Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты № 39
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 186, 2014-жылдын 10-январындагы № 4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 186 токтомуна ылайык Джолдошев Нурадил Балбаевичти "Замандаш-Современник" саясий партиясынын тизмеси боюнча Ош шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 3-мартындагы № 21 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субъектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады.
Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24, 26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.
Ош шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын.
3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 8-мартындагы Протоколу бекитилсин.
4. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет).
Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Ушул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтом Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|