Загрузка документа…
| 8-тиркеме Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын “1” июнундагы № 1 буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк жана бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (тизмеси) 3-главасынын 27- пункту)
1. Жалпы жобо
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин райондук жана шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - РШЭСӨБ) жүзөгө ашырат.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген тийиштүү стандарттын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандартында берилген негизги параметрлер:
1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убактысы:документтерди кабыл алуу жана кезек күтүү убактысы-10 мүнөттөн ашык эмес.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: документтерди кабыл алуу жана кезек күтүү убактысы-10 мүнөттөн ашык эмес.
- жолдомо болгондо 1 айдан ашык эмес;
- жолдомо жок болсо 5-6 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу убактысы 15 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат жылына бир жолу көрсөтүлөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр:
Санаториялык-курорттук жолдомонун наркы жеңилдиктердин ордуна алуучу акчалай компенсациянын өлчөмүнө киргизилген адамдарды кошпогондо, I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар,
- медициналык көрсөтмөгө ылайык I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адам;
- II топтогу майып ДМЧА;
- III топтогу майып ДМЧА.
Жолдомолорду башка адамдарга сатууга жана берүүгө тыюу салынат.
Санаториялык-курорттук мекеменин врачынын же врачтык-консультациялык комиссиясынын тиешелүү маалымкаты болгон учурда санаторийде жүргөн учурда ден соолук абалы боюнча туугандарынын коштоосуна жана кошумча тейлөөгө муктаж болгон I, II же III топтогу майыптарга бир жолдомону эки кишиге пайдаланууга уруксат берилет. Мындай учурда, орун бар болсо, санаторийде дарылануу күндөрүнүн саны койка-күндүн жана жолдомонун наркынын чектеринде эки адамга бөлүштүрүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамга берилүүчү жолдомого милдеттүү түрдө "коштоочу" деген белги коюлат.
3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- жолдомо алууга жеке арыз;
- күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;
- сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтүүлөрдүн бар экендиги жөнүндө белгиленген формадагы маалымкат;
- санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарыл болгон учурда I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу;
- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу;
- паспорттун көчүрмөсү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн наркы - мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт.
5) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: арыз ээсине көрсөтүлгөн чечим кабыл алынган күндөн та ртып 5 календардык күндүн ичинде санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду дайындоо/берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомун камтыйт:
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу үчүн арызды жана документтерди кабыл алуу, каттоо | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби тууралуу арыз ээсин маалымдоо, каттоо жана консультация берүү |
2. |
Социалдык жардам берүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумуна киргизүүнү эске алуу менен документтерди (маалыматтарды) иштеп чыгуу, ведомстволор аралык сурамды түзүү жана жөнөтүү, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жөнүндө чечимди даярдоо | арыз ээсине керектүү документтерди алууда жардам/көмөк көрсөтүү (жардам арыз ээлерине КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан документтерди берүү жана калыбына келтирүү процессин тездетүү максатында көрсөтүлөт) |
3. | ДМЧАларга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү | Социалдык камсыз кылуу департаментинин (СКД) санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун багытамасы; |
3. Жол-жобонун аткарылышынын блок-схемасы (алгоритмдер)
4. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөсү
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызматтык адам | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин жыйынтыгы | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||||||
1-жол-жобо.Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү үчүн документтерди жана арыздарды кабыл алуу, каттоо | |||||||||||
1.1-иш-аркет Арыздарды жана документтерди кабыл алуу | РШЭСӨБдүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомомлорду берүү боюнча башкы адиси | 10 мүн. | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы -Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы №457 токтому | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө арыздануучуга маалымат берүү. 1-топтогу ДМЧАларга акысыз, коштоп жүрүүчүлөргө 50%, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу майыпка - 50 пайыз жеңилдик, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу майыпка - 30 пайыз жеңилдик
| |||||||
1.2-иш-аракет. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү үчүн зарыл болгон документтерди кароо жана түзүү | 15 мүн. | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү үчүн зарыл документтердин болушу | |||||||||
1.3-иш-аракет Өтүнмөлөрдү каттоо | 5 мүн. | СЖКМТда санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу үчүн арыздарды каттоо журналында каттоонун болушу | |||||||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: а) арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө оозеки консультация берилди, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча СЖКМТда каттоо журналында арыздануучуну каттоо жүргүзүлгөн. Арыз ээси санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшырган учурда РШЭСӨБ №2 аракетке өтөт. б) Арыз ээсине санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуунун тартиби жөнүндө маалымат менен кат түрүндө жооп даярдалдып, жөнөтүлгөн (консультация алуу үчүн арыз ээси жазуу жүзүндө кайрылган учурда). в) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына жайгаштырылган жана өз убагында жаӊыланып турат. Бул натыйжа кийинки иш-аракеттерди баштоо үчүн берилбейт. | |||||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөткө чейин | |||||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||||||
2-жол-жобо. Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумуна (СЖКМТ) киргизүүнү эске алуу менен документтерди (маалыматтарды) иштеп чыгу, ведомстволор аралык сурамды түзүү жана жөнөтүү, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жөнүндө чечимди даярдоо | |||||||||||
2.1-иш-аракет. СЖКМТга арыз ээсинин документтеринин толук топтомун киргизүү | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомомлорду берүү боюнча башкы адиси |
7 жумушчу күнгө чейин | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы №457 токтому | "Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга арыздарды каттоо журналы» СЖКМТ эсепке алуу журналында арыз ээсин каттоо | |||||||
2.2-иш-аракет Башка мамлекеттик жана / же муниципалдык мекемелер менен өз ара аракеттенүү | - | башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден документтердин болушу | |||||||||
2.3-иш-аракет Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу жөнүндө чечимди даярдоо | 5 жумушчу күндөн кеч эмес | - санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу же андан баш тартуу жөнүндө чечимдерди жана билдирүүлөрдү тариздөө; - билдирме СЖКМТ аркылуу журналга катталат | |||||||||
2.4-иш-аракет. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуудан баш тартуу жөнүндө чечимди даярдоо | |||||||||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: А) Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жөнүндө протокол жана санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга көрсөтүлгөн документтер жөнүндө билдирүү бекитилди, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга көрсөтүлгөн документтер жөнүндө билдирүүгө кол коюлду; Б) Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуучулардын саны жөнүндө маалыматтар даярдалган. | |||||||||||
2-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу документтерин тариздөө жана жөнөтүү | |||||||||||
3.2-иш-аракет. документтерди тариздөө санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу
| РШЭСӨБдүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомомлорду берүү боюнча башкы адиси |
7 жумушчу күнгө чейин
| - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 токтому; Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы.
| - СЖКМТга алуучуларды каттоо жана тариздөө; - СЖКМТ аркылуу жолдомо алууга өтүнмөнү түзүү - жолдомо берүү; - СЖКМТ аркылуу берилген жолдомолор боюнча отчет түзүү | |||||||
Жолдомо берүү |
| 1 сааттан аз эмес |
|
| |||||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: А) Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жөнүндө протокол жана санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга көрсөтүлгөн документтер жөнүндө билдирүү бекитилди, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга көрсөтүлгөн документтер жөнүндө билдирүүгө кол коюлду; Б) Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуучулардын саны жөнүндө маалыматтар даярдалган. | |||||||||||
2-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | |||||||||||
Жол-жобонун узактыгы:1 сааттан кем эмес. | |||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: жол-жобонун аягы | |||||||||||
1. Жол-жобонун аткарылышынын блок-схемасы (алгоритмдер)
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы болуп: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 5
2 2
1 |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (мүнөт, саат, күн) | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Жалпы мөөнөтү: - жолдомо болгондо-1 айдан ашык эмес; - жолдомо болбогондо-5-6 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу убактысы-15 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү 5 жылда бир жолу берилет |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун саны | Кызмат көрсөтүү электрондук түрдө арыз берүү жагында берилиши мүмкүн. Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет. |
4. Керектөөчүдөн суралуучу документтердин саны | 5 |
5. Кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомство ичиндеги өз ара аракеттенүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө |
1 |
6. Кызмат көрсөтүүгө катышкан адамдардын саны | 5 |
7. Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны | 1 |
8. Башкалар |
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (күнүмдүк) жана сырткы контрол жүргүзүлөт.
1) Ички контролду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин райондук жана шаардык башкармалыктарынын жетекчилери жүргүзөт.
2) Ички (күнүмдүк) контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорун жана ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Пландан тышкары текшерүүлөр керектөөчүлөрдүкн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу маселеси каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун сырткы контролун Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин чечими менен түзүлүүчү комиссия, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контроль жана көзөмөл жүргүзүү функциясы жүктөлгөн башка органдар тарабынан ишке ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы протокол/маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке үч жылды бир жолудан кем эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Кызмат адамдары жана РШЭСӨБдүн, СКДнын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгынын кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Ушул мамлекеттик кызматты акыркы керектөөчүгө жеткирүү максатында, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылды.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Асанбаева Саида Касмалиевна – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси.