менен ооруган жарандар (оорусун тастыктаган тиешелүү аныктаманын болуусу тийиш), ооруканаларга күтүүсүз түрдө кайрылуусу зарыл болгон жарандар жана аларды алып жүргөн автоунаалар, коштоп жүргөн бирден көп эмес адамдар;
- Мекеме, уюм, ишканалардын үн жана жарык сигналдар менен жабдылган кызматтык атайын автоунаалары, атайын көрүнүктүү белгилери бар коммуналдык, авариялык-куткаруу кызматтардын автоунаалары күнү түнү тоскоолсуз, атайын өткөрмө уруксат кагазы жок кирүү, чыгуу, жүрүү укукуна ээ.
Эскертме:
Коменданттын чечими менен мамлекеттик маанилүү жана башка өзгөчө зарыл болгон учурларда күнү түнү автоунааларга жана жарандарга тоскоолсуз жүрүү укугу берилиши мүмкүн.