Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 30-июлу № 1357/1
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндөгү жобону” аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндөгү жобонун” 5-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына (Г.М. Абылкасымовага) жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик укуктук ченемдик актылардын реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн укуктук ченемдик акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен кагаз жана электрондук булактарда мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Министр | Б.Д. Купешов |