Загрузка документа…
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН
ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 15-апрели № 14
Өзгөчө абал режими киргизилген Нарын облусунун Ат-Башы районуна кошумча күч-каражаттарды жиберүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абалдар жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 3-4-7-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.04.2020-жылдагы №72-Жарлыгына ылайык, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы райондорунун аймагында жарандардын өмүрү жана ден-соолугун, коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу ошондой эле “Таажывирус” инфекциясынын Нарын облусунун башка аймактарына таралышына жол бербөө максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ат-Башы районунун аймагында таажывирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана жарандардын өмүр, ден-соолугуна коркунучтун алдын алуу максатында Нарын ОИИБнын КККдан 1 кызматкер милициянын капитаны К.Нурмамбетов, ЭММКАКтын ыкчам опер кызматкери милициянын ага лейтенанты Рахатбек уулу Ж., ОИИБы боюнча ЖКККБдан 1 экипаж атайын автоунаасы менен ошондой эле Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал жана Нарын райондорунда түзулгөн бирдиктүү топтун (сводный отряд) курамынан ар биринен 5тен кызматкерди толук экипировкасы (жеке коргонуу каражаттары, 3 күндүк кургак тамак-ашы) менен 2020-жылдын 16-апрель күнү саат 10:00гө Ат-Башы РИИБи боюнча жооптуу милициянын полковниги М.Т.Турпанбаевдин карамагына жиберилсин.
2. Аталган кызматкерлердин Ат-Башы районуна чейин жетиши боюнча чыгымдарды жогорудагы РИИБдердин начальниктери жана ОИИБнын тиешелүү бөлүм башчыларына милдеттендирилсин.
3. Кызматтык иш-сапарга жиберилген жогорудагы кызматкерлердин кызматтык тартибине көзөмөл жүргүзүү менен аларга жеринде маселелерди коюуу жагы Ат-Башы району боюнча жооптуу милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Ат-Башы РИИБдин начальниги милициянын полковниги Б.Арзыгуловдорго милдеттендирилсин.
4. Буйруктун талаптарынын аткарылышы боюнча жоопкерчилик ОИИБнын ЭММКАК, ККК, ЖКККБ, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын РИИБдеринин начальниктерине жүктөлсүн.
5. Буйрукка көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги |
У.К. Аалиев |