Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы № 41-нпа буйругуна |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШААР КУРУУ ДОКУМЕНТТЕРИНИН КУРАМЫ, ИШТЕП ЧЫГУУ, МАКУЛДАШУУ ЖАНА БЕКИТҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
СОСТАВ, ПОРЯДОК РАЗРАБОТКИ, СОГЛАСОВАНИЯ И УТВЕРЖДЕНИЯ ГРАДОСТРОИТЕЛЬНОЙ ДОКУМЕНТАЦИИ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ
COMPOSITION, ORDER OF DEVELOPMENT, AGREEMENT AND APPROVAL OF URBAN PLANNING DOCUMENTATION IN THE KYRGYZ REPUBLIC
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 19-августу № 45-нпа, 2023-жылдын 16-январындагы № 61-нпа , 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу документтеринин материалдарынын курамына жана мазмунуна, аларды иштеп чыгуу, кароо, макулдашуу жана бекитүү тартибинин баардык баскычынын негизги талаптарын аныктайт.
1.2. Ушул Курулуш ченемдери менен каралган шаар куруу документтерин иштеп чыгууда "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобону жетекчиликке алуу зарыл.
2. Ушул Курулуш ченеминде колдонуучу негизги түшүнүктөр
Ушул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
2.1. архитектуралык-шаар куруу корутундусу: шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, объекттин негизги шаар куруу, функциялык параметрлерин, долбоорлоого шарттарды жана талаптарды аныктоочу, долбоорлоону баштоо үчүн негиз болуп саналган укук белгилөөчү документ;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-нпа буйругунуну редакциясына ылайык)
2.2. шаар курууда мамлекеттик ченемдер: Ченемдик документтердин системасы, адамдын жашоо тиричилигинин, жашоо чөйрөсүнүн ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана башка керектүү шарттарын камсыз кылуучу, калктуу конуштарды пландоодо жана курууда белгиленген тартипте кабыл алынуучу жана колдонулуучу өз ара байланыш документтердин бүтүндүгү;
2.3. шаар куруу документтери: Жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасы, райондук пландоонун долбоорлору, башкы пландар, аймактарды пландоонун долбоорлору, жер тилкелеринин араларына чек салуучу, кварталдарды, кичирайондорду, шаар куруу түйүндөрүн куруу долбоорлорунун документтери жана башка калктуу конуштардын пландоо түзүмүнүн элементтери.
Шаар куруу документтерине төмөнкүлөр кирет:
- жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасы - Кыргыз Республикасын аймактык жана мейкиндик пландоо;
- аймактык комплекстүү схемалар жана административдик-аймактык пайда болуулардын жана башка аймактык объектилердин райондук пландоонун долбоорлору;
- калктуу конуштардын чеги, башкы пландары;
- айыл аймактарынын карамагындагы аймактардын башкы пландары (мындан ары-айыл аймактарынын башкы пландары);
- функционалдык аймактардын башкы пландары;
- деталдуу пландоо долбоорлору;
- аймактарды куруунун добоорлору;
2.4. башкы долбоорлоочу: Долбоорлоо жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензиясы бар долбоорлоо уюму, ал инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарат;
2.5. чөлкөм (регламенттик чөлкөм): Аймак, ага карата шаар куруу эрежелери белгиленген аймак (анда жайгашкан бардык жер тилкелерине тиешелүү)
2.6. калктуу конуштардын чегинин долбоору: Калктуу конуштардын жерлерин жердин башка категорияларынан жана фонддорунан бөлүп туруучу сырткы чек ара;
2.7. деталдуу пландоонун долбоору (мындан ары-ДПД): Турак жай, өндүрүштүк, рекреациялык, тарыхый жана башка функционалдык чөлкөмдөрдүн, шаар түйүндөрүнүн, жолдордун, магистралдардын долбоорлору;
2.8. курулуш долбоору (мындан ары - КД): Кварталдардын, кичирайондордун, шаар куруу, архитектуралык, ландшафтык комплекстердин, сейилбактардын, ансамблдардын жана башка калктуу конуштардын пландоо элементтеринин долбоору;
2.9. долбоорлоого тапшырма: Долбоор түзүү үчүн талаптар жана шарттар көрсөтүлгөн, долбоордук документтердин курамын аныктоо менен иштеп чыгуу мөөнөтү, бекитүү тартиби белгиленген, тапшырык берүүчү жана долбоорлоо уюму менен биргеликте түзүлгөн, тапшырык берүүчүнүн жетекчиси тарабынан бекитилген документ;
2.10. тапшырык берүүчү: Жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алар өздөрүнө таандык же берилген жер тилкесинде адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу долбоорлоо документтерин даярдоону камсыз кылуучу тарап;
2.11. жер тилкеси: Туюк чектердеги жердин аянты;
2.12. шаар курууну жөнгө салуучу сызыктар (кызыл, жашыл, көк, сары жана курулушту жөнгө салуучу сызыктар): Ченемдик талаптарга ылайык иштөөчү колдонуунун өзгөчө тартиби жана эрежелери;
2.13. мастер план: Шаар куруу документтерин ишке ашыруунун баскычтарынын бөлүгү катары эсептелип, бийлик органдары жана ар кандай инвестициялык топтор тарабынан сунушталган аймактын айрым жер тилкелеринин өнүгүүсүн карайт;
2.14. тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмү: Тарыхый жана маданий эстеликтерге тиешелүү жерлерди өтө кылдаттык менен колдонулган режимде кайтарылуучу коргоо чөлкөмүнүн долбоорунда аныкталган, калктуу конуштардын башкы планынын курамында каралган аймак;
2.15. өндүрүш аймактары: Өндүрүш, өнөр жай, коммуналдык-кампалык, унаа жана инженердик объектилерди жайгаштыруу үчүн каралган аймак;
2.16. аракетке келтирүүчү комплекс: Объектинин иштөөсүн камсыз кылуучу, колдонууга өзүнчө киргизүү үчүн долбоорлоо документи менен аныкталган негизги, өндүрүштүк, кошумча багыттагы имараттардын, курулмалардын тобу же бөлүгү;
2.17. шаар курууну кайра калыбына келтирүү: Мурда калыптанган шаардын пландоо курамына же анын курамындагы элементтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошол курамды өнүктүрүү жана жакшыртуу талаптарына негизделген багыттуу ишмердүүлүк. Кайра калыбына келтирүү калыптанган түзүмдү сактоодон аны толугу менен алмаштыруунун пландоо курамын трасформациялоону карайт. Эреже катары, бул терминди колдонуу бүтүндү олуттуу өзгөртүүдө эски элементтердин көпчүлүк бөлүгүн сактап калууга негизделет;
2.18. калыбына келтирүү (регенерация): Тарыхый калыптанган шаар куруу комплексинин бузулган бөлүктөрүн, пландоо-мейкиндик түзүмдөрүн, композициялык бүтүндүгүн жана фукционалдык активдүүлүгүн кайра калыбына келтирүү жолу менен өзгөртүү. Калыбына келтирүүнүн максаты жана түзүүчү бөлүгү катары "ревалоризацияны" - шаар куруу комплексинин архитектуралык-көркөм сапаттарын жана архитектуралык-мейкиндик сапаттарын калыбына келтирүүнү жана "ревитализацияны"- жоголгондорун калыбына келтирүү жолу менен же аймактын коомдук функциясынын комплекстерин бузбай жаңыларын өнүктүрүү аркылуу функционалдык маанилүүлүгүн жогорулатууну кароо керек;
2.19. рекреациялык аймактар: Шаардын токойлору, токой сейил бактары, токой коргоо чөлкөмдөрүн, суулар, айыл чарба багытындагы жерлер жана башка негиздер, сейил бактар, бактар, скверлер жана бульварлар менен биргеликте адамдардын эс алуусу үчүн ачык мейкиндик системасын түзгөн аймак;
2.20. санитардык-коргоо чөлкөмү: Атайын багыттагы чөлкөмдөрдү бөлүп туруучу, ошондой эле жагымсыз факторлордун аларга таасирин азайтуу максатында калк жайгашкан конуштардагы өнөр жай ишканаларын жана башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампа объектилерин жакын жайгашкан турак жай-жарандык курулмалардан жана имараттардан, турак жай жыш жайгашкан жана калктуу конуштардан бөлүп туруучу аймак;
2.21. имарат: Долбоорго ылайык фукционалдык жана өндүрүштүк процесстерди аткаруу үчүн багытталган, табигый жана жасалма чек арасы бар, ошондой эле инженердик жабдууларды же коммуникацияларды жайгаштырган жасалма жол менен түзүлгөн көлөмдүк, жер менен тыгыз байланышкан обьект (жер үстүндөгү/суу үстүндөгү же жер астындагы/ суу астындагы);
2.22. аймак: Аныкталган чек арасы менен кургактыктын үстүнкү бөлүгү. Аймак болуп мамлекеттин же административдик аймактык түзүмдөрүнүн, калктуу конуштарынын курамындагы, юридикалык же жеке жактардын юрисдикциясы жайылтылган жер мейкиндиги эсептелет;
2.23. функционалдык чөлкөм: Шаар куруу документинин бекитилген бөлүмдөрү менен аныкталган калктуу конуштун белгиленген аймагы. Ар бир чөлкөмдө чөлкөмгө кирген жер тилкесине берилген колдонуунун бир нече түрү болушу мүмкүн;
2.24. аймактын функционалдык кызматы: Шаар куруу документи менен белгиленген, сөзсүз түрдө колдонулуучу талаптардын жана аймактарды багыттуу колдонуунун чектөөлөрүнүн жыйындысы;
2.25. жер тилкесин максаттуу колдонуу: Шаар куруу документтерине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечиминин негизинде белгилүү бир жер тилкесин колдонуу;
2.26. эскиздик долбоор: Долбоорлоого чейинки архитектуралык - шаар куруу боюнча концептуалдуу сунуштар, анын ичинде шаар куруу документтери;
2.27. калктуу конуштун таяныч планы (аймакты заманбап колдонуу схемасы): Аймактарды колдонуу жөнүндө маалыматтардын топографиялык берилиши (калыптанган турак жай жана коомдук курулмалар, кабаттуулугу жана маанилүүлүгү боюнча аларды бөлүштүрүү, өндүрүштүк-коммуналдык объектилер, транспорттук жана инженердик коммуникациялар, бак-дарактар, ошондой эле маданий мурастардын аймагы, аймактарды өзгөчө шарттарда колдонуу чөлкөмү, өзгөчө кырдаалга дуушар болуучу аймактарды колдонуунун өзгөчө шарттарынын чөлкөмү);
2.28. шаар куруу документтерин актуалдаштыруу: алардын ишке ашырылышына жараша анын жоболоруна өзгөртүүлөрдү, шаар куруу кырдаалынын иш жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн жана калктуу конушту же анын айрым аймактарын өнүктүрүүнүн жаңы милдеттеринин пайда болушуна байланыштуу дайыма киргизүү.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-нпа буйругунунун редакциясына ылайык)
2.29. шаар түзүүчү объекттер: шаар түзүүчү маанидеги ишканалар жана мекемелер:
а) ушул калктуу конуштун калкынын муктаждыктарын гана тейлеген ишканаларды кошпогондо, бардык өнөр жай жана коммуналдык ишканалар;
б) тышкы транспорттун (темир жол, деңиз, дарыя, аба жана автомобиль) ишканалары, түзүлүштөрү жана мекемелери;
в) администрациялык, коомдук жана чарбалык мекемелер, курорттук мекемелер (санаторийлер, эс алуу үйлөрү), ооруканалар жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги башка дарылоо мекемелери;
г) илимий-изилдөө институттары;
д) жогорку жана атайын орто окуу жайлары.
Эскертүү: шаар түзүүчү кадрлардын курамына ЖОЖдордун жана атайын окуу жайлардын толук педагогикалык жана тейлөөчү персоналы жана студенттердин 50% киргизилет”.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-нпа буйругунунун редакциясына ылайык)
3. Ушул курулуш ченемдерин колдонуу тармагы
Ушул документтин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жайылтылат.
Ошондой эле, ушул курулуш ченемдеринин талаптары курулуш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү имараттарына, турак жайларына, мекемелерине, ошондой эле чет өлкөнүн аймагында башка курулуп жаткан мамлекеттик менчиктерине жайылтылбайт.
4. Жөнгө салуу предмети жана колдонуу тармагы
4.1. Шаар куруу документи Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана колдонууну ишке ашыруучу, менчигинин түрүнө жана таандыгына карабастан шаар куруу ишмердүүлүгүнүн бардык субъектилери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Атайын тармактык схемаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан бекитилген атайын нускамалардын же тармактык ченемдик жоболордун талаптарына ылайык ушул курулуш ченемдери менен биргеликте ишке ашырылат.
4.2. Тарыхый калктуу конуштар үчүн долбоорлор Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыгат.
4.3. Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча шаар куруу документтеринин курамында каралбаган мастер план түрүндөгү иштердин түрү кошумча аткарылат.
Долбоорлоого берилген тапшырма макулдашуу тартибин, иштеп чыгуу мөөнөтүн, долбоордук документтердин түрүн, аткарылуучу иштердин түрлөрүн аныктоо жана долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды көрсөтүү менен башкы долбоорлоо уюму менен биргеликте түзүлөт жана тапшырык берүүчү жактын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
4.4. Долбоорлоого берилген тапшырмага ылайык, шаар куруу документтеринин курамында негизги графикалык материалдар жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр аткарылат.
4.5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылуучу шаар куруу документтеринин тапшырык берүүчүлөрү болуп тиешелүү өз алдынча башкаруу органдары же аталган органдардын тапшырмасы боюнча аймактык архитектура жана шаар куруу органдары болушат.
Эгерде, кандайдыр бир аймактарда же аймактардын бөлүктөрүндө курулуштар юридикалык жактардын же жеке жактардын каражаттарына жүргүзүлсө, тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын макулдугу менен алар белгилүү бир аймактын курулушунун жана пландоо долбоорунун тапшырык берүүчүлөрү боло алышат.
4.6. Тапшырык берүүчү иштеп чыгуучуга шаар куруу документтерин иштеп чыгууга долбоорлоого 2-тиркемеге ылайык тапшырма берет.
Тапшырык берүүчү долбоорлоого керектүү алгачкы маалыматтарды камсыз кылат. Берилген алгачкы маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти тапшырык берүүчү тартат.
Тапшырык берүүчү тарабынан тапшырмага жана алгачкы маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилсе, долбоорду иштеп чыгуучу менен түзүлгөн келишимге да өзгөртүү киргизүү талап кылынат.
Тапшырык берүүчү иштеп чыгуучуга долбоор үчүн алгачкы маалыматтарды чогултууга тапшырма бере алат. Алгачкы маалыматтарды чогултуу жана ал жумуштарды каржылоо шарттары келишимде көрсөтүлүшү керек. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырмаларына жалпы талаптар жана алгачкы маалыматтардын тизмеги 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-тиркемелерде келтирилген.
4.7. Архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынан башка, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ишканалар, уюмдар жана мекемелер шаар куруу документтерин иштеп чыгуучулар боло алышат.
Архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдары шаар куруу документтерин иштеп чыгуучу болууга, ошондой эле мурда бекитилген шаар куруу документтерине кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуксуз.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
4.8. Маанилүү шаар куруу түйүндөрүнүн, көчөлөрдүн, кварталдардын, кичирайондордун шаар куруу документтерин иштеп чыгууга сынак жарыяланышы мүмкүн. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча сынакты уюштуруу жөнүндө чечим тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
4.9. Иштелип чыккан шаар куруу документтери, анын ичинде сынактын негизинде иштелгендери да, бекитүүгө берүү үчүн тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органдарына өткөрүлүп берилет.
4.10. Ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин (жайгаштыруу схемасын, аймактын схемасын, башкы пландарын, аймактык пландоонун долбоорлорун (АПД) иштеп чыгууда, курулушту долбоорлоодо долбоордук чечимдерди кабыл алууда карама-каршылыксыз жана өз ара макулдашуу принциптери сакталышы керек. Эгерде аймактын жана калктуу конуштун келечектеги өнүгүү шарттары, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар сакталса, белгилүү бир шарттарда иштеп чыгуу ырааттуулугунда жалпыдан жекеге (жекеден жалпыга долбоордук иштеп чыгууну талап кылган калыптанган шаар куруу кырдаалы) же баскычтарды бирдей иштеп чыгууга (жайгаштыруу схемасы, аймактык схемасы, башкы пландар, АПД, курулуш долбоору) мүмкүнчүлүк берилет.
4.11. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу учурунда долбоордук чечимдерди кабыл алууга таасир этүүчү бардык суроолор башкы шаар куруу документтерин башкы иштеп чыгуучу менен кат түрүндө (корутунду) макулдашылууга тийиш.
4.12. Шаар куруу документтеринин курамында бекитилүүчү бөлүгү бөлүнүп каралат.
Шаар куруу документтеринин бекитилген бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү шаар куруу документтеринин иерархиясына ылайык (деталдуу пландоо долбоору, куруу долбоору) тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси жана белгиленген тартипте бекитилиши менен төмөнкү этапты иштеп чыгууда жол берилет.

4.13. Долбоорлонуп жаткан шаар курууну түзүүчү объектилердин конфигурациясына жана функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү шаар куруу кеңешинде каралат жана шаар куруу органы тарабынан бекитилет.
4.13.1. “Кайра конструкцияло курулушунда же курулуш объекттерин жана/же алардын бөлүктөрүн башка өзгөртүүдө магистралдык аймактарда курулуштун көлөмдүк-мейкиндик уюштурулушун курулуштун жалпы архитектуралык түзүлүшү менен композициялык байланышты түзүүнү жана ар кандай формаларды, ыргактуу (ритмичность) курулуштарды, айрым имараттардын пластикасын жана алардын топторун шаар куруу кеңешинде кароо менен пайдаланууну эске алып ишке ашыруу жана өнүктүрүү керек”.

4.14. Долбоорлонуп жаткан шаар курууну түзбөгөн объектилердин конфигурациясына жана функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү аймактык архитектура жана шаар куруу органы тарабынан бекитилет.
4.15. Курорттук жана дарылоо ресурстары бар калктуу конуштардын аймактары үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууда медициналык чөлкөмгө бөлүштүрүү, курорттук ресурстарды баалоо, ошондой эле курортторду жана дарылоо булактарын санитардык коргоону эске алуу менен жүргүзүлөт.
4.16. Шаар куруу документтерин тариздөөгө жалпы талаптар 16-тиркемеде келтирилген.
4.17. Белгиленген тартипте иштелип чыккан шаар куруу документтери жаңысы иштелип чыкканга жана бекитилгенге чейин өз күчүндө деп эсептелет.
4.18. Калктуу конуштардын башкы пландарын актуалдаштыруу, учурдагы шаар куруу кырдаалынын өзгөрүшүнө байланыштуу техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде ар бир 5 жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-нпа буйругунунун редакциясына ылайык)
5. Жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун башкы схема
5.1. Кыргыз Республикасынын жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун башкы схемасы (жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасы) программалык сунуштарды камтыган узак мөөнөттүү документ болуп саналат.
5.2. Жайгаштыруунун башкы схемасынын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын өндүргүч күчтөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү болжолу жана жайгаштыруусу, айлана - чөйрөнүн экологиялык абалы, өлкөнүн шаар куруу бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында аймактардын жана калктуу конуштардын түзүлгөн өз ара мамилелерин эске алуу менен аймактар аралык инженердик-унаалык инфратүзүмдөрү, коопсуз жана таза жашоо чөйрөсү, калктуу конуштар тутумун туруктуу өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан сунуштар, табигый жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен байланышта Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштыруунун негизги багыттарын жакшыртууну аныктоо болуп саналат.
5.3. Жайгаштыруунун башкы схемасында Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун жана аймактык уюштуруунун мамлекеттик саясаты, аймактарды чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнүн аныктамалары, шаар куруунун маанилүү чөлкөм аралык объектилеринин жана өзгөчө жөндөлүүчү аймактардын чек араларындагы аймактык жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрүнө негиздеме берилет, аймактык деңгээлдеги жайгаштыруу боюнча жана аймакты уюштуруу саясатын жүргүзүүнүн негизги принциптери аныкталат.
5.4. Жайгаштыруунун башкы схемасын жүзөгө ашыруунун биринчи кезектеги чаралары мамлекеттин жана анын субъектилеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарынын негизинде мамлекеттик колдоого муктаж болгон, анын ичинде аймактарга жайгаштыруу, миграция, өлкөнүн коопсуздугу, чек арага жакын жайгашкан аймактарды абаттоо, атайын жана фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жайгаштыруу жана шаар куруу жаатында долбоордук иштер иштелип чыгат.
5.5. Жайгаштыруунун башкы схемасы аймактарды жайгаштыруу, өндүргүч күчтөрдүн жаратылышты пайдалануу жана аймактык уюштуруу - облустардын аймактарын, жаратылышты коргоонун аймактык комплекстүү схемаларын, районду пландаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун, тармактык схемаларды жана инженердик-унаалык инфратүзүмдү, аймактар аралык жана аймактык маанидеги башка документтерди иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
5.6. Жайгаштыруунун башкы схемасынын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаар куруу ишмердигинин баардык түрлөрү үчүн негиз болуп саналат.
Аймактар аралык, аймактык жана жергиликтүү максаттуу программаларды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларды иштеп чыгуу, жаңы ири эл чарба комплекстерин долбоорлоо, аларды кеңейтүү жана кайра калыбына келтирүү, жаңы шаарларды, курортторду, башка маанилүү аймактык объектилерди долбоорлоо жана куруу жайгаштыруунун башкы схемасынын негизги жоболорун эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
5.7. Кыргыз Республикасынын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана аймактык уюштуруунун башкы схемасынын курамы, мазмуну жана бекитилүүчү бөлүгү долбоорлоого берилген тапшырма менен аныкталат.
5.8. Жайгаштыруунун башкы схемасынын негизги жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүү үчүн берилет.
6. Жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун аймактык схемасы
6.1. Жайгаштыруунун аймактык схемасы экономикалык райондордун, жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрдүн аймактарында, ден соолукту чыңдоо-курорттук жана рекреациялык аймактарда, административдик-аймактык бөлүнүштөрдүн, ошондой эле чек арага жакын жайгашкан райондордун аймактарында иштелип чыгат.
6.2. Иштелип жаткан жайгаштыруунун аймактык схемасындагы аймактын чек аралары долбоорлоого берилген тапшырмада белгиленет.
6.3. Жайгаштыруунун аймактык схемасы ресурстук потенциалдын жана өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн ачып берген комплекстүү талдоону, жайгаштыруу курамын каржылоонун болжолун жана аймактын өзгөчө шарттарында аймактык уюштурууну, мамлекеттик, аймактар аралык жана аймактык инженердик-унаалык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча сунуштарды, административдик-аймактык бирдиктин кызыкчылыктарын эске алуу менен табигый жана тарыхый-маданий мурастарды сактоону камтуусу керек.
6.4. Жайгаштыруунун аймактык схемасында жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасынын жоболору такталат, аймактын жайгаштыруу багытындагы мамлекеттик саясатты жана аймакты уюштуруу, жайгаштыруудагы саясат жүргүзүүнүн принциптери жана жергиликтүү деңгээлде аймакты уюштуруу аныкталат.
6.5. Аймактык жайгаштырууну жүзөгө ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү менен байланышта, долбоорлонуучу аймактын жана жанаша жайгашкан аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өзгөчө артыкчылыктарын эске алуу менен аныкталат. Биринчи кезектеги чаралар мамлекеттик, аймактык максаттуу жана социалдык-экономикалык программаларды, ошондой эле мамлекеттик, аймактар аралык жана аймактык маанидеги шаар куруу жана жайгаштыруу багытындагы илимий изилдөөлөрдүн жана долбоорлоо иштеринин тизмегин иштеп чыгууда эске алынуучу негизделген бирдиктүү сунуштарды камтыйт.
6.6. Жайгаштыруунун аймактык схемасынын курамында аймакты заманбап колдонуунун планы, аймакты комплекстүү баалоонун схемасы жана долбоорлоо планын камтыган 1:100000-1:300000 масштабындагы графикалык материалдар иштелип чыгат.
Долбоорлоо планында жана аймактарды заманбап колдонуу планында тактоо даражасы, долбоорлоо планында ишке ашыруунун даражасын көрсөтүү менен, узак мөөнөттүү маселелерге шайкеш келе турган калктуу конуштардын курамы, өзгөчө шарттарда колдонулуучу аймактар, аймактарды чөлкөмгө бөлүштүрүү, мамлекеттик, аймактар аралык жана аймактык маанидеги инженердик-унаалык инфратүзүмдүн коммуникациялары жана башка принципиалдуу долбоорлоо чечимдери көрсөтүлөт.
6.7. Аймактарды сунушталган функционалдык чөлкөмдөөнү негиздөөчү жана тактоочу схемалар жана калктуу конуштарды, унаалык жана инженердик инфратүзүмдү түзүү, аймакты кооптуу табигый жана техногендик кырсыктардан коргоо, экологиялык кооптуу жана өзгөчө кырдалдуу райондордо курорттук жана рекреациялык чөлкөмдөрдү, корголуучу аймактарды жайгаштыруу менен долбоордук чечимдер долбоорлонуучу аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жайгаштыруунун аймактык схемасынын курамында, тапшырык берүүчүнүн макулдугу менен иштелип чыгат.
6.8. Жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун аймактык схемасынын түшүндүрмө каты ушул курулуш ченеминин 6.4-6.6-пункттарынын жана 3-тиркемесинин талаптарын камтуусу зарыл.
6.9. Жайгаштыруунун аймактык схемасынын негизги жоболору шаар курууну долбоорлоонун кийинки баскычтарында, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан жайгаштыруу багытындагы жана аймакты уюштуруудагы ишмердикти жөндөөдө, ошондой эле долбоорлонуучу аймактын чегинде шаар куруу ишмердигинин баардык катышуучулары тарабынан эске алынат.
7. Жаратылышты коргоонун жана пайдалануунун аймактык комплекстүү схемасы
7.1. Жаратылышты коргоонун жана пайдалануунун аймактык комплекстүү схемалары өзгөчө экологиялык кырдаалдардын жана экологиялык кырсыктардын чөлкөмдөрүнүн аймактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин негизинде жаратылышты пайдалануунун өзгөчө режиминдеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында аткарылат.
Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемалары адам жашоосунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү, жаратылыш чөйрөсүнүн бузулуусун жана деградацияланышын алдын алуу жана жок кылуу, анын сапаттарын оптималдаштыруу, рационалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында иштелип чыгат.
7.2. Жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды аткаруу, калктуу конуштардын, аймактык-өндүрүштүк (агроөнөр жай, гидротехникалык, өнөр жай) комплекстеринин, рекреациялык, жаратылышты коргоо жана башка аймактардын, айрым калктуу конуштардын, жаратылыш комплекстеринин, инженердик жана транспорттук курулмалардын жана коммуникациялардын тутумдарын туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын концепцияларын иштеп чыгуу жана аныктоо жаратылышты коргоо жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемаларынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылышы керек.
7.3. Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун илимий-негизделген сунуштарынын жана жолдомолорунун негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кыргыз Республикасынын, анын айрым аймактарынын, калктуу конуштарынын аймактарын экологиялык туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо; өндүрүштүн жана калктын өтө көп топтолушун болтурбоо максатында аймактарды чөлкөмдөштүрүү; баалуу табигый ландшафттарды сактоо; инженердик-унаалык инфратүзүмдү түзүү; жаратылышты рационалдуу пайдаланууну, жаратылыш ресурстарын коргоону жана иштетүүнү, ресурс үнөмдөөчү технологияларды жайылтууну жана чарба тиричилигинин бардык түрлөрү үчүн аймактарды пайдаланууда чектөөлөрдү белгилөөнү эске алуу менен өнөр жай, агроөнөр жай жана коммуналдык объектилерди жайгаштыруу боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
7.4. Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемаларынын курамы жана мазмуну долбоорлоо объектисинин конкреттүү өзгөчөлүктөрүнө жараша долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
7.5. Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемасы табигый чөйрөнүн учурдагы экологиялык абалын, калкты жайгаштырууну жана өндүрүш күчтөрүн аймактык уюштурууну, инфратүзүмүнүн абалын, турмуш-тиричилигинин шарттарын, табигый жана тарыхый-маданий комплекстерин, жашоо чөйрөнү түзгөн шарттарды анализдөөнү жана баалоону, ошондой эле төмөнкүлөр боюнча сунуштарды камтышы керек:
- аймактын бөтөнчүлүктөрүн, көйгөйлүү аймактарын жана кырдаалдарын, курчап турган чөйрөнүн ири масштабдуу маселелерин эске алуу менен аймактардын функциялык-пландаштыруу түзүмүн өнүктүрүү жана түзүү, чөлкөмдөргө бөлүштүрүү боюнча;
- жерди рационалдуу пайдалануу, жаратылышы коргоо, ресурстарды үнөмдөө, аймактарды коркунучтуу жаратылыш жана техногендик процесстерден жана кубулуштардан инженердик коргоо боюнча;
- долбоорлонуучу аймакта жаратылышты рационалдуу пайдаланууну, калкты жайгаштыруунун жана өндүрүш күчтөрүн аймактык уюштурууну эске алуу менен калктуу конуштарды жана алардын тутумдарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча;
- жашоо чөйрөнү оңдоо боюнча;
- курчап турган чөйрөнүн бузулуусун жок кылууну эске алуу менен, инженердик-транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдөрдү түзүү боюнча;
- тарыхый-маданий мурастарды, баалуу табигый ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоо боюнча;
- курчап турган чөйрөнү оңдоо, жаратылыш ресурстарын коргоо жана рационалдуу пайдалануу боюнча приоритеттүү чаралар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чаралары боюнча.
8. Районду пландаштыруу схемасы
8.1. Районду пландаштыруу схемасы облустун же райондун аймагына иштелип чыгат.
8.2. Районду пландаштыруу схемасынын негизги милдеттери аймакты рационалдуу пландаштырууну уюштуруу жана калкты жайгаштыруунун, эл чарба комплексин өнүктүрүүнүн жана жакшыртуунун, аймактардын жер, сырьё, эмгек жана башка ресурстарын натыйжалуу жана комплекстүү пайдаланууда жаратылышты пайдалануунун оптималдуу шарттарын камсыз кылган социалдык, инженердик-унаалык жана өндүрүштүк инфратүзүмдөрдү түзүүнү иштеп чыгуу болуп саналат.
8.3. Районду пландаштыруу схемасы аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү менен байланышта аймактын келечекте узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө баа берүү; шаар куруу ишмердүүлүк жаатында мамлекеттик аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын жөнгө салуу максатында иштелип чыгат, аларды ишке ашыруу өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алууну жана биргелешип инвестициялоону талап кылат.
8.4. Районду пландаштыруу схемасынын курамында төмөнкү маселелер чечилет:
- өлкөдө жана аймакта долбоорлонуп жаткан объектинин жайгашкан ордун эске алуу менен табигый, инженердик-техникалык, медициналык-географиялык, социалдык-экономикалык, пландаштыруунун, инфратүзүмдүк, экологиялык, этномаданий жана башка шарттарына комплекстүү баа берүү;
- шаар куруу жана экологиялык кырдаалдардын өзгөрүшүнө баа берүү;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө баа берүү;
- аймактарды функциялык дайындалышы, пайдалануу түрлөрү боюнча чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнүн, ошондой эле мамлекеттик, аймактык кызыкчылыктарды эске алуу менен жер пайдалануу түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштар;
- жайгаштырууну уюштуруунун жана жакшыртуунун, өндүргүч күчтөрдү аймактарда уюштуруунун, калкты айылдар аралык тейлөө, рекреация жана туризм тутумун түзүүнүн, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтерди, атактуу жерлерди, тарыхый шаарларды жана башка калктуу конуштарды сактоо маселелерин камтыган аймактарды пландаштырууну уюштуруу;
- ири инфратүзүмдүк объектилерди, курулмаларды жайгаштыруунун варианттарын жана инженердик-унаалык коммуникациялардын трассаларынын багыттарын иштеп чыгуу менен долбоорлонуучу аймактын айылдар аралык инженердик-унаалык инфратүзүмүн жакшыртуу;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден жана кубулуштардан инженердик коргоонун, экологиялык жана башка өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча;
- шаар куруу саясатын ишке ашыруунун жаңы жолдорун эске алуу менен аймактын курулуш агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жакшыртуу;
- курчап турган чөйрөнү коргоо;
- жайгаштыруунун приоритеттүү маселелерин ишке ашыруу, өндүрүш күчтөрүн аймактык уюштуруу, инженердик-унаалык жана социалдык инфратүзүмдү жакшыртуу, аймакты экологиялык жактан оңдоо боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды ишке ашыруу;
- инвестициялардын түзүмү, көлөмү жана мүмкүн болгон каржылоо булактары боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү;
- адамдын ден соолугуна жана жашоо чөйрөсүнө таасир этүүчү булагы болгон объектилердин жана өндүрүштөрдүн коопсуздугун.
8.5. Районду пландаштыруу схемасынын негизги графикалык материалдары:
- аймакты комплекстүү баалоо схемасы, аймакты заманбап пайдалануу планы (таяныч план) жана башкы план - 1:100000, 1:50000 масштабында аткарылат;
- аймактарды чөлкөмдөргө бөлүштүрүү схемалары;
- инженердик-унаалык коммуникациялардын схемалары;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик таасирлерден коргоо схемасы тапшырык берүүчү менен макулдашуу боюнча иштеп чыгуучу тарабынан аныкталуучу масштабда аткарылат.
Негизги графикалык материалдардын масштабы жана курамы иштеп чыгуу объектисинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тапшырык берүүчү тарабынан такталышы мүмкүн.
Районду пландаштыруу схемасынын курамында мазмуну, масштабы, курамы долбоорлоого берилген тапшырма менен аныкталуучу, долбоорлоо чечимдерин негиздеген айрым фрагменттер жана кошумча схемалар иштелип чыгышы мүмкүн.
8.6. Аймакты комплекстүү баалоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- пайдалуу кен казып алуу жайларынын, суу каптоо чөлкөмдөрүнүн, тышкы чөйрөнүн булганган чөлкөмдөрүнүн аянттарынын чектери;
- аймактын шаар куруусун жана чарбалык өздөштүрүүсүн чектөөгө таасирин тийгизген жана табигый-климаттык, геологиялык, инженердик-курулушун жана районду пландаштыруу шарттарын мүнөздөгөн геологиялык, гидрогеологиялык, атмосфералык жана башка процесстердин (жер титирөө, көчкүлөр, ташкындоолор, эрозия, экстремалдуу жаан-чачындар ж.б.) кооптуу тилкелери.
Аймакты комплекстүү баалоо схемасында табигый жана техногендик шарттары боюнча, анын ичинде санитардык-гигиеналык жана инженердик-геологиялык шарттар боюнча жарандык-турак жай жана өндүрүштүк курулуш үчүн ыңгайлуу эмес жана чектелген ыңгайлуу чөлкөмдөр белгиленет.
8.7. Районду пландаштыруу схемасына түшүндүрмө кат 8.2-8.6-пункттарынын жана ушул курулуш ченеминин 11-тиркемесинде көрсөтүлгөн сунуштардын жана чечимдердин негиздемелерин камтышы керек.
8.8. Районду пландаштыруу схемасынын милдеттүү (бекитилүүчү) бөлүгүнө: шаардын четиндеги чөлкөмдөрдүн чек аралары, ошондой эле негизги долбоордук тиркемелер:
- жайгаштыруу ;
- аймактарды чөлкөмдөргө бөлүштүрүү;
- айылдар аралык инженердик-унаалык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден коргоо жана курчап турган чөйрөнү оңдоо;
- районду пландаштыруу схемасын ишке ашыруунун биринчи кезектеги иш-чараларынын тизмеси боюнча тиркелиши керек.
9. Калктуу конуштун башкы планы
9.1. Калктуу конуштун башкы планы калктын кызыкчылыктарын жана мамлекеттик милдеттерди эске алуу менен жакынкы 15-25 жылга приоритеттүү жана баскычтуу стратегияны аныктоочу, негизги юридикалык шаар куруу документи болуп саналат жана сунуш катары кабыл алынат:
- калктуу конуштун аймактарын өнүктүрүү багыттарын жана чектерин аныктоону;
- аймактардын функциялык дайындалышын жана курулушту чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнү;
төмөнкүлөр боюнча принципиалдуу чечимдерди:
- жалпы шаардык маанидеги объектилерди жайгаштыруу;
- шаар курууну жөнгө салуучу сызыктары менен транспорттук тейлөө схемасы;
- инженердик жабдуу жана абаттоо схемалары;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден коргоо;
- табигый жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо;
- аймактарды өздөштүрүүнүн кезектүүлүгү.
9.2. Башкы пландар эки баскычта иштелип чыгат:
- башкы пландын концепциясы;
- калктуу конуштун башкы планы (башкы план).
9.3. Концепция калктуу конуштун аймагына шаар четиндеги чек араларды белгилөө менен анын узак мөөнөттүү стратегиясын жана чарбасынын өнүгүү этаптарын аныктоо, ошондой эле аймактын ресурстук потенциалынан жана жаратылышты рационалдуу пайдалануудан экономикалык, социалдык, экологиялык жана шаар куруу шарттарына комплекстүү анализ жасоонун негизинде функционалдык-пландоону уюштуруу максатында иштелип чыгат.
Концепция калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
9.4. Түшүндүрмө катта маалыматтар, калктуу конуштун жана анын шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмүнүн ресурстук мүмкүндүктөрү жөнүндө маалыматтар, калктын саны жана түзүмү, шаар түзүү базасынын жаңы объектилерин жайгаштыруу, турак жай, маданий-тиричилик жана коммуналдык курулуштун көлөмдөрү жана алар үчүн зарыл аймактар, курулуш базасын өнүктүрүү, калктын эс алуусун уюштуруу, туризмди өнүктүрүү, транспорттук жана инженердик инфратүзүмдөрдүн өнүгүүсүнүн негизги принциптери жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Түшүндүрмө катта калктуу конуштун аймактык өнүгүүсүнүн варианттарына шаар куруу жана социалдык-экономикалык негиздеме берилет, ошондой эле калктуу конуштун өнүгүү этаптары жана аймактык уюштурулуусу каралат; долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болгон натыйжаларга баа берилет.
9.5. Концепциянын бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- калктуу конуштун аймактарын максаттуу пайдаланышы жана аны өнүктүрүү баскычтары боюнча сунуштар;
- калктуу конуштун жана шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрдүн чектерин аныктоо боюнча сунуштар;
- калктуу конуштун жана анын шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрүнүн инженердик-унаалык инфратүзүмүн өнүктүрүү багыттарынын принципиалдуу чечимдери.
9.6. Башкы план калктуу конуштун чектериндеги аймакка иштелип чыгат жана 15-25 жылга чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен калктуу конуштун аймагына социалдык чөйрөдөгү жалпы шаардык объектилерди жайгаштырууну, инженердик жана транспорттук тутумдарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, табигый жана тарыхый мурастарды сактоо боюнча иш-чараларды, аймактарды өздөштүрүүнүн жана куруунун кезектүүлүгүн аныктайт.
Калктуу конуштун жана анын шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу суроолор башкы пландын концепциясынын материалдарында чечилет.
9.7. Калкынын эсептик саны 10 миңге чейинки адам болгон калктуу конуштар үчүн башкы калктуу конуштун бардык аймагына же биринчи кезектеги курулуш райондоруна аймакты пландаштыруу долбоорлору менен бириктирилип иштелип чыгышы мүмкүн. Башкы план менен калктуу конуштун бардык аймагынын аймакты пландоо долбоору менен бириктирилген учурда башкы пландын чиймелери масштабы жана мазмуну ушул Курулуш ченемдерине ылайык кабыл алынат.
9.8. Калктуу конуштун жайгашуу схемасы жергиликтүү жайгашуу системасында 1:10000, 1:25000 же 1:50000 масштабында аткарылат. Схемада аймактын чек арасынын долбоору; аймакта жайгашкан айыл чарба жана башка ишканалар; долбоорлонуп жаткан аймакка таасир этүүчү калктуу конуштар жана функционалдык чөлкөмдөр; калктуу конуштун административдик борбору жана ага тартылган калктуу жерлер; айылдар аралык транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана объектилер көрсөтүлөт.
9.9. Аймакты комплекстүү баалоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- пайдалуу кен байлыктар жаткан аймактын чектери;
- табигый жана техногендик шарттары боюнча курулуш үчүн ар түрдүү деңгээлде ылайыктуу болбогон аймактар;
- санитардык-коргоо, коргоо жана кайтарылуучу чөлкөмдөрү (курулуштун бардык түрүнө таасир этүүчү ишканалар, курорттор, көлмөлөр, инженердик жана транспорттук курулмалар, коммуникациялар, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, өзгөчө кайтарылуучу ландшафтар жана башка чектелген чөлкөмдөр ж.б.);
- аэропорттордун райондорунда, мүмкүн болгон табигый жана техногендик катастрофалардын райондорунда курулушту чектөө чөлкөмдөрү;
- ызы-чуусу көп, термелүүчү, электромагниттик нурлануу чөлкөмдөрү;
- радиациялык булгануу;
- курчап турган чөйрөдө экологиялык бузуулар бар чөлкөмдөр;
Татаал инженердик-геологиялык шарттар бар болгон учурда, схема инженердик-геологиялык жана гидрологиялык карталар менен, ал эми жер титирөө 8 же андан ашык балл болгондо микросейсмикалык райондоштуруу карталары менен толукталат. Деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан калктуу конуштар үчүн схемада радиациялык-жылуулук режими, шамал режими жана геокордиологиялык процесстерди баалоо боюнча маалыматтар кошумча көрсөтүлөт.
9.10. Транспорт схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- тышкы транспорттун аймактары жана курулмалары (темир жолдор жана станциялар, аэропорттор, көпүрөлөр, жолдогу өткөргүчтөр, тоннелдер ж.б.);
- көчө-жол тармагынын классификациясы;
- көчөдөн тышкаркы жана жер үстүндөгү рельстик коомдук транспорттун трассалары жана курулмалары;
- автобус-троллейбус туруучу жайларды жайгаштыруу;
- ири гараждарды жана жеңил автомобиль туруучу жайларды жайгаштыруу.
9.11. Аймакты инженердик жабдуу жана инженердик даярдоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аймакты инженердик жабдуунун башкы курулмалары;
- магистралдык түтүктөр (суу түтүгү, каналдаштыруу, жылуулук менен камсыздоочу, газ менен камсыздоочу, жаан-чачынды агындылоочу, тазаланган агын сууларды чыгаруучу жайлары, жогорку вольттуу электр тогун өткөрүү линиялары, негизги байланыш объектилери, электр жана аз ток өткөрүүчү түзүлүштөр);
- чоң көлөмдө топурак төгүүнү же алууну, дренаждоону талап кылган аймактардын жер тилкелери;
- шаардык гидротехникалык курулмалар;
- жөнгө салынуучу, тазалануучу, түбү тереңдетилүүчү, түтүктөргө кошулуучу өзөндөрдүн жана башка көлмөлөрдүн тилкелери;
- бузулган аймактарды кайра культивациялоо боюнча иш-чаралар.
Инженердик камсыздоонун комплекстүү схемасында графикалык маалымат көп болгон учурда, өзүнчө схемаларды иштеп чыгууга жол берилет.
9.12. Башкы план (негизги чийме) 1:5000 же 1:10000 масштабында аткарылат.
Башкы планда калктуу конуштардын долбоордук чек аралары жана төмөнкүлөр боюнча сунуштар:
- өз алдынча жайгашкан турак жай, өндүрүштүк жана башка багыттагы түзүмдөрдү өнүктүрүү, сактап калуу, кээ бир учурларда калктуу конуштардын калыптануусун токтотуу (экологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык, ошондой эле адамдардын тиричилик аракетинин коопсуздугу үчүн жабуу же кайра түзүү) боюнча;
- айыл чарба жана башка өндүрүштөрдү уюштуруу боюнча;
- аймактарды жана калктуу конуштарды функционалдык чөлкөмдөштүрүү боюнча;
- жаратылышты коргоо чөлкөмдөрү, сырткы ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын, тарыхый жана маданий эстеликтердин чөлкөмдөрү;
- транспорт жана жөө жүргүнчүлөр байланышын жакшыртуу, калктуу конуштардын, айрым турак жай, өндүрүштүк жана башка багыттагы түзүмдөрдүн архитектуралык-пландоо структурасы боюнча функционалдык чөлкөмдөштүрүү боюнча;
- долбоорлонгон тейлөө объектилерин, коммуникация жана инженердик жабдуунун курулмаларын, коммуналдык чарба жана аймакты инженердик тейлөө объектилерин жайгаштыруу; коголуучу токой тилкелери, сырткы ландшафты калыптандыруу боюнча.
9.13. Башкы пландын курамында кошумча схемалар мастер план түрүндө иштелип чыгышы мүмкүн, алардын курамы, мазмуну жана масштабы долбоорлоого берилген тапшырма менен аныкталат.
9.14. Башкы планга түшүндүрмө кат башкы пландын бекитилүүчү бөлүгү болуп саналат жана ушул курулуш чемдеринин 9.8-9.12 пункттарында жана 12-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды камтуусу керек.
9.15. Башкы план калктуу конуштун инженердик-транспорттук инфратүзүмүнүн бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү схемасын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
9.15. Башкы пландын милдеттүү бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- Башкы план (негизги чийме), аймактарды функциялык жана курулуш чөлкөмдөрүнө бөлүштүрүү (кабаттуулугу жана курулуштун жыштыгы боюнча);
- Транспорттун схемасы;
- Калктуу конуштардын чегинин келечектүү өнүгүүсү;
- Түшүндүрмө кат жана негизги жоболор.
10. Калктуу конуштун чегинин долбоору
10.1. Калктуу конуштун чегинин долбоору калктуу конуштун аймагынын өлчөмдөрүн жана чектерин белгилөө, аларды жеринде бекитүүнү чыгаруу максатында иштелип чыгат.
10.2. Калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгуу бекитилген райондук пландоонун долбоорун, бекитилген калктуу конуштун жана айыл аймагынын башкы планын жана калктуу конуштун жана ага жанаша жайгашкан аймактарда иштеп жаткан шаар жана жер куруу документтерин эске алуу менен ишке ашырылат.
10.3. Калктуу конуштун жана ага жанаша жайгашкан аймактардын чегинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери негиз болуп саналат, административдик-аймактык пайда болуу статусу бар калктуу конуштун чек араларын өзгөртүү алардын компетенциясына ылайык жүргүзүлөт.
Эскертүү - Айыл калктуу конуштун чегинин долбоору анын башкы планынын же айыл аймагынын башкы планынын курамында иштелип чыгышы мүмкүн.
10.4. Калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгууда калктуу конуштардын жана ага жанаша жайгашкан аймактардын жерлеринин курамы Кыргыз Республикасынын жер, архитектуралык-шаар куруу мыйзамдарына ылайык аныкталат.
10.5. Калктуу конуштун чегинин долбоору ушул курулуш ченемдеринин 10.6-10.8-пункттарында көрсөтүлгөн графикалык жана тексттик материалдардын курамында аткарылат.
10.6. Калктуу конуштардын чегин долбоорлоо планы аймактын аянтына жараша 1:2000, 1:5000, 1:10000 же 1:25000 масштабында аткарылат.
Планда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иштеп жаткан, юридикалык жактан аныкталган калктуу конуштун чеги, ал жок болгон учурда калктуу конуштун калыптанган чек арасы;
-категориялары, жерди пайдалануунун негизгилери, аларды колдонуунун түрлөрү боюнча калктуу конуштун жерлерин заманбап колдонулуусу; категориялары, жерди колдонуу, аны колдонуунун түрлөрү боюнча калктуу конуштун аймагына кирген жерлер;
- калктуу конуштун башкы планынын долбоордук чечимдери, айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагы, иштеп жаткан шаар куруу документтери, калктуу конуштун чегин аныктоого жана өзгөртүүгө таасир этүүчү башка чечимдер;
- долбоорлонуучу калктуу конуштун чеги;
- аймактардын аянттарын учурдагы чек арада, калктуу конуштун курамына жерлердин категориялары, жер пайдалануулар, аларды пайдалануу түрлөрү боюнча киргизилүүчү (чыгарылуучу) аймактардын аянттарын өзүнчө көрсөтүү менен калктуу конуштун жерлерин пайдалануу; калктуу конуш менен аралаш жайгашкан жер пайдалануучулардын, жер ээлеринин, жерлердин менчик ээлеринин толук аты-жөнү.
10.7. Калктуу конуштун жерлерине жанаша жайгашкан административдик-аймактык түзүлүштүн схемасы 1:25000 же 1:50000 масштабында аткарылат.
Схема долбоорлоого берилген тапшырмага ылайык башкаруу жана жөнгө салуу үчүн иштелип чыгат.
10.8. Түшүндүрмө кат төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- калктуу конуштун учурдагы чеги жана анын жерлерин заманбап пайдалануу жөнүндө категориялар, жер пайдалануулар, пайдалануу түрлөрү боюнча (таблица формасында келтирилген) маалыматтар;
- калктуу конуштун, айыл аймагынын бекитилген башкы планынын долбоордук чечимдери, колдонуудагы башка шаар куруу документтери ;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштун аймагын өнүктүрүү бөлүмү боюнча чечимдери;
- категориялары, жерди пайдалануу, пайдалануу түрлөрү боюнча таблица формасында маалыматтар менен жерлерди калктуу конуштун аймагына киргизүү (чыгаруу) жөнүндө долбоорлоо чечимдеринин негиздемелери.
Калктуу конуштун чегине киргизилүүчү калктуу конуштар боюнча төмөнкү маалыматтар келтирилет:
- өнөр жай ишканаларынын жана социалдык-маданий мекемелердин тизмеси, калктуу конушка чейинки аралык;
- калктын саны, анын ичинде, калктуу конуштун ишканаларында жана мекемелеринде иштеген жумушчулардын жана кызматкерлердин саны;
- турак жай фондунун көлөмдөрү жөнүндө маалыматтар, анын кабаттуулугу, дубалдардын материалдары, менчик түрлөрү, абаттоо, инженердик жабдуу тутумдарынын абалы боюнча бөлүштүрүлүшү;
- калктуу конуштун чегинин долбоору боюнча калктуу конуштун жерлеринин алардын категориялары жана жер пайдалуулары боюнча жыйнакталган балансы (таблица түрүндө);
- калктуу конуштун чегинин долбоору жөнүндө маалымат;
- калктуу конуштун чегинин долбоорун кароо жана макулдашуу боюнча документтер.
Эскертүү:
1. Калктуу конуштун чегин жеринде аныктоо тийиштүү уруксаттамасы бар уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жеринде аныкталган чекти кабыл алуу курамында алардын жерлери калктуу конуштардын, тийиштүү архитектура жана шаар куруу органдарынын, жер ресурстары жана жерге жайгаштыруу боюнча комитеттердин аймактарына кирүүчү калктуу конуштун жана райондордун аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү бар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Калктуу конуштун чегинин долбоорунун, айыл калктуу конуштардын чектерин кошкондо, жыйынтыктарын кабыл алууда акт түзүлөт.
11. Айыл аймагынын аймактарынын башкы планы
11.1. Айыл аймагынын башкы планы аймакты натыйжалуу функциялык пайдалануу, айыл аймагынын ведомство карамагындагы баардык калктуу конуштарды камтыган калктын турмуш-тиричилик чөйрөсүн уюштуруунун экологиялык, социалдык, чарба, жер жана эстетикалык маселелерин, ошондой эле аларга өз ара байланышкан турак жай, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы түзүлүштөрдү чечүү максатында иштелип чыгат.
Эскертүү - Айыл аймагынын карамагында бир калктуу конуш болсо, башкы план анын тургундары эмгектенишкен же алар иштеген негизги жайлары жайгашкан айыл чарба багытындагы ишкананын (ишканалардын) аймагын камтыйт.
11.2. Айыл аймагынын башкы планында жергиликтүү жана аймактын кызыкчылыктарынан улам келип чыгуучу долбоордогу аймакты комплекстүү өнүктүрүүгө тиешелүү болгон районду пландаштыруу долбоорунун, башка шаар куруу жана жерге жайгаштыруу документтеринин, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин принципиалдуу жоболору такталат жана өнүктүрүлөт.
11.3. Калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарынын башкы планы жакынкы 15-25 жылга приоритеттүү жана баскычтар боюнча стратегияны аныктоочу юридикалык документ болуп саналат:
- калктуу конуштардын өндүрүштүк базасын, транспорттук коммуникацияларын, социалдык жана инженердик инфратүзүмүнүн тутумун уюштуруу;
- калктуу конуштардын, айрым турак жай, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы түзүлүштөрдүн аймактарын жана архитектуралык-пландаштыруу түзүмдөрүн өнүктүрүү, алардын чек араларын аныктоо;
- функциялык чөлкөмдөрдүн аткарылышы боюнча шаар куруу талаптарын жана аларды куруу эрежелерин ишке ашыруу.
Эскертүү - Аймактардын административдик чек араларын кайра карап чыгуу зарыл болсо жана районду пландаштыруу схемасында тийиштүү сунуштар жок болсо, алар калктуу конуштардын аткаруу органдарынын аймагынын башкы планы менен аныкталат.
11.4. Айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагынын башкы планы:
- айыл калктуу конуштардын жана башка функционалдык чөлкөмдөрдүн (зарыл болгондо) башкы пландарын, айыл калктуу конуштардын чегинин долбоорлорун, функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнүн, фермердик чарбалардын тилкелеринин долбоорлорунун, бак өстүрүүчү-дача бирикмелеринин, эс алуу мекемелеринин, башка багыттагы, аймакты инженердик жабдуунун жана абаттоонун долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат;
- бийлик органдары тарабынан кабыл алынуучу жана аймактын шаар курулушун жана чарбасын өнүктүрүү, приоритеттүү иш-чараларды каржылык, ресурстук, уюштуруучулук жана укуктук камсыздоо, шаар куруу ишмердүүлүгүн башка жөнгө салуу боюнча чечимдерди башкаруунун негиздемеси.
11.5. Айыл аймагынын башкы планы ушул эрежелер топтомунун 11.6-11.9 кичи пункттарында көрсөтүлгөн материалдардын курамында иштелип чыгат.
11.6. Айыл аймагынын жайгаштыруу схемасы 1:10000, 1:25000 же 1:50000 масштабында аткарылат. Схемада аймактын долбоордук чек аралары; анда жайгашкан айыл чарба жана башка ишканаларынын аймактары; калктуу конуштар жана долбоорлонуучу аймактар: айыл аймагынын административдик борборуна жана ага таандык калктуу конуштарга таасир этүүчү функционалдык чөлкөмдөр; айыл аралык транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана объектилер көрсөтүлөт.
11.7. Аймакты заманбап пайдалануу планы 1:5000 же 1:2000 масштабында аткарылат.
Планда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- калктуу конуштардын жана функционалдык чөлкөмдөрдүн калыптанган чек аралары жана пландалган түзүмү;
- негизги жер ээлери жана жер пайдалануучулар, алардын жер пайдалануу категориялары жана менчик түрлөрү боюнча;
- жаңы курулуштун жана чарбалык пайдалануунун баардык түрлөрү үчүн жерлердин таризделип бөлүп берүүлөрүнүн чектери;
- пайдалуу кен байлыктар жаткан жайлардын чектери;
- бекитилген шаар куруу жана жерге жайгаштыруу документтери менен каралган аймактардагы резервдер;
- транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана курулмалар, коммуналдык чарба объектилери, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтер, башка ландшафтык жана архитектуралык баалуу жайлар, аларды визуалдуу кабыл алуунун негизги багыттары;
- экологиялык кырсык, адамдын ден соолугуна жана жашоо чөйрөсүнө таасир этүү булактары болгон санитардык зыяндуу булактар жана чөлкөмдөр, объектилердин жана өндүрүштөрдүн санитардык-коргоо чөлкөмдөрү;
- бузулган ландшафтын калыбына келтирүүгө муктаж болгон аймактары;
- күзөт жана коргоо чөлкөмдөрү, жөнгө салуучу курулуш чөлкөмдөрү.
11.8. Башкы план (негизги чийме) 1:5000 же 1:2000 масштабында аткарылат.
Башкы планда калктуу конуштардын долбоорлоо чектери жана сунуштар көрсөтүлөт:
- калктуу конуштардын, өзүнчө жайгашкан турак, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы түзүлүштөрдүн функцияларын өнүктүрүү, сактоо, кээ бир учурларда (экологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык, ошондой эле адамдардын турмуш-тиричилигинин коопсуздук жайларынын талаптарына ылайык жабдууда же кайрадан базалаштырууда) токтотуу;
- айыл чарбаны жана башка өндүрүштү уюштуруу;
- аймактарды жана калктуу конуштарды функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүү;
- жаратылышты коргоо чөлкөмдөрүнүн, жердин үстүндөгү ичүүчү суу менен камсыздоонун коргоо чөлкөмдөрү, тарыхый жана маданий эстеликтер;
- транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр байланыштарын өнүктүрүү, архитектуралык-пландаштыруу түзүмдөрү, айрым турак жай, өндүрүштүк жана билим берүү дайындалыштагы функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүү;
- тейлөөнүн, инженердик жабдуулардын коммуникацияларын жана курулмаларын долбоорлоо объектилерин, коммуналдык чарба жана аймакты инженердик коргоо объектилерин жайгаштыруу; долбоорлонуучу токой коргоо тилкелери, токой өстүрүү, бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү.
11.9. Кыскача түшүндүрмө кат ушул Курулуш ченемдеринин 11.5-11.8 кичи пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди жана долбоордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн ачып берет.
11.10. Долбоордун бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет: долбоордогу чек аралар, айыл аймактарынын жана калктуу конуштардын аймактарын функционалдык жана курулуш чөлкөмдөрүнө бөлүштүрүү, калктуу конуштардын, турак жай, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы уюштуруулардын архитектуралык-пландаштыруу түзүмү, инженердик-транспорттук инфратүзүм, суу менен камсыздоо булактарынын, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтеринин коргоо чөлкөмдөрүнүн чектери, биринчи кезектеги курулуш объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар, ошондой эле курулуш эрежелери.
12. Аймакты пландаштыруу долбоору
12.1. Аймакты пландаштыруу долбоору шаар куруу документтеринин баскычтарына ылайык калктуу конуштардын айрым бөлүктөрүнө иштелип чыгат.
Кичине калктуу конуштардын бардык аймагына аймакты пландаштыруу долбоору башкы пландын курамында иштелип чыгат. Ошондой эле, аймакты пландаштыруу долбоору калктуу конуштардын аймагында жайгашкан турак жай, өнөр жай, тарыхый, рекреациялык жана башка калктуу конуштун чегинен сырткары жайгашкан функционалдык чөлкөмдөргө иштелип чыгат.
12.2. Аймакты пландаштыруу долбоору юридикалык шаар куруу документи болуп саналат жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
- шаар курууну жөнгө салуучу сызыктар курулушту жөнгө салуу жана жерлерди пайдалануу чектерин аныктайт; аймакты инженердик даярдоо, абаттоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды; аймактарды функционалдык жана курулуштук чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнү;
- калкты маданий-тиричилик жана коммуналдык тейлөө объектилеринин социалдык керектүү курамын жана жайгаштырууну;
- транспорттук тейлөөнү уюштуруу; магистралдык инженердик коммуникациялардын трассаларын;
- көчөлөрдүн кесилиш профилдерин.
Аймакты пландаштыруу долбоорунда курулуштун көлөмдүк-мейкиндик чечими, тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоо чөлкөмдөрүн пайдалануу режими боюнча сунуштар иштелип чыгат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
12.3. Аймакты пландаштыруу долбоору ушул Курулуш ченемдеринин 12.4-12.12-пункттарында көрсөтүлгөн материалдардын курамында иштелип чыгат.
Аймакты пландаштыруу долбоорунун графикалык материалдары 1:2000 же 1:1000 масштабында иштелип чыгат.
12.4. Аймактарды заманбап пайдалануу планында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аймакты функционалдуу чөлкөмдөштүрүү;
-пландаштырылуучу чектөөлөр, корголуучу аймактардын чектери, чөйрөнү булгоо булактары жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрү;
- имараттардын жана курулмалардын дайындалышы, кабаттуулугу жана туруктуулугу мүнөздөмөсү боюнча курулуш; көчө тарамдары; мал айдап чыгуучу жолдор, транспорттук курулмалар; аймакты инженердик жабдуунун жер үстүндөгү жана жер астындагы курулмалары жана коммуникациялары;
- аймактардын менчик формалары боюнча чек аралары; курулуштун баардык түрлөрү жана абаттоо үчүн тилкелерди бөлүп берүү чектери;
- курулушту шаар куруу боюнча жөнгө салуучу иштеп жаткан жана долбоорлонгон сызыктар.
12.5. Негизги чиймеде ушул Курулуш ченемдеринин 12.4-пунктунда белгиленген сакталган курулуштун элементтери, сакталган жаратылыш ландшафтарынын жер тилкелери жана долбоордук сунуштар боюнча:
- аймактын функционалдык дайындалышын жана имараттардын, курулмалардын кабаттуулугун көрсөтүү менен аймакты курууну пландоонун мейкиндик чечими;
- көчө тармагы, мал айдап чыгуучу жолдор, транспорттук курулуштар, аймакты инженердик жабдуунун жер үстүндөгү жана жер астындагы курулуштары жана коммуникациялары;
12.6. Шаар курууну жөнгө салуучу сызыктардын бөлүү чиймесинде жердин геодезиялык белгилерге, баштапкы имараттарга жана курулмаларга бекитилген шаар курууну жөнгө салуучу курулуштун сызыктары жана долбоордук бурулуш точкалары жана бурчтардын координатасынын эсептик маанилери көрсөтүлөт.
АДП жок болгон учурда калктуу конуштардын негизги жана магистралдык көчөлөрү үчүн, курулуш долбоорун иштеп чыгуу баскычында калктуу конуштардын Башкы планындагы транспорттун схемасын сактоо шарты менен чоң объектилер үчүн кызыл сызыктарды иштеп чыгууга жол берилет (аталган иш-чара негизги жана магистралдык көчөлөр менен биргеликте шаар куруу түйүндөрүнүн айрым аймактарынын долбоорун иштеп чыгууда сөзсүз керек).
12.7. Транспорттук тейлөө жана жол түйүндөрүнүн схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- магистралдардын жана көчөлөрдүн классификациясы;
- ар түрдүү деңгээлде кыймылды кесип өтүү менен татаал транспорттук түйүндөрдө транспорт кыймылын уюштуруу;
- чарбалык өтүүчү жана мал айдап өтүүчү жолдор;
- коомдук жана жеке транспортту убактылуу жана туруктуу сактоочу жайлары (анын ичинде жер алдындагы );
- коомдук транспорттун баардык түрлөрүнүн токтоо пункттары; транспорттук курулуштар (эстакадалар, жолдогу өткөөлдөр, көпүрөлөр, тоннелдер, жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү);
- транспортту тейлөө ишканалары; жөө жүргүнчүлөр кыймылынын негизги жолдору, көчөлөрдө жана жолдордо өтүүчү жерлер.
1:100 жана 1:200 масштабындагы айрым чиймелер үчүн инженердик түйүндөрдү жайгаштыруу менен жолдордун долбоорлонгон кесилиштери көрсөтүлөт.
12.8. Магистралдык инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу жана жер үстүндөгү мейкиндикти пайдалануу схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кичи райондон тышкары тармактардын калыптанган, сакталган, калыбына келтирилген, бузулуучу жана жаңы трассалары жана курулуштун канализациясы, жылуулук, суу, электр камсыздоо, теле берүү, телефон, ирригациялык, жамгыр агуучу дренаждык тарамдары;
- ушул тармактардын шаардык магистралдык сызыктарга жана курулмаларга кошулган жерлери;
- инженердик жабдуу системасын башкаруу пункттарын жайгаштыруу.
12.9. Аймакты вертикалдык пландаштыруу жана инженердик даярдоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аймакты вертикалдык пландаштыруу (көчөлөрдүн, өткөөлдөрдүн кесилишкен жерлеринде жана узунунан кеткен профилдин жерлеринде өтүүчү бөлүктөрдүн октору боюнча учурдагы жана долбоордогу белгилери, долбоордогу узунунан кеткен багыттар);
- аймакты инженердик даярдоо боюнча долбоордогу иш-чаралар (жер үстүндөгү сууларды агызууну уюштуруу, суу каптоодон жана чөгүүдөн коргоо боюнча курулмалар, суу өткөрүү тутумдары, топурак төгүү жана казуу ж.б.), жашылдандыруу жана жагымдуу чөйрөнү түзүү;
- аймакты коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден инженердик коргоочу курулмалар.
12.10. Шаар куруу мамилесинде татаал долбоорлорду иштеп чыгууда, аймакты пландаштыруу долбоорунун курамында тапшырык берүүчүнүн макулдугу менен, долбоорлоого берилген тапшырмада белгиленген көлөмдө жана масштабда пландоо жана куруу макети аткарылышы мүмкүн.
12.11. Түшүндүрмө кат ушул Курулуш ченемдеринин 12.4-12.11-пункттарында каралган маалыматтарды жана ушул курулуш ченемдеринин 12-тиркемесине ылайык долбоордун негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камтышы керек.
Түшүндүрмө каттын курамына аймакты пландаштыруу долбоорунун негизги жоболору да киргизилет.
12.12. Аймакты пландоо долбоорунун бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- негизги чийме;
- долбоорлонуп жаткан шаар куруунун жөнгө салуу линиялары менен транспорттун схемасы;
- бөлүү чиймеси (акт) кызыл сызыктардын планы
- көчөлөрдүн жана магистралдардын кесилиш профилдери;
- түшүндүрмө кат (АПД негизги жоболору).
13. Кварталдардын, кичи райондордун, шаар куруу түйүндөрүнүн курулуш долбоору
13.1. Курулуш долбоору башкы планды жана аймакты пландаштыруу долбоорун өнүктүрүү максатында жаңы курулуп жаткан, кайра калыбына келтирилген кичирайондордун, кварталдардын аймактары, коомдук имараттардын жана турак жай топторунун жер тилкелери, шаар куруу түйүндөрү жана башка калктуу конуштун пландалган элементтери үчүн иштелип чыгат.
Магистралдык аянттар жана жер тилкелери үчүн курулуш долбоору алардын аймагынын чегинде иштелип чыгат.
Курулуш долбоорун аткаруу бекитилген аймакты пландоонун долбоорусуз Мамкурулуштун 2015-жылдын 31-декабрындагы № 1-нпа буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштардын кызыл сызыктарын жана башка сызыктарды долбоорлоо жана коюу тартиби жөнүндө жобонун" 3-тиркемесине ылайык, калктуу конуштардын башкы пландарын өнүктүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана шаар курууну жөнгө салуучу сызыктарды иштеп чыгуу менен иштелип чыгат.
13.2. Курулуштун долбоорун иштеп чыгуу үчүн тапшырык берүүчү долбоорлоочу менен биргеликте белгиленген тартипте долбоорлоого тапшырма түзүшөт жана бекитишет.
13.3. Оор шаар куруу жана экологиялык аймактарда долбоорлорду иштеп чыгуу, жеке долбоор боюнча имараттын көпчүлүк бөлүгүн колдонуу, ошондой эле тапшырык берүүчүнүн тапшырмасы боюнча уникалдуу объектинин курулушунун шаар куруу негиздери талап кылынса, кварталдардын, кичирайондордун, аянттын, магистралдын, шаар куруу түйүндөрүнүн жана башка элементтердин курулушунун негизги архитектуралык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик концепциясынын варианттары менен иштеп чыгуу мүмкүн.
Курулуштун долбоорунун варианттарын иштеп чыгууда кошумча төмөнкүлөр аткарылат:
- рельефти уюштуруу боюнча сунуштар менен башкы план;
- көрсөтүлүүчү материалдар жана макеттер.
13.4. Долбоордун курамында кайра калыбына келтирилген кварталдардын жана жер тилкелеринин курулушунун долбоорун иштеп чыгууда тарыхый баалуулуктарды сактоо боюнча, эскилиги боюнча курулушту бузуу, оңдоп-түзөө кайра калыбына келтирүү боюнча сунуштарды эске алуу менен курулуштун заманбап абалын мүнөздөөчү схемасы иштелип чыгат.
13.5. Курулуштун долбоору эки баскыч менен иштелип чыгат.
13.6. Курулуштун долбоорунун биринчи баскычы бекитилүүчү бөлүк болуп эсептелет жана курулуштун айрым объектилерин долбоорлоого уруксат алууда негизги техникалык документ болуп саналат.
Биринчи баскыч - кичирайондордун, кварталдардын, шаар куруу түйүндөрүнүн жана башка калктуу конуштардын пландалуучу элементтеринин долбоорунун башкы планынын схемасын, композициялык мейкиндик-пландоо чечимин, объектилердин функционалдык багытын, кайра калыбына келтирүүнү, магистралдык инженердик түйүндөрдүн схемасы менен калыбына келтирүүнү жана аббаттоону, транспорттук тейлөө жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын аныктайт.
13.7. Биринчи баскычтын курамына төмөнкүлөр кирет:
- калктуу конуштун районунун курамында долбоорлонгон кварталдын, кичирайондун, шаар куруу түйүндөрүнүн курулушунун 1:5000, 1:10000 масштабындагы кырдаалдык планы;
- таянычтык планы;
- транспорттун жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын уюштуруу схемасы, төмөнкү көрсөткүчтөр менен:
- жолдордун жана магистралдардын классификациясы;
- ар кандай деңгээлдеги кыймылдардын кесилиши менен оор транспорттук түйүндөрдө транспорт кыймылын уюштуруу;
- имаратка кирүүчү жолдор жана өтмөктөр, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор;
- чарба жолдору жана мал айдап өтө турган жолдор;
- башкы планга жана аймакты пландоо долбооруна (АПД) (анын ичинде жер астындагы) ылайык коомдук жана жеке транспортторду убактылуу жана туруктуу сактоочу жайлар;
- шаар курууну жөнгө салуучу бардык сызыктары көрсөтүлгөн курулуштун башкы планынын схемасы, долбоорлонуп жаткан, сакталган жана калыбына келтирилген имараттар жана курулмалар, калкты тейлөөчү социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин жайгаштыруу, инженердик курулмалар жана коммуникациялар;
- курулуштун долбооруна түшүндүрмө кат, ТЭКтин чоңойтулган көрсөткүчтөрү менен.
13.8. Белгиленген тартипте долбоорлоочу (долбоорлоо уюму) тарабынан иштелип чыккан курулушту долбоорлоонун биринчи баскычы, шаар куруу кеңешинде кароо үчүн тапшырык берүүчү тарабынан тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органына берилет;
13.9. Экинчи баскыч- долбоорлоого берилген тапшырма боюнча биринчи баскыч бекитилгенден кийин аткарылат.
13.10. Курулушту долбоорлоонун экинчи баскычы төмөнкү материалдардын курамында аткарылат:
- биринчи баскычтын материалдары;
- аймакты абаттоо жана жашылдандыруу схемасы, чиймеде өткөөлдөрдүн, жолдордун жана аянттардын туурасынан кеткен кесилиштери 1:2000 масштабында көрсөтүлөт;
- курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бөлүм;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча схема;
- инженердик коммуникациялар менен камсыз кылуу схемасы, долбоордо жер астындагы инженердик түйүндөрдүн планынын жыйынтыгы аткарылат;
13.11. Долбоордун графикалык материалдары 1:1000 же М1:2000 масштабында аткарылат.
13.12. Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча курулуштун сметалык жыйынтыгынын эсеби.
13.13. Долбоорлоого берилген тапшырмага ылайык курулуштун долбоорунун курамында композициялык чечимдерди мүнөздөөчү көргөзмө материалдар, макеттер аткарылат.
14. Шаар куруу документтерин сактоо тартиби
14.1. Шаар куруу документтеринин көзөмөлдөө нускасы көрсөтүлгөн материалдарды тариздөөгө жана кирүүгө карата атайын талаптар менен аныкталган тартипте иштеп чыгуучунун архивинде сакталат.
Эскертүү - Долбоорлоо уюмунун архивинде милдеттүү тартипте түшүндүрмө каттын бир нускасы, эсептөөлөрдүн жана маалымкаттардын түп нускалары, баардык долбоорлоо материалдарынан сүрөт репродукциялары же бардык долбоорлоо материалдарынын электрондук түрү сакталат.
14.2. Долбоорлоо документтери долбоорлоо уюму тарабынан төмөнкү санда тапшырык берүүчүгө өткөрүп берилет:
- долбоорлоо планы (түп нуска) - 1 нуска;
- аймакты заманбап пайдалануу схемасы (түп нуска) - 1 нуска;
- схемалар (түп нуска) - 1 нуска;
- чиймелердин жана схемалардын сүрөт репродукцияларына түшүндүрмө кат - 3 нуска;
- баардык графикалык материалдардан электрондук көчүрмөлөрү (катуу дискте ) - 2 нуска.
14.3. Долбоорлоо жана таянуу пландарынын жупнускалары жана алардан репродукциялары долбоорлоо уюму тарабынан долбоор бекитилгенден кийин кошумча төлөм жана тапшырык боюнча керектүү көлөмдө даярдалат.
14.4. Графикалык жана электрографикалык материалдардын түпнускалары, шаар куруу документтеринин түшүндүрмө каттары тиешелүү архитектура жана шаар куруу органдарында сакталат.
14.5. Тапшырык берүүчүнүн каржылоо формасына жана таандыгына карабастан баардык шаар куруу документтеринин материалдары жана ага байланышкан инженердик изилдөөлөр архитектура жана шаар куруу аймактык органдарына 1 нускада өткөрүлүп берилиши керек.
|
| 1-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Шаар куруу документтерин макулдашуу жана бекитүү
1. Долбоордук шаар куруу документтери тапшырык берүүчү менен биргеликте аймактардагы тийиштүү органдар - жаратылыш, эстеликтерди коргоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, жер, транспорт, суу, токой ресурстарын колдонууну көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдар, өрттү алдын алуу жана өчүрүү боюнча орган жана башка органдар менен макулдашылат. Макулдашылган долбоорлор архитектура жана шаар куруу боюнча тийиштүү органдардын корутундусу боюнча тапшырык берүүчү тарабынан бекитүүгө берилет.
2. Аймактарды райондук пландаштыруу схемасы архитектура жана шаар куруу органынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Калктуу конуштардын башкы пландарынын долбоорунун Концепциясы, тиешелүү шаар куруу Кеңешинин отурумунда каралгандан кийин, коомдук талкуудан жана аймактык архитектура жана шаар куруу органдары менен макулдашылгандан кийин өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
4. Калктуу конуштардын башкы пландары өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан тиешелүү шаар куруу Кеңешинин отурумунда каралгандан кийин, кызыктар уюмдардын макулдугу менен коомдук талкуудан кийин архитектура жана шаар куруу органдарынын сунушу менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурда иштеп жаткан шаар куруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилет.
5. Калктуу конуштун жана шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрдүн чегинин долбоору, белгиленген тартипте калктуу конуштун башкы планын бекиткен орган тарабынан бекитилет.
Калктуу конуштун жана шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрдүн чегинин долбоору тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органы тарабынан бекитүүгө сунушталат. Долбоор жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жанаша жайгашкан аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундусуна ээ болушу керек.
6. Аймакты пландоо долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан тиешелүү шаар куруу Кеңешинин отурумунда каралгандан кийин, коомдук талкуудан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана архитектура жана шаар куруу органдарынын сунушу боюнча кызыктар уюмдардын макулдугу менен бекитилет.
7. Деталдуу пландоо пландоо (ДПД) жок болгондо, курулуштун долбоору Башкы пландын негизинде иштелип чыгып, шаар куруу кеңешинде каралып жана кызыктар болгон жактарды тааныштыруу жана сунуш киргизүү үчүн архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат. Курулуштун долбоору архитектура жана шаар куруу аймактык органдары менен макуладышылып жана бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын 19-августу № 45-нпа буйругун редакциясына ылайык)
Эскертүү:
1. Бекитилген АПДнын негизинде жана анын өнүгүүсүнө иштелип чыккан курулуштун долбоору шаар куруу кеңешинде каралат жана аймактык архитектура жана шаар куруу органы тарабынан бекитилет.
8. Жабык административдик-аймактык түзүлүштөр үчүн шаар куруу документтерин бекитүү жана макулдашуу алардын статусун аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Тапшырык берүүчү аныкталган тартипке ылайык, долбоорлоо уюму менен биргеликте, долбоорлоо тапшырмасын түзөт жана иштелип чыгышынын жүрүшүндө аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алат жана тариздейт.
Тапшырык берүүчү тарабынан мурда берилген тапшырма же алгачкы маалыматтар өзгөртүлсө, толугу менен же айрым бөлүгү иштелип чыккан долбоорлоо иштерин кайра иштеп чыгуу талап кылынса, бул иштерге төлөмдөр кошумча келишим (макулдашуу) боюнча жүргүзүлөт.
10. Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыккан жак анын иштеп чыгуу сапаты, долбоорлоо тапшырмасына туура келиши, колдонуудагы шаар куруу ченемдеринин жана долбоорлоо мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн аталган курулуш ченемдеринин 10-пунктуна ылайык жоопкерчилик тартат.
11. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, башкы планды иштеп чыккан уюмдун катышуусунда, шаар куруу документтерин тиешелүү мекемелер менен макулдашууну тапшырык берүүчү ишке ашырат.
12. Шаар куруу документтерин комиссиялык кароо, объектилердин шаар куруу маанисине жараша конкреттүү аймактык архитектура жана шаар куруу боюнча органы тарабынан аныкталат. Бул максаттар үчүн баардык кызыктар уюмдардын өкүлдөрү киргизилген ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү мүмкүн.
13. Макулдашылган шаар куруу документтеринин толуктугу, алардын аныкталган тартипке туура келүүсүнө жоопкерчиликти аны бекиткенге сунуштаган тийиштүү аймактык архитектура жана шаар куруу органы тапшырык берүүчү менен биргеликте өзүнө алат.
14. Калктуу конуштардын шаар куруу документтерин коргоо баардык инстанцияларда кароодо аны иштеп чыккан адамга жана тийиштүү калктуу конуштун аймактык архитектура жана шаар куруу органына жүктөлөт.
15. Шаар куруу документтеринин милдеттүү макулдашууларынын тизмеги, калктуу конуштун мүнөзүнө карата архитектура-курулуш жаатындагы саясатты ишке ашыруу жана долбоорлоо архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет жана долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
16. Шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны бекитүүгө сунуш кылганга чейин шаар куруу документтерине коомдук талкуулоо уюштурат.
Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык түрдөгү шаар куруу документтерин иштеп чыгуу же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдери, ошондой эле бардык түрдөгү шаар куруу документтеринин негизги жоболору жарыялоого жатат.
17. Шаар куруу документтери материалдар берилген учурдан тартып, бир айлык мөөнөттүн ичинде каралышы керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду берилбесе, шаар куруу документи макулдашылды деп эсептелет.
18. Тапшырык берүүчү жана иштеп чыгуучу белгиленген мөөнөттө шаар куруу документтери боюнча макулдашкан уюмдардын эскертүүлөрүн карап чыгышып, кабыл алынган чечим жөнүндө долбоорду кароодо эске алуу үчүн аларга жана архитектура жана шаар куруу органдарына билдирилүүсү керек.
19. Ар түрдүү инстанцияларда каралып жатканда жаралган шаар куруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор иштеп чыгуучу тарабынан аны бекитүүгө сунуштаганга чейин киргизилет. Шаар куруу документтери каралып жатканда ар түрдүү уюмдар тарабынан карама-каршылыктар пайда болгон учурда ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын шаар куруу документтерин бекитүүгө сунуш кылган инстанция аныктайт.
20. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу процессинде иштеп чыгуучу иш тартибинде төмөнкү маселелер боюнча тиешелүү иштерди жүзөгө ашырат:
- жер, эмгек, суу, отун-энергетикалык, курорттук жана башка ресурстардын бар экендиги жана пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо;
- жаңы өнөр жай жана транспорт (унаа, темир жол, суу, аба, түтүк өткөрүү) ишканаларын жана курулмаларын жайгаштыруу, иштеп жаткандарын өнүктүрүү, кайра калыбына келтирүү же жоюу;
- санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн уюштуруу, зыяндуу жана кооптуу чөлкөмдөрдөн калкты көчүрүү, балдар жана дарылоо-профилактикалык мекемелерди кайра уюштуруу;
- тарыхый, археологиялык, маданий жана монументалдык эстеликтерди коргоо жана пайдалануу;
- өрт коопсуздугун камсыздоо тутумунун функциялык мүнөздөмөсү жана курамы;
- пайдалуу кендердин чыккан жерлердин жер тилкелери;
- тарыхый жана маданий, археологиялык, шаар куруу жана архитектура, монименталдык искусствонун эстеликтери бар жерлер;
- жерди пайдаланууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө.
21. Шаар куруу документтерин макулдашуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.
23. Долбоорлоо иштеринин өз алдынча баскычы түрүндө иштелип чыккан Калктуу конуштардын башкы планынын Концепциясы башкы пландар үчүн аныкталган тартипте макулдашылууга тийиш. Мындай учурда, концепциянын макулдашылган чечимин сактаган башкы планды кийинки иштеп чыгууда кайталап макулдашуу талап кылынбайт.
Концепцияда макулдашылган чечимдердин сакталышы үчүн жоопкерчиликти башкы пландын тапшырык берүүчүсү жана иштеп чыгуучусу алат.
|
| 2-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу келишимине НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
1. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу келишими тапшырык берүүчү тараптын статусун жөнгө салган Жобонун, башка юридикалык документтердин жана уюмдун-аткаруучунун Уставынын негизинде иштеген тапшырык берүүчү жана иштерди аткаруучу тарабынан таризделет.
2. Иштерди аткаруу келишиминде келишимдин предметтери көрсөтүлөт: долбоордун аталышы, техникалык, илимий, экологиялык, экономикалык жана башка талаптар; макулдашуу, экспертиза, долбоорду бекитүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдардын аталышы; ишти бүтүрүү мөөнөттөрү, баскычтарды камтуу мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
3. Иштердин жалпы наркын белгилөөдө аванс төлөмдөрү, "кошумча наркка" салыктын суммалары, каржылоо булактары, мүлк жоопкерчилиги жана башка шарттар, анын ичинде долбоорлоо документтерин чыгарууга жана бөлүштүрүүгө сарптоолор аныкталат.
4. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана ага байланышкан инженердик изилдөөлөрдү, илимий-техникалык иштерди жүргүзүү наркынын сметалык эсебине төмөнкүлөр кирет:
- материалдарды, жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга сарптоолор;
- эмгек акы боюнча төлөмдөр; социалдык, медициналык камсыздандырууга, ишке орноштуруу фондуна чегерүүлөр;
- амортизациялык чегерүүлөр, ремонттоо фондуна чегерүүлөр, мүлктү камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
- транспорттук-техникалык жана башка чыгашалар.
Иштерди аткаруунун толук наркы, киреше, иштердин сметалык наркы, кошумча наркка салык, кошумча наркка салык менен иштердин сметалык наркы бир эле убакта бөлүп көрсөтүлөт.
|
| 3-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Калктуу конуштун, аймактын жана айыл аймагынын башкы пландарын, райондук пландаштыруунун долбоорун жана схемасын иштеп чыгуу тапшырмасына НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
Калктуу конуштун, айыл аймагынын аймактарынын башкы планын, райондук пландаштыруунун долбоорун жана схемасын иштеп чыгуу тапшырмасында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- объектинин аталышы, анын негизги мүнөздөмөлөрү (жайгашкан орду, калкынын саны, аймагы, ресурстарынын негизги түрлөрү, өндүрүштүн багыттык тармактары, административдик түзүмү, башка өзгөчөлүү мүнөздөмөлөрү);
- долбоорлоо үчүн негиздер;
- долбоордук материалдарды иштеп чыгуу жана макулдашуу тартибинин долбоордун курамы;
- долбоорлоо үчүн алгачкы маалыматтардын берүү мөөнөтү;
- баскыч менен өткөрүп бериле турган материалдардын жана кызматтардын курамы (эгер алар караштырылып жатса), иштердин мөөнөтү жана наркы;
- сунушталган материалдардын мазмунуна жана формасына талаптар, долбоорлоо мөөнөттөрү;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, аймакты архитектуралык-пландаштыруунун жана функциялык уюштуруунун, транспорттук тейлөөнү уюштуруунун, аймакты абаттоонун жана жашылдандыруунун, аймакты инженердик даярдоонун жана инженердик жабдуунун, курчап турган чөйрөнү, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун багыттарына талаптар;
- кошумча, терең жана атайын толуктап иштеп чыгуу зарылдыгына алып келген долбоорлоо объектисинин өзгөчөлүктөрү жана көйгөйлөрү (табигый шарттардын, экологиялык, социалдык-экономикалык, демографиялык кырдаалдын, өндүрүштүк, социалдык, инженердик-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн, тарыхый-маданий жана табигый мурастарды коргоонун ж.б. өзгөчөлүктөрү);
- долбоордун курамына жана мазмунуна (схемасына) жана негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө талап кылынуучу ушул курулуш ченемдеринин талаптарынан четтөөлөр (толуктоолор же өзгөртүүлөр);
- долбоорлорду макулдашуу тартиби.
|
| 4-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасына жана алгачкы маалыматтарына НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
1. Калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгуу архитектура жана шаар куруу органынын, жер ресурстары жана жерге жайгаштыруу боюнча органынын, долбоорлоо уюмдарынын катышуусу менен тапшырык берүүчү тарабынан түзүлгөн тапшырманын негизинде ишке ашырылат. Долбоорлоо тапшырмасында калктуу конуштун учурдагы жер фонду жөнүндө, бекитилген башкы планга ылайык аны өнүктүрүү жөнүндө маалыматтар келтирилет, зарыл текшерүүлөрдүн, изилдөөлөрдүн жана даярдоо иштеринин курамы аныкталат, долбоордун графикалык бөлүгүнүн тиркемеси белгиленет.
Калктуу конуштун чегин долбоорлоо тапшырмасы менен тапшырык берүүчү долбоорлоо уюмуна төмөнкүлөрдү берет:
-калктуу конуштун аймагынын жана ага чектеш жерлердин картографиялык материалдарын;
- калктуу конушту, айылдык аймактарды өнүктүрүүнү аныктаган башкы пландын негизги чиймесинин көчүрмөсүн;
- калктуу конуштун жерлерин пайдалануу жана мамлекеттик жерди эсепке алуу (инвентаризациялоо) материалдары боюнча анын аймагына жерлерди кошуу белгиленип жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды;
- тапшырык берүүчү жана башка кызматтарда, долбоорду иштеп чыгууда колдонууга мүмкүн болгон текшерүү материалдарынын тизмеги.
2. Калктуу конуштун чектеринин долбоорун иштеп чыгуудан мурда даярдоо иштери жүргүзүлөт:
- учурдагы калктуу конуштун чектери боюнча юридикалык документтерди чогултуу;
- пландоо-картографиялык, жерге жайгаштыруу, токой жайгаштыруу жана башка материалдарды чогултуу жана иштеп чыгуу, көрсөтүлгөн материалдарды бирдиктүү масштабга келтирүү;
- иштелип чыккан пландоо-картографиялык материалдан керектүү сандагы репродукция (көчүрмө) даярдоо;
- мамлекеттик жерди эсепке алуу (инвентаризациялоо) материалдарын иштеп чыгуу, алар жок болсо, шаардын, кыштактын, айыл калктуу конуштун жерлерин бүгүнкү күндө пайдалануу аянттарын жерлердин, жер пайдалануунун категориялары, алардын пайдаланыш түрлөрү боюнча эсептеп чыгуу;
- шаардык чекке жана калктуу конуштун чегине киргизиле турган калктуу конуштар боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу;
- калктуу конуштун аймагына жанаша жайгашкан аймактардын функционалдык жана администрациялык-аймактык түзүлүшүн жана аларды башкаруу тутумун изилдеп чыгуу;
- шаардын, айылдын чегин белгилөө жана өзгөртүү боюнча кызыктар тараптардын, жерлери калктуу конуштун аймагына киргизилиши (чыгарылышы) белгиленип жаткан жер пайдалануучулардын, жер ээлеринин жана менчик ээлеринин, калктуу конуштун чегин белгилөө жана өзгөртүү боюнча каалоолорун жана сунуштарын табуу жана изилдөө.
- ар бир долбоорлоочу объектинин өзүнүн спецификациясына байланыштуу болгон башка изилдөөлөр, иштер.
Долбоорлоо тапшырмасында калктуу конуштун учурдагы жер фонду, аны башкы планга жана башка шаар куруу документтерине ылайык келечекте аймактарын кеңейтүү багыттары жөнүндө маалыматтар келтирилет; тапшырык берүүчүнүн калктуу конуштун чектерин өзгөртүү боюнча сунуштары көрсөтүлөт; керектүү изилдөөлөрдүн жана долбоорлоого чейинки иштердин керектүү курамы аныкталат; графикалык жана тексттик материалдардын көлөмүнө жана курамына талаптар, долбоордун графикалык бөлүгүнүн масштабы, жупнускасын сунуштоо жана даярдоо мөөнөттөрү белгиленет.
3. Тапшырык берүүчү долбоорлоо уюмуна төмөнкүлөрдү берет:
- калктуу конуштун башкы планынын таяныч планынын жана негизги чиймесинин, жер пайдалануунун белгиленген чектери менен аймактарды функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүү планынын көчүрмөлөрүн;
- калктуу конуштун учурдагы жана долбоордогу чек араларынын чектеринде аймактарды пайдалануу балансынын маалыматтарын, калктуу конуштун долбоорун иштеп чыгуу келишимине ылайык картографиялык, изилдөөчүлүк жана башка маалыматтык материалдарынын тизмегин.
4. Өз алдынча ишмердүүлүктүн түрү катарында долбоорлоо алдындагы иштердин, калктуу конуштун чектеринин долбоорун макулдашкан катышуучулардын жана уюмдардын курамы калктуу конуштардын аймагын куруу долбоорлоо тапшырмасы жана иштерди аткаруу келишими менен белгиленет.
|
| 5-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Аймакты пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасына НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
Аймакты пландаштыруу долбоору үчүн долбоорлоо тапшырмасын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп калктуу конуштун бекитилген башкы планынын материалдары саналат (аймакты пландаштыруу долбоору менен бириктирилген башкы план үчүн алгачкы материал болуп районду пландаштыруу долбоору жана айыл аймагынын башкы планы).
Долбоорлоо тапшырмасында төмөнкү маселелер чагылдырылышы керек:
- тапшырма берүү үчүн негиз;
- долбоордун тапшырык берүүчүсү;
- башкы долбоорлоочу жана долбоорлоо уюмдары - долбоордун аткаруучулары;
- долбоорлоо үчүн алгачкы маалыматтардын берилгендигинин мөөнөтү;
- аймактын түзүмүн уюштуруу жана функционалдык чөлкөмгө бөлүштүрүү боюнча атайын талаптар;
- турак үйлөрдүн, ишканалардын жана тейлөө мекемелеринин сунушталуучу долбоорлору;
- учурдагы имараттарды алардын баштапкы функционалдык дайындалышы боюнча же башка максаттар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, учурда түзүлгөн курулманы кайра калыбына келтирүүгө башка талаптар;
- курулманын көлөмдүк-мейкиндик композициясынын чечимине, калкты транспорттук тейлөөнү уюштурууга, аймакты абаттоого жана жашылдандырууга, аймакты инженердик даярдоого жана жабдууга, курчап турган чөйрөнү коргоого, жарандарды коргоонун инженердик-техникалык иш-чараларына, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталышына талаптар;
- долбоордун курамы;
- долбоорду макулдашуу тартиби.
|
| 6-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Курулуш долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасына НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
Курулуш долбоорун иштеп чыгууга тапшырманы түзүү үчүн негиз болуп калктуу конуштун бекитилген аймакты пландаштыруу долбоору, башкы пландын материалдары эсептелет. Долбоорлоо тапшырмасында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- тапшырманы берүү үчүн негиз;
- долбоордун тапшырык берүүчүсү;
- башкы долбоорлоочу ;
- долбоорлоо үчүн маалыматтар жана аларды берүү мөөнөттөрү;
- аймактык курулуш боюнча болжолдуу маалыматтары, имараттардын жана курулмалардын жалпы аянты, алардын болжолдуу сыйымдуулугу;
- болжолдуу курулуш объектилеринин негизги көрсөткүчтөрү;
- долбоорлоого тийиш болгон жер тилкесинин өзгөчөлүгүн көрсөтүү:
а) курулган аймактарга;
б) азыркы курулуштардын тыгыздоо мүмкүнчүлүгү бар аймактарга;
в) жаңы курулуп жаткан аймактарга;
төмөндөгүлөргө талаптар:
- инвестициялык талаптарды эске алуу менен курулуштун архитектуралык-пландаштыруу жана көлөмдүк-мейкиндик чечимине;
- калкты транспорттук тейлөөнү уюштурууга;
- аймакты абаттоого жана жашылдандырууга;
- курчап турган чөйрөнү коргоого;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоого;
- инженердик коммуникациялар менен камсыздоого;
- кайра калыбына келтирүүнүн кезектүүлүгү, калыптанган имараттар менен курулмалардын техникалык текшерүүсүн эске алуу менен бузуунун көлөмү жана учурдагы имараттарды алардын баштапкы функциялык дайындалышы боюнча же башка максаттар үчүн пайдалануу мүмкүндүгү;
- долбоордун курамы, анын ичинде көргөзмө материалдарынын көлөмү;
- макулдашуу тартиби.
|
| 7-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Калктуу конуштун башкы планын, районду пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтарга НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
1. Алгачкы маалыматтардын материалдары төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- пландоо объектисинин изилденгендиги жөнүндө маалыматтар (анын аймагы ар кандай масштабдагы изилдөө материалдары менен камтылгандыгы жана багытталгандыгы, архивдик, адабий булактардын бар экендиги, анын тарыхы ж.б. маалымат), долбоорлоодо аларды эске алууга милдеттүү болгон мурда аткарылган илимий-изилдөө, долбоорлоо-пландаштыруу жана башка иштердин тизмеги;
- аймактын учурдагы абалына жана аны өнүктүрүүнүн болгон программалары боюнча маалыматтар;
- аймактарды заманбап пайдалануу боюнча маалыматтар (жерди пайдалануу жана таблицалык материалдар схема түрүндө);
- санитардык-гигиеналык шарттарды жана экологиялык кырдаалды текшерүү жана болжолдоо маалыматтары;
- социалдык жана социалдык-экономикалык текшерүүлөр жөнүндө маалымат;
- демографиялык кырдаал жөнүндө маалымат;
- турак жай жана коомдук курулмалардын мүнөздөмөсү, өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт тутуму жана башка объектилери боюнча маалыматтар;
- инженердик изилдөөлөрдүн жана иликтөөлөрдүн жыйынтыктарынын картографиялык жана маалымдоо материалдары, ал эми курорттор үчүн бальнеологиялык жана курорттук ресурстарды баалоо жана медициналык чөлкөмдөштүрүү боюнча материалдар;
- тарыхый-архитектуралык пландар, тарыхый жана маданий эстеликтер;
- экономикалык божомолдоолордун материалдары;
- пландаштыруу - шаар куруу жана тармактык аймактык иштеп чыгуулардын материалдары;
- долбоорлонуучу объектинин аймагы боюнча директивдик материалдар, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана чарба уюмдарынын аны өнүктүрүүгө тиешелүү токтомдору жана башка документтери;
- тиешелүү масштабдардагы жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн топографиялык-геодезиялык негиздеринин материалдары.
|
| 8-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Айыл аймагынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтардын курамы жана мазмуну
1. Тапшырык берүүчү тарабынан даярдалуучу жана берилүүчү материалдар:
- башкы планды иштеп чыгуу менен бир эле убакта ушул аймак үчүн долбоорлоодо аларды эсепке алуу милдеттүү болгон мурда иштелип чыккан жана иштелип чыгуучу пландык, прогноздук, долбоорлоо-пландаштыруу жана башка документтердин тизмеги;
- мурда курулган аймакта турган өндүрүштүк-экономикалык базанын жана өнүктүрүүнүн божомолдуу көрсөткүчтөрүнүн учурдагы абалын мүнөздөгөн документтер;
- калктуу конуштарды паспортизациялоо материалдары, жер пайдалануу, турак жай, коомдук жана коммуналдык фонддун, инженердик коммуникациянын, жол-транспорт тутумунун абалы боюнча инвентаризациялоо материалдары;
- калктын түзүмү жана ишке орношкондугу, миграциялык процесстер боюнча маалымат;
- суу менен камсыздоого, канализацияга техникалык шарттар;
- айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн келечектеги пландары.
2. Тапшырык берүүчүнүн катышуусу менен долбоорлоо уюму тарабынан даярдалуучу материалдар:
- аймактын учурдагы абалын жана пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн мүнөздөөчү текшерүү актысы;
- аймактын учурдагы жана болжолдонуп жаткан экологиялык абалын, курчап турган чөйрөнү радиациялык, химиялык, электр магниттик, добуштук булгоонун, суу жана аба бассейндеринин санитардык-гигиеналык абалынын деңгээлдерин баалоо;
- ландшафттын абалын жана чөйрөнүн эстетикалык сапаттарын баалоо;
- тапшырык берүүчүнүн долбоорлоо тапшырмасы боюнча башка материалдар.
3. Колдонулган материалдар жана колдо болгон документтер (мурун иштелип чыккан):
- административдик районду райондук пландаштыруу, жерге жайгаштыруу долбоорлору, калктуу конуштардын башкы пландары, тармактык жана атайын адистештирилген схемалар жана долбоорлор;
- тарыхый жана маданий эстеликтер жана аларды колдонуу жөнүндө материалдар, статистикалык маалыматтар;
- аймактагы пайдалуу кен байлыктар жана башка баалуу жаратылыш ресурстары жөнүндө маалыматтар;
- тиешелүү масштабдардагы топографиялык-геодезиялык негиздердин материалдары, мурунку жылдардагы топографиялык сүрөткө түшүрүүлөр, аэрофотосъемкалардын шифрлеринен ажыратылган материалдар, топографиялык карталар;
- аймактагы геологиялык, гидрогеологиялык, гидрологиялык процесстердин мүмкүн болгон коркунучтуу таасирлерин мүнөздөөчү инженердик изилдөөлөрдүн материалдары.
|
| 9-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Аймакты пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтардын курамы жана мазмуну
Тапшырык берүүчү аймакты пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн башкы долбоорлоочуга төмөнкү алгачкы маалыматтарды берет:
- топографиялык-геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн материалдарын;
- долбоорлонуучу райондун чегинде курчап турган чөйрөнүн учурдагы жана күтүлүүчү санитардык-гигиеналык абалын баалоо материалдарын;
- долбоорлоодо аларды эсепке алууга милдеттүү болгон мурда аткарылган иштердин тизмеги (илимий-изилдөө, долбоорлоо ж.б.);
- жерди пайдалануу, тейлөө мекемелери жана ишканалары, турак жай фонду боюнча инвентаризациялоо материалдарын;
- өнөр жай ишканалары, коммуналдык чарба объектилери, көчө-жол жана транспорт тутумдары, жол кыймылын уюштуруу жөнүндө маалыматтарды (долбоорлоо институту тарабынан берилүүчү анкеталардын материалдары боюнча);
- аймакты инженердик жабдууга техникалык шарттар;
- тарыхый жана маданий эстеликтер жөнүндө маалымат.
|
| 10-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Курулуш долбоорун иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтардын курамы жана мазмуну
Тапшырык берүүчү курулуш долбоорун иштеп чыгуу үчүн башкы долбоорлоочуга төмөнкү алгачкы маалыматтарды берет:
- аймактык архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилүүчү архитектуралык-пландаштыруу шартын. Тапшырык берүүчү тарабынан кол коюлган, башкы долбоорлоочу уюм менен биргеликте түзүлгөн курулуш долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоорлоо тапшырмасы;
- инженердик жабдуунун булактарына же тышкы тармактарга кошууга техникалык шарттарды;
- сметалык документтерди түзүү үчүн алгачкы маалыматтар (долбоорлоо тапшырмасына ылайык);
- курулушту уюштуруу долбоорун иштеп чыгууга алгачкы маалыматтар (долбоорлоо тапшырмасына ылайык);
- курулмаларды бузуу жана бузгандыгы үчүн компенсациянын мүнөзү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими;
- жерлерди, учурдагы курулмаларды, жер үстүндөгү жана жер алдындагы тармактарды жана курулмаларды инвентаризациялоонун материалдары (долбоорлоо тапшырмасына ылайык);
- районду аймактык пландаштыруунун бекитилген долбоорунун материалдары;
- топографиялык план жана инженердик изилдөөлөрдүн материалдары (тапшырык берүүчү тарабынан берилиши мүмкүн же анын тапшырмасы боюнча долбоорлоо-изилдөө уюму тарабынан, изилдөө уюмунун курулуш долбоорун аткаруучу тарабынан аткарылышы мүмкүн).
|
| 11-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Районду пландаштыруу схемасынын жана долбоорунун негизги техникалык-экономикалык КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүч | Чен бирдиги |
Аймагы Бардыгы анын ичинен: айыл чарба багытындагы жерлер (эгин талаалар, көп жылдык бак-дарактар, кендер, чөп чабындылар, жайыттар) алардын ичинен: дыйкан чарба (фермердик) жерлери калктуу конуштардын жерлери алардын ичинен: калктуу конуштардын айыл калктуу конуштардын өнөр жай жерлери транспорт, байланыш, радио берүү, теле берүү информатика жана космостук камсыздоо энергетика атайын дайындалыштагы жерлер өзгөчө корголуучу табигый аймактар токой фондунун жерлери анын ичинен: биринчи топтогу токойлор суу фондусунун жерлери камдыктагы жерлер жалпы аймактагы жерлерден: мамлекеттик менчиктеги жерлер муниципалдык менчиктеги жерлер жеке менчиктеги жерлер экологиялык, санитардык-гигиеналык шарттар жана коопсуздук шарттары боюнча ыңгайлуу |
миң га
"-"
"-"
"-" "-" "-" "-" "-"
"-" "-" "-"
"-" "-" "-" "-" |
Эскертүү:
1. Жерлердин көрсөтүлгөн категорияларынын курамына жаратылышты коргоо багытындагы жерлер, санитардык коргоо чөлкөмдөрү, ден соолук чыңдоо жана тарыхый-маданий дайындалыштагы объекттердин коргоо чөлкөмдөрү, ошондой эле коркунучтуу заттар менен булганган аймактар да кириши керек.
2. Өнөр жай, транспорт жерлери жана ушул категориянын башкалары калктуу конуштардын чектеринен тышкары көрсөтүлөт.
3. Каралып жаткан жерлердин айырмачылыктары аймактын өзгөчөлүгүнө карата долбоорлоо тапшырмасында такталат.
Көрсөткүч | Чен бирдиги миң т/г |
Калкы |
|
калкынын саны - бардыгы: шаарлар, жумушчу, курорттук жана дачалык кыштактар, административдик райондор боюнча калктын саны (Кыргыз Республикасынын Мамстаткомитетинин жыйнактарында кабыл алынган форма боюнча) айылдагы калктын саны | миң адам калктын жалпы санынан миң адам/% |
Калктуу конуштардын баардыгы | ошол эле анда жашап жаткан калктын бирдиги/% |
анын ичинде калкы менен: 5 миң адамдан өйдө 1-5 миң адам 0,2-1 миң адам 0,2 миңге чейинки адам | ошол эле "-" "-" "-" "-" |
Калктын жыштыгы Калктын жаш түзүмү: | кв.метрге миң адам |
15 жашка чейинки балдар | калктын жалпы санынан %/миң адам |
эмгекке жарамдуу курактагы калк (эркектер - 16-63 жаш, аялдар 16-58 жаш) эмгекке жарамдуу курактан жогору калктын саны Иш менен камдуу калктын саны (бардыгы) | ошол эле
"-" "-" |
Айлана чөйрөнү коргоо жана үнөмдүү жаратылышты пайдалануу |
|
Атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү Булганган суулардын топтолушунун жалпы көлөмү Калдыктардын пайда болушунун көлөмү Булганган көлмөлөрдүн салыштырмалуу салмагы Саздак аймактарды кургатуу, сугаруу Бузулган аймактарды рекультивациялоо Токойду калыбына келтирүү иштери | кв. метрге миң/т жылына млн.куб.м./жылына % га "-" миң га/жылына |
Социалдык инфратүзүм |
|
Турак жай фонду Турак үйлөрдүн бардыгы
алардын ичинде: шаардагы калктуу конуштарда айыл жергесинде Калктын жалпы аянт менен камдуулугу Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги үйлөрдө анын ичинде: шаарлардагы калктуу конуштарда айылдардагы калктуу конуштарда Калктын төмөнкүлөр менен камдуулугу: айыл аралык маанидеги маданий- тиричилик тейлөө мекемелери менен маданият мекемелери менен (театр, клубдар, кинотеатр, музейлер, көргөзмө залдары ж.б.) саламаттык сактоо мекемелери менен (ооруканалар, бейтапканалар ж.б.) Узак эс алуу мекемелери менен (эс алуу зоналары, пансионаттар, мектеп окуучулар үчүн лагерлер ж.б.) социалдык камсыздандыруу мекемелери менен башка мекемелер менен |
батирдин жалпы аянтынан миң кв. метр ошол эле "-"
кв.метр/адам
"-" "-" сыйымдуулук бирдиги
1000 тургунга
"-"
"-"
"-"
"-" |
Инженердик-унаа инфратүзүм |
|
Темир жол тутумунун узундугу анын ичинде: мамлекеттик маанидеги региондук маанидеги Автомашина жолдорунун узундугу Анын ичинде: мамлекеттик маанидеги региондук маанидеги Автомашина жолдорунун жалпы санынан Катуу жабдылыштагы жолдор Унаа тармагынын жыштыгы: темир жол унаа Газ түтүктөрүнүн жыштыгы мунай жана продукт өткөргүчтөрдүн узундугу Аэропорттор анын ичинде: мамлекеттик маанидеги жергиликтүү маанидеги Борборлоштурулган булактардын суммардык кубаттуулугу электр менен камсыздоо жылуулук менен камсыздоо Төмөнкүлөргө болгон муктаждык: электр энергиясына алардын ичинен коммуналдык-тиричилик муктаждыктарга жылуулукка алардын ичинен коммуналдык-тиричилик муктаждыктарга жаратылыш газына сууга (бардыгы) алардын ичинен: үстүңкү булактардан жер алдындагы булактардан Суу ресурстарын пайдалануу ичүүчү сапаттагы техникалык сапаттагы өндүрүштүк муктаждыктар үчүн агынды суулардын үстүңкү көлмөлөргө кошулушунун көлөмү анын ичинде чарба-тиричилик агынды суулар жалпы санынан биологиялык тазалоодон кийин кошулушу кайра иштетилүүчү катуу тиричилик калдыктарынын саны Районду пландаштыруу (долбоорун) схемасын ишке ашыруунун 1-этабы боюнча инвестициялардын болжолдуу көлөмү | км
"-" км
"-" "-" км/%
км/100 кв.км "-" "-" км "-" "-" бирдик
"-" "-"
МВт млн.Гкал/жылына
млн.кВт
"-" млн.Гкал/жылына
"-" млн.куб миң куб.м/суткасына
ошол эле "-"
"-"
миң куб.м/суткасына
ошол эле
"-"
"-" миң т/г
млн.сом |
Эскертүү:
1. Калктуу конуштун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү кийинки баскычтарында келтирилет:
- учурдагы башкы пландын баштапкы жылы (же репроперспективдүү маалыматтар 10-15 жылга мурун)
- жаңы башкы пландын алгачкы жылы;
- долбоорлоо баскычтары.
2. Электр энергиясына, жылуулукка, сууга, газга, коммуналдык-тиричилик жана өнөр жай муктаждыктарына болгон керектөөлөр боюнча жана чарба-тиричилик жана өнөр жай агын сууларынын топтолуш көлөмү, ошондой эле өндүрүштүн калдыктары жана колдонуулары боюнча көрсөткүчтөр тиешелүү областтык, шаардык жана райондук кызматтардын маалыматтары боюнча кабыл алынат.
|
| 12-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Калктуу конуштун башкы планынын негизги техникалык-экономикалык КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүч | Чен бирдиги |
Аймагы |
|
Калктуу конуштун шаардын, кыштактын жана айылдагы калктуу конуштун чек арасынын чегиндеги жерлеринин жалпы аянты анын ичинде: турак жана коомдук курулманын алардын ичинен: кароо-жай курулмасынын көп батирлүү үйлөрдүн курулмасынын коомдук курулманын жалпы пайдаланылуучу жерлердин алардын ичинен: жалпы пайдаланылуучу жашыл бак-дарактардын магистралдык көчөлөрдүн, жолдордун, аянттардын рекреациялык дарылоо-ден соолук чыңдоолордун тарыхый-маданий жана табигый мурастын өндүрүштүк жана коммуналдык-кампа курулмасынын атайын дайындалыштагы тышкы транспорттун айыл чарба пайдалануудагы көлмөлөрдүн жана акваториялардын резервдеги аймактардын башка аймактардын Жерлердин жалпы санынан: мамлекеттик менчиктеги жерлер муниципалдык менчиктеги жерлер жеке менчиктеги жерлер Жаратылыш чөлкөмү (концепция үчүн) бардыгы анын ичинде: жаратылыш коргоо, дарылоо-ден соолук чыңдоо, рекреациялык, тарыхый-маданий дайындалыштагы жерлер шаарлардагы жана айылдардагы калктуу конуштардын жерлери өнөр жай, транспорт, байланыш, радио берүү, теле берүү, информатика, космостук камсыздоо, энергетика, коргоо жана башка дайындалыштагы жерлер айыл чарба багытындагы жерлер токой фондунун жерлери суу фондунун жерлери камдыктагы жерлер Алардын ичинен: атайын инженердик иш-чараларды өткөрүүнү талап кылган аймактар (аңдар, бузулган аймактар ж.б.) мамлекеттик менчиктеги жерлер муниципалдык менчиктеги жерлер жеке менчиктеги жерлер |
га; кв.м/адам
га; %
"-" "-" "-" "-"
"-" "-"
"-" "-"
"-" "-" "-" "-" "-" "-"
"-" "-" "-" га
"-" "-"
"-"
"-" "-" "-" |
Калкы |
|
Карамагындагы административдик-аймактык түзүүлөрдү эске алуу менен калктын саны анын ичинде: шаардын өзүнүн башка калктуу конуштардын Калктын жыштыгы селитебдүү аймактын чектеринде шаардык, кыштактык курулманын аймагынын чектеринде Калктын жаш түзүмү: 15 жашка чейинки балдар эмгекке жарамдуу курактагы калк (эркектер - 16-63 жаш, аялдар 16-58 жаш) эмгекке жарамдуу курактан жогору калк Үй бүлөлөрдүн жана жалгыз бой тургундардын саны бардыгы анын ичинде : социалдык ченемден төмөн турак жай менен камсыз болгондор Иш менен камдуу калктын саны (бардыгы) Турак жай курулушу Турак жай фонду Турак үйлөрдүн бардыгы анын ичинде: жеке менчиктеги мамлекеттик жана муниципалдык фонду Жалпы фондун ичинен: көп батирлүү үйлөрдө короо-жай тибиндеги үйлөрдө 70% ашыгы эскирген турак жай фонду: турак үйлөрдүн бардыгы анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык фонд Учурда сакталып калуучу турак жай фонду турак үйлөрдүн бардыгы Кабаттуулугу боюнча турак жай фондун бөлүштүрүү турак үйлөрдүн бардыгы
1-2 кабаттуу 3-4 кабаттуу 5 кабаттуу 5 кабаттан жогору Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун кемиши анын ичинде: техникалык абалы боюнча кайра калыбына келтирүү боюнча башка себептер боюнча (санитардык - коргоо чөлкөмдөрүн уюштуруу, кайра жабдуу ж.б.) Калктын жыштыгы Калктын батирлердин жалпы аянты менен орточо камсыз болушу Жаңы турак жай курулушу анын ичинде: ишканалардын жана уюмдардын мамлекеттик, муниципалдык каражаттарынын эсебинен
калктын каражаттарынын эсебинен Жаңы турак жай курулушунун кабаттуулугу боюнча катышы 1-2 кабаттуу 3-4 кабаттуу 5 кабаттуу 5 кабаттан жогору Калкты маданий-тиричилик тейлөө тутумунун мекемелери Мектепке чейинки балдар мекемелери бардыгы/1000 адам Жалпы билим берүү мекемелери бардыгы/1000 адам Ооруканалар бардыгы/1000 адам Бейтапканалар бардыгы/1000 адам Дүкөндөр бардыгы/1000 адам Тиричилик тейлөө мекемелери бардыгы/1000 адам Узак эс алуу мекемелери бардыгы/1000 адам анын ичинде: эс алуу үйлөрү, пансионаттар ж.б. (шаарлар-курорттор үчүн мейманкаларды кошуп) Мектеп окуучулары үчүн лагерлер Транспорттук тейлөө Коомдук жүргүнчү транспорт тилкелеринин узундугу (бардыгы) анын ичинде: электрлештирилген темир жол троллейбус автобус Магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун узундугу (бардыгы) анын ичинде: жогорку кыймылдагы магистралдык көчөлөрдүн жалпы маанидеги магистралдардын үзгүлтүксүз кыймылдын Тышкы транспорт анын ичинде: электрлештирилген темир жол автобус деңиз транспорту
түтүк жана азык-түлүк өткөрүүлөр Көчө-жол тармагынын тыгыздыгы шаардын, кыштактын курулмасынын чегинде шаарга жанаша чөлкөмдө (стадия, концепция) көпүрөлөр, жол өткөрмөктөрү жана транспорттун аякташы Инженердик жабдуу жана абаттоо Суу менен камсыздоо Суу керектөөнүн суммасы (бардыгы) анын ичинде: айыл чарба-ичүү максаттарына өндүрүштүк муктаждыктарга Суу түтүгүнүн башкы курулмаларынын кубаттуулугу Суу менен камсыздоонун колдонулуучу булактары ГКЗдин жер алдындагы суулардын бекитилген камдыгы(бекитилген күнү, эсеп мөөнөтү) Орточо 1 адамга суу керектөө анын ичинде: айыл чарба-ичүү максаттарына Каналдаштыруу: Агын суулардын жалпы түшүшү (бардыгы) анын ичинде: тиричилик каналдаштыруу өндүрүштүк каналдаштыруу Канализациялык тазалоо курулмаларынын өндүрүмдүүлүгү Электр менен камсыздоо: Электр энергиясын керектөөнүн суммасы анын ичинде: өнөр жай ишканаларынын керектөөлөрүнө коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө 1 адамга жылына электр энергиясын сарптоо Анын ичинде коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө Электр жүктөмдөрүн жабуу булактары анын ичинде: Жылуулук менен камсыздоо: Борборлоштурулган жылуулук булактарынын кубаттуулугу (бардыгы) анын ичинде: ЖЭБ райондук от казандары жылуулуктун локалдык булактарынын суммардык кубаттуулугу Газ менен камсыздоо Шаардын, башка калктуу конуштун отун балансында газдын салыштырмалуу салмагы Газ сарптоо (бардыгы) анын ичинде: коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө өнөр жай керектөөлөрүнө Жаратылышын газын булактардан берүү Жаан-чачындын канализациясы Көчө тармагынын жалпы узундугу Аймакты инженердик даярдоо Аймакты суу каптоодон коргоо: аянты коргоо курулмаларынын узундугу Сайроон жана төгүү Жээкти бекемдөө Аймактын чегинде жер кыртышындагы суулардын деңгээлин азайтуу жана башка атайын иш-чаралар Аймакты санитардык тазалоо Тиричилик таштандысынын көлөмү Таштанды өрттөө жана таштандыны кайра иштетип чыгаруучу заводдор Таштанды жайларды жакшыртуу Курчап турган чөйрөнү коргоо Булгануу, добуштук таасирлердин булактарынан санитардык-коргоо чөлкөмдөрү анын ичинде жашылдандырылгандар Атмосфералык абанын булганышынын деңгээли Көлмөлөрдүн булганышынын деңгээли Жер кыртышынын жана кен байлыктардын булганышынын деңгээли Добуштук таасирдин деңгээли | "-"
"-" "-" "-"
миң адам
"-" "-"
адам/га "-"
миң адам/% "-"
"-" Бирдик
миң адам/%
миң кв. метр жалпы аянт кв.
ошол эле "-"
"-" "-"
"-" "-"
"-"
миң кв. метр жалпы аянты кв./% миң кв. метр миң кв. метр
ошол эле
"-" "-" "-"
адам/га кв. метр/га
миң кв. м. жалпы аянты чарчы миң батир ошол эле
"-" "-" "-" "-"
орун
"-"
керебет орун
келүү нөөмөт чарчы метр соода аянты иш орду
орун
"-"
"-"
эки жолунун км жолунун км ошол эле км
"-" "-"
эки жолунун км жолунун км т/км; миң жүргүнчү/жылына км; миң куб м/жылына
км/кв, км "-" бирдик
миң куб.м/сут.
миң куб.м/сут. ошол эле "-"
"-"
миң куб.м
л/сут. "-"
миң куб.м/сут.
ошол эле "-" "-"
КВт саат/жылына
"-" "-" КВт саат
млн. КВт
МВт
МВт/Гкал/саат "-" "-"
%
млн. куб.м./жылына
ошол эле "-" "-" чакырым "-"
га км млн.куб.м. км га
миң.куб.м. миң.куб.м./суткасына
бирдик/га
га
"-" %ПДК "-" "-" дБ |
Эскертүү:
1. Калктуу конуштун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү төмөнкү этаптарда келтирилет:
- колдонуудагы башкы пландын баштапкы жылы (же 10-15 жылга ретроспективдүү маалыматтар);
- жаңы башкы пландын алгачкы жылы;
- долбоорлоо этаптары.
2. Коммуналдык-тиричилик жана өнөр жай керектөөлөрү үчүн электр энергияга, жылуулукка, сууга, газга болгон муктаждыктар жана чарба-тиричилик жана өнөр жай агын сууларынын топтолуш көлөмү боюнча көрсөткүчтөр тиешелүү областтык, шаардык жана райондук кызматтардын маалыматтары боюнча келтирилет.
|
| 13-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Айылдык аймактын башкы планынын негизги техникалык-экономикалык КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүч | Чен бирдиги |
Аймагы Айылдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагы (бардыгы) анын ичинде: калктуу конуштардын аймактары айыл чарбада пайдаланылуучу аймактар (бардыгы/айдоо жерлери) алардын ичинен: мамлекеттик, кооперативдик, акционердик, дыйкан чарбалык (фермердик) чарбалар өздүк көмөкчү чарбалар кыштактык эмес чөп чабуу аянттары, жайыттар жана башка жерлер бакча-дача дайындалышындагы өнөр жай жана коммуналдык-кампа дайындалышындагы аймактар алардын ичинен: өнөр жайдын кайра иштетип чыгаруучу коммуналдык объектилер транспорт, байланыш жана инженердик коммуникациялардын аймактары ден соолук чыңдоо-рекреациялык, жаратылышы коргоо жана тарыхый-маданий дайындалыштагы токой фондусунун аймактары көлмөлөрдүн жана акваториялардын аймактары башка аймактар резервдик алардын ичинен: калктуу конуштардын айыл аралык инфратүзүмүнүн Жалпы аймактын ичинен: жеке менчиктеги жерлер муниципалдык менчиктеги жерлер мамлекеттик менчиктеги жерлер калктуу конуштун чек арасынын чегиндеги аймактар калктуу конуштардын аталышы (бардыгы) турак жана коомдук курулманын аймактары алардын ичинен: короо-жай курулмасынын көп батирлүү курулмасынын жалпы пайдалануучу жерлер алардын ичинен: көчөлөр, жолдор, аянттар айыл чарбада пайдаланылуучу жерлер Өндүрүштүк, коммуналдык-кампа курулмасынын аймактары рекреациялык, тарыхый-маданий жана башка дайындалыштагы аймактардын жерлери көлмөлөрдүн жана акваториялардын аймактары резервдеги аймактар камдыктагы жерлер
Калкы Дайыма туруктуу анын ичинде: долбоорлоо аймагында өндүрүш жана тейлөө чөйрөсүндө иштегендер долбоордо жок аймакта иштегендер Мезгилдик (көбөйүшү же азайышы)
Турак үйлөрдүн бардыгы
Долбоорлонуп жаткан аймак боюнча батирлердин жалпы саны алардын ичинде: сакталуучу жаңы курулуштагы Турак жай менен камдуулугу Турак жай фондунун борборлоштуруу менен камсыз болушу: батир суу менен камсыздоо каналдаштыруу жылуулук менен, анын ичинде автономдуу газ менен, анын ичинде автономдуу ысык суу менен, анын ичинде автономдуу Калктуу конуштар боюнча турак жай фонду (калктуу конуштардын аталышы) Батирлердин саны анын ичинде: сакталуучу жаңы курулуштагы Калкты маданий-тиричилик тейлөө тутумунун мекемелери Долбоорлоо аймагындагы жалпы сыйымдуулук мектепке чейинки балдар мекемелери жалпы билим берүү мекемелери маданият мекемелери (клубдар, кинотеатрлар) медициналык мекемелердин: ооруканалардын бейтапканалардын фельшердик-акушердик пункттардын медпункттар дүкөндөрдүн карылар үйлөрүнүн байланыш мекемелеринин, каржы-насыя ишканаларынын, тиричилик кызматтарынын базар инфратүзүмүнүн мекемелеринин Транспорт Жол-транспорт тармагынын узундугу (коомдук транспорт жолдорунун жана сызыктарынын түрлөрү жана категориялары боюнча) Инженердик жабдуу жана абаттоо Суу менен камсыздоо Суу сарптоо(бардыгы) анын ичинде: коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө өндүрүштүк керектөөлөргө Суу түтүгүнүн башкы курулмаларынын кубаттуулугу Суу менен камсыздоонун колдонулуучу булактары Тармактардын узундугу Каналдаштыруу Агын суулардын жалпы түшүшү (бардыгы) анын ичинде: тиричилик агын суулары өндүрүштүк агын чуулары Тармактардын узундугу Электр менен камсыздоо: Электр энергиясын керектөөнүн суммасы анын ичинде: коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө өндүрүштүк керектөөлөргө Тармактардын узундугу Электр плиталары менен жабдылган батирлердин саны Электр кубаттуулугун жабуу булактары анын ичинде: Жылуулук менен камсыз кылуу Борборлоштурулган булактардан жылуулукту сарптоо анын ичинде: коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө өндүрүштүк керектөөлөргө Тармактардын узундугу Телефонизация: Номерлердин жалпы саны Телефондор менен жабдылган батирлердин жалпы саны Тармактардын узундугу Телефон жүктөмдөрүн жабдуу булактары Газ менен камсыздоо Долбоорлоо аймактын отун балансында газдын салыштырмалуу салмагы Газ сарптоо (бардыгы) анын ичинде: коммуналдык-тиричилик керектөөлөргө жана жылуулоого өндүрүштүк керектөөлөргө Газ берүү булактары: жаратылыш газы суюлтулган газ Тармактардын узундугу Газдаштырылган батирлердин саны анын ичинде: тармактык газда суюлтулган газда Аймакты санитардык тазалоо Тиричилик таштандысынын көлөмү Жакшыртылган таштанды жайлары Курчап турган чөйрөнү коргоо Санитардык - коргоо жана суу коргоо чөлкөмдөрүн жашылдандыруу Аймактарды рекультивациялоо Жер кыртышын жана кен байлыктарды коргоо Жээктерди бекемдөө Калдыктарды урунуу Башка иш-чаралар
|
га
"-" га/%
га
"-" "-"
"-"
"-" "-" "-"
"-" "-" "-"
га "-"
"-" "-" "-" "-"
"-"
га; кв.м/адам ошол эле "-"
"-" га
"-"
"-" "-" "-" "-"
адам
"-" "-" "-"
миң чарчы м. Батир
"-" "-" адам/бөлмө "-"
% "-" "-" "-" "-" "-"
миң кв.м батир
"-" "-"
бардыгы/1000 адам бардыгы/1000 адам
керебет/1000 адам келүү объект "-" орун жумуш орун/1000 жашоочуга объект
км
миң куб.м/сут.
л/1 адам/суткасына миң куб.м/сут.
ошол эле м
миң куб.м/сут. ошол эле "-" км
КВт саат/жылына
"-" "-" Км
бирдик млн.КВт
МВт/Гкар/саат МВт км "-" "-"
км бирдик "-"
м объект/МВт
% млн. куб.м./жылына
ошол эле "-"
"-" "-" м бирдик
"-" "-"
миң.куб.м. бирдик/га
га га "-" км |
Эскертүү - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл аймактарынын башкы планынын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү төмөнкү этаптарда келтирилет:
- колдонуудагы башкы пландын баштапкы жылы;
- жаңы башкы пландын баштапкы жылы;
- курулуштун биринчи кезеги.
|
| 14-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Аймакты пландаштыруу долбоорунун негизги техникалык-экономикалык КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүч | Чен бирдиги |
Аймагы |
|
Долбоордун чегиндеги аймак (бардыгы) анын ичинде: турак кварталдар, кичи райондор алардын ичинен: көп кабаттуу курулманын жеке курулманын тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын тилкелери (кичи райондук маанидегиден тышкары жалпы пайдалануучу аймактар алардын ичинен: жалпы пайдалануучу жашыл бак-дарактар көчөлөр, жолдор, өткөөлдөр, аянттар гараждардын жана жеке автотранспортту сактоонун унаа туруктарынын тилкелери башка аймактар Жалпы пайдаланылуучу аймактардан: Мамлекеттик менчиктеги жерлер муниципалдык менчиктеги жерлер жеке менчиктеги жерлер | га га/кв.м/адам ошол эле "-" "-"
га/кв.м/адам ошол эле
"-"
"-" "-" "-" "-" |
Калкы |
|
Калктын саны Калктын жыштыгы | миң/га адам/га |
Турак жай фонду |
|
Турак үйлөрдүн бардыгы Курулманын орточо кабаттуулугу
Учурдагы сакталуучу турак жай фонду турак үйлөрдүн бардыгы
Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун кемиши (бардыгы) анын ичинде: техникалык абалы боюнча кайра калыбына келтирүү боюнча башка себептер боюнча (санитардык коргоо чөлкөмдөрдү уюштуруу, кайра жабдуулоо ж.б.) Жаңы турак жай курулушу анын ичинде: 1-2 кабаттуу 3-4 кабаттуу 5 кабаттуу 5 кабаттан жогору Калктын жыштыгы | миң кв.м. жалпы аянт кв. кабат
миң кв.м жалпы аянты кв.
ошол эле
"-" "-" миң кв.м жалпы аянт кв.
ошол эле "-" "-" "-" адам/га |
Калкты маданий-тиричилик тейлөө тутумунун мекемелери |
|
Мектепке чейинки балдар мекемелери бардыгы/1000 адам Жалпы билим берүү мекемелери бардыгы/1000 адам Бейтапканалар Азык-түлүк товарлар дүкөндөрү бардыгы/1000 адам Азык-түлүк эмес товарлар дүкөндөрү бардыгы/1000 адам Коомдук тамактануу ишканалары бардыгы/1000 адам Дарыканалар Балдардын сүт азыктарынын ашканаларынын таратуу пункттары Кир жуучу жана химтазалоону кабыл алуу пункттары Тиричилик тейлөө мекемелери Кинотеатрлар, клубдар Китепканалар Спорт залдары Тосулган бассейндер Дене тарбия-ден соолук чыңдоо комплекстери Турак жай-коммуналдык чарбаны эксплуатациялоо кызматтарынын базалары Мончолор Сактоо банкы Почта, телеграф Милиция бөлүмү Өрт депосу | орун
орун
келүү/нөөмөт кв.м. соода аянты ошол эле
отуруу орду
объект
порция/нөөмөт кирдин кг/нөөмөт иш орду орун миң китеп полдун кв.м. суунун бети кв.м. объект
"-" орун операция. Орун объект "-" "-" |
Транспорт |
|
Көчө-жол тармагынын узундугу анын ичинде: магистралдык жолдордун магистралдык көчөлөрдүн жалпы шаардык маанидеги райондук маанидеги турак көчөлөрдүн жана өткөөлдөрдүн Коомдук жүргүнчү транспорт тилкелеринин узундугу: Троллейбус автобус Гараждар, унаа туруктары: дайыма сактоодогу убактылуу сактоодогу |
км
"-" "-" "-"
км "-"
машина-орун "-" |
Инженердик жабдуу жана абаттоо |
|
Жалпы суу сарптоо Агын суулардын суммардык чыгымдары Суммардык электр жүктөмү Газ чыгымы Жылытууга, желдетүүгө, ысык суу менен камсыздоого жылуулуктун жалпы сарпталышы Инженердик даярдоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган курулуш аймагы | миң куб.м суу/сут ошол эле МВт млн.куб.м./сут.
Гкал га |
Курчап турган чөйрөнү коргоо |
|
Санитардык-коргоо чөлкөмдөрү Атмосфералык абанын булганышынын деңгээли Көлмөлөрдүн булгануу деңгээли Жер кыртышынын, жер казынасынын булгануу деңгээли Ызы-чуунун таасир этүү деңгээли Курулуштун болжолдуу наркы-бардыгы анын ичинде: турак жай курулушу маданий-турмуш-тиричилик курулушу көчө-жол тармагы жана шаардык транспорт инженердик жабдуу жана абаттоо Салыштырмалуу саптоолор 1 тургунга турак үйлөрдүн батирлеринин жалпы аянтынын 1 кв.м. жаңы курулуштун 1 га аймакка | га %ПДК
млн.сом
"-" "-" "-" "-"
миң сом "-" "-" "-" |
Эскертүү - Калкты тейлөө мекемелери жана ишканалары кичи райондук, райондук жана шаардык маанидеги объектилерге бөлүнөт.
|
| 15-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Курулуш долбоорунун негизги техникалык-экономикалык КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүч | Чен бирдиги |
Аймагы |
|
Кызыл сызыктардын чектериндеги курулуш аймактары Турак жай курулмасынын аймактары алардын ичинен: көп кабаттуу курулманын аймактары жеке курулманын аймактары Кичи райондук маанидеги эмес тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын тилкелери Жалпы колдонуудагы жер тилкелери алардын ичинен: жалпы пайдалануучу жашыл бак-дарактар өткөөлдөр, аянттар Гараждардын жана жеке автотранспортту сактоонун унаа туруктарынын тилкелери Башка аймактар Жалпы пайдаланылуучу аймактардан: мамлекеттик менчиктеги жерлер муниципалдык менчиктеги жерлер жеке менчиктеги жерлер | га/кв.м./адам
ошол эле "-"
"-" "-"
"-" "-"
"-"
га/кв.м./адам ошол эле "-" |
Калкы |
|
Калктын саны Калктын жыштыгы (брутто) | миң/га адам/га |
Тейлөө тутумунун мекемелери жана ишканалары |
|
Мектепке чейинки балдар мекемелери бардыгы/1000 адам Жалпы билим берүү мекемелери бардыгы/1000 адам Соода сатык ишканалары бардыгы/1000 адам
Жеке мүлк ээлеринин гараждардагы орундардын саны бардыгы/1000 адам Туруктуу сакталуучу ачык автомобиль токтоочу жайлардагы орундардын саны Бардыгы/1000 адам | орун
"-"
соода аянты кв.м
орун
"-" |
Инженердик система менен камсыз кылуу |
|
|
| 16-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Шаар куруу документтерин тариздөөгө жалпы ТАЛАПТАР
1. Графикалык материалдар мамлекеттик стандарттарды, ошондой эле ушул курулуш ченемдерин сактоо менен аткарылат жана таризделет.
2. Ар түрдүү чиймелерде кайталанган элементтерди тартуу үчүн бир типтүү шарттуу белгилер жана эреже боюнча топографиялык-геодезиялык негиздерди жаппаган тунук боёктор колдонулат; графикалык материалдар долбоорлоо сунуштарын көрсөтмөлүү кабыл алууну эске алуу менен аткарылышы керек.
3. Негизги чиймелерге шаар куруу документтерин иштеп чыккан уюмдун жетекчиси жана жооптуу аткаруучулар тарабынан кол коюлат. Калган чиймелерге жана схемаларга шаар куруу документтерин иштеп чыгуучунун ички эрежелери менен белгиленген тартипте кол коюулат.
Эскертүү:
1. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуучу, долбоорлоо объектисинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен материалдардын курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды тапшырык берүүчүгө киргизүү, ошондой эле документ даярдоонун ар түрдүү ыкмаларын жана технологияларын, анын ичинде компьютердик жана көбөйтүүчү техниканы кошуп колдонуу укугуна ээ.
2. Графикалык материалдар картографиялык жана башка негизде аларды дайыма архивдик кызматтар жана тапшырык берүүчү тарабынан аныкталган мөөнөттө белгиленген тартипте сактоону камсыз кылууну эске алуу менен аткарылат.
3. Графикалык материалдардан түстүү же иллюстрацияланган сүрөттөр, электрографикалык көчүрмөлөр даярдалат, алар өзүнчө альбом болуп брошюраланат же түшүндүрмө катка жана негизги тиркемелерге схемалар түрүндө жайгаштырылат.
4. Түшүндүрмө кат жана долбоордун негизги жоболору уюмдун жетекчилери - иштеп чыгуучулар жана шаар куруу документтеринин авторлору тарабынан кол коюлат.
5. Шаар куруу документтеринин негизги графикалык материалдары (таянуу план) жана долбоорлоо планы (негизги чийме) топографиялык карталарда -лито отискаларда, калган долбоорлоо чиймелери - долбоорлоо планынын көчүрмөлөрүндө аткарылат.
6. Чиймелердин түп нускаларынын жупнускалары долбоор белгиленген тартипте бекитилгенден кийин аткарылат. Чиймелердин жупнускаларында долбоорду бекиткен орган, чечимдин (токтомдун) күнү жана номери көрсөтүлөт.
|
| Тиркеме |
|
| 17-тиркеме (милдеттүү) |
ШААР КУРУУ ДОЛБООРЛОРУН ИШТЕП ЧЫГУУНУН УЗАКТЫК ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
17.1 Базалык шаар куруу долбоорлору катары ушул курулуш ченемдеринде төмөнкүлөр каралган:
1) Кыргыз Республикасынын аймагын уюштуруунун башкы схемасы:
2) аймактык өнүктүрүүнүн региондор аралык схемасы;
3) областтын аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү схемасы;
4) райондун аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү долбоору;
5) калктуу конуштун башкы планы;
6) деталдуу пландоо долбоору (ДПД);
7) курулуш долбоору.
17.2. Таблицаларды колдонууда объекттин минималдуу жана максималдуу кубаттуулугу боюнча минималдуу жана максималдуу маани кабыл алынышы керек, аралык маани интерполяция боюнча кабыл алынат.
Таблица 17.1 – Аймактарды шаар куруу пландоо стадиясында шаар куруу долбоорун иштеп чыгуунун узактыгы:
№ к/н | Аталышы | Ченемдик узактыгы. ай |
1 | Кыргыз Республикасынын аймагын уюштуруунун башкы схемасы | 36 чейин |
2 | Аймактык өнүктүрүүнүн региондор аралык схемасы | 30 чейин |
3 | Областын аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү схемасы | 24 чейин |
4 | Райондун аймагын шаар куруучулук пландоонун комплекстүү долбоору | 18 чейин |
| ||
Таблица 17.2 - Калктуу конуштардын башкы пландарынын баскычында шаар куруу долбоорун иштеп чыгуунун узактыгы:
№ к/н | Калк миң. адам | Эки баскычтуу долбоорлоо, ай | Бир баскычтуу долбоорлоо, ай | |
Концепция | Башкы план | Башкы план | ||
1 | 10,0 чейин | - | - | 9,0 |
2 | 11,0 дөн 20,0 чейин | - | - | 10,0 |
3 | 21,0 дөн 50,0 чейин | - | - | 11,0 |
4 | 51,0 дөн 100,0 чейин | - | - | 12,0 |
5 | 101,0 дөн 150,0 чейин | - | - | 13,0 |
6 | 151,0 дөн 250,0 чейин | - | - | 14,0 |
7 | 251,0 дөн 500,0 чейин | 6,0 | 10,0 |
|
8 | 501,0 дөн 800,0 чейин | 7,0 | 11,0 | - |
9 | 801,0 дөн 1000,0 чейин | 8,0 | 12,0 | - |
10 | 1001,0 дөн 1500,0 чейин | 9,0 | 13,0 | - |
11 | 1501,0 дөн 2000,0 чейин | 10,0 | 14,0 | - |
Таблица 17.3 – ДПД баскычында шаар куруу долбоорун иштеп чыгуу узактыгы:
№ к/н | Аймактын аянты, га. | Ченемдик узактыгы, ай |
1 | 50 чейин | 6,0 |
2 | 51 ден 100 чейин | 7,0 |
3 | 101 ден 200 чейин | 9,0 |
4 | 201 ден 300 чейин | 11,0 |
5 | 301 ден 400 чейин | 13,0 |
6 | 401 ден 500 чейин | 16,0 |
Таблица 17.4 – Инженердик тармактары, көрктөндүрүү жана аймакты даярдоо (турак үйлөрдү, маданий-тиричилик жана коммуналдык багыттагы объекттерди байлабастан) менен шаар куруу комплекстеринин кичи райондорун (кварталдарын) курууну иштеп чыгуунун узактыгы:
№ к/н | Объекттин аталышы | Кубаттуулук
| Долбоорлоонун узактыгы | |||
Эки баскычтуу долбоорлоо | Бир баскычтуу долбоорлоо | |||||
Өлчөө бирдиги | Көрсөткүчтөр | Долбоор (Д) | Жумушчу документтери (Ж) | Жумушчу долбоор (ЖД) | ||
1 | Көп кабаттуу курулуш (бийиктиги 28 м ден 75 м. чейин жана бийиктиги 75 ашык ) | миң.кв..м. жалпы аянты | 50 чейин | 4,5 | 5,0 | 8,0 |
-//- | 50 дөн 100 чейин | 4,5 ден 5,5 чейин | 5,0 дөн 6,5 чейин | 8,0 дөн 9,5 чейин | ||
-//- | 101 дөн 150 чейин | 5,5 ден 6,0 чейин | 6,5 ден 7,0 чейин | 9,5 ден 10,5 чейин | ||
-//- | 151 ден 250 чейин | 6,0 ден 6,5 чейин | 7,0 дөн 8,0 чейин | 10,5 ден 11,0 чейин | ||
2 | Малоэтажная застройка (высота до 28м) | -//- | 250 жогору | 6,5 ден 7,0 чейин | 8,0 дөн 8,5 чейин | 11,0 дөн 11,5 чейин |
-//- | 15 чейин | 5,0 | 5,5 | 9,5 | ||
-//- | 16 дан 75 чейин | 5,0 дөн 7,0 чейин | 5,5 ден 8,0 чейин | 11,5 ден 13,0 чейин | ||
-//- | 75 жогору | 7,0 дөн 8,0 чейин | 8,0 дөн 8,5 чейин | 11,5 дөн 13,0 чейин | ||
Эскертүү: Кичи райондун (кварталдын) аймагынын 30% дан ашык аянтында татаалдантуучу факторлор болгон учурда төмөнкү коэффициенттер колдонулсун: - учурдагы сакталуучу курулушка -1,2 - 0.005‰ аз жана 0,05‰ жогору беттик эңкейиштерде =1,1 | ||||||
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы № 41-нпа буйругуна ылайык) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШААР КУРУУ ДОКУМЕНТТЕРИНИН КУРАМЫ, ИШТЕП ЧЫГУУ, МАКУЛДАШУУ ЖАНА БЕКИТҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
СОСТАВ, ПОРЯДОК РАЗРАБОТКИ, СОГЛАСОВАНИЯ И УТВЕРЖДЕНИЯ ГРАДОСТРОИТЕЛЬНОЙ ДОКУМЕНТАЦИИ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ
COMPOSITION, ORDER OF DEVELOPMENT, AGREEMENT AND APPROVAL OF URBAN PLANNING DOCUMENTATION IN THE KYRGYZ REPUBLIC
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 19 августундагы № 45-чуа, 2023-жылдын 16-январындагы № 61-чуа, 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа, 2024-жылдын 27-августундагы № 76-чуа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу документтеринин материалдарынын курамына жана мазмунуна, аларды иштеп чыгуу, кароо, макулдашуу жана бекитүү тартибинин баардык баскычынын негизги талаптарын аныктайт.
1.2. Ушул Курулуш ченемдери менен каралган шаар куруу документтерин иштеп чыгууда "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобону жетекчиликке алуу зарыл.
2. Ушул Курулуш ченеминде колдонуучу негизги түшүнүктөр
Ушул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
2.1. архитектуралык-шаар куруу корутундусу: шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, объекттин негизги шаар куруу, функциялык параметрлерин, долбоорлоого шарттарды жана талаптарды аныктоочу, долбоорлоону баштоо үчүн негиз болуп саналган укук белгилөөчү документ;
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
2.2. шаар курууда мамлекеттик ченемдер: Ченемдик документтердин системасы, адамдын жашоо тиричилигинин, жашоо чөйрөсүнүн ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана башка керектүү шарттарын камсыз кылуучу, калктуу конуштарды пландоодо жана курууда белгиленген тартипте кабыл алынуучу жана колдонулуучу өз ара байланыш документтердин бүтүндүгү;
2.3. шаар куруу документтери: Жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасы, райондук пландоонун долбоорлору, башкы пландар, аймактарды пландоонун долбоорлору, жер тилкелеринин араларына чек салуучу, кварталдарды, кичирайондорду, шаар куруу түйүндөрүн куруу долбоорлорунун документтери жана башка калктуу конуштардын пландоо түзүмүнүн элементтери.
Шаар куруу документтерине төмөнкүлөр кирет:
- жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасы - Кыргыз Республикасын аймактык жана мейкиндик пландоо;
- аймактык комплекстүү схемалар жана административдик-аймактык пайда болуулардын жана башка аймактык объектилердин райондук пландоонун долбоорлору;
- калктуу конуштардын чеги, башкы пландары;
- айыл аймактарынын карамагындагы аймактардын башкы пландары (мындан ары-айыл аймактарынын башкы пландары);
- функционалдык аймактардын башкы пландары;
- деталдуу пландоо долбоорлору;
- аймактарды куруунун добоорлору;
2.4. башкы долбоорлоочу: Долбоорлоо жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензиясы бар долбоорлоо уюму, ал инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарат;
2.5. чөлкөм (регламенттик чөлкөм): Аймак, ага карата шаар куруу эрежелери белгиленген аймак (анда жайгашкан бардык жер тилкелерине тиешелүү)
2.6. калктуу конуштардын чегинин долбоору: Калктуу конуштардын жерлерин жердин башка категорияларынан жана фонддорунан бөлүп туруучу сырткы чек ара;
2.7. деталдуу пландоонун долбоору (мындан ары-ДПД): Турак жай, өндүрүштүк, рекреациялык, тарыхый жана башка функционалдык чөлкөмдөрдүн, шаар түйүндөрүнүн, жолдордун, магистралдардын долбоорлору;
2.8. курулуш долбоору (мындан ары - КД): Кварталдардын, кичирайондордун, шаар куруу, архитектуралык, ландшафтык комплекстердин, сейилбактардын, ансамблдардын жана башка калктуу конуштардын пландоо элементтеринин долбоору;
2.9. долбоорлоого тапшырма: Долбоор түзүү үчүн талаптар жана шарттар көрсөтүлгөн, долбоордук документтердин курамын аныктоо менен иштеп чыгуу мөөнөтү, бекитүү тартиби белгиленген, тапшырык берүүчү жана долбоорлоо уюму менен биргеликте түзүлгөн, тапшырык берүүчүнүн жетекчиси тарабынан бекитилген документ;
2.10. тапшырык берүүчү: Жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алар өздөрүнө таандык же берилген жер тилкесинде адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу долбоорлоо документтерин даярдоону камсыз кылуучу тарап;
2.11. жер тилкеси: Туюк чектердеги жердин аянты;
2.12. шаар курууну жөнгө салуучу сызыктар (кызыл, жашыл, көк, сары жана курулушту жөнгө салуучу сызыктар): Ченемдик талаптарга ылайык иштөөчү колдонуунун өзгөчө тартиби жана эрежелери;
2.13. мастер план: Шаар куруу документтерин ишке ашыруунун баскычтарынын бөлүгү катары эсептелип, бийлик органдары жана ар кандай инвестициялык топтор тарабынан сунушталган аймактын айрым жер тилкелеринин өнүгүүсүн карайт;
2.14. тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмү: Тарыхый жана маданий эстеликтерге тиешелүү жерлерди өтө кылдаттык менен колдонулган режимде кайтарылуучу коргоо чөлкөмүнүн долбоорунда аныкталган, калктуу конуштардын башкы планынын курамында каралган аймак;
2.15. өндүрүш аймактары: Өндүрүш, өнөр жай, коммуналдык-кампалык, унаа жана инженердик объектилерди жайгаштыруу үчүн каралган аймак;
2.16. аракетке келтирүүчү комплекс: Объектинин иштөөсүн камсыз кылуучу, колдонууга өзүнчө киргизүү үчүн долбоорлоо документи менен аныкталган негизги, өндүрүштүк, кошумча багыттагы имараттардын, курулмалардын тобу же бөлүгү;
2.17. шаар курууну кайра калыбына келтирүү: Мурда калыптанган шаардын пландоо курамына же анын курамындагы элементтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошол курамды өнүктүрүү жана жакшыртуу талаптарына негизделген багыттуу ишмердүүлүк. Кайра калыбына келтирүү калыптанган түзүмдү сактоодон аны толугу менен алмаштыруунун пландоо курамын трасформациялоону карайт. Эреже катары, бул терминди колдонуу бүтүндү олуттуу өзгөртүүдө эски элементтердин көпчүлүк бөлүгүн сактап калууга негизделет;
2.18. калыбына келтирүү (регенерация): Тарыхый калыптанган шаар куруу комплексинин бузулган бөлүктөрүн, пландоо-мейкиндик түзүмдөрүн, композициялык бүтүндүгүн жана фукционалдык активдүүлүгүн кайра калыбына келтирүү жолу менен өзгөртүү. Калыбына келтирүүнүн максаты жана түзүүчү бөлүгү катары "ревалоризацияны" - шаар куруу комплексинин архитектуралык-көркөм сапаттарын жана архитектуралык-мейкиндик сапаттарын калыбына келтирүүнү жана "ревитализацияны"- жоголгондорун калыбына келтирүү жолу менен же аймактын коомдук функциясынын комплекстерин бузбай жаңыларын өнүктүрүү аркылуу функционалдык маанилүүлүгүн жогорулатууну кароо керек;
2.19. рекреациялык аймактар: Шаардын токойлору, токой сейил бактары, токой коргоо чөлкөмдөрүн, суулар, айыл чарба багытындагы жерлер жана башка негиздер, сейил бактар, бактар, скверлер жана бульварлар менен биргеликте адамдардын эс алуусу үчүн ачык мейкиндик системасын түзгөн аймак;
2.20. санитардык-коргоо чөлкөмү: Атайын багыттагы чөлкөмдөрдү бөлүп туруучу, ошондой эле жагымсыз факторлордун аларга таасирин азайтуу максатында калк жайгашкан конуштардагы өнөр жай ишканаларын жана башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампа объектилерин жакын жайгашкан турак жай-жарандык курулмалардан жана имараттардан, турак жай жыш жайгашкан жана калктуу конуштардан бөлүп туруучу аймак;
2.21. имарат: Долбоорго ылайык фукционалдык жана өндүрүштүк процесстерди аткаруу үчүн багытталган, табигый жана жасалма чек арасы бар, ошондой эле инженердик жабдууларды же коммуникацияларды жайгаштырган жасалма жол менен түзүлгөн көлөмдүк, жер менен тыгыз байланышкан обьект (жер үстүндөгү/суу үстүндөгү же жер астындагы/ суу астындагы);
2.22. аймак: Аныкталган чек арасы менен кургактыктын үстүнкү бөлүгү. Аймак болуп мамлекеттин же административдик аймактык түзүмдөрүнүн, калктуу конуштарынын курамындагы, юридикалык же жеке жактардын юрисдикциясы жайылтылган жер мейкиндиги эсептелет;
2.23. функционалдык чөлкөм: Шаар куруу документинин бекитилген бөлүмдөрү менен аныкталган калктуу конуштун белгиленген аймагы. Ар бир чөлкөмдө чөлкөмгө кирген жер тилкесине берилген колдонуунун бир нече түрү болушу мүмкүн;
2.24. аймактын функционалдык кызматы: Шаар куруу документи менен белгиленген, сөзсүз түрдө колдонулуучу талаптардын жана аймактарды багыттуу колдонуунун чектөөлөрүнүн жыйындысы;
2.25. жер тилкесин максаттуу колдонуу: Шаар куруу документтерине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечиминин негизинде белгилүү бир жер тилкесин колдонуу;
2.26. эскиздик долбоор: Долбоорлоого чейинки архитектуралык - шаар куруу боюнча концептуалдуу сунуштар, анын ичинде шаар куруу документтери;
2.27. калктуу конуштун таяныч планы (аймакты заманбап колдонуу схемасы): Аймактарды колдонуу жөнүндө маалыматтардын топографиялык берилиши (калыптанган турак жай жана коомдук курулмалар, кабаттуулугу жана маанилүүлүгү боюнча аларды бөлүштүрүү, өндүрүштүк-коммуналдык объектилер, транспорттук жана инженердик коммуникациялар, бак-дарактар, ошондой эле маданий мурастардын аймагы, аймактарды өзгөчө шарттарда колдонуу чөлкөмү, өзгөчө кырдаалга дуушар болуучу аймактарды колдонуунун өзгөчө шарттарынын чөлкөмү);
2.28. шаар куруу документтерин актуалдаштыруу: алардын ишке ашырылышына жараша анын жоболоруна өзгөртүүлөрдү, шаар куруу кырдаалынын иш жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн жана калктуу конушту же анын айрым аймактарын өнүктүрүүнүн жаңы милдеттеринин пайда болушуна байланыштуу дайыма киргизүү.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
2.29. шаар түзүүчү объекттер: шаар түзүүчү маанидеги ишканалар жана мекемелер:
а) ушул калктуу конуштун калкынын муктаждыктарын гана тейлеген ишканаларды кошпогондо, бардык өнөр жай жана коммуналдык ишканалар;
б) тышкы транспорттун (темир жол, деңиз, дарыя, аба жана автомобиль) ишканалары, түзүлүштөрү жана мекемелери;
в) администрациялык, коомдук жана чарбалык мекемелер, курорттук мекемелер (санаторийлер, эс алуу үйлөрү), ооруканалар жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги башка дарылоо мекемелери;
г) илимий-изилдөө институттары;
д) жогорку жана атайын орто окуу жайлары.
Эскертүү: шаар түзүүчү кадрлардын курамына ЖОЖдордун жана атайын окуу жайлардын толук педагогикалык жана тейлөөчү персоналы жана студенттердин 50% киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
2.30. имараттардын жана курулмалардын конфигурациясы:
“Сейсмикалык таасирлерде анын ишине таасир этиши мүмкүн болгон имараттын же курулманын планында жана бийиктиги боюнча сырткы түзүлүшү, ошондой эле көтөрүүчү жана көтөрбөөчү элементтердин өз ара жайгашуусу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-августундагы № 76-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
3. Ушул курулуш ченемдерин колдонуу тармагы
Ушул документтин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жайылтылат.
Ошондой эле, ушул курулуш ченемдеринин талаптары курулуш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү имараттарына, турак жайларына, мекемелерине, ошондой эле чет өлкөнүн аймагында башка курулуп жаткан мамлекеттик менчиктерине жайылтылбайт.
4. Жөнгө салуу предмети жана колдонуу тармагы
4.1. Шаар куруу документи Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана колдонууну ишке ашыруучу, менчигинин түрүнө жана таандыгына карабастан шаар куруу ишмердүүлүгүнүн бардык субъектилери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Атайын тармактык схемаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан бекитилген атайын нускамалардын же тармактык ченемдик жоболордун талаптарына ылайык ушул курулуш ченемдери менен биргеликте ишке ашырылат.
4.2. Тарыхый калктуу конуштар үчүн долбоорлор Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыгат.
4.3. Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча шаар куруу документтеринин курамында каралбаган мастер план түрүндөгү иштердин түрү кошумча аткарылат.
Долбоорлоого берилген тапшырма макулдашуу тартибин, иштеп чыгуу мөөнөтүн, долбоордук документтердин түрүн, аткарылуучу иштердин түрлөрүн аныктоо жана долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды көрсөтүү менен башкы долбоорлоо уюму менен биргеликте түзүлөт жана тапшырык берүүчү жактын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
4.4. Долбоорлоого берилген тапшырмага ылайык, шаар куруу документтеринин курамында негизги графикалык материалдар жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр аткарылат.
4.5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылуучу шаар куруу документтеринин тапшырык берүүчүлөрү болуп тиешелүү өз алдынча башкаруу органдары же аталган органдардын тапшырмасы боюнча аймактык архитектура жана шаар куруу органдары болушат.
Эгерде, кандайдыр бир аймактарда же аймактардын бөлүктөрүндө курулуштар юридикалык жактардын же жеке жактардын каражаттарына жүргүзүлсө, тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын макулдугу менен алар белгилүү бир аймактын курулушунун жана пландоо долбоорунун тапшырык берүүчүлөрү боло алышат.
4.6. Тапшырык берүүчү иштеп чыгуучуга шаар куруу документтерин иштеп чыгууга долбоорлоого 2-тиркемеге ылайык тапшырма берет.
Тапшырык берүүчү долбоорлоого керектүү алгачкы маалыматтарды камсыз кылат. Берилген алгачкы маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти тапшырык берүүчү тартат.
Тапшырык берүүчү тарабынан тапшырмага жана алгачкы маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилсе, долбоорду иштеп чыгуучу менен түзүлгөн келишимге да өзгөртүү киргизүү талап кылынат.
Тапшырык берүүчү иштеп чыгуучуга долбоор үчүн алгачкы маалыматтарды чогултууга тапшырма бере алат. Алгачкы маалыматтарды чогултуу жана ал жумуштарды каржылоо шарттары келишимде көрсөтүлүшү керек. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырмаларына жалпы талаптар жана алгачкы маалыматтардын тизмеги 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-тиркемелерде келтирилген.
4.7. Архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынан башка, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ишканалар, уюмдар жана мекемелер шаар куруу документтерин иштеп чыгуучулар боло алышат.
Архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдары шаар куруу документтерин иштеп чыгуучу болууга, ошондой эле мурда бекитилген шаар куруу документтерине кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуксуз.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
4.8. Маанилүү шаар куруу түйүндөрүнүн, көчөлөрдүн, кварталдардын, кичирайондордун шаар куруу документтерин иштеп чыгууга сынак жарыяланышы мүмкүн. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча сынакты уюштуруу жөнүндө чечим тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
4.9. Иштелип чыккан шаар куруу документтери, анын ичинде сынактын негизинде иштелгендери да, бекитүүгө берүү үчүн тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органдарына өткөрүлүп берилет.
4.10. Ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин (жайгаштыруу схемасын, аймактын схемасын, башкы пландарын, аймактык пландоонун долбоорлорун (АПД) иштеп чыгууда, курулушту долбоорлоодо долбоордук чечимдерди кабыл алууда карама-каршылыксыз жана өз ара макулдашуу принциптери сакталышы керек. Эгерде аймактын жана калктуу конуштун келечектеги өнүгүү шарттары, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар сакталса, белгилүү бир шарттарда иштеп чыгуу ырааттуулугунда жалпыдан жекеге (жекеден жалпыга долбоордук иштеп чыгууну талап кылган калыптанган шаар куруу кырдаалы) же баскычтарды бирдей иштеп чыгууга (жайгаштыруу схемасы, аймактык схемасы, башкы пландар, АПД, курулуш долбоору) мүмкүнчүлүк берилет.
4.11. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу учурунда долбоордук чечимдерди кабыл алууга таасир этүүчү бардык суроолор башкы шаар куруу документтерин башкы иштеп чыгуучу менен кат түрүндө (корутунду) макулдашылууга тийиш.
4.12. Шаар куруу документтеринин курамында бекитилүүчү бөлүгү бөлүнүп каралат.
Шаар куруу документтеринин бекитилген бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү шаар куруу документтеринин иерархиясына ылайык (деталдуу пландоо долбоору, куруу долбоору) тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси жана белгиленген тартипте бекитилиши менен төмөнкү этапты иштеп чыгууда жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
4.13. Долбоорлонуп жаткан шаар курууну түзүүчү объектилердин конфигурациясына жана функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү шаар куруу кеңешинде каралат жана шаар куруу органы тарабынан бекитилет.
4.13.1. “Кайра конструкцияло курулушунда же курулуш объекттерин жана/же алардын бөлүктөрүн башка өзгөртүүдө магистралдык аймактарда курулуштун көлөмдүк-мейкиндик уюштурулушун курулуштун жалпы архитектуралык түзүлүшү менен композициялык байланышты түзүүнү жана ар кандай формаларды, ыргактуу (ритмичность) курулуштарды, айрым имараттардын пластикасын жана алардын топторун шаар куруу кеңешинде кароо менен пайдаланууну эске алып ишке ашыруу жана өнүктүрүү керек”.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
4.14 Долбоорлонуучу шаар түзбөгөн объекттин функциялык арналышын жана конфигурациясын кабаттуулугун жогорулатуу же төмөндөтүү менен (3 кабатка чейин), курулуштун жыштыгынын ченемдик көрсөткүчүн сактоо шартында, бекитилген пландоо түзүмү жана курулуштун көлөмдүк-мейкиндик уюму менен байланыштырууда, жер пайдаланууну эске алуу менен архитектура жана шаар куруунун аймактык органы менен макулдашылат жана бекитилет
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-августундагы № 76-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
4.15. Курорттук жана дарылоо ресурстары бар калктуу конуштардын аймактары үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууда медициналык чөлкөмгө бөлүштүрүү, курорттук ресурстарды баалоо, ошондой эле курортторду жана дарылоо булактарын санитардык коргоону эске алуу менен жүргүзүлөт.
4.16. Шаар куруу документтерин тариздөөгө жалпы талаптар 16-тиркемеде келтирилген.
4.17. Белгиленген тартипте иштелип чыккан шаар куруу документтери жаңысы иштелип чыкканга жана бекитилгенге чейин өз күчүндө деп эсептелет.
4.18. Калктуу конуштардын башкы пландарын актуалдаштыруу, учурдагы шаар куруу кырдаалынын өзгөрүшүнө байланыштуу техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде ар бир 5 жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 61-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
5. Жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун башкы схема
5.1. Кыргыз Республикасынын жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун башкы схемасы (жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасы) программалык сунуштарды камтыган узак мөөнөттүү документ болуп саналат.
5.2. Жайгаштыруунун башкы схемасынын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын өндүргүч күчтөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү болжолу жана жайгаштыруусу, айлана - чөйрөнүн экологиялык абалы, өлкөнүн шаар куруу бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында аймактардын жана калктуу конуштардын түзүлгөн өз ара мамилелерин эске алуу менен аймактар аралык инженердик-унаалык инфратүзүмдөрү, коопсуз жана таза жашоо чөйрөсү, калктуу конуштар тутумун туруктуу өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан сунуштар, табигый жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен байланышта Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштыруунун негизги багыттарын жакшыртууну аныктоо болуп саналат.
5.3. Жайгаштыруунун башкы схемасында Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун жана аймактык уюштуруунун мамлекеттик саясаты, аймактарды чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнүн аныктамалары, шаар куруунун маанилүү чөлкөм аралык объектилеринин жана өзгөчө жөндөлүүчү аймактардын чек араларындагы аймактык жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрүнө негиздеме берилет, аймактык деңгээлдеги жайгаштыруу боюнча жана аймакты уюштуруу саясатын жүргүзүүнүн негизги принциптери аныкталат.
5.4. Жайгаштыруунун башкы схемасын жүзөгө ашыруунун биринчи кезектеги чаралары мамлекеттин жана анын субъектилеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарынын негизинде мамлекеттик колдоого муктаж болгон, анын ичинде аймактарга жайгаштыруу, миграция, өлкөнүн коопсуздугу, чек арага жакын жайгашкан аймактарды абаттоо, атайын жана фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жайгаштыруу жана шаар куруу жаатында долбоордук иштер иштелип чыгат.
5.5. Жайгаштыруунун башкы схемасы аймактарды жайгаштыруу, өндүргүч күчтөрдүн жаратылышты пайдалануу жана аймактык уюштуруу - облустардын аймактарын, жаратылышты коргоонун аймактык комплекстүү схемаларын, районду пландаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун, тармактык схемаларды жана инженердик-унаалык инфратүзүмдү, аймактар аралык жана аймактык маанидеги башка документтерди иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
5.6. Жайгаштыруунун башкы схемасынын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаар куруу ишмердигинин баардык түрлөрү үчүн негиз болуп саналат.
Аймактар аралык, аймактык жана жергиликтүү максаттуу программаларды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларды иштеп чыгуу, жаңы ири эл чарба комплекстерин долбоорлоо, аларды кеңейтүү жана кайра калыбына келтирүү, жаңы шаарларды, курортторду, башка маанилүү аймактык объектилерди долбоорлоо жана куруу жайгаштыруунун башкы схемасынын негизги жоболорун эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
5.7. Кыргыз Республикасынын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана аймактык уюштуруунун башкы схемасынын курамы, мазмуну жана бекитилүүчү бөлүгү долбоорлоого берилген тапшырма менен аныкталат.
5.8. Жайгаштыруунун башкы схемасынын негизги жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүү үчүн берилет.
6. Жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун аймактык схемасы
6.1. Жайгаштыруунун аймактык схемасы экономикалык райондордун, жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрдүн аймактарында, ден соолукту чыңдоо-курорттук жана рекреациялык аймактарда, административдик-аймактык бөлүнүштөрдүн, ошондой эле чек арага жакын жайгашкан райондордун аймактарында иштелип чыгат.
6.2. Иштелип жаткан жайгаштыруунун аймактык схемасындагы аймактын чек аралары долбоорлоого берилген тапшырмада белгиленет.
6.3. Жайгаштыруунун аймактык схемасы ресурстук потенциалдын жана өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн ачып берген комплекстүү талдоону, жайгаштыруу курамын каржылоонун болжолун жана аймактын өзгөчө шарттарында аймактык уюштурууну, мамлекеттик, аймактар аралык жана аймактык инженердик-унаалык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча сунуштарды, административдик-аймактык бирдиктин кызыкчылыктарын эске алуу менен табигый жана тарыхый-маданий мурастарды сактоону камтуусу керек.
6.4. Жайгаштыруунун аймактык схемасында жайгаштыруунун башкы (улуттук) схемасынын жоболору такталат, аймактын жайгаштыруу багытындагы мамлекеттик саясатты жана аймакты уюштуруу, жайгаштыруудагы саясат жүргүзүүнүн принциптери жана жергиликтүү деңгээлде аймакты уюштуруу аныкталат.
6.5. Аймактык жайгаштырууну жүзөгө ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү менен байланышта, долбоорлонуучу аймактын жана жанаша жайгашкан аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өзгөчө артыкчылыктарын эске алуу менен аныкталат. Биринчи кезектеги чаралар мамлекеттик, аймактык максаттуу жана социалдык-экономикалык программаларды, ошондой эле мамлекеттик, аймактар аралык жана аймактык маанидеги шаар куруу жана жайгаштыруу багытындагы илимий изилдөөлөрдүн жана долбоорлоо иштеринин тизмегин иштеп чыгууда эске алынуучу негизделген бирдиктүү сунуштарды камтыйт.
6.6. Жайгаштыруунун аймактык схемасынын курамында аймакты заманбап колдонуунун планы, аймакты комплекстүү баалоонун схемасы жана долбоорлоо планын камтыган 1:100000-1:300000 масштабындагы графикалык материалдар иштелип чыгат.
Долбоорлоо планында жана аймактарды заманбап колдонуу планында тактоо даражасы, долбоорлоо планында ишке ашыруунун даражасын көрсөтүү менен, узак мөөнөттүү маселелерге шайкеш келе турган калктуу конуштардын курамы, өзгөчө шарттарда колдонулуучу аймактар, аймактарды чөлкөмгө бөлүштүрүү, мамлекеттик, аймактар аралык жана аймактык маанидеги инженердик-унаалык инфратүзүмдүн коммуникациялары жана башка принципиалдуу долбоорлоо чечимдери көрсөтүлөт.
6.7. Аймактарды сунушталган функционалдык чөлкөмдөөнү негиздөөчү жана тактоочу схемалар жана калктуу конуштарды, унаалык жана инженердик инфратүзүмдү түзүү, аймакты кооптуу табигый жана техногендик кырсыктардан коргоо, экологиялык кооптуу жана өзгөчө кырдалдуу райондордо курорттук жана рекреациялык чөлкөмдөрдү, корголуучу аймактарды жайгаштыруу менен долбоордук чечимдер долбоорлонуучу аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жайгаштыруунун аймактык схемасынын курамында, тапшырык берүүчүнүн макулдугу менен иштелип чыгат.
6.8. Жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун аймактык схемасынын түшүндүрмө каты ушул курулуш ченеминин 6.4-6.6-пункттарынын жана 3-тиркемесинин талаптарын камтуусу зарыл.
6.9. Жайгаштыруунун аймактык схемасынын негизги жоболору шаар курууну долбоорлоонун кийинки баскычтарында, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан жайгаштыруу багытындагы жана аймакты уюштуруудагы ишмердикти жөндөөдө, ошондой эле долбоорлонуучу аймактын чегинде шаар куруу ишмердигинин баардык катышуучулары тарабынан эске алынат.
7. Жаратылышты коргоонун жана пайдалануунун аймактык комплекстүү схемасы
7.1. Жаратылышты коргоонун жана пайдалануунун аймактык комплекстүү схемалары өзгөчө экологиялык кырдаалдардын жана экологиялык кырсыктардын чөлкөмдөрүнүн аймактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин негизинде жаратылышты пайдалануунун өзгөчө режиминдеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында аткарылат.
Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемалары адам жашоосунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү, жаратылыш чөйрөсүнүн бузулуусун жана деградацияланышын алдын алуу жана жок кылуу, анын сапаттарын оптималдаштыруу, рационалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында иштелип чыгат.
7.2. Жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды аткаруу, калктуу конуштардын, аймактык-өндүрүштүк (агроөнөр жай, гидротехникалык, өнөр жай) комплекстеринин, рекреациялык, жаратылышты коргоо жана башка аймактардын, айрым калктуу конуштардын, жаратылыш комплекстеринин, инженердик жана транспорттук курулмалардын жана коммуникациялардын тутумдарын туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын концепцияларын иштеп чыгуу жана аныктоо жаратылышты коргоо жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемаларынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылышы керек.
7.3. Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун илимий-негизделген сунуштарынын жана жолдомолорунун негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кыргыз Республикасынын, анын айрым аймактарынын, калктуу конуштарынын аймактарын экологиялык туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо; өндүрүштүн жана калктын өтө көп топтолушун болтурбоо максатында аймактарды чөлкөмдөштүрүү; баалуу табигый ландшафттарды сактоо; инженердик-унаалык инфратүзүмдү түзүү; жаратылышты рационалдуу пайдаланууну, жаратылыш ресурстарын коргоону жана иштетүүнү, ресурс үнөмдөөчү технологияларды жайылтууну жана чарба тиричилигинин бардык түрлөрү үчүн аймактарды пайдаланууда чектөөлөрдү белгилөөнү эске алуу менен өнөр жай, агроөнөр жай жана коммуналдык объектилерди жайгаштыруу боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
7.4. Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемаларынын курамы жана мазмуну долбоорлоо объектисинин конкреттүү өзгөчөлүктөрүнө жараша долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
7.5. Жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун аймактык комплекстүү схемасы табигый чөйрөнүн учурдагы экологиялык абалын, калкты жайгаштырууну жана өндүрүш күчтөрүн аймактык уюштурууну, инфратүзүмүнүн абалын, турмуш-тиричилигинин шарттарын, табигый жана тарыхый-маданий комплекстерин, жашоо чөйрөнү түзгөн шарттарды анализдөөнү жана баалоону, ошондой эле төмөнкүлөр боюнча сунуштарды камтышы керек:
- аймактын бөтөнчүлүктөрүн, көйгөйлүү аймактарын жана кырдаалдарын, курчап турган чөйрөнүн ири масштабдуу маселелерин эске алуу менен аймактардын функциялык-пландаштыруу түзүмүн өнүктүрүү жана түзүү, чөлкөмдөргө бөлүштүрүү боюнча;
- жерди рационалдуу пайдалануу, жаратылышы коргоо, ресурстарды үнөмдөө, аймактарды коркунучтуу жаратылыш жана техногендик процесстерден жана кубулуштардан инженердик коргоо боюнча;
- долбоорлонуучу аймакта жаратылышты рационалдуу пайдаланууну, калкты жайгаштыруунун жана өндүрүш күчтөрүн аймактык уюштурууну эске алуу менен калктуу конуштарды жана алардын тутумдарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча;
- жашоо чөйрөнү оңдоо боюнча;
- курчап турган чөйрөнүн бузулуусун жок кылууну эске алуу менен, инженердик-транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдөрдү түзүү боюнча;
- тарыхый-маданий мурастарды, баалуу табигый ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоо боюнча;
- курчап турган чөйрөнү оңдоо, жаратылыш ресурстарын коргоо жана рационалдуу пайдалануу боюнча приоритеттүү чаралар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чаралары боюнча.
8. Районду пландаштыруу схемасы
8.1. Районду пландаштыруу схемасы облустун же райондун аймагына иштелип чыгат.
8.2. Районду пландаштыруу схемасынын негизги милдеттери аймакты рационалдуу пландаштырууну уюштуруу жана калкты жайгаштыруунун, эл чарба комплексин өнүктүрүүнүн жана жакшыртуунун, аймактардын жер, сырьё, эмгек жана башка ресурстарын натыйжалуу жана комплекстүү пайдаланууда жаратылышты пайдалануунун оптималдуу шарттарын камсыз кылган социалдык, инженердик-унаалык жана өндүрүштүк инфратүзүмдөрдү түзүүнү иштеп чыгуу болуп саналат.
8.3. Районду пландаштыруу схемасы аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү менен байланышта аймактын келечекте узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө баа берүү; шаар куруу ишмердүүлүк жаатында мамлекеттик аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын жөнгө салуу максатында иштелип чыгат, аларды ишке ашыруу өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алууну жана биргелешип инвестициялоону талап кылат.
8.4. Районду пландаштыруу схемасынын курамында төмөнкү маселелер чечилет:
- өлкөдө жана аймакта долбоорлонуп жаткан объектинин жайгашкан ордун эске алуу менен табигый, инженердик-техникалык, медициналык-географиялык, социалдык-экономикалык, пландаштыруунун, инфратүзүмдүк, экологиялык, этномаданий жана башка шарттарына комплекстүү баа берүү;
- шаар куруу жана экологиялык кырдаалдардын өзгөрүшүнө баа берүү;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө баа берүү;
- аймактарды функциялык дайындалышы, пайдалануу түрлөрү боюнча чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнүн, ошондой эле мамлекеттик, аймактык кызыкчылыктарды эске алуу менен жер пайдалануу түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштар;
- жайгаштырууну уюштуруунун жана жакшыртуунун, өндүргүч күчтөрдү аймактарда уюштуруунун, калкты айылдар аралык тейлөө, рекреация жана туризм тутумун түзүүнүн, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтерди, атактуу жерлерди, тарыхый шаарларды жана башка калктуу конуштарды сактоо маселелерин камтыган аймактарды пландаштырууну уюштуруу;
- ири инфратүзүмдүк объектилерди, курулмаларды жайгаштыруунун варианттарын жана инженердик-унаалык коммуникациялардын трассаларынын багыттарын иштеп чыгуу менен долбоорлонуучу аймактын айылдар аралык инженердик-унаалык инфратүзүмүн жакшыртуу;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден жана кубулуштардан инженердик коргоонун, экологиялык жана башка өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча;
- шаар куруу саясатын ишке ашыруунун жаңы жолдорун эске алуу менен аймактын курулуш агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жакшыртуу;
- курчап турган чөйрөнү коргоо;
- жайгаштыруунун приоритеттүү маселелерин ишке ашыруу, өндүрүш күчтөрүн аймактык уюштуруу, инженердик-унаалык жана социалдык инфратүзүмдү жакшыртуу, аймакты экологиялык жактан оңдоо боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды ишке ашыруу;
- инвестициялардын түзүмү, көлөмү жана мүмкүн болгон каржылоо булактары боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү;
- адамдын ден соолугуна жана жашоо чөйрөсүнө таасир этүүчү булагы болгон объектилердин жана өндүрүштөрдүн коопсуздугун.
8.5. Районду пландаштыруу схемасынын негизги графикалык материалдары:
- аймакты комплекстүү баалоо схемасы, аймакты заманбап пайдалануу планы (таяныч план) жана башкы план - 1:100000, 1:50000 масштабында аткарылат;
- аймактарды чөлкөмдөргө бөлүштүрүү схемалары;
- инженердик-унаалык коммуникациялардын схемалары;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик таасирлерден коргоо схемасы тапшырык берүүчү менен макулдашуу боюнча иштеп чыгуучу тарабынан аныкталуучу масштабда аткарылат.
Негизги графикалык материалдардын масштабы жана курамы иштеп чыгуу объектисинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тапшырык берүүчү тарабынан такталышы мүмкүн.
Районду пландаштыруу схемасынын курамында мазмуну, масштабы, курамы долбоорлоого берилген тапшырма менен аныкталуучу, долбоорлоо чечимдерин негиздеген айрым фрагменттер жана кошумча схемалар иштелип чыгышы мүмкүн.
8.6. Аймакты комплекстүү баалоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- пайдалуу кен казып алуу жайларынын, суу каптоо чөлкөмдөрүнүн, тышкы чөйрөнүн булганган чөлкөмдөрүнүн аянттарынын чектери;
- аймактын шаар куруусун жана чарбалык өздөштүрүүсүн чектөөгө таасирин тийгизген жана табигый-климаттык, геологиялык, инженердик-курулушун жана районду пландаштыруу шарттарын мүнөздөгөн геологиялык, гидрогеологиялык, атмосфералык жана башка процесстердин (жер титирөө, көчкүлөр, ташкындоолор, эрозия, экстремалдуу жаан-чачындар ж.б.) кооптуу тилкелери.
Аймакты комплекстүү баалоо схемасында табигый жана техногендик шарттары боюнча, анын ичинде санитардык-гигиеналык жана инженердик-геологиялык шарттар боюнча жарандык-турак жай жана өндүрүштүк курулуш үчүн ыңгайлуу эмес жана чектелген ыңгайлуу чөлкөмдөр белгиленет.
8.7. Районду пландаштыруу схемасына түшүндүрмө кат 8.2-8.6-пункттарынын жана ушул курулуш ченеминин 11-тиркемесинде көрсөтүлгөн сунуштардын жана чечимдердин негиздемелерин камтышы керек.
8.8. Районду пландаштыруу схемасынын милдеттүү (бекитилүүчү) бөлүгүнө: шаардын четиндеги чөлкөмдөрдүн чек аралары, ошондой эле негизги долбоордук тиркемелер:
- жайгаштыруу ;
- аймактарды чөлкөмдөргө бөлүштүрүү;
- айылдар аралык инженердик-унаалык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден коргоо жана курчап турган чөйрөнү оңдоо;
- районду пландаштыруу схемасын ишке ашыруунун биринчи кезектеги иш-чараларынын тизмеси боюнча тиркелиши керек.
9. Калктуу конуштун башкы планы
9.1. Калктуу конуштун башкы планы калктын кызыкчылыктарын жана мамлекеттик милдеттерди эске алуу менен жакынкы 15-25 жылга приоритеттүү жана баскычтуу стратегияны аныктоочу, негизги юридикалык шаар куруу документи болуп саналат жана сунуш катары кабыл алынат:
- калктуу конуштун аймактарын өнүктүрүү багыттарын жана чектерин аныктоону;
- аймактардын функциялык дайындалышын жана курулушту чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнү;
төмөнкүлөр боюнча принципиалдуу чечимдерди:
- жалпы шаардык маанидеги объектилерди жайгаштыруу;
- шаар курууну жөнгө салуучу сызыктары менен транспорттук тейлөө схемасы;
- инженердик жабдуу жана абаттоо схемалары;
- аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден коргоо;
- табигый жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо;
- аймактарды өздөштүрүүнүн кезектүүлүгү.
9.2. Башкы пландар эки баскычта иштелип чыгат:
- башкы пландын концепциясы;
- калктуу конуштун башкы планы (башкы план).
9.3. Концепция калктуу конуштун аймагына шаар четиндеги чек араларды белгилөө менен анын узак мөөнөттүү стратегиясын жана чарбасынын өнүгүү этаптарын аныктоо, ошондой эле аймактын ресурстук потенциалынан жана жаратылышты рационалдуу пайдалануудан экономикалык, социалдык, экологиялык жана шаар куруу шарттарына комплекстүү анализ жасоонун негизинде функционалдык-пландоону уюштуруу максатында иштелип чыгат.
Концепция калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
9.4. Түшүндүрмө катта маалыматтар, калктуу конуштун жана анын шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмүнүн ресурстук мүмкүндүктөрү жөнүндө маалыматтар, калктын саны жана түзүмү, шаар түзүү базасынын жаңы объектилерин жайгаштыруу, турак жай, маданий-тиричилик жана коммуналдык курулуштун көлөмдөрү жана алар үчүн зарыл аймактар, курулуш базасын өнүктүрүү, калктын эс алуусун уюштуруу, туризмди өнүктүрүү, транспорттук жана инженердик инфратүзүмдөрдүн өнүгүүсүнүн негизги принциптери жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Түшүндүрмө катта калктуу конуштун аймактык өнүгүүсүнүн варианттарына шаар куруу жана социалдык-экономикалык негиздеме берилет, ошондой эле калктуу конуштун өнүгүү этаптары жана аймактык уюштурулуусу каралат; долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болгон натыйжаларга баа берилет.
9.5. Концепциянын бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- калктуу конуштун аймактарын максаттуу пайдаланышы жана аны өнүктүрүү баскычтары боюнча сунуштар;
- калктуу конуштун жана шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрдүн чектерин аныктоо боюнча сунуштар;
- калктуу конуштун жана анын шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрүнүн инженердик-унаалык инфратүзүмүн өнүктүрүү багыттарынын принципиалдуу чечимдери.
9.6. Башкы план калктуу конуштун чектериндеги аймакка иштелип чыгат жана 15-25 жылга чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен калктуу конуштун аймагына социалдык чөйрөдөгү жалпы шаардык объектилерди жайгаштырууну, инженердик жана транспорттук тутумдарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, табигый жана тарыхый мурастарды сактоо боюнча иш-чараларды, аймактарды өздөштүрүүнүн жана куруунун кезектүүлүгүн аныктайт.
Калктуу конуштун жана анын шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу суроолор башкы пландын концепциясынын материалдарында чечилет.
9.7. Калкынын эсептик саны 10 миңге чейинки адам болгон калктуу конуштар үчүн башкы калктуу конуштун бардык аймагына же биринчи кезектеги курулуш райондоруна аймакты пландаштыруу долбоорлору менен бириктирилип иштелип чыгышы мүмкүн. Башкы план менен калктуу конуштун бардык аймагынын аймакты пландоо долбоору менен бириктирилген учурда башкы пландын чиймелери масштабы жана мазмуну ушул Курулуш ченемдерине ылайык кабыл алынат.
9.8. Калктуу конуштун жайгашуу схемасы жергиликтүү жайгашуу системасында 1:10000, 1:25000 же 1:50000 масштабында аткарылат. Схемада аймактын чек арасынын долбоору; аймакта жайгашкан айыл чарба жана башка ишканалар; долбоорлонуп жаткан аймакка таасир этүүчү калктуу конуштар жана функционалдык чөлкөмдөр; калктуу конуштун административдик борбору жана ага тартылган калктуу жерлер; айылдар аралык транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана объектилер көрсөтүлөт.
9.9. Аймакты комплекстүү баалоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- пайдалуу кен байлыктар жаткан аймактын чектери;
- табигый жана техногендик шарттары боюнча курулуш үчүн ар түрдүү деңгээлде ылайыктуу болбогон аймактар;
- санитардык-коргоо, коргоо жана кайтарылуучу чөлкөмдөрү (курулуштун бардык түрүнө таасир этүүчү ишканалар, курорттор, көлмөлөр, инженердик жана транспорттук курулмалар, коммуникациялар, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, өзгөчө кайтарылуучу ландшафтар жана башка чектелген чөлкөмдөр ж.б.);
- аэропорттордун райондорунда, мүмкүн болгон табигый жана техногендик катастрофалардын райондорунда курулушту чектөө чөлкөмдөрү;
- ызы-чуусу көп, термелүүчү, электромагниттик нурлануу чөлкөмдөрү;
- радиациялык булгануу;
- курчап турган чөйрөдө экологиялык бузуулар бар чөлкөмдөр;
Татаал инженердик-геологиялык шарттар бар болгон учурда, схема инженердик-геологиялык жана гидрологиялык карталар менен, ал эми жер титирөө 8 же андан ашык балл болгондо микросейсмикалык райондоштуруу карталары менен толукталат. Деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан калктуу конуштар үчүн схемада радиациялык-жылуулук режими, шамал режими жана геокордиологиялык процесстерди баалоо боюнча маалыматтар кошумча көрсөтүлөт.
9.10. Транспорт схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- тышкы транспорттун аймактары жана курулмалары (темир жолдор жана станциялар, аэропорттор, көпүрөлөр, жолдогу өткөргүчтөр, тоннелдер ж.б.);
- көчө-жол тармагынын классификациясы;
- көчөдөн тышкаркы жана жер үстүндөгү рельстик коомдук транспорттун трассалары жана курулмалары;
- автобус-троллейбус туруучу жайларды жайгаштыруу;
- ири гараждарды жана жеңил автомобиль туруучу жайларды жайгаштыруу.
9.11. Аймакты инженердик жабдуу жана инженердик даярдоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аймакты инженердик жабдуунун башкы курулмалары;
- магистралдык түтүктөр (суу түтүгү, каналдаштыруу, жылуулук менен камсыздоочу, газ менен камсыздоочу, жаан-чачынды агындылоочу, тазаланган агын сууларды чыгаруучу жайлары, жогорку вольттуу электр тогун өткөрүү линиялары, негизги байланыш объектилери, электр жана аз ток өткөрүүчү түзүлүштөр);
- чоң көлөмдө топурак төгүүнү же алууну, дренаждоону талап кылган аймактардын жер тилкелери;
- шаардык гидротехникалык курулмалар;
- жөнгө салынуучу, тазалануучу, түбү тереңдетилүүчү, түтүктөргө кошулуучу өзөндөрдүн жана башка көлмөлөрдүн тилкелери;
- бузулган аймактарды кайра культивациялоо боюнча иш-чаралар.
Инженердик камсыздоонун комплекстүү схемасында графикалык маалымат көп болгон учурда, өзүнчө схемаларды иштеп чыгууга жол берилет.
9.12. Башкы план (негизги чийме) 1:5000 же 1:10000 масштабында аткарылат.
Башкы планда калктуу конуштардын долбоордук чек аралары жана төмөнкүлөр боюнча сунуштар:
- өз алдынча жайгашкан турак жай, өндүрүштүк жана башка багыттагы түзүмдөрдү өнүктүрүү, сактап калуу, кээ бир учурларда калктуу конуштардын калыптануусун токтотуу (экологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык, ошондой эле адамдардын тиричилик аракетинин коопсуздугу үчүн жабуу же кайра түзүү) боюнча;
- айыл чарба жана башка өндүрүштөрдү уюштуруу боюнча;
- аймактарды жана калктуу конуштарды функционалдык чөлкөмдөштүрүү боюнча;
- жаратылышты коргоо чөлкөмдөрү, сырткы ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын, тарыхый жана маданий эстеликтердин чөлкөмдөрү;
- транспорт жана жөө жүргүнчүлөр байланышын жакшыртуу, калктуу конуштардын, айрым турак жай, өндүрүштүк жана башка багыттагы түзүмдөрдүн архитектуралык-пландоо структурасы боюнча функционалдык чөлкөмдөштүрүү боюнча;
- долбоорлонгон тейлөө объектилерин, коммуникация жана инженердик жабдуунун курулмаларын, коммуналдык чарба жана аймакты инженердик тейлөө объектилерин жайгаштыруу; коголуучу токой тилкелери, сырткы ландшафты калыптандыруу боюнча.
9.13. Башкы пландын курамында кошумча схемалар мастер план түрүндө иштелип чыгышы мүмкүн, алардын курамы, мазмуну жана масштабы долбоорлоого берилген тапшырма менен аныкталат.
9.14. Башкы планга түшүндүрмө кат башкы пландын бекитилүүчү бөлүгү болуп саналат жана ушул курулуш чемдеринин 9.8-9.12 пункттарында жана 12-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды камтуусу керек.
9.15. Башкы план калктуу конуштун инженердик-транспорттук инфратүзүмүнүн бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү схемасын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
9.15. Башкы пландын милдеттүү бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- Башкы план (негизги чийме), аймактарды функциялык жана курулуш чөлкөмдөрүнө бөлүштүрүү (кабаттуулугу жана курулуштун жыштыгы боюнча);
- Транспорттун схемасы;
- Калктуу конуштардын чегинин келечектүү өнүгүүсү;
- Түшүндүрмө кат жана негизги жоболор.
10. Калктуу конуштун чегинин долбоору
10.1. Калктуу конуштун чегинин долбоору калктуу конуштун аймагынын өлчөмдөрүн жана чектерин белгилөө, аларды жеринде бекитүүнү чыгаруу максатында иштелип чыгат.
10.2. Калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгуу бекитилген райондук пландоонун долбоорун, бекитилген калктуу конуштун жана айыл аймагынын башкы планын жана калктуу конуштун жана ага жанаша жайгашкан аймактарда иштеп жаткан шаар жана жер куруу документтерин эске алуу менен ишке ашырылат.
10.3. Калктуу конуштун жана ага жанаша жайгашкан аймактардын чегинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери негиз болуп саналат, административдик-аймактык пайда болуу статусу бар калктуу конуштун чек араларын өзгөртүү алардын компетенциясына ылайык жүргүзүлөт.
Эскертүү - Айыл калктуу конуштун чегинин долбоору анын башкы планынын же айыл аймагынын башкы планынын курамында иштелип чыгышы мүмкүн.
10.4. Калктуу конуштун чегинин долбоорун иштеп чыгууда калктуу конуштардын жана ага жанаша жайгашкан аймактардын жерлеринин курамы Кыргыз Республикасынын жер, архитектуралык-шаар куруу мыйзамдарына ылайык аныкталат.
10.5. Калктуу конуштун чегинин долбоору ушул курулуш ченемдеринин 10.6-10.8-пункттарында көрсөтүлгөн графикалык жана тексттик материалдардын курамында аткарылат.
10.6. Калктуу конуштардын чегин долбоорлоо планы аймактын аянтына жараша 1:2000, 1:5000, 1:10000 же 1:25000 масштабында аткарылат.
Планда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иштеп жаткан, юридикалык жактан аныкталган калктуу конуштун чеги, ал жок болгон учурда калктуу конуштун калыптанган чек арасы;
-категориялары, жерди пайдалануунун негизгилери, аларды колдонуунун түрлөрү боюнча калктуу конуштун жерлерин заманбап колдонулуусу; категориялары, жерди колдонуу, аны колдонуунун түрлөрү боюнча калктуу конуштун аймагына кирген жерлер;
- калктуу конуштун башкы планынын долбоордук чечимдери, айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагы, иштеп жаткан шаар куруу документтери, калктуу конуштун чегин аныктоого жана өзгөртүүгө таасир этүүчү башка чечимдер;
- долбоорлонуучу калктуу конуштун чеги;
- аймактардын аянттарын учурдагы чек арада, калктуу конуштун курамына жерлердин категориялары, жер пайдалануулар, аларды пайдалануу түрлөрү боюнча киргизилүүчү (чыгарылуучу) аймактардын аянттарын өзүнчө көрсөтүү менен калктуу конуштун жерлерин пайдалануу; калктуу конуш менен аралаш жайгашкан жер пайдалануучулардын, жер ээлеринин, жерлердин менчик ээлеринин толук аты-жөнү.
10.7. Калктуу конуштун жерлерине жанаша жайгашкан административдик-аймактык түзүлүштүн схемасы 1:25000 же 1:50000 масштабында аткарылат.
Схема долбоорлоого берилген тапшырмага ылайык башкаруу жана жөнгө салуу үчүн иштелип чыгат.
10.8. Түшүндүрмө кат төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- калктуу конуштун учурдагы чеги жана анын жерлерин заманбап пайдалануу жөнүндө категориялар, жер пайдалануулар, пайдалануу түрлөрү боюнча (таблица формасында келтирилген) маалыматтар;
- калктуу конуштун, айыл аймагынын бекитилген башкы планынын долбоордук чечимдери, колдонуудагы башка шаар куруу документтери ;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштун аймагын өнүктүрүү бөлүмү боюнча чечимдери;
- категориялары, жерди пайдалануу, пайдалануу түрлөрү боюнча таблица формасында маалыматтар менен жерлерди калктуу конуштун аймагына киргизүү (чыгаруу) жөнүндө долбоорлоо чечимдеринин негиздемелери.
Калктуу конуштун чегине киргизилүүчү калктуу конуштар боюнча төмөнкү маалыматтар келтирилет:
- өнөр жай ишканаларынын жана социалдык-маданий мекемелердин тизмеси, калктуу конушка чейинки аралык;
- калктын саны, анын ичинде, калктуу конуштун ишканаларында жана мекемелеринде иштеген жумушчулардын жана кызматкерлердин саны;
- турак жай фондунун көлөмдөрү жөнүндө маалыматтар, анын кабаттуулугу, дубалдардын материалдары, менчик түрлөрү, абаттоо, инженердик жабдуу тутумдарынын абалы боюнча бөлүштүрүлүшү;
- калктуу конуштун чегинин долбоору боюнча калктуу конуштун жерлеринин алардын категориялары жана жер пайдалуулары боюнча жыйнакталган балансы (таблица түрүндө);
- калктуу конуштун чегинин долбоору жөнүндө маалымат;
- калктуу конуштун чегинин долбоорун кароо жана макулдашуу боюнча документтер.
Эскертүү:
1. Калктуу конуштун чегин жеринде аныктоо тийиштүү уруксаттамасы бар уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жеринде аныкталган чекти кабыл алуу курамында алардын жерлери калктуу конуштардын, тийиштүү архитектура жана шаар куруу органдарынын, жер ресурстары жана жерге жайгаштыруу боюнча комитеттердин аймактарына кирүүчү калктуу конуштун жана райондордун аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү бар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Калктуу конуштун чегинин долбоорунун, айыл калктуу конуштардын чектерин кошкондо, жыйынтыктарын кабыл алууда акт түзүлөт.
11. Айыл аймагынын аймактарынын башкы планы
11.1. Айыл аймагынын башкы планы аймакты натыйжалуу функциялык пайдалануу, айыл аймагынын ведомство карамагындагы баардык калктуу конуштарды камтыган калктын турмуш-тиричилик чөйрөсүн уюштуруунун экологиялык, социалдык, чарба, жер жана эстетикалык маселелерин, ошондой эле аларга өз ара байланышкан турак жай, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы түзүлүштөрдү чечүү максатында иштелип чыгат.
Эскертүү - Айыл аймагынын карамагында бир калктуу конуш болсо, башкы план анын тургундары эмгектенишкен же алар иштеген негизги жайлары жайгашкан айыл чарба багытындагы ишкананын (ишканалардын) аймагын камтыйт.
11.2. Айыл аймагынын башкы планында жергиликтүү жана аймактын кызыкчылыктарынан улам келип чыгуучу долбоордогу аймакты комплекстүү өнүктүрүүгө тиешелүү болгон районду пландаштыруу долбоорунун, башка шаар куруу жана жерге жайгаштыруу документтеринин, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин принципиалдуу жоболору такталат жана өнүктүрүлөт.
11.3. Калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарынын башкы планы жакынкы 15-25 жылга приоритеттүү жана баскычтар боюнча стратегияны аныктоочу юридикалык документ болуп саналат:
- калктуу конуштардын өндүрүштүк базасын, транспорттук коммуникацияларын, социалдык жана инженердик инфратүзүмүнүн тутумун уюштуруу;
- калктуу конуштардын, айрым турак жай, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы түзүлүштөрдүн аймактарын жана архитектуралык-пландаштыруу түзүмдөрүн өнүктүрүү, алардын чек араларын аныктоо;
- функциялык чөлкөмдөрдүн аткарылышы боюнча шаар куруу талаптарын жана аларды куруу эрежелерин ишке ашыруу.
Эскертүү - Аймактардын административдик чек араларын кайра карап чыгуу зарыл болсо жана районду пландаштыруу схемасында тийиштүү сунуштар жок болсо, алар калктуу конуштардын аткаруу органдарынын аймагынын башкы планы менен аныкталат.
11.4. Айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагынын башкы планы:
- айыл калктуу конуштардын жана башка функционалдык чөлкөмдөрдүн (зарыл болгондо) башкы пландарын, айыл калктуу конуштардын чегинин долбоорлорун, функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнүн, фермердик чарбалардын тилкелеринин долбоорлорунун, бак өстүрүүчү-дача бирикмелеринин, эс алуу мекемелеринин, башка багыттагы, аймакты инженердик жабдуунун жана абаттоонун долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат;
- бийлик органдары тарабынан кабыл алынуучу жана аймактын шаар курулушун жана чарбасын өнүктүрүү, приоритеттүү иш-чараларды каржылык, ресурстук, уюштуруучулук жана укуктук камсыздоо, шаар куруу ишмердүүлүгүн башка жөнгө салуу боюнча чечимдерди башкаруунун негиздемеси.
11.5. Айыл аймагынын башкы планы ушул эрежелер топтомунун 11.6-11.9 кичи пункттарында көрсөтүлгөн материалдардын курамында иштелип чыгат.
11.6. Айыл аймагынын жайгаштыруу схемасы 1:10000, 1:25000 же 1:50000 масштабында аткарылат. Схемада аймактын долбоордук чек аралары; анда жайгашкан айыл чарба жана башка ишканаларынын аймактары; калктуу конуштар жана долбоорлонуучу аймактар: айыл аймагынын административдик борборуна жана ага таандык калктуу конуштарга таасир этүүчү функционалдык чөлкөмдөр; айыл аралык транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана объектилер көрсөтүлөт.
11.7. Аймакты заманбап пайдалануу планы 1:5000 же 1:2000 масштабында аткарылат.
Планда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- калктуу конуштардын жана функционалдык чөлкөмдөрдүн калыптанган чек аралары жана пландалган түзүмү;
- негизги жер ээлери жана жер пайдалануучулар, алардын жер пайдалануу категориялары жана менчик түрлөрү боюнча;
- жаңы курулуштун жана чарбалык пайдалануунун баардык түрлөрү үчүн жерлердин таризделип бөлүп берүүлөрүнүн чектери;
- пайдалуу кен байлыктар жаткан жайлардын чектери;
- бекитилген шаар куруу жана жерге жайгаштыруу документтери менен каралган аймактардагы резервдер;
- транспорттук жана инженердик коммуникациялар жана курулмалар, коммуналдык чарба объектилери, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтер, башка ландшафтык жана архитектуралык баалуу жайлар, аларды визуалдуу кабыл алуунун негизги багыттары;
- экологиялык кырсык, адамдын ден соолугуна жана жашоо чөйрөсүнө таасир этүү булактары болгон санитардык зыяндуу булактар жана чөлкөмдөр, объектилердин жана өндүрүштөрдүн санитардык-коргоо чөлкөмдөрү;
- бузулган ландшафтын калыбына келтирүүгө муктаж болгон аймактары;
- күзөт жана коргоо чөлкөмдөрү, жөнгө салуучу курулуш чөлкөмдөрү.
11.8. Башкы план (негизги чийме) 1:5000 же 1:2000 масштабында аткарылат.
Башкы планда калктуу конуштардын долбоорлоо чектери жана сунуштар көрсөтүлөт:
- калктуу конуштардын, өзүнчө жайгашкан турак, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы түзүлүштөрдүн функцияларын өнүктүрүү, сактоо, кээ бир учурларда (экологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык, ошондой эле адамдардын турмуш-тиричилигинин коопсуздук жайларынын талаптарына ылайык жабдууда же кайрадан базалаштырууда) токтотуу;
- айыл чарбаны жана башка өндүрүштү уюштуруу;
- аймактарды жана калктуу конуштарды функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүү;
- жаратылышты коргоо чөлкөмдөрүнүн, жердин үстүндөгү ичүүчү суу менен камсыздоонун коргоо чөлкөмдөрү, тарыхый жана маданий эстеликтер;
- транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр байланыштарын өнүктүрүү, архитектуралык-пландаштыруу түзүмдөрү, айрым турак жай, өндүрүштүк жана билим берүү дайындалыштагы функционалдык чөлкөмдөргө бөлүштүрүү;
- тейлөөнүн, инженердик жабдуулардын коммуникацияларын жана курулмаларын долбоорлоо объектилерин, коммуналдык чарба жана аймакты инженердик коргоо объектилерин жайгаштыруу; долбоорлонуучу токой коргоо тилкелери, токой өстүрүү, бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү.
11.9. Кыскача түшүндүрмө кат ушул Курулуш ченемдеринин 11.5-11.8 кичи пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди жана долбоордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн ачып берет.
11.10. Долбоордун бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет: долбоордогу чек аралар, айыл аймактарынын жана калктуу конуштардын аймактарын функционалдык жана курулуш чөлкөмдөрүнө бөлүштүрүү, калктуу конуштардын, турак жай, өндүрүштүк жана башка дайындалыштагы уюштуруулардын архитектуралык-пландаштыруу түзүмү, инженердик-транспорттук инфратүзүм, суу менен камсыздоо булактарынын, табигый, тарыхый жана маданий эстеликтеринин коргоо чөлкөмдөрүнүн чектери, биринчи кезектеги курулуш объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар, ошондой эле курулуш эрежелери.
12. Аймакты пландаштыруу долбоору
12.1. Аймакты пландаштыруу долбоору шаар куруу документтеринин баскычтарына ылайык калктуу конуштардын айрым бөлүктөрүнө иштелип чыгат.
Кичине калктуу конуштардын бардык аймагына аймакты пландаштыруу долбоору башкы пландын курамында иштелип чыгат. Ошондой эле, аймакты пландаштыруу долбоору калктуу конуштардын аймагында жайгашкан турак жай, өнөр жай, тарыхый, рекреациялык жана башка калктуу конуштун чегинен сырткары жайгашкан функционалдык чөлкөмдөргө иштелип чыгат.
12.2. Аймакты пландаштыруу долбоору юридикалык шаар куруу документи болуп саналат жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
- шаар курууну жөнгө салуучу сызыктар курулушту жөнгө салуу жана жерлерди пайдалануу чектерин аныктайт; аймакты инженердик даярдоо, абаттоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды; аймактарды функционалдык жана курулуштук чөлкөмдөргө бөлүштүрүүнү;
- калкты маданий-тиричилик жана коммуналдык тейлөө объектилеринин социалдык керектүү курамын жана жайгаштырууну;
- транспорттук тейлөөнү уюштуруу; магистралдык инженердик коммуникациялардын трассаларын;
- көчөлөрдүн кесилиш профилдерин.
Аймакты пландаштыруу долбоорунда курулуштун көлөмдүк-мейкиндик чечими, тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоо чөлкөмдөрүн пайдалануу режими боюнча сунуштар иштелип чыгат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 67-чуа буйругунунун редакциясына ылайык)
12.3. Аймакты пландаштыруу долбоору ушул Курулуш ченемдеринин 12.4-12.12-пункттарында көрсөтүлгөн материалдардын курамында иштелип чыгат.
Аймакты пландаштыруу долбоорунун графикалык материалдары 1:2000 же 1:1000 масштабында иштелип чыгат.
12.4. Аймактарды заманбап пайдалануу планында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аймакты функционалдуу чөлкөмдөштүрүү;
-пландаштырылуучу чектөөлөр, корголуучу аймактардын чектери, чөйрөнү булгоо булактары жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрү;
- имараттардын жана курулмалардын дайындалышы, кабаттуулугу жана туруктуулугу мүнөздөмөсү боюнча курулуш; көчө тарамдары; мал айдап чыгуучу жолдор, транспорттук курулмалар; аймакты инженердик жабдуунун жер үстүндөгү жана жер астындагы курулмалары жана коммуникациялары;
- аймактардын менчик формалары боюнча чек аралары; курулуштун баардык түрлөрү жана абаттоо үчүн тилкелерди бөлүп берүү чектери;
- курулушту шаар куруу боюнча жөнгө салуучу иштеп жаткан жана долбоорлонгон сызыктар.
12.5. Негизги чиймеде ушул Курулуш ченемдеринин 12.4-пунктунда белгиленген сакталган курулуштун элементтери, сакталган жаратылыш ландшафтарынын жер тилкелери жана долбоордук сунуштар боюнча:
- аймактын функционалдык дайындалышын жана имараттардын, курулмалардын кабаттуулугун көрсөтүү менен аймакты курууну пландоонун мейкиндик чечими;
- көчө тармагы, мал айдап чыгуучу жолдор, транспорттук курулуштар, аймакты инженердик жабдуунун жер үстүндөгү жана жер астындагы курулуштары жана коммуникациялары;
12.6. Шаар курууну жөнгө салуучу сызыктардын бөлүү чиймесинде жердин геодезиялык белгилерге, баштапкы имараттарга жана курулмаларга бекитилген шаар курууну жөнгө салуучу курулуштун сызыктары жана долбоордук бурулуш точкалары жана бурчтардын координатасынын эсептик маанилери көрсөтүлөт.
АДП жок болгон учурда калктуу конуштардын негизги жана магистралдык көчөлөрү үчүн, курулуш долбоорун иштеп чыгуу баскычында калктуу конуштардын Башкы планындагы транспорттун схемасын сактоо шарты менен чоң объектилер үчүн кызыл сызыктарды иштеп чыгууга жол берилет (аталган иш-чара негизги жана магистралдык көчөлөр менен биргеликте шаар куруу түйүндөрүнүн айрым аймактарынын долбоорун иштеп чыгууда сөзсүз керек).
12.7. Транспорттук тейлөө жана жол түйүндөрүнүн схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- магистралдардын жана көчөлөрдүн классификациясы;
- ар түрдүү деңгээлде кыймылды кесип өтүү менен татаал транспорттук түйүндөрдө транспорт кыймылын уюштуруу;
- чарбалык өтүүчү жана мал айдап өтүүчү жолдор;
- коомдук жана жеке транспортту убактылуу жана туруктуу сактоочу жайлары (анын ичинде жер алдындагы );
- коомдук транспорттун баардык түрлөрүнүн токтоо пункттары; транспорттук курулуштар (эстакадалар, жолдогу өткөөлдөр, көпүрөлөр, тоннелдер, жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү);
- транспортту тейлөө ишканалары; жөө жүргүнчүлөр кыймылынын негизги жолдору, көчөлөрдө жана жолдордо өтүүчү жерлер.
1:100 жана 1:200 масштабындагы айрым чиймелер үчүн инженердик түйүндөрдү жайгаштыруу менен жолдордун долбоорлонгон кесилиштери көрсөтүлөт.
12.8. Магистралдык инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу жана жер үстүндөгү мейкиндикти пайдалануу схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кичи райондон тышкары тармактардын калыптанган, сакталган, калыбына келтирилген, бузулуучу жана жаңы трассалары жана курулуштун канализациясы, жылуулук, суу, электр камсыздоо, теле берүү, телефон, ирригациялык, жамгыр агуучу дренаждык тарамдары;
- ушул тармактардын шаардык магистралдык сызыктарга жана курулмаларга кошулган жерлери;
- инженердик жабдуу системасын башкаруу пункттарын жайгаштыруу.
12.9. Аймакты вертикалдык пландаштыруу жана инженердик даярдоо схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аймакты вертикалдык пландаштыруу (көчөлөрдүн, өткөөлдөрдүн кесилишкен жерлеринде жана узунунан кеткен профилдин жерлеринде өтүүчү бөлүктөрдүн октору боюнча учурдагы жана долбоордогу белгилери, долбоордогу узунунан кеткен багыттар);
- аймакты инженердик даярдоо боюнча долбоордогу иш-чаралар (жер үстүндөгү сууларды агызууну уюштуруу, суу каптоодон жана чөгүүдөн коргоо боюнча курулмалар, суу өткөрүү тутумдары, топурак төгүү жана казуу ж.б.), жашылдандыруу жана жагымдуу чөйрөнү түзүү;
- аймакты коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден инженердик коргоочу курулмалар.
12.10. Шаар куруу мамилесинде татаал долбоорлорду иштеп чыгууда, аймакты пландаштыруу долбоорунун курамында тапшырык берүүчүнүн макулдугу менен, долбоорлоого берилген тапшырмада белгиленген көлөмдө жана масштабда пландоо жана куруу макети аткарылышы мүмкүн.
12.11. Түшүндүрмө кат ушул Курулуш ченемдеринин 12.4-12.11-пункттарында каралган маалыматтарды жана ушул курулуш ченемдеринин 12-тиркемесине ылайык долбоордун негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камтышы керек.
Түшүндүрмө каттын курамына аймакты пландаштыруу долбоорунун негизги жоболору да киргизилет.
12.12. Аймакты пландоо долбоорунун бекитилүүчү бөлүгүнө төмөнкүлөр кирет:
- негизги чийме;
- долбоорлонуп жаткан шаар куруунун жөнгө салуу линиялары менен транспорттун схемасы;
- бөлүү чиймеси (акт) кызыл сызыктардын планы
- көчөлөрдүн жана магистралдардын кесилиш профилдери;
- түшүндүрмө кат (АПД негизги жоболору).
13. Кварталдардын, кичи райондордун, шаар куруу түйүндөрүнүн курулуш долбоору
13.1. Курулуш долбоору башкы планды жана аймакты пландаштыруу долбоорун өнүктүрүү максатында жаңы курулуп жаткан, кайра калыбына келтирилген кичирайондордун, кварталдардын аймактары, коомдук имараттардын жана турак жай топторунун жер тилкелери, шаар куруу түйүндөрү жана башка калктуу конуштун пландалган элементтери үчүн иштелип чыгат.
Магистралдык аянттар жана жер тилкелери үчүн курулуш долбоору алардын аймагынын чегинде иштелип чыгат.
Курулуш долбоорун аткаруу бекитилген аймакты пландоонун долбоорусуз Мамкурулуштун 2015-жылдын 31-декабрындагы № 1-нпа буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштардын кызыл сызыктарын жана башка сызыктарды долбоорлоо жана коюу тартиби жөнүндө жобонун" 3-тиркемесине ылайык, калктуу конуштардын башкы пландарын өнүктүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана шаар курууну жөнгө салуучу сызыктарды иштеп чыгуу менен иштелип чыгат.
13.2. Курулуштун долбоорун иштеп чыгуу үчүн тапшырык берүүчү долбоорлоочу менен биргеликте белгиленген тартипте долбоорлоого тапшырма түзүшөт жана бекитишет.
13.3. Оор шаар куруу жана экологиялык аймактарда долбоорлорду иштеп чыгуу, жеке долбоор боюнча имараттын көпчүлүк бөлүгүн колдонуу, ошондой эле тапшырык берүүчүнүн тапшырмасы боюнча уникалдуу объектинин курулушунун шаар куруу негиздери талап кылынса, кварталдардын, кичирайондордун, аянттын, магистралдын, шаар куруу түйүндөрүнүн жана башка элементтердин курулушунун негизги архитектуралык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик концепциясынын варианттары менен иштеп чыгуу мүмкүн.
Курулуштун долбоорунун варианттарын иштеп чыгууда кошумча төмөнкүлөр аткарылат:
- рельефти уюштуруу боюнча сунуштар менен башкы план;
- көрсөтүлүүчү материалдар жана макеттер.
13.4. Долбоордун курамында кайра калыбына келтирилген кварталдардын жана жер тилкелеринин курулушунун долбоорун иштеп чыгууда тарыхый баалуулуктарды сактоо боюнча, эскилиги боюнча курулушту бузуу, оңдоп-түзөө кайра калыбына келтирүү боюнча сунуштарды эске алуу менен курулуштун заманбап абалын мүнөздөөчү схемасы иштелип чыгат.
13.5. Курулуштун долбоору эки баскыч менен иштелип чыгат.
13.6. Курулуштун долбоорунун биринчи баскычы бекитилүүчү бөлүк болуп эсептелет жана курулуштун айрым объектилерин долбоорлоого уруксат алууда негизги техникалык документ болуп саналат.
Биринчи баскыч - кичирайондордун, кварталдардын, шаар куруу түйүндөрүнүн жана башка калктуу конуштардын пландалуучу элементтеринин долбоорунун башкы планынын схемасын, композициялык мейкиндик-пландоо чечимин, объектилердин функционалдык багытын, кайра калыбына келтирүүнү, магистралдык инженердик түйүндөрдүн схемасы менен калыбына келтирүүнү жана аббаттоону, транспорттук тейлөө жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын аныктайт.
13.7. Биринчи баскычтын курамына төмөнкүлөр кирет:
- калктуу конуштун районунун курамында долбоорлонгон кварталдын, кичирайондун, шаар куруу түйүндөрүнүн курулушунун 1:5000, 1:10000 масштабындагы кырдаалдык планы;
- таянычтык планы;
- транспорттун жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын уюштуруу схемасы, төмөнкү көрсөткүчтөр менен:
- жолдордун жана магистралдардын классификациясы;
- ар кандай деңгээлдеги кыймылдардын кесилиши менен оор транспорттук түйүндөрдө транспорт кыймылын уюштуруу;
- имаратка кирүүчү жолдор жана өтмөктөр, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор;
- чарба жолдору жана мал айдап өтө турган жолдор;
- башкы планга жана аймакты пландоо долбооруна (АПД) (анын ичинде жер астындагы) ылайык коомдук жана жеке транспортторду убактылуу жана туруктуу сактоочу жайлар;
- шаар курууну жөнгө салуучу бардык сызыктары көрсөтүлгөн курулуштун башкы планынын схемасы, долбоорлонуп жаткан, сакталган жана калыбына келтирилген имараттар жана курулмалар, калкты тейлөөчү социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин жайгаштыруу, инженердик курулмалар жана коммуникациялар;
- курулуштун долбооруна түшүндүрмө кат, ТЭКтин чоңойтулган көрсөткүчтөрү менен.
13.8. Белгиленген тартипте долбоорлоочу (долбоорлоо уюму) тарабынан иштелип чыккан курулушту долбоорлоонун биринчи баскычы, шаар куруу кеңешинде кароо үчүн тапшырык берүүчү тарабынан тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органына берилет;
13.9. Экинчи баскыч- долбоорлоого берилген тапшырма боюнча биринчи баскыч бекитилгенден кийин аткарылат.
13.10. Курулушту долбоорлоонун экинчи баскычы төмөнкү материалдардын курамында аткарылат:
- биринчи баскычтын материалдары;
- аймакты абаттоо жана жашылдандыруу схемасы, чиймеде өткөөлдөрдүн, жолдордун жана аянттардын туурасынан кеткен кесилиштери 1:2000 масштабында көрсөтүлөт;
- курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бөлүм;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча схема;
- инженердик коммуникациялар менен камсыз кылуу схемасы, долбоордо жер астындагы инженердик түйүндөрдүн планынын жыйынтыгы аткарылат;
13.11. Долбоордун графикалык материалдары 1:1000 же М1:2000 масштабында аткарылат.
13.12. Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча курулуштун сметалык жыйынтыгынын эсеби.
13.13. Долбоорлоого берилген тапшырмага ылайык курулуштун долбоорунун курамында композициялык чечимдерди мүнөздөөчү көргөзмө материалдар, макеттер аткарылат.
14. Шаар куруу документтерин сактоо тартиби
14.1. Шаар куруу документтеринин көзөмөлдөө нускасы көрсөтүлгөн материалдарды тариздөөгө жана кирүүгө карата атайын талаптар менен аныкталган тартипте иштеп чыгуучунун архивинде сакталат.
Эскертүү - Долбоорлоо уюмунун архивинде милдеттүү тартипте түшүндүрмө каттын бир нускасы, эсептөөлөрдүн жана маалымкаттардын түп нускалары, баардык долбоорлоо материалдарынан сүрөт репродукциялары же бардык долбоорлоо материалдарынын электрондук түрү сакталат.
14.2. Долбоорлоо документтери долбоорлоо уюму тарабынан төмөнкү санда тапшырык берүүчүгө өткөрүп берилет:
- долбоорлоо планы (түп нуска) - 1 нуска;
- аймакты заманбап пайдалануу схемасы (түп нуска) - 1 нуска;
- схемалар (түп нуска) - 1 нуска;
- чиймелердин жана схемалардын сүрөт репродукцияларына түшүндүрмө кат - 3 нуска;
- баардык графикалык материалдардан электрондук көчүрмөлөрү (катуу дискте ) - 2 нуска.
14.3. Долбоорлоо жана таянуу пландарынын жупнускалары жана алардан репродукциялары долбоорлоо уюму тарабынан долбоор бекитилгенден кийин кошумча төлөм жана тапшырык боюнча керектүү көлөмдө даярдалат.
14.4. Графикалык жана электрографикалык материалдардын түпнускалары, шаар куруу документтеринин түшүндүрмө каттары тиешелүү архитектура жана шаар куруу органдарында сакталат.
14.5. Тапшырык берүүчүнүн каржылоо формасына жана таандыгына карабастан баардык шаар куруу документтеринин материалдары жана ага байланышкан инженердик изилдөөлөр архитектура жана шаар куруу аймактык органдарына 1 нускада өткөрүлүп берилиши керек.
|
| 1-тиркемеси (сөзсүз түрдө) |
Шаар куруу документтерин макулдашуу жана бекитүү
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын 19 августундагы № 45-чуа, 2024-жылдын 27-августундагы № 76-чуа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Долбоордук шаар куруу документтери тапшырык берүүчү менен биргеликте аймактардагы тийиштүү органдар - жаратылыш, эстеликтерди коргоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, жер, транспорт, суу, токой ресурстарын колдонууну көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдар, өрттү алдын алуу жана өчүрүү боюнча орган жана башка органдар менен макулдашылат. Макулдашылган долбоорлор архитектура жана шаар куруу боюнча тийиштүү органдардын корутундусу боюнча тапшырык берүүчү тарабынан бекитүүгө берилет.
2. Аймактарды райондук пландаштыруу схемасы архитектура жана шаар куруу органынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Калктуу конуштардын башкы пландарынын долбоорунун Концепциясы, тиешелүү шаар куруу Кеңешинин отурумунда каралгандан кийин, коомдук талкуудан жана аймактык архитектура жана шаар куруу органдары менен макулдашылгандан кийин өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
4. Калктуу конуштардын башкы пландары өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан тиешелүү шаар куруу Кеңешинин отурумунда каралгандан кийин, кызыктар уюмдардын макулдугу менен коомдук талкуудан кийин архитектура жана шаар куруу органдарынын сунушу менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурда иштеп жаткан шаар куруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилет.
5. Калктуу конуштун жана шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрдүн чегинин долбоору, белгиленген тартипте калктуу конуштун башкы планын бекиткен орган тарабынан бекитилет.
Калктуу конуштун жана шаарга жанаша жайгашкан чөлкөмдөрдүн чегинин долбоору тиешелүү аймактык архитектура жана шаар куруу органы тарабынан бекитүүгө сунушталат. Долбоор жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жанаша жайгашкан аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундусуна ээ болушу керек.
6. Аймакты пландоо долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан тиешелүү шаар куруу Кеңешинин отурумунда каралгандан кийин, коомдук талкуудан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана архитектура жана шаар куруу органдарынын сунушу боюнча кызыктар уюмдардын макулдугу менен бекитилет.
7. Деталдуу пландоо долбоору (ДПД) жок болгон учурда курулуш долбоору Башкы пландын негизинде иштелип чыгат, кызыкдар адамдарга тааныштыруу жана сунуштарды киргизүү үчүн аймактык архитектура жана шаар куруу органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайттарына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоо өткөрүлөт жана Шаар куруу кеңешинде каралат. Курулуш долбоору аймактык архитектура жана шаар куруу органдары менен макулдашылат жана бекитилет