Загрузка документа…
|
| Тиркеме-4 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекетик каттоо кызматынын төрагасы А.М. Мамбеталиевтин 2020-жылдын 4-августундагы №2-д буйругу менен бекитилген |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдүү уюлдук байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалымат берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин)
6-главасы, № 62
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: онлайн режиминде ошол эле учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучудан суроо-талап жиберилген учурда.
Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн алдында Алуучу менен тийиштүү макулдашуу бекитилет, анын үлгүсүн Кызматтан алса болот же Алуучунун электрондук почтасына жиберилет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн Алуучу тараптан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби Кызматтын кызматкери тарабынан түшүндүрүлөт, ошондой эле бардык зарыл документтердин үлгүлөрү жана формалары берилет.
Кыргыз Республикасынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалымат Алуучу кардарлардан алынуучу жазуу жүзүндөгү макулдашуулардын негизинде Макулдашуунун 2-тиркемеси болуп саналган форма боюнча берилет.
2) Макулдашууну бекитүү үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- типтүү макулдашуу;
- типтүү макулдашууга карата 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобо);
- типтүү макулдашуунун 2-тиркемеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген субъектинин жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугунун формасы);
- 3-тиркеме жеке маалыматтардын субъектисинин жазуу жүзүндө алынган макулдугунун саны жөнүндө маалымдоо актысы.
- логиндерди жана паролдорду берүү максатында жеке нотариустар үчүн каттоо формасы.
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы – акы төлөнөт, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды алуу.
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук жана башка актылар:
- “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо;
- «- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №329 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу».
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Алуучуларды кабыл алуу | - алуучулардын (банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын, жеке нотариустардын, мобилдүү уюлдук байланыш операторлорунун) кызматкерлерине телефон байланышы аркылуу консультация берүү; - Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл документтердин топтомун Алуучунун электрондук почтасына жиберүү; |
2 | УПБМРден маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашуу бекитүү | Макулдашуунун бардык тараптарынын кол коюусу. |
3 | Кызмат менен Алуучунун ортосунда техникалык өз ара аракеттенүүнү жолго коюу | Кызмат менен Алуучунун техникалык кызматкерлеринин ортосунда консультация алуу. |
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||
1-жол-жобо: Алуучуларды кабыл алуу | |||||||
1.1. Алуучу тараптан кол коюлган макулдашууну алгандан кийин, Кызматтын кызматкери макулдашууну Кызматтын төрагасына кол коюуга киргизет. 1.2. Макулдашууга төрага кол койгондон кийин, Кызматтын кызматкери макулдашууну Алуучуга жөнөтөт 1.3. Эгер Алуучу жеке нотариус болуп саналса, аларга логиндерди жана паролдорду берүү үчүн кошумча каттоо формасы берилет. 1.3. «Кызматтын кызматкери: - макулдашууну жана каттоо формасын (болсо) алат; - кол коюлган макулдашуудан келип чыккан маселелер боюнча Алуучунун өкүлдөрүнө консультация берет. | Кызматтын кызматкери | Алуучу өзү кол койгон макулдашууну бергенден тартып 10-15 мүнөт | Алуучунун жектечиси кол койгон 3 нускадагы макулдашуу | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 5-декабрындагы № 289 буйругу; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 8-декабрындагы № 290 буйругу. | |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Алуучунун жектечиси кол койгон 3 нускадагы макулдашуу. | |||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 10-15 мүнөт | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо
| |||||||
2-жол-жобо: УПБМРден маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашууну бекитүү | |||||||
1.1. Алуучу тарабынан кол коюлган макулдашуу алынгандан кийин Кызматтын кызматкери ишканада ушул макулдашууну макулдашат жана Кызматтын директоруна кол коюуга киргизет. 1.2. Директор макулдашууга кол койгондон кийин кызматкер 3 нускадагы макулдашууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына төрага кол коюусу үчүн жиберет.
| Кызматтын кызматкери | 1) макулдашууга ишкананын директору 1 иш күндүн ичинде кол коет; 2) макулдашууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберүү 1 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт | Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы болуп толугу менен кол коюлган макулдашуу саналат. Бир нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында калат, экинчиси Алуучуга жиберилет, үчүнчүсү Кызматка берилет |
| |||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Алуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат алуусу үчүн укуктук шарттар түзүлдү | |||||||
3-жол-жобо: «Инфоком» МИ менен Алуучунун техникалык кызматкерлеринин ортосунда консультация алуу | |||||||
1.1. 1.1. Кызмат менен Алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрине кошулуунун бардык техникалык маселелери боюнча консультация берүү жүргүзүлөт. | Кызматтын техникалык кызматкерлери | Туруктуу негизде | Иштин жыйынтыгы болуп Алуучулардын Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарга уруксат алуусун камсыздоо саналат |
| |||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган макулдашуулардын негизинде Алуучуга Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет | |||||||
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
№ 2 жол-жобо
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
№ 3 жол-жобо
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички жана тышкы контроль Кызмат тарабынан жүргүзүлөт;
2) Текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү 6 айды түзөт.
3) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал Кызматтын жооптуу түзүмдүк/ведомство алдындагы түзүлүшүнө.жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль бир жылда бир жолу (жыл сайын) жүргүзүлөт.
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
11. Смагулов Алибек Бейшембаевич, Кызматтын Стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер секторунун башчысы.
(КР Мамкаттоо кызматынын2021-жылдын 6-январындагы №2-д буйрйгунун редакциясына ыйлайык)