Загрузка документа…
| 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2020-жылдын “1” июнундагы №1 буйругу |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
"Социалдык стационардык мекемелерде стационардык тейлөө»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк жана бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (тизмеси) 3-главасынын 25-пункту)
1. Жалпы жобо
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык стационардык мекемелери (мындан ары - ССМ) жүзөгө ашырат.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген тийиштүү стандарттын талаптарына шайкеш келет.
3. . Кызмат көрсөтүүнүн стандартында берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы арыз берилген күндөн тарта 7 жумуш күнгө чейин;
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр:
- психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары-ДМЧ балдар);
- психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- I жана I топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- улгайган курагына байланыштуу өз алдынча тейлөөгө жөндөмсүз адамдар, анын ичинде жубалар (мандан ары – улгайган жарандар)
3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- кызмат алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жетелектер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы
- турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
- ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими;
- туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу жөнүндө арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт;
- салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №365 «Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу» токтому менен бекитилген форма боюнча
- үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
- кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңги затка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат);
- көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы;
- алуучу пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат;
- 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт);
- ДМЧА реабилитациялоонун жекече программасынан көчүрмөсү;
- пенсиялык курактагы адамдар үчүн - пенсиялык ырастаманын көчүрмөсү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар үчүн - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастаган ырастаманын көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин же жашаган жери боюнча райондук/шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жолдомосу.
4) Кызмат көрсөтүүнүн наркы - жолдомо берүүнүн мамлекеттик кызматы акысыз көрсөтүлөт.
5) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын минималдуу социалдык стандартына ылайык коштоочу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин камсыз кылуу менен социалдык жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлү астында ССМда жашоо үчүн шарттар.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. |
ССМда тарбиялануучуларды кармоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу керектөөчүлөргө маалымдоо
| 1). Арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалымат берүү (оозеки, жазуу жүзүндө, же болбосо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына маалымат жайгаштыруу аркылуу). 2). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө маалыматтарды ССМдин маалымат такталарында жайгаштыруу жана аны өз убагында жаңылоо. Бул иш-аракеттин натыйжасы кийинки иш-аракетти баштоо үчүн өткөрүлбөйт. |
2. | ССМда социалдык жашоого арыз ээсин кабыл алуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн документтерди кабыл алуу | Мыйзамдуу өкүлдөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун ССМга стационардык тейлөөгө кабыл алуу жөнүндө арызы.
|
3 | Тарбиячыны клиентке бекитүү |
|
4 | ССМда кызмат көрсөтүү |
|
3. Жол-жобонун аткарылышынын блок-схемасы (алгоритмдер)
2. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөсү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызматтык адам | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин жыйынтыгы | |||||||||||||||||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөткө чейин | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||||||||||||||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2. | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2-жол-жобо. ССМда социалдык жашоого арыз ээсин кабыл алуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн документтерди кабыл алуу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2.1-иш-аракет. представителя о ССМга кирүүгө мыйзамдуу өкүлүнөн арыз |
ССМнын социалдык кызматкери, медициналык кызматкери
| 40 | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; - «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»;
| Бул иш-аракеттердин алкагында социалдык педагог: - арыз ээсинин ким экендигин же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын белгилейт (жеке кайрылуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда).); - алынган документтерди арыз берүүчүгө кайтарып берет. | |||||||||||||||||||||||||||||
2.2-иш-аракет кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуну ССМга стационардык тейлөөгө кабыл алуу |
| 25 | -“ Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 «Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө» токтому; -Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылдын 14-августундагы №82 буйругу. | - Документтердин комплекттүүлүгүн жана алардын туура толтурулушун текшерет; - Зарыл болгон документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбеген фактылар табылган учурда, арыз берүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүүнүн мөөнөттөрү, ошондой эле табылган шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн арыз ээси көрүүгө тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берет. Арыз ээсине документтерди туура эмес жол-жоболоштуруунун табылган фактыларын четтетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Кардардын жашоо шарттары менен таанышуу. | |||||||||||||||||||||||||||||
2.3-иш-аракет Ушул иш-аракеттин алкагында кызмат адамы же кызматкердин кабыл алуусу | 10 |
| - ССМга стационардык тейлөөнү кабыл алууга буйруктун долбоорун даярдайт; ССМда стационардык тейлөөнү кабыл алууга буйрук чыгарат; - ССМга стационардык тейлөөнү кабыл алуу үчүн буйрукту журналга каттайт (бир күндүн ичинде) | ||||||||||||||||||||||||||||||
2.3-иш-аракет Маалымат базасына киргизүү | 10 |
| Документтердин толук пакети берилген учурда арыз ээсинин маалыматтарын Министрликтин Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына (СЖКМТ) киргизет. | ||||||||||||||||||||||||||||||
3- иш-аракет | 2 | 1с.25мүн. | 5 ЧУА |
| |||||||||||||||||||||||||||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: а) стационардык мекемеде арыз ээсинин ким экендиги белгиленди. | |||||||||||||||||||||||||||||||||
б) документтер толукталган, кардардын жашоо шарттары менен таанышып чыккан. | |||||||||||||||||||||||||||||||||
в) ССМга стационардык социалдык тейлөөнү кабыл алуу буйругу чыккан, буйрук журналда катталган. | |||||||||||||||||||||||||||||||||
в) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун маалыматтар базасына киргизүү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 саат 25 мүнөткө чейин | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||||||||||||||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3-жол-жобо. Социалдык стационардык мекемелерде кызмат көрсөтүү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.1-иш-аракет Ушул иш-аракеттин алкагында кызмат адамдарына же кызматкерлерге | - Дарыгер; - тарбиячы/бала багуучу; -Социалдык педагог; -Дефектолог; -бала багуучу ж.б.
|
| - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" - «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» - «Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 «Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө» токтому; -Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылдын 14-августундагы №82 буйругу.
| Тарбиячы/бала багуучулар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга жашоо шарттары менен тааныштырат. | |||||||||||||||||||||||||||||
3.2-иш-аракет Убактылуу турууга келишим түзүү | ССМдагы тийиштүү адистер |
| Убактылуу шарттарда ССМда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды жайгаштыруу ССМнын жетекчиси менен кызмат алуучу же анын мыйзамдуу өкүлүү менен түзүлгөн келишимдин негизинде таризделет,аны менен кызмат көрсөтүүнүн түрү, көлөмү жана убактылуу болуунун мөөнөтү аныкталат. | ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар жашоо шарттары менен таанышты, тийиштүү адистерге (социалдык, медициналык кызматкерлер) менен бекитилген. б) мекеменин жетекчиси менен кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ССМде убактылуу болуу шарты келишими түзүлгөн. | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 14 күнгө чейин | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1- жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||||||||||||||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: жол-жобонун аягы | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3. "Социалдык стационардык мекемелерде стационардык тейлөө» жол-жобосун аткаруунун блок-схемасы (алгоритм)
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы болуп: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 3
2 1 |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (мүнөт, саат, күн) | Документтерди кабыл алууга, алгачкы санитардык иштетүүдөн жана медициналык кароодон өткөрүүгө чектелген мөөнөт 2 сааттан ашык эмес. Социалдык стационардык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө ССМнын буйругун чыгаруунун чектүү мөөнөтү – 1 саат, ССМга жолдомом менен керектөөчүнүн келген күнү. |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | 1 |
4. Керектөөчүдөн суралуучу документтердин саны | 9 |
5. Кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомство ичиндеги өз ара аракеттенүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө | |
6. Кызмат көрсөтүүгө катышкан адамдардын саны | 5 |
7. Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны | 2 |
8. Башкалар |
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (күнүмдүк) жана сырткы контрол жүргүзүлөт.
1) Ички контролду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин райондук жана шаардык башкармалыктарынын жетекчилери жүргүзөт.
2) Ички (күнүмдүк) контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорун жана ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Пландан тышкары текшерүүлөр керектөөчүлөрдүкн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу маселеси каралат..
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун сырткы контролун Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин чечими менен түзүлүүчү комиссия, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контроль жана көзөмөл жүргүзүү функциясы жүктөлгөн башка органдар тарабынан ишке ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы протокол/маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке үч жылды бир жолудан кем эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Кызмат адамдары жана РШЭСӨБдүн, СКДнын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгынын кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Ушул мамлекеттик кызматты акыркы керектөөчүгө жеткирүү максатында, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Асанбаева Саида Касмалиевна – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси