Загрузка документа…
| Тиркеме 9 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүүгү министрлигинин 2020-жылдын 1-июнундагы №1 буйругуна
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөткөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри 3-глава 13-пункт).
Жалпы жобо
1. Сунушталган мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүгө берилген жалпы убакыт кабыл алган күндөн тартып 7 жумушчу кунгө чейин;
2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн тиешелүү документтердин тизмеси:
- паспорт;
- арыз;
- туулгандыгы тууралу күбөлүк (16 чейинки балдарга үчүн);
3) Ушул кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына ылайык акысыз көрсөтүлөт.
4) Кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгы: протездик-ортопедиялык буюмдардын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) оңдоо.
2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
таблица 1
№ | Жол- жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтерди кабыл алуу, каттоо жана протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) оңдоого наряд ачуу | Кардарга документтерди кабыл алуудан жана каттоодон баш тартуусу тууралу ооз эки түшүндүрүү. Эгерде протездик-ортопедиялык буюмдары, майыптардын отургуч арабалары жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктары оңдоого жараксыз болсо мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. |
2 | Протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричилик шаймандарын карап, наряд толтуруп жана өндүрүшкө жөнөтүү
| |
3 | Протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) оңдоо |
|
4 | Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) берүү |
|
3. Жол-жоболордун байланышынын блок-схемасы
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөсү
Таблица 2
Жол-жоболордун жана иш аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттерди жөнгө салуучу документ | Аракеттердин жыйынтыгы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу, каттоо, жана протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) оңдоого наряд ачуу | ||||
Аракет1.1 Кардарга же анын мыйзамдуу өкүлүнө кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берүү | Тапшырык столунун каттоочусу | 2 мүнөт | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө” жобо 2003-жылдын 25 июлунан №469 | Кардарга маалымат берилди |
Аракет 1.2 Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл документтерди карап чыгуу жана аларды топтоо | 3 мүнөт | Иш жүзүзүндө кызмат көрсөтүү үчүн зарыл документтердин бар экендиги
| ||
Аракет 1.3 Керектүү документтер жок болсо же протездик-ортопедиялык буюмдары, майыптардын отургуч арабалары жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын оңдоого жараксыз болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат.
| 2 мүнөт
| Кардарга же анын мыйзамдуу өкүлүнө мамлекеттик кызмат көрсөөтүүдөн баш тартуусунун себептери түшүндүрүлдү | ||
Аракет 1.4 Протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын оңдоо үчүн наряд ачып (толтуруп) жана КИССП программасынын тийиштүү каттоо журналынын формасына ылайык каттайт | 8 мүнөт | Катто журналында кардар тууралуу маалыматтар жана протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын оңдоо үчүн толтурулган наряд | ||
4 аракет | 1 адам | 15 мүнөткө чейин | 2 УЧА |
|
1-Жол-жобонун жыйынтыгы:
а) Кардарга мамлекеттик кызмат корсөтүүлөрдүн тартиби жөнүндө ооз эки маалымат берилип, КИССП программасынын тийиштүү каттоо журналынын формасына ылайык катталып жана протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын оңдоо үчүн наряд ачып толтурулду; Арыз ээси кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтерди алып келген учурда тапшырык столунун каттоочусу кардарга наряд менен медициналык-техникалык бөлүмүнүн тийиштүү адисине кийинки иш-аракеттерди жасоо үчүн жөнөтөт;
б) Мамлекеттик кызмат берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат ЭСӨМдүн атайын сайтына жайгаштырылып жана өз убагында жаңыртылып турат. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 25 мүнөткө чейин
| ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор
| ||||
Кийинки жол-жобо: №2.
| ||||
2- Жол-жобо. Протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын карап, наряд толтуруп жана өндүрүшкө жөнөтүү | ||||
Аракет 2.1 Буюмду оңдоо үчүн наряд толтуруга карап чыгат | Техник | 3мүнөт | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө” жобо 2003-жылдын 25 июлунан №469 | Параметрлерин жазуу менен жана буюмдун шифрин көрсөтүү менен белгилүү бир бөлүгүн оңдоо үчүн толтурулган наряд
|
Аракет 2.2 Параметрлерин жазуу менен жана буюмдун шифрин көрсөтүү менен белгилүү бир бөлүгүн оңдоо үчүн наряд толтурат | 5 мүнөт | |||
Аракет 2.3 Оңдоо үчүн нарядга медициналык-техникалык бөлүмдүн башчысына кол койдурат
| 2 мүнөт | Медициналык-техникалык бөлүмдүн башчысы кол коюп берген оңдоо үчүн наряд
| ||
3 аракет | 1 адам | 10 мүнөткө чейин | 2 УЧА |
|
2- Жол-жобонун жыйынтыгы:
Параметрлерин жазуу жана буюмдун шифрин көрсөтүү менен белгилүү бир бөлүгүн оңдоо үчүн наряд толтурулуп, кол коюлуп цехке кийинки иш -аракеттерди жасоо үчүн жөнөтүлдү. | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөткө чейин. | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор. | ||||
Кийинки жол-жобо: №3 | ||||
3-Жол-жобо. Протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) оңдоо | ||||
Аракет 3.1 Буюмду оңдоо үчүн нарядды тийиштүү журналга каттап жана оңдоо боюнча адиске берет | Цехтин начальниги, эмгекти ченемдөө боюнча инженери | Протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоо 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө” жобо 2003-жылдын 25 июлунан №469 | Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдары, майыптардын отургуч арабалары жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктары (балдак, таяк) |
Аракет 3.2 Буюмду оңдоо үчүн нарядка ылайык оңдоону камсыз кылат
| ||||
2 аракет | 1 адам | 7 жумушчу күнгө чейинки | 2 УЧА |
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы:
Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдары, майыптардын отургуч арабалары жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктары (балдак, таяк); Цехтин начальниги оңдолгон буюмдарды кардарларга тапшыруу үчүн даяр продукция кампасына жөнөтөт. | ||||
№ 3жол-жобонун узактыгы: 7 жумушчу күнгө чейинки | ||||
№ 3жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
Кийинки жол-жобо: № 4 | ||||
4-жол-жобо. Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) берүү | ||||
Аракет 4.1 Буюм оңдолгону тууралуу кардарга кабарлайт | Тапшырык столунун диспетчери | 2 мүнөткө чейин
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү ичектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен тартиби жөнүндө” жобо 2003-жылдын 25 июлунан №469 | Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) кардарга берүү |
Аракет 4.2 Кардар кайрылганда анын инсандыгын күбөлөндүргөн документтерин текшерип аныктайт жана оңдолгон буюмду кардарга кол койдуруп тапшырат | Техник | 3 мүнөткө чейин
| ||
2 аракет | 2 адам | 5 мүнөткө чейин | 2 УЧА |
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы:
Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарын, майыптардын отургуч арабаларын жана тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарын (балдак, таяк) кардарга берүү. Бул аракет мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорунун акыркысы болду.
| ||||
№ 4 жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөткө чейинки | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
Эскерүү: Ош филиалында медициналык-техникалык бөлүмдүн башчысынын иш милдети врач-ортопедине жүктөлгөн
Кызмат көрсөтүүнүн параметрлеринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболордун; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболорунун; - көмөкчү жол-жоболордун; - атайын жол-жоболордун | 4
4 |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минутасы, сааты, күнү) | 7 күн 30 мүнөт |
3. Электрондук форматта аткарылган жол-жоболордун жана аракеттердин саны |
|
4. Керектөөчүлөрдөн суралып алынган документтердин саны | 2 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу тараптык уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ички ведомстволук өз ара аракеттеги; - ведомстволор аралык өз ара аракеттеги | |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу жактардын саны | 5 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 2 |
8. Башка |
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) жана сырткы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жүргүзөт
2) Ички көзөмөл административдик регламенттин жобосун, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү сунуштоо процессинде кабыл алынган чечимдерди кызмат адамдары жана кызматкерлер кандай аткарып жатканын байма-бай текшерип туруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар дайым жүргүзүлүп турат.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кардарлардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарындагы аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чаралар колдонулат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлү кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө суроолор каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламент талаптарынын аткарылышы үчүн сырткы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия жүзөгө ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымдама түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымдамага кол коюлган учурдан баштап 3 жумушчу күндүн ичинде, аны кызмат көрсөтүүнү сунуштап жаткан мекемеге жөнөтүлүшү зарыл.
Маалымдама келген күндөн тартып, бир айлык мөөнөттө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча чаралар, ошол бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата административдик жана тартиптик чаралар колдонулушу зарыл.
Муктаждыкка жараша, административдик регламентке өзгөртүү киргизүү аныкталган тартипте, мезгил-мезгили менен үч жылда бир жолудан аз эмес демилгеленет.
3) Административдик регламент талаптарынын аткарылышы үчүн сырткы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8. Эгерде кызмат көрсөтүүнү же анын бир бөлүгүн аутсорсингге физикалык же юридикалык жакка берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттинин талабын сактоо кызмат көрсөтүүчү мекеменин жоопкерчилигинде болот.
8. Жобонун корутундусу
9. Зарылчылыкка жараша, административдик регламент кайра каралууга кызмат көрсөтүүнүн Стандарттары менен чогу кайра каралат.
9. Административдик регламентти иштеп чыккан адис
Хусанова Тахмина Мундусбековна – Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин өндүрүштү пландоо бөлүмүнүн башчысы