Загрузка документа…
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН
ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 16-апрели № 16
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан тейлөөнүн негиздери боюнча” мыйзамына ылайык, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы жашоо шарты оор абалда болгон жарандарга материалдык жардамдарды көрсөтүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын шаардык мэриясына жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына:
- жашоо шарты оор абалда жашаган жарандарды аныктап, материалдык жардамдар көрсөтүлсүн;
- жашоо шарты оор абалда жашаган жана материалдык жардамга муктаж болгон жарандардын тизмеси түзүлүп, бекитилсин;
- колдоого муктаж болгон жарандар социалдык колдоо пакеттери жана гуманитардык жардамдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылынсын;
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендантынын социалдык-экономикалык маселелер боюнча орун басары Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Н.Сатаровго жүктөлсүн.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги |
У.К. Аалиев |