Редакцияот 13.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 13-марты № 41

2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоону уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов