Загрузка документа…
КЫРГЫЗРЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР-ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2020-жылдын18-сентябры №01-7/334
Электр энергиясынын жоготууларынын ченемдерин эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6- жана 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Энергетика жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамынын 4-берененисе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 1-пунктуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Электр энергиясын жоготууларын ченемдерин эсептөө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетика башкармалыгы:
1) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде төмөндөгүлөр боюнча чараларды кабыл алсын:
- буйрукту «Эркин Too» гезитинде расмий жарыялоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин расмий веб-сайттарына жайгаштыруу;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып бир күндүн ичинде буйрукту расмий тилиндеги көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрүндө, жарыялоо булагын белгилеп мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберүү;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберүү.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т. Кадырбаевге жүктөлсүн.
Төрага
| Э.К. Осмонбетов |