Загрузка документа…
| КРѲ СѲМК 2020-жылдын 31-марты № 1 долбооруна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшү
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы
«Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасы
Ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү
Салтанатта кийилүүчү кийим формасы (эркектер үчүн)
Жайкы:
- кочкул көк түстөгү жайкы фуражка;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган китель;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- ак түстөгү көйнөк;
- алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын герби кадалган кочкул көк түстөгү
галстук;
- кара түстөгү байпактар;
- кара түстөгү ботинкалар (кыска ботинкалар) же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр).
Кышкы:
- кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген кулакчындуу мех тумак;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген пальто;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген китель;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- ак түстөгү көйнөк;
- алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын герби кадалган кара көк түстөгү галстук;
- кочкул көк түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү жүн кол каптар;
- кара түстөгү байпактар;
- кара түстөгү кышкы мех кыска өтүктөр (өтүктөр) же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр).
Кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- кара түстөгү жүн кол каптарсыз салтанатта кийилүүчү кышкы кийим;
- жайкы кийим формасында ак түстөгү көйнөк (узун жеңдүү – галстук менен, кыска жеңдүү – галстуксуз) жүндөн токулган кездемеден тигилген кительсиз галстук менен (катардан тышкары кийишет).
Кызматкерлердин формасы аялдардыкы жана эркектердики, жайкы жана кышкы, салтанатка кийийлүүчү жана күнүмдүк болуп бөлүнөт. Ар бир курамдын айырмаланган белгилери бар. Күнүмдүк форма: көгүш-бозомук түстөгү көйнөк, шымдар, күрмөлөр, кителдер, сыртынан кийилүүчү кочкул көк түстөгү кышкы кийим. салтанатта кийилүүчү форма бозомук-көгүш көйнөктүн ордуна ак түскө алмаштырууну дегенди билдирет.
Салтанатта кийилүүчү кийим формасы (аялдар үчүн)
Жайкы:
- кочкул көк түстөгү фетр шляпасы (берет);
- жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жакет;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- ак түстөгү жеңил кездемеден тигилген кофта;
- алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын герби кадалган кочкул көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү туфли же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү өтүктөр.
Кышкы:
- кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген мехтен жасалган баш кийим;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген пальто;
- жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жакет;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- ак түстөгү жеңил кездемеден тигилген кофта;
- алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын герби кадалган кочкул көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү жүн кол каптар;
- кара түстөгү кышкы мех өтүктөр же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү өтүктөр.
Кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- кара түстөгү жүн кол каптарсыз салтанатта кийилүүчү кышкы кийим фрмасы;
- жүндөн тигилген кочкул көк түстөгү шымдын ордуна жүндөн тигилген кочкул көк түстөгү юбка (катардан тышкары кийишет);
- жайкы кийим формасында жакетсиз ак түстөгү кофта (узун жеңдүү – галстук менен, кыска жеңдүү – галстуксуз) (катардан тышкары кийишет).
Салтанатта кийилүүчү кителдер жана жакеттер менен катардан тышкары салтанатта кийилүүчү кийим формасында жука энсиз ленталар менен жүрүүгө уруксат берилет.
Галстук көйнөктүн (кофтанын) үстүнөн үчүнчү жана төртүнчү топчулардын ортосунда алтын түстөгү белгиленген үлгүдө кадалган көйнөккө тагылат.
Күнүмдүк кийим формасы (эркектер үчүн)
Жайкы:
Кочкул көк түстөгү жайкы фуражка;
- Кочкул көк түстөгү жүндөн токулган китель;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- көгүш-бозомук түстөгү көйнөк;
- алтын түстө кадалган кочкул көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү байпактар;
- кара түстөгү ботинкалар (кыска ботинкалар) же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр).
Кышкы:
- кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген кулакчындуу мех тумак;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген пальто;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген китель;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- көгүш-бозомук түстөгү көйнөк;
- алтын түстө кадалган кара көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү жүн кол каптар;
- кара түстөгү байпактар;
- кара түстөгү кышкы мех кыска өтүктөр (өтүктөр) же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр).
Кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген кительдин ордуна кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген күрмө;
- жайкы кийим формасында кительсиз көгүш-бозомук түстөгү көйнөк (узун жеңдүү - галстук менен, кыска жеңдүү – галстуксуз) (катардан тышкары кийишет).
- кара түстөгү жүн кол каптарсыз күнүмдүк кышкы кийим формасы.
Күнүмдүк кийим формасы (аялдар үчүн)
Жайкы:
- кочкул көк түстөгү фетр шляпасы (берет);
- жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жакет (кыска бешмант);
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- көгүш-бозомук түстөгү жеңил кездемеден тигилген кофта;
- алтын түстө кадалган кочкул көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү туфли же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү өтүктөр.
Кышкы:
- кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген мехтен жасалган баш кийим;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген пальто;
- жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жакет;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- көгүш-бозомук түстөгү жеңил кездемеден тигилген кофта;
- алтын түстө кадалган кочкул көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү жүн кол каптар;
- кара түстөгү кышкы мех өтүктөр же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү өтүктөр.
Кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- жайкы кийим формасында көгүш-бозомук түстөгү жеңил кездемеден тигилген кыска жеңдүү (галстуксуз) кофта менен кочкул көк түстөгү пилотка жана кочкул түстөгү жүндөн тигилген күрмө менен.
- жүндөн тигилген кочкул көк түстөгү шымдын ордуна жүндөн тигилген кочкул көк түстөгү юбка;
- кочкул көк түстөгү жүндөн тигилген жакеттин ордуна кочкул көк түстөгү жүндөн тигилген күрмө;
- кара түстөгү жүн кол каптарсыз күнүмдүк кышкы кийим формасы;
- жайкы кийим формасында жакетсиз көгүш-бозомук түстөгү кофта (узун жеңдүү - галстук менен, кыска жеңдүү – галстуксуз) (катардан тышкары кийишет).
“Атайын байланыш кызматынын” кызматкерлери погон тагынышат:
- салтанатта кийилүүчү кийим формасында, салтанатта кийилүүчү кителде (жакетте), күнүмдүк кийим формасында кителде (жакетте) – кочкул көк түстөгү атайын өрүлгөн галундан талаа менен тигилген погондор, погондун каптал жактары боюнча каралжын бирюза түстөгү узунунан кеткен тилкелер менен, бирюза түстөгү канттары менен;
- салтанатта кийилүүчү жана күнүмдүк кийим формасында жүндөн токулган кездемеден тигилген палтодо, күрмөдө, бозомук-көгүш жана ак түстөгү көйнөктөрдө – кочкул көк түстөгү атайын өрүлгөн галундан талаа менен тигилген чыгарып коймо погондор, погондун каптал жактары боюнча каралжын бирюза түстөгү узунунан кеткен тилкелер менен, бирюза түстөгү канттары менен;
- Үстүңкү кийимдин кездемесинин түсүндө жең сыяктуу кол каптар менен погондордо сырткы кызматты өтөө үчүн кийим формасында жүндөн согулган жемпер (свитер), жайкы костюмдагы күрмө, кышкы костюмдагы күрмө, жаз-күз кийилүүчү костюмдагы күрмө.
Сырткы кызматты өтөө үчүн кийим формасы
Жайкы:
- кочкул көк түстөгү жайкы кепка;
- кочкул көк түстөгү жайкы костюм ;
- кочкул көк түстөгү футболка;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү бийик ботинкелер.
Жайкы камуфляж;
- көк түстүү айкалышкан камуфляждык жайкы кепка;
- көк түстүү айкалышкан камуфляждык жайкы костюм;
- кара түстөгү футболка;
- кара түстөгү бел кур;
- кара түстөгү байпак;
- жогорку текстилдик кончтуу ботинкелер.
Кышкы:
- кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген кулакчындуу мех тумак (аял-кызматкерлери үчүн - мех тумак);
- кочкул көк түстөгү кышкы костюм;
- кочкул көк түстөгү футболка;
- кара түстөгү жүндөн токулган кол каптар ;
- кара түстөгү байпактар;
- кара түстөгү бийик ботинкелер.
Кышкы камуфляж;
- кара түстөгү бир жиби жөнөкөй жиптен токулган кездемеден жасалган баш кийим;
- көк түстүү айкалышкан камуфляждык кышкы костюм;
- кара түстөгү жүндөн токулган джемпер (свитер);
- кара түстөгү футболка;
- кара түстөгү бел кур;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү жүн кол каптар;
- жылууланган бийик ботинкелер .
Камуфляжды жүк салуу жумуштарын аткарууда жана авто унаа каражаттарын оңдоодо колдонууга уруксат берилет.
Улуу, орто жана кичи курам погондорду тагынышат:
- кочкул көк түстөгү атайын өрүлгөн галундан чечилме муфта менен тигилген погондор - жүндөн согулган жемперде (свитерде), жайкы костюмдагы күрмөдө, жаз-күз кийилүүчү костюмдагы күрмөдө. кышкы костюмдагы күрмө, шамал,нымдан коргоочу костюмда. Кочкул көк түстөгү атайын өрүлгөн галундан чечилме муфта менен тигилген погондордо саймаланган алтын түстөгү жылдыздар айырмачылыктын ведомстволук белгилерине ылайык жайгаштырылат.
Кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- жайкы кийим формасында жайкы костюмдагы курмөнун ордуна кочкул көк түстөгү жүндөн согулган жемпер (свитер) ;
- кышкы кийим формасында кочкул көк түстөгү жайкы костюмдагы күрмөнүн ордуна жемпер;
- жайкы кийим формасында жаан-чачындуу аба ырайынды кочкул көк түстөгү шамал, нымдан коргоочу костюм;
- жайкы кийим формасында кочкул көк түстөгү жайкы костюмдагы күрмөнүн ордуна көгүш-бозомук түстөгү көйнөк (кыска жеңдүү – галстуксуз);
- жайкы кийим формасында бийик ботинкелердин ордуна ботинкелер (кыска ботинкелер) ;
- кышкы кийим формасында кара түстөгү кышкы мех же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр);
- жайкы кийим формасында кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр);
- бийик кончтуу ботинкелердин ордуна жеңилдетилген бийик кончтуу ботинкелер;
- бийик кончтуу ботинкелердин ордуна кышкы бийик кончтуу ботинкелер.
+20° абанын температурасында жана жогору футболканын ордуна майка жана түрүлгөн жеңдүү кочкул көк түстөгү жайкы костюмдагы күрмө кийүүгө уруксат берилет.
Өзгөчө суук жана суук климаты бар жерлерде кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген мех тумактын ордуна кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген кулакчындуу мех тумак кийүүгө уруксат берилет.
Айырмачылык белгилерин сүрөттөө
Шапканын кырындагы кокарда
Шапканын кырындагы кокарда металл, бүтүндөй штампталган, алтын түстөгү томпок сүйрү розетка түрүндө, анын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан, символиканын белгисинин алкагынан кокарданын кырына чейин гофреленген бети бар.
Кокарданын арткы бетинин борборунда - аны баш кийимге бекитүү үчүн клямер.
Улуу курам үчүн алтын түстөгү лавр жалбырактарынан гүлчамбар түрүндө тигилген алтын түстөгү металл кокарда боз түстөгү каракөлдөн тигилген мех кулакчындуу баш кийимге жана баш кийимге, кочкул көк түстөгү фуражкага жана фетр шляпасына (берет) кийилет.
Орто жана кичи курам үчүн алтын түстөгү металл кокарда кулакчындуу баш кийимге, мех баш кийимге, фетр шляпасына (берет) , пилоткага, жайкы фуражкага, ошондой эле кышкы фуражкага кийилет.
Баш кийимдин төбөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтүнүн түшүрүлүшү
Баш кийимдин төбөсүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнүн түшүрүлүшү жүндөн токулган кездемеден даярдалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формасы бар.
Алтын түстөгү бүтүндөй штампталган металл эмблема. Олив бутактарынын ортосунда жайгашкан бүркүттүн алтын (сары) сүрөтү түрүндө рельеф контурунан
Эмблема
турат, бүркүттүн үстүндө сары-кызыл түстөгү тосмо жайгашкан. Тосмонун борборунда чагылган жана жогору караган кылычтын сабы.
Эмблеманын арткы бетинде кийим формасына бекитүү үчүн курал бар.
Алтын түстөгү металл топчулук эмблемалар төмөнкүлөргө жайгаштырылат:
- чечилүүчү погондорго - погондун узунунан кеткен негизги сызыгына, форма топчусунун төмөнкү кырынан топчулук эмблеманын тосмосунун жогорку кырына чейин 5 мм аралыгында (жогорку башкармалык курамдын погонунан тышкары, жүндөн токулган пальто үчүн погон жана металл эмес жылдыздар жана кичине жалпак (тилкелер) менен погон));
- жүндөн токулган кителдердин, жүндөн токулган жакеттердин, жүндөн токулган пальтонун жакаларында (жогорку башкармалык курамдан тышкары) - биссектрис боюнча, жаканын бурчунан эмблеманын борборуна чейин 25 мм жана 35 мм аралыкта. Топчулук эмблеманын симметриясынын вертикалдуу огу жакадан алыс параллель болууга тийиш.
Шеврон
Шеврон бирюза, ак, сары-кызыл жана кочкул көк түстөгү пахтадан жасалган кездеменин негизинде жасалат, аны кителдин, палтонун же көйнөктүн жеңдерине бастыра тигүү үчүн, ага ылайык шелкографиянын жолу менен сүрөт түшүрүлөт.
Топчулар
Алтын түстөгү металл топчулар, чөйчөкчөдөн, поддондон, кулакча же клямерден турат.
Үстүңкү бет бөлүгү дөмпөйгөн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтик сүрөтү менен.
Топчулардын диаметри 14 жана 22 мм.
алтын, кочкул жашыл жана ачык жашыл түстөгү пластмассадан топчуларды жасоого жол берилет.
Ийин погондору
Ийин погондору палтодо, плащта, кителде, күрмөдө жана көйнөктө тагылат. Жарым жумшак погон узун паралеллдүү жактары менен созулган алты бурчтуктан турат, анын төмөнкү аягы тик бурчтуу, жогоркусу төмөнкү учуна паралеллдүү кесик тараптан кең бурч менен бүтөт
Погондун узундугу 12-16 см, погондун туурасы - 5,5 см. Погондун четтери, төмөнкүдөн тышкары, кочкул бирюза түсүндөгү нооту менен жээктелет, канттын узундугу - 2,5 мм
Бастырып тигилген погондор палтодо, плащтарда жана кителдерде тагылат. Чечилүүчү погондор костюмдарда, көйнөктөрдө, күрмөлөрдө жана эркек көйнөктөрдө тагылат. Кочкул көк түстөгү погондор ак түстөгү көйнөктөрдө ак түстөгү погондор, ал эми боз көгүш түстөгү көйнөктөрдө боз көгүш түстөгү погондор.
Улуу курам үчүн погондор
Сукнодо өзгөчө өрүлгөн көк түстөгү буладан жасалат.
Погондордо бирюза түстөгү 2 кант бар, канттын туурасы 2,5 мм.
Погондун талаасына 20 мм диаметрдеги алтын капталган беш бурчтуу томпок металл бүтүн жылдызчалар саймаланат.
Орто жана кичи курам үчүн погондор
Сукнодо өзгөчө өрүлгөн көк түстөгү буладан жасалат.
Орто курамдагы погондордо бирюза түстөгү 1 кант бар, канттын туурасы 2,5 мм.
Кичи курамдагы погондордо канттар жок.
Погондун талаасына 13 мм диаметрдеги алтын капталган металл бүтүн жылдызчалар бекитилет.
Айырмачылыктын ведомстволук белгилерине ылайык кочкул көк, ак түстөгү атайын өрүлгөн галундан тигилген талаа менен погондордо алтын түстөгү металл жылдыздар жайгаштырылат.
Айырмачылыктын ведомстволук белгилерине ылайык чечилүүчү муфталар менен погондордо (айкалышкан көк камуфляждык үстүңкү кийимдин кездемесинен) алтын түстөгү металл жылдыздар жайгаштырылат.
Айырмачылыктын ведомстволук белгилерине ылайык чечилүүчү муфталар менен погондордо (кочкул көк) алтын түстөгү металл жылдыздар жайгаштырылат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматкерлеринин погондорунда жылдыздардын жайгашышына окшош жайгаштырылат.
Кызмат орундар таблицасына ылайык Атайын байланыш кызматында ээлеген орун кызматтарына жараша айырмачылык белгилери
Кызмат оруну | Жылдыздардын саны | Жылдыздардын көлөмү | Кант | |
Улуу курам | ||||
Башкы директор |
| 3 | 20мм | 2 |
Башкы директордун биринчи орун басары |
| 2 | 20мм | 2 |
Башкы директордун орун басары |
| 2 | 20мм | 2 |
ТКМТ жана МТК башкармалыгынын башчысы |
| 1 | 20мм | 2 |
Филиалдардын директорлору |
| 1 | 20мм | 2 |
Фльдъегердик курамдын башчысы |
| 1 | 20мм | 2 |
Фелдъегер-экспедиторлук курамдын башчысы |
| 1 | 20мм | 2 |
Каржы бөлүмүнүн башчысы |
| 1 | 20мм | 2 |
Орто курам | ||||
Фелдъегер-айдоочу курамдын башчысы |
| 4 | 13мм | 1 |
Филиалдардын директорлорунун орун басарлары |
| 4 | 13мм | 1 |
Фльдъегердик курамдын башчысынын орун басары |
| 4 | 13мм | 1 |
Кадр инспектору |
| 4 | 13мм | 1 |
Коопсуздук жана курал-жарак боюнча инспектор |
| 4 | 13мм | 1 |
Экономист |
| 4 | 13мм | 1 |
Юрист |
| 4 | 13мм | 1 |
Каржы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| 4 |
|
|
Борбордук аппаратынын каржы бөлүмүнүн адиси |
| 3 | 13мм | 1 |
Атайын тапшырма боюнча фельдъегерь |
| 3 | 13мм | 1 |
Маалыматтык технологиялар секторунун адиси |
| 3 | 13мм | 1 |
Филиалдардын каржы бөлүмүнүн адиси |
| 2 | 13мм | 1 |
1 – категориядагы фельдъегерь – экспедитор |
| 2 | 13мм | 1 |
1 – категориядагы фельдъегерь |
| 2 | 13мм | 1 |
1 – категориядагы фельдъегерь – айдоочуц |
| 2 | 13мм | 1 |
Сатып алуу боюнча адис |
| 2 | 13мм | 1 |
2 – категориядагы фельдъегерь – экспедитор |
| 1 | 13мм | 1 |
2 – категориядагы фельдъегерь |
| 1 | 13мм | 1 |
2 – категориядагы фельдъегерь – айдоочу |
| 1 | 13мм | 1 |
Кичи курам | ||||
3 – категориядагы фельдъегерь – экспедитор |
| 3 | 13мм | Нет |
3 – категориядагы фельдъегерь |
| 3 | 13мм | Нет |
3 – категориядагы фельдъегерь – айдоочу |
| 3 | 13мм | Нет |
Фельдъегерь – экспедитор |
| 2 | 13мм | Нет |
Фельдъегерь |
| 2 | 13мм | Нет |
Фельдъегерь – айдоочу |
| 2 | 13мм | Нет |
Штаттык кызматкерлерди улуу, орто жана кичи курамдарга ажыратуу сакталат.