Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты № 49
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төш белгиси тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүнө, 62-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 2 тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгиси жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 3 тиркеме).
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгисинин үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 4 тиркеме).
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-августундагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоону өткөрүү боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" № 205 токтомунун № 5 Тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |