Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020ж. _______№__________ буйругу менен бекитилген
|
Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялардын жана берилген сертификаттардын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби
1. Ушул Тартип шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялардын жана берилген сертификаттардын Бирдиктүү реестрин (мындан ары – Бирдиктүү реестр) түзүү жана жүргүзүү, Бирдиктүү реестрде камтылган шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялар жана берилген шайкештик сертификаттары, алардын колдонулушу токтоп турганы, жаңыланышы же токтоп калганы тууралуу маалыматтарды берүү эрежесин белгилейт.
2. Бирдиктүү реестр электрондук түрдө түзүлгөн жана жүргүзүлгөн жалпы маалыматтык ресурсту түшүндүрөт.
3. Бирдиктүү реестр Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялар жана берилген шайкештик сертификаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын Тизмегине киргизилген продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялар жана берилген шайкештик сертификаттар тууралуу маалыматтар камтылат.
4. Бирдиктүү реестрди түзүү, шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана шайкештик сертификатын берген, сартификациялоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан Бирдиктүү терезеге берилүүчү маалыматтардын негизинде “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасында (мындан ары – Бирдиктүү терезе системасы) автоматтык түрдө ишке ашырылат.
5. Бирдиктү реестрге Бирдиктү терзе системасында иштебеген, сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдын шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялар жана берилген сертификаттар тууралуу маалыматтарды берүүсү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – Түндүк системасы) менен электрондук түрдө ишке ашырылышы керек. Маалыматтады берүү шайкештик жөнүндө декларация каттоодон өткөн же шайкештик сертификаты берилген күнү жүргүзүлөт.
6. Шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялар тууралуу маалыматтар төмөнкүдөй маалыматтарды камтуу менен электрондук жазуу жүзүндө (1-таблица) Бирдиктүү реестрде түзүлөт:
1) шайкештик жөнүндө декларациянын катталган номери жана күнү, колдонуу мөөнөтү (эгерде, техникалык регламентте (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттерде же стандарттарда) колдонуу мөөнөтү белгиленбесе “белгиленген эмес” деген жазуу түшүрүлөт);
2) юридикалык жактар үчүн (мындан ары – арыз берген уюм) – арыз берүүчүнүн толук аталышы, турган жери (юридикалык жактын дареги) жана ишкердигин жүзөгө ашырган дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса), жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн – жеке ишкер катары катталган юридикалык жактарды же жеке жактарды мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу каттоо же эсепке алуу (жеке, идентификациялык) номери, телефондорунун номери, электрондук дареги;
3) арыз берүүчү уюмдун жектечисинин же арыз берүүчү уюмдун шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамынын (ыйгарым укук берүүчү документтин аталышын жана реквизиттеин көрсөтүү менен) кызмат орду, аты-жөнү;
Эгерде, арыз берүүчү жеке ишкер катары катталган жеке жак болсо, жогоруда айтылган маалымат көрсөтүлөбйт.
4) шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган, сертификациялоо боюнча оргадын толук аталышы, жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги), ошондой эле ишкердигин жүзөгө ашырган жеринин дареги (эгерде даректери айырмаланса), телефон номерлери жана электрондук дареги же шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого алган ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы, жайгашкан жери, ошондой эле телефон номерлер жана электрондук дареги;
5) продукция жөнүндө маалыат, анын ичинде:
- продукцияны даярдаган юридикалык жактар жана анын филиалдары үчүн – даярдоочунун толук аталышы, жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) жана продукцияны даярдоо боюнча ишкердигин жүзөгө ашырган жеринин дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса), жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн - аты-жөнү, жашаган жери жана продукцияны даярдоо боюнча ишкердигин жүзөгө ашырган жеринин дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса);
- продукциянын белгилери жана аталышы (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттерде же стандарттарда каралган учурда) жана (же) продукцияны даярдоочу тарабынан ыйгарылган башка шарттуу белгилери (бар болсо);
- продукцияны идентификациялоону камсыздаган, ал тууралуу башка маалыматтар (бар болсо);
- ага ылайык продукция даярдалган документтин (документтердин) аталышы жана белгилери (стандарт, уюмдун стандарты, техникалык шарттар же башка документтер) (бар болсо);
- Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык продукциялардын коду (коддору);
- декларациялоо обьектинин аталышы (сериялык чыгарылышы, партиясы же жалгыз чыгарылган буюм). Сериялык чыгарылуучу продукциялар үчүн “сериялык чыгаруу” деген жазуу түшүрүлөт. Продукциялардын партиясы үчүн партиянын өлчөмү, жалгыз чыгарылган буюм үчүн – буюмдун заводдук номери көрсөтүлөт. Продукциялардын партиясы жана жалгыз чыгарылган буюм үчүн продукциянын партиясын (анын өлчөмүн) же жалгыз чыгарылган буюмду идентификациялоочу, товарды коштоочу документтин реквизиттери көрсөтүлөт.
6) талаптары боюнча шайкештигине декларация жүргүзүлгөн техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттер же стандарттар) аталышы жана белгилери;
7) техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарына продукциялардын шайкештигин тастыктаган документтер жөнүндө маалымат, анын ичинде:
- сыноо жүргүзгөн лабораториянын (борбордун) аталышын, номерин, күнүн, аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин (бар болсо) көрсөтүү менен изилдөө (сыноо) жана өлчөө (шайкештигин декларациялоо сехемасында каралган учурда) протоколдору;
- менеджмент системасынын сертификатын берген, менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын аталышын, номерин, күнүн жана аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин көрсөтүү менен менеджмент системасынын сертификаты;
- техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарына продукциялардын шайкештигин тастыктоо катары арыз берүүчү тарабынан сунушталган башка документтер;
8) шайкештигин декларациялоодо колдонулган схема тууралуу маалымат;
9) шайкештиги жөнүндө декларацияда кошумча маалымат катары сунушталган маалыматтар:
- эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмесине киргизилген стандартын аталышы жана белгилери, алар жок болсо, аны ыктыярдуу колдонуунун жыйынтыгында техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарынын сакталышы камсыздалган – улуттук (мамлекеттик) стандарттар же анын белгиленген бөлүмдөрү (пункттары же пунктчалары), эгерде техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарын сактоо жалпы стандартты эмес, ушул стандарттын айрым бөлүмдөрүн (пункттарын же пунктчаларын) колдонуу менен камсыздалса (колдонулган учурда);
- башка стандарттар жана документтер (колдонулган учурда);
- продукцияны сактоо шарттары жана мөөнөтү (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттеринде же стандарттарда каралган учурда);
- башка маалыматтар (бар болсо);
10) шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу статусу, шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушунун токтотулуп туруусуна, жаңылануусуна жана токтоп калуусуна негиздеме жана дата (шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушу убактылуу токтоп калса, жаңыланса жана токтотулса);
11) шайкештик жөнүндө декларацияга тиркеме (тиркемелер) туралуу маалымат (тиркемелерде барактарды саны), ошондой эле тиркемеде камтылган маалыматтар (тиркемеси бар болсо).
7. ББ/ЕАЭБ ТР боюнча продукцияларга карата берилген шайкештик сертификаттары жөнүндө маалыматтар, Продукциянын тизмеги Бирдиктү реестрде төмөнкүдөй маалыматтар камтылган, электрондук жазуу түрүндө түзүлөт (2-таблица):
1) шайкештик сертификаты берилген күн жана катталган номер, колдонуу мөөнөтү (эгерде техникалык регламентте (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттере же стандарттарда) колдонуу мөнөтү белгиленбесе, “белгиленген эмес” деген жазуу түшүрүлөт), шайкештик сертификаты таризделген бланктын типографиялык номери;
2) арыз берүүчүнүн толук аталышы, анын туган жери (юридикалык жактын дареги) жана ишкердигин жүзөгө ашырган дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса даректер) – юридикалык жактар үчүн же аты-жөнү, жашаган жери жана ишкердигин жүзөгө ашырган дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса даректер) – жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн, ошондой эле юридикалык жакты мамдекеттик каттоодо же жеке жакты жеке ишкер катары каттоодо ыйгарылган номери, телефон номерлери жана электрондук дареги;
3) продукцияны даярдаган юридикалык жактар жана анын филиалдары үчүн – даярдоочунун толук аталышы, жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) жана продукцияны даярдоо боюнча ишкердигин жүзөгө ашырган жеринин дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса), жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн - аты-жөнү, жашаган жери жана продукцияны даярдоо боюнча ишкердигин жүзөгө ашырган жеринин дареги (даректери) эгерде даректери айырмаланса);
4) шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган, сертификациялоо боюнча оргадын толук аталышы, жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги), ошондой эле ишкердигин жүзөгө ашырган жеринин дареги (эгерде даректери айырмаланса), телефон номерлери жана электрондук дареги же шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого алган ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы, жайгашкан жери, ошондой эле телефон номерлер жана электрондук дареги;
5) сертификациялоо боюнча органдын жетекчисинин (ыйгарым укуктуу жактын) аты-жөнү;
6) сертификациялоо боюнча органдын экспертинин (эксперт-аудитордун) аты-жөнү;
7) продукция жөнүндө маалыат, анын ичинде:
- продукциянын белгилери жана аталышы (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттерде же стандарттарда каралган учурда) жана (же) продукцияны даярдоочу тарабынан ыйгарылган башка шарттуу белгилери (бар болсо);
- продукциянын аталышы (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттерде же стандарттарда каралган учурда) (бар болсо);
- идентификациялоону камсыздаган, ал тууралуу башка маалыматтар (бар болсо);
- ага ылайык продукция даярдалган документтин (документтердин) аталышы жана белгилери (стандарт, уюмдун стандарты, техникалык шарттар же башка документтер);
- декларациялоо обьектинин аталышы (сериялык чыгарылышы, партиясы же жалгыз чыгарылган буюм). Сериялык чыгарылуучу продукциялар үчүн “сериялык чыгаруу” деген жазуу түшүрүлөт. Продукциялардын партиясы үчүн партиянын өлчөмү, жалгыз чыгарылган буюм үчүн – буюмдун заводдук номери көрсөтүлөт. Продукциялардын партиясы жана жалгыз чыгарылган буюм үчүн продукциянын партиясын (анын өлчөмүн) же жалгыз чыгарылган буюмду идентификациялоочу, товарды коштоочу документтин реквизиттери көрсөтүлөт;
8) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык продукциялардын коду (коддору);
9) талаптары боюнча шайкештигине декларация жүргүзүлгөн техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттер же стандарттар) аталышы жана белгилери;
10) техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарына продукциялардын шайкештигин тастыктаган документтер жөнүндө маалымат, анын ичинде:
- Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдардын бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын (борбордун) аталышын, номерин, күнүн көрсөтүү менен сыноолордун (изилдөөлөрдүн) жана өлчөөлөрдүн (шайкештигин декларациялоо сехемасында каралган учурда) протоколдору, аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин;
- өндүрүштүн абалына жүргүзүлгөн талдоо акты (шайкештигин декларациялоо сехемасында каралган учурда);
- менеджмент системасынын сертификатын берген, менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын аталышын, номерин, күнүн жана аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин көрсөтүү менен менеджмент системасынын сертификаты (шайкештигин декларациялоо сехемасында каралган учурда) аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин;
- продукциялардын долбоорун изилдөө тууралуу корутунду берген уюмдардын аталыштарын, номерин жана күнүн көрсөтүү менен продукциялардын долбоорун изилдөө жөнүндө корутунду (шайкештигин декларациялоо сехемасында каралган учурда), аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин;
- продукциялардын тибин изилдөө тууралуу корутунду берген уюмдардын аталыштарын, номерин жана күнүн көрсөтүү менен продукциялардын тибин изилдөө жөнүндө корутунду (шайкештигин декларациялоо сехемасында каралган учурда), аккредитациялоо аттестатынын катталган номерин;
- техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарына продукциялардын шайкештигине далил катары арыз берүүчү сунуштаган башка документтер;
11) сертификациялоодо колдонулган схема жөнүндө маалымат;
12) шайкештик сертификатында кошумча маалымат катары берилген маалыматтар:
- эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмесине киргизилген стандартын аталышы жана белгилери, алар жок болсо, аны ыктыярдуу колдонуунун жыйынтыгында техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарынын сакталышы камсыздалган – улуттук (мамлекеттик) стандарттар же анын белгиленген бөлүмдөрү (пункттары же пунктчалары), эгерде техникалык регламенттин (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын) талаптарын сактоо жалпы стандартты эмес, ушул стандарттын айрым бөлүмдөрүн (пункттарын же пунктчаларын) колдонуу менен камсыздалса (колдонулган учурда);
- башка стандарттар жана документтер (колдонулган учурда);
- продукцияны сактоо шарттары жана мөөнөтү (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттеринде же стандарттарда каралган учурда);
- колдонуу мөөнөтү (жарактуулугу) же продукциянын ресурсу (Продукциянын тизмеги боюнча техникалык регламенттеринде же стандарттарда каралган учурда);
- башка маалыматтар (бар болсо);
13) шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу статусу, шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушунун токтоп туруусуна, жаңылануусуна жана токтотулушуна негиздеме жана дата (шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулушу убактылуу токтоп калса, жаңыланса жана токтотулса);
14) шайкештик жөнүндө декларацияга тиркеме (тиркемелер) туралуу маалымат (тиркемелерде барактарды саны) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тиркеме электрондук формада таризделген учурда талап кылынбайт), ошондой эле тиркемеде камтылган маалыматтар (тиркемеси бар болсо).
3. Корутунду жобо
8. Кызыкдар болгон жактардын суроо-талабы боюнча Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтарды кагаз жүзүндө сунуштоо Кыргыз Республикасынын Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат.
9. Бирдиктүү реестрден маалыматтарды электрондук түрдө кызыкдар болгон жактардын маалыматтык системасына берүү Түндүк системасы аркылуу автоматтык түрдө ишке ашырылат.
10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Бирдиктүү терезе” борбору Мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү реестрди техникалык коштоо боюнча жооптуу болуп саналат.
1-таблица
Продукциялардын тизмеги, ББ/ЕАЭСБ ТР боюнча шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестринин формасы
(Реестрдин графаларын толтуруу үчүн Тартиптин 6-пунктун караңыздар)
Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо номери жана датасы, колдонуу мөөнөтү | Арыз берүүчүнүн аталышы, турган жери, байланыш үчүн маалыматтар | Арыз берүүчү уюмдун жетекчисинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү | Сертификациялоо боюнча органдын же шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого алган ыйгарым укуктуу уюмдун аталышы, жайгашкан жери, ишкердигижүзөгө ашырган жери, даркетери, байланыштуу үчүн маалымат
| Продукциялар жөнүндө маалымат | Талаптарына ылайык декларациялоо жүргүзүлгөн Продукциялардын тизмеги боюнча ББ/ ЕАЭБ/ ТР/стандарттарынын аталыштары жана белгилери | Продукциялардын тизмеги боюнча ББ/ ЕАЭБ/ ТР/стандарттарынын талаптарына шайкештигин ырастаган документтер жөнүндө маалымат | Шайкештигин декларациялоодо колдонулган схема туралуу маалымат | Шайкештик декларациясында кошумча маалымат катары берилген маалыматтар | Шайкештик декларациясынын колдонуу статусу, негиздеме жана дата | Шайкештик декларациясына карата тиркеме (тиркемелер) тууралуу маалымат |
2-таблица
Продукциялардын тизмеги, ББ/ЕАЭСБ ТР боюнча берилген шайкештик сертификаттары жөнүндө реестрдин формасы
(Реестрдин графаларын толтуруу үчүн Тартиптин 7-пунктун караңыздар)
Шайкештик сертификатынын каттоо номери жана дата, колдонуу мөөнөтү | Арыз берүүчүнүн аталышы, турган жери, дареги, байланышуу үчүн маалыматтар | Даярдоочунун аталышы, турган жери, дареги, байланышуу үчүн маалыматтар | Сертификациялоо боюнча органдын аталышы, ареги, байланышуу үчүн маалыматтар | Сертификациялоо боюнча органдын жетекчисинин (ыйгарым укуктуу адамдын) аты-жөнү | Сертификациялоо боюнча органдын экспертинин аты-жөнү | Продукция жөнүндө маалымат | Продукциянын ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (коддору)
| Талаптарына ылайык сертификацияланган Продукциялардын тизмеги боюнча ББ/ ЕАЭБ/ ТР/стандарттарынын аталыштары жана белгилери | Продукциялардын тизмеги боюнча ББ/ ЕАЭБ/ ТР/стандарттарынын талаптарына шайкештигин ырастаган документтер жөнүндө маалымат | сертификациялоодо колдонулган схема туралуу маалымат | Шайкештик сертификатында кошумча маалымат катары берилген маалыматтар
| Шайкештик жөнүндө сертификаттын колдонуу статусу, анын колдонулушунун токтоп туруусун, жаңылануусуна, токтотулушуна негиздеме жана дата | Шайкештик сертификатынын тиркемеси (тиркемелери) жөнүндө маалымат |