Загрузка документа…
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2020-жылдын “1” июнундагы №1 буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк жана бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (тизмеси) 3-главасынын 24-пункту)
Жалпы жобо
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин райондук жана шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - РШЭСӨБ) жүзөгө ашырат.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген тийиштүү стандарттын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандартында берилген негизги параметрлер:
1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр:
Кыргыз Республикасынын жарандары:
- психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары-ДМЧ балдар);
- психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;-
- I жана I топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- улгайган курагына байланыштуу өз алдынча тейлөөгө жөндөмсүз адамдар, анын ичинде жубалар (мандан ары – улгайган жарандар)
- белгилүү бир жашаган жери жок адамдар.
2) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы арыз берилген күндөн тарта 1 айга чейин;
3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- кызмат алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жетелектер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы(ушул стандарттын 1-тиркемеси);
- турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
- ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими;
- туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу жөнүндө арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт;
- өздүгүн ырастаган документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
- медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №365 «Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу» токтому менен бекитилген форма боюнча
- үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
- кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңги затка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат);
- көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы;
- алуучу пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат;
- 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт);
- ДМЧА реабилитациялоонун жекече программасынан көчүрмөсү;
- пенсиялык курактагы адамдар үчүн - пенсиялык ырастаманын көчүрмөсү;
- РШЭСӨБ жолдомосу.
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы - жолдомо берүүнүн мамлекеттик кызматы акысыз көрсөтүлөт.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Стационардык тейлөө боюнча социалдык кызмат алууга муктаж жарандар РШЭСӨБдүн жолдомосу жана документтердин толук пакети менен ССМга келет, эгерде документтердин толук пакети жок болсо, баш тартылат.
ССМга жолдомолорду берүү процесси төмөнкү иш-аракеттерди камтыйт::
Иш-аракетти майда-чүйдөсүнөн бери сүрөттөө | ||
Жол-жобонун аталышы | Эскертүү | |
1 | Арызды кабыл алуу жана каттоо | ССМге жолдомо алгандыгы тууралуу арыз ээсинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы. |
2 |
Документтерди тариздөө | Социалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн адиси: - арыз ээсинин арызын кириш документтер журналына каттайт; - документтердин комплекттүүлүгүн жана алардын туура толтурулушун текшерет; - берилген документтер комплектелбеген учурда арыз ээсине түшүндүрмө берет, баш тартууну тариздейт жана алынган документтерди арыз ээсине кайтарып берет; - документтердин толук пакети берилген учурда бөлүмдүн начальнигине отчет берет жана текшерүү актысын жүргүзөт; - документтердин көчүрмөсүн алат жана ССМге жолдомо даярдайт. - Арыз ээсинин документтерин кабыл алуу 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт. - Арыз ээсине берилген документтерди кайтарып берүү 15 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блогу-схемасы
5. Кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
Фронт-офис
2-таблица
1. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөсү
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызматтык адам | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин жыйынтыгы | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||||
1-жол-жобо. Арыз кабыл алуу жана каттоо | |||||||||
1.1-иш-аракет. Арыз ээсин кабыл алуу | РШЭСӨБ социалдык кызма көрсөтүү боюнча адиси | 15 мүн. | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; - «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 «Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө» токтому. | арыз ээси ССМге жолдомо берүү үчүн зарыл болгон документтер тууралуу маалымат алды | |||||
1.2-иш-аракет. консультация
| 20 мүн.- 30 мүн. | Документтердин комплекттүүлүгүн жана алардын туура толтурулушун текшерүү; | |||||||
а) арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө консультация берилди. Кайрылуу төмөнкүдөй жолдор менен кабыл алынышы мүмкүн: - оозеки түрдө (түздөн-түз кайрылган учурда же болбосо телефон аркылуу).); - жазуу жүзүндө; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтында электрондук формада. Арыз ээси ССМга жолдомо алуу үчүн зарыл болгон документтерди берген учурда РШЭСӨБ адиси 2-иш-аракетке өтөт. | |||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөткө чейин | |||||||||
Бул жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: кийинки 2-иш-аракет | |||||||||
2.1-иш-аракет. Арыз ээсинин документтеринин толук пакетин катталуусун кароо
| РШЭСӨБ социалдык кызма көрсөтүү боюнча адиси | 25 мүн | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" - «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» - «Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 «Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө» токтому | Документтердин комплекттүүлүгүн жана алардын туура толтурулушун текшерүү; | |||||
2.2-иш-аракет. Башка мамлекеттик жана / же муниципалдык мекемелер менен өз ара аракеттенүү | 1 күн | Башка мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелер менен текшерүү актысын өткөрүү | |||||||
2.3-иш-аракет. ССМга жолдомо берүү жөнүндө чечим даярдоо | 35 мүн | Документтердин көчүрмөлөрүн алуу жана ССМга жолдомо даярдоо. | |||||||
№2-жол-жобонун жыйынтыгы: а) арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө консультация берилди. Кайрылуу төмөнкүдөй жолдор менен кабыл алынышы мүмкүн: - оозеки түрдө (түздөн-түз кайрылган учурда же болбосо телефон аркылуу).); - жазуу жүзүндө; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтында электрондук формада. Арыз ээси ССМга жолдомо алуу үчүн зарыл болгон документтерди берген учурда РШЭСӨБ адиси 2-иш-аракетке өтөт. | |||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 1 күнгө чейин, 60 мүнөт | |||||||||
Бул жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: жол-жобонун аягы | |||||||||
5. “Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жол-жобону аткаруунун схемасы(алгоритм)
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы болуп: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 5
5 |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (мүнөт, саат, күн) | 1 саат, (жазуу жүзүндө кайрылууну кароо мөөнөтү жана арыз ээсине 14 күндүн ичинде жооп берүү ) |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | 1 |
4. Керектөөчүдөн суралуучу документтердин саны | 13 |
5. Кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомство ичиндеги өз ара аракеттенүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө |
1 4 |
6. Кызмат көрсөтүүгө катышкан адамдардын саны | 5 |
7. Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны | 1 |
8. Башкалар |
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (күнүмдүк) жана сырткы контрол жүргүзүлөт.
1) Ички контролду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин райондук жана шаардык башкармалыктарынын жетекчилери жүргүзөт.
2) Ички (күнүмдүк) контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорун жана ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Пландан тышкары текшерүүлөр керектөөчүлөрдүкн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу маселеси каралат..
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун сырткы контролун Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин чечими менен түзүлүүчү комиссия, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контроль жана көзөмөл жүргүзүү функциясы жүктөлгөн башка органдар тарабынан ишке ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы протокол/маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке үч жылды бир жолудан кем эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Кызмат адамдары жана РШЭСӨБдүн, СКДнын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгынын кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Ушул мамлекеттик кызматты акыркы керектөөчүгө жеткирүү максатында, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Асанбаева Саида Касмалиевна – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси