Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2021-жылдын “02” февраль №1-ДП буйругу менен бекитилди |
Ички берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускама
Ички берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюняа методикалык нускама мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катышкан ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү механизмин аныктайт. Конкурстук комиссия бул методикалык нускамага ылайык конкурстук табыштамаларды баалайт.
1. Жеңилдиктерди берүүдө сатып алуучу уюм “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жана ушул методикалык нускаманы жетекчиликке алат.
2. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин берүүчүлөрүнө (подрядчыларына) карата Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү келишимде каралган ченемдер колдонулат.
3. Жыйырма пайыз өлчөмдөгү жеңилдиктер төмөнкү товарларга жана жумуштарга:
- чет өлкөдө өндүрүлгөн товарларды (мындан ары - чет өлкөлүк товар) берген чет өлкөлук берүүчүлөрдүн жана ички берүүчүлөрдүн конкурстук табыштамаларына салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын аймагында ички берүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн товарларды (мындан ары - ата мекендик товар) сунуштаган ички берүүчүлөргө;
-чет өлкөлүк подрядчылардын сунуштарына салыштырмалуу 70 пайыздан кем эмес жергиликтүү эмгек ресурстарын, ошондой эле 30 пайыздан кем эмес жергиликтүү сырьену жана материалдарды пайдалган ички подрядчыларга берилет.
4. Конкурстук документтерди иштеп чыгууда сатып алуучу уюм төмөнкү талаптарды кароого тийиш, ал жеңилдиктерди колдонуу үчүн тастыктоочу документтер болуп саналат:
- товарларды сатып алууда берүүчү катталган өлкө боюнча маалымат, ал өндүрүлгөн өлкөнүн аталышын корсотуу менен сунушталган товарлардын келип чыгышына сертификаттарды, ошондой эле продукциянын коопсуздугунун жана сапатын Кыргыз Республикасынын техникаллык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте
күчүнө кирүүчү шайкештик жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык келишимдерге шайкештигин тастыктаган сертификаттарды берүү;
- жумуштарды сатып алууда 70 пайыздан кем эмес жергиликтүү эмгек ресурстарын, ошондой эле 30 пайыздан кем эмес курулуш материалдарын (жергиликтүү сырьену) пайдалангандыгын тастыктаган документтерди тастыктоо үчүн подрядчы катталган өлкө, жумушчулардын саны (Кыргыз Республикасынын ишти аткаруу үчүн ишке тартылган жарандары алардын квалификациясын көрсөтүү менен) жөнүндө маалымат.
5. Алдыдагы сатып алуулар жөнүндө жарыяны жарыялоодо ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
6. Жеңилдиктерди берүү үчүн жарактуу, четке кагылбаган конкурстук табыштамалар гана салыштырылат, башкача айтканда конкурстук табыштама “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, анын ичинде бул методикалык нускаманын 4-пунктуна ылайык конкурстук документтердин талаптарына ылайык салыштырылат. Жеңилдиктер жол-жобосу конкурстук табыштаманы колдонуу мөөнөтүндө жүргүзүлөт.
Жеңилдиктерди колдонуу жол-жобосу үч этаптагы баалоодон кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы №175-Б буйругу менен бекитилген Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча методикалык нускамага ылайык жүргүзүлөт.
7. Методикалык нускама эгерде:
1) сатып алуулар жокко чыгарылса же болгон жок деп тааныса;
2) конкурска катышууга берүүчүнүн (подрядчынын) бир гана конкурстук табыштамасы түшсө;
3) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) конкурстук табыштамаларында ата мекендик товарды берүү же ички подрядчы тарабынан жумуштарды аткаруу жөнүндө сунуштар камтылбаса;
4) конкурстук табыштамаларды баалоонун үч этабынан кийин бул методикалык нускаманын 4-пунктуна шайкеш келген ички берүүчүлөр же ички подрядчылар калса колдонулбайт.
8. Баалоонун жүрүшүндө, эгер жеңилдиктер берилгенден кийин ички берүүчүнүн (подрядчынын) баасы чет өлкөлүк берүүчүнүн (подрядчынын) баасынан төмөн же бирдей болсо, ички берүүчү (подрядчы) жеңүүчү болуп аныкталат, ошол эле учурда ички берүүчү (подрядчы) менен келишим анын конкурстук табыштамасында сунушталган баа боюнча түзүлөт.
9. Жеңилдиктерди эске алуу менен конкурстук табыштамаларды акыркы баалоо Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча методикалык нускамага ылайык конкурстук комиссиянын баалоо отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш жана кийин сатып алуу жол-жоюолорунун протоколуна киргизүү жана сатып алуучу уюмдун атынан келишим түзүүнү сунуштоо үчүн сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнө киргизилет.