Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 2-апрели № 20
Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантатурасына мекеме ишканалдардан демөөрчүлүк максатында акча каражаты берилгендиктен, аталган каражатты максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүү жөнүндө
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасына мекеме ишканалардан демөөрчүлүк максатта акча каражаты берилгендиктен, аталган каражатты пайдалануусун көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүү жөнүндө
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жогорудагы аталган акча каражатты күйүүчү май жана башка керектелүүчү буюмдарды алуу үчүн төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
- Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантантынын орун басары милициянын полковниги А.Кудайбердиев.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Жалал-Абад ОИИБдин каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын майору К.Орозалиев
- Жалал-Абад ОИИБдин КККнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги А.Жусупов
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКнын Жалал-Абад областы боюнча бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги М.Маликов
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад областы боюнча бөлүмүнүн начальниги милициянын подполковниги А.Досов
Комиссиянын катчысы:
- Жалал-Абад ОИИБдин мамлекеттик сатып алуу тобунун улук инспектору милициянын лейтенанты К.Саркаров
2. Комиссия мүчөлөрү берилген акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу үчүн атайын ведомост жана журналдар ачылып, күйүүчү май жана башка керектелүүчү буюмдарды алган кызматкерлерге кол койдуруу тартиби менен жүргүзүлүүсүн жана буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алышсын.
3. Акча каражатын эсептөө жана каттоо жагы Жалал-Абад ОИИБдин каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын майору К.Орозалиев жүктөлсүн.
4. Буйрук комиссия мүчөлөрүнө жеткирилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |