Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ, АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2021-жылдын 15-февралы № 2
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин “6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учактар I-Бөлүк Коммерциялык аба транспорту» жана “6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо II-Бөлүк. Учактар. Жалпы белгилөөдөгү Эл аралык авиация” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү тууралуу” 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 6 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин “6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учактар I-Бөлүк Коммерциялык аба транспорту» жана “6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо II-Бөлүк. Учактар. Жалпы белгилөөдөгү Эл аралык авиация” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү тууралуу” 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учактар I-Бөлүк Коммерциялык аба транспорту» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине:
- 234-пунктта “2021” сандары “2022” сандарына алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо II-Бөлүк. Учактар. Жалпы белгилөөдөгү Эл аралык авиация” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине:
- 268-пунктта “2021” сандары “2022” сандарына алмаштырылсын;
2. Жарандык авиация агенттигине:
1) ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын аба транспортунун колдонуучуларынын назарына жеткирилсин;
2) ушул буйрукту "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Жарандык авиация жана суу транспорт бөлүмүнө:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, анын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберилсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жарандык авиация тармагын тейлөөчү министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Г.К.Абдралиева |