Загрузка документа…
КР Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 21-июлу №2
Электр жана жылуулук энергияcына тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди бекитүү үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди колдонуу боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пресс-катчы катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту төмөндөгү маалымат булактарына жарыяласын:
- «Эркин Тоо» гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
3. Укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 18-февралындагы № 1 “Электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директордун м.а. | М.М. Айдарова |