Загрузка документа…
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН
ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 15-апрели № 11
Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын ОИИБнын Каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Д.Абдыкаировго жана Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге:
- Өзгөчө абал режими учурунда Нарын шаарынын аймагында жана Ат-Башы районунун аймагында автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алууга келген жарандардын арыздарын кезеги менен кабыл алып, каттап, уруксаат кагаздарын берүү иштерин уюштурсун;
- күн сайын саат 12-00 гө, 15-00 гө жана 18-00 гө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардан келип түшкөн арыздарды Нарын шаарынын жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери ыкчам штабына келип түшкөн арыздардын тууралыгын, маанилүүлүгүн карап чечүү үчүн берүүңүздөр талап кылынат;
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын ОИИБнын Каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Д.Абдыкаировго жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги |
У.К. Аалиев |