Загрузка документа…
1-тиркеме
“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө
нускама
1. Жалпы жоболор
1. "Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен уруксат документтерин жана башка документтерди берүүнүн административдик жол-жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкты.
3. Нускама Интернет желеси аркылуу "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырыла турган ишке тартылган ведомстволор менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөдөгү “бирдиктүү терезе борбору” Мамлекеттик ишканасынын ортосундагы маалыматтардын алмашуусун жөнгө салуусун регламенттейт.
ТЭИнин документтерин берүү жана тариздөө боюнча өзүнүн маалыматтык системасына ээ болгон ишке тартылган ведомстволордун маалымат алмашуу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле алардын “бирдиктүү терезе” маалымат системасында иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы менен ишке тартылган ведомстволордун ортосундагы "бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө өзүнчө макулдашуунун негизинде, ошондой эле мындай ведомстволордун ички регламенттеринде аныкталат.
2. Терминдер жана аныктамалар
4. Нускамада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
1) Өз ара аракеттенүү жөнүндө нускама - мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучуларынын “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык ишти ишке ашырууда документтерди даярдоодогу өз ара аракеттенүү тартиби.
2) БТБ МИ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы;
3) БТМС - тышкы экономикалык электрондук карым катыштын катышуучуларынын электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, кабыл алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттарын, методдордун жана жол-жоболорун комплексин камтыган “бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы;
4) өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары - уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, тышкы экономикалык иштердин алкагында өз ара аракеттенүүнү өзүнүн атынан же өзүнүн өкүлү аркылуу ишке ашырган ведомстволор, уюмдар жана БТБ МИ;
5) Документтер - бул тышкы экономикалык жана башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган, ушул Нускаманын тиркемесинде келтирилген алардын компетенциясынын чегинде ишке тартылган ведомстволор тарабынан ушул Нускаманын максаттары үчүн төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнгөн документтер:
- берүү тартиби “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу документтер (мындан ары – лицензиялык-уруксат документтери);
- берүү тартиби уруксат документтерин берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу документтер (мындан ары - башка документтер).
6) ишке тартылган ведомстволор – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык юридикалык жана жеке жактарга тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон документтерди берүүчү, тиркемеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар;
7) кызмат көрсөтүү – ишке тартылган ведомстволор жана БТБ МИ тарабынан арыз берүүчүлөргө документтерди берүү боюнча кызмат көрсөтүү
8) электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан ал маалыматты анын атынан кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылган маалымат, электрондук формадагы маалымат, электрондук кол тамга;
9) электрондук документ - электрондук түрдө берилген документтештирилген маалымат, б.а электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адам кабыл алууга мүмкүн болгон, аны документ катары Кыргыз Республикасынын "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамында белгиленген түзүмдөрдү таанууга атрибуттары бар документтештирилген маалымат;
10) кагаз түрүндөгү документтин электрондук сүрөтү (электрондук сүрөт) - электрондук формадагы маалымат, кагаз түрүндөгү сканерленген документтин мазмунун өзгөртпөстөн, жалпы бүтүн катары техникалык каражаттардын жардамы менен кайра түзүлгөн кагаз түрүндөгү документтин сканерленген же фотографиялык сүрөтү
11) арыз ээси - тышкы экономикалык иштерди ишке ашыруу үчүн ушул нускамага ылайык, түздөн-түз өзүнүн атынан же өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенген, уруксат документтерин алууга арыз берген жеке же юридикалык жак;
12) арыз берүү (мындан ары – арыз) -кагаз түрүндөгү же электрондук түрдө документ алууга арыз берүүчү тараптан берилген документ;
13) коштоочу документтер – документтерди алууга арызга тиркелген документтер;
14) эсептик жазуу - БТМСтын катышуучусунун ал жөнүндө маалыматтарды камтуучу, өз компетенциясынын алкагында БТМСда аракеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү жеке эсептин жазуусу. Эсептик жазуу БТМСта өз ара аракеттенүүгө катышуучуну каттоо аркылуу Нускамага ылайык түзүлөт;
15) кабарлоо каражаты - БТМСтын кабарлоо каражаты, ал аркылуу БТМСты колдонуучуга маалымат берүү, СМС- кабар, электрондук почтага кабар жөнөтүү, билдирүү алуу жүргүзүлөт;
16) тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары (ТЭЖЧ) - мамлекеттик жөнгө салуунун бажы-тарифтик ыкмасына тиешеси жок тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү процесстерге таасир этүүчү тышкы экономикалык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун ыкмаларынын жыйындысы;
17) БТМС колдонуучу – БТМСта катталган өз ара аракеттенүүнүн катышуучусу;
18) БТМС оператору – арызды түздөн-түз кагаз жүзүндө кабыл алган кызматкер, ал арыз ээси тарабынан арыз жөнөтүлгөн жерине жана ыкмасына жараша БТБ МИ кызматкери же ишке тартылган ведомстволордун кызматкери болушу мүмкүн;
19) eID – жарандын инсандыгын аныктоочу документ;
20) регламент – ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитиле турган, “бирдиктүү терезе” Маалымат системасынын алкагында электрондук документтер менен иштөө тартибин белгилөөчү документ
3. Арыз берүүчүнүн эсептик жазуусун каттоо
5. Арыз ээсинин электрондук документ түрүндө БТБ МИге же ишке тартылган ведомствого кайрылбай туруп БТМС аркылуу арыз жана коштоочу документтерди тариздөөсүнүн милдеттүү шарты болуп арыз ээсинин электрондук кол тамгасынын жана ЭП болушу эсептелет.
6. Арыз берүүчүнүн электрондук кол тамгасын каттоо төмөнкү ыкмалар менен ишке ашырылат:
1) кат түрүндө БТМС операторуна кайрылган негизинде;
2) арыз берүүчү өз алдынча онлайн режимде eID колдонуу же Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамында каралаган башка электрондук идентификациялык каражаттар менен.
4. Арыздарды жана коштоочу документтерди жөнөтүүнүн тартиби жана шарттары. Арыз ээси менен өз ара аракеттенүүнүн жалпы принциптери
7. Арыз төмөнкүдөй ыкмалар менен таризделет:
1) арыз берүүчү тарабынан – БТМСтын эсептик жазуусу аркылуу, арыз берүүчүнүн электрондук колтамгасы коюлган электрондук документ түрүндө;
2) арыз ээсинин атынан БТМС оператору тарабынан-арыз берүүчүнүн кагаз түрүндөгү кайрылуусунун негизиндеги БТМС операторунун электрондук документи түрүндө.
8. Лицензиялык-уруксат документин алууга арыз берүү тартиби “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 19-беренелеринин жоболорун эске алуу менен ишке ашырылат.
9. Арыз кагаз же электрондук документ түрүндө катталуусу менен бирге арыз ээси арызга коштоочу документтерди кошо тиркейт. Аталган документтер берилген арыздын формасында тиркелет.
10. Документтерди алууга коштоочу документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин негизинде аныкталат.
11. Эгерде арыз ээси кагаз түзүндө арыз берүүнү кааласа, анда БТМС оператору арызга тиркелген документтердин толуктугун алдын-ала текшерет. Арызга тиркелүүчү документтердин толуктугу жөнүндө сын-пикирлер жок болгон учурда, БТМС оператору арыз ээсинен алынган маалыматтардын жана документтердин негизинде БТМСке арыз түзөт жана басылган түрүндө арыз ээсине текшерүүгө жана кол коюуга берет.
12. Басылып чыккан арыз ээси тарабынан документти арыз ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документти милдеттүү түрдө алдын ала көрсөтүү менен арызды кабыл алган жактын катышуусунда кол коюлат.
13. Арыз ээси кагазга басылган арызга кол койгондон кийин текшерип, БТМС оператору өзүнүн электрондук кол тамгасы менен БТМС электрондук арызга кол коёт, ошондой эле БТМСтын операторунун электрондук кол тамгасы коюлган документтин электрондук сүрөтүн колдонуу менен арызга тиркелүүчү коштомо документтердин электрондук көчүрмөсү түзүлүп, БТМСка киргизет жана электрондук документ түрүндө арызга тиркелет.
14. Электрондук документ түрүндөгү арызга кол коюп жана коштоочу документтердин электрондук көчүрмөлөрүн түзүү менен БТМС оператору арыз алынган маалыматтардын кагаз түрүндө берилишинин тууралыгын жана арыз ээси тарабынан берилген электрондук ташуучу жана кагаз түрүндө берилген коштомо документтердин мазмунунун аныктыгын тастыктайт.
15. Арыз ээси тарабынан кол коюлган кагаз түрүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык сактоодо калат.
16. Арыз ээсинин электрондук кол тамгасы же БТМС операторунун электрондук колтамгасы коюлгандан кийин электрондук документ түрүндөгү арыз, талап кылынган документтин түрүнө карата автоматтык түрдө андан ары кароого же документ берүүдөн баш тартуу үчүн ишке тартылган ведомствого келип түшөт.
17. Арыз электрондук кол тамганын жардамы менен кол коюлгандан кийин жана БТМСта арызга автоматтык түрдө каттоо номери ыйгарылгандан тартып берилди деп эсептелет.
5. Арызды кароо тартиби жана шарты
18. Арызды кароону түздөн-түз кызмат көрсөтүүчү жана жооптуу аткаруучу болуп эсептелген ишке тартылган ведомствонун кызматкери ишке ашырат.
19.Ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусун дайындоо ишке тартылган ведомствонун “бирдиктүү терезе” маалымат системасынын алкагында электрондук документтер менен иштөө Регламентине ылайык ишке ашырылат.
20. Бардык келип түшкөн арыздарды кароо, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, арыз берилген күнгө жана убактысына жараша кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.
21. Лицензиялык-уруксат документин алууга арызды кароо тартиби “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын эске алуу менен ишке ашырылат.
22. Башка документтерди алууга арызды кароодо арыздын мазмунуна жана коштоочу документтерин мазмунуна документ берүүгө же берүүдөн баш тартууга негиз бар экендигине карат эксперттик текшерүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы БТМСке киргизилет.
23.Ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу эгерде берилген документтерде кандайдыр бир так эместиги же дал келбестиктер аныкталса, анда арыз ээсине кошумча документтерди берүү жана (же) болгон дал келбестиктерди жоюу жөнүндө суроо талап жиберүүгө укуктуу. Суроо талапта аталган арызга карата сын пикирлер толук камтылышы керек.
24. Арыз ээси ишке тартылган ведомстволордун жооптуу аткаруучусуна суроо талабы боюнча толук маалыматтарды берет.
25. Суроо талапка жооп алынганга чейин ишке тартылган ведомство тарабынан арыздын үстүнөн иштөө токтотулат.
26. Тартылган мамлекеттик органдар белгиленген тартипте арызды карашат. Керек учурда ишке тартылган ведомство менен “бирдиктүү терезе” маалымат системасы аркылуу башка мамлекеттик органдар менен макулдашышат.
27. Тийиштүү чечим кабыл алгандан кийин, тартылган мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери документти тариздейт же аны электрондук документ түрүндө берүүдөн баш тартат.
28. Электрондук документ түрүндөгү уруксат берүүчү документтин түзүмү жана форматы БТБ МИнин макулдугу менен тиешелүү документти берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Арызды каттоодон баш тартуу үчүн негиздер
29. Арызды каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин тизмеси:
1) “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана уруксат документтерин берүү маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык зарыл болгон документтер толук берилбесе;
2) БТБ МИнин кызматына же ишке тартылган ведомствого белгиленген тартипте белгиленген тарифке ылайык арыз ээси уруксат документин берүү үчүн акы төлөбөсө;
3) берилген документтерде туура эмес маалыматтар болсо.
30. Арызды каттоодон баш тартуу үчүн себептердин толук тизмеги болушу керек. Арыз ар кандай башка негиздер боюнча, анын ичинде арызды электрондук документ формасында жибергендиги үчүн каттоодон баш тартууга жол берилбейт.
31. Арызды каттоодон баш тартуу каттоодон баш тартуу үчүн жок дегенде бир негиз болгон учурда жүргүзүлөт.
32.Арыз ээси тарабынан берилген документтердин толук экендигине алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кагаз түрүндөгү арызды каттоодон баш тартуу жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.
33. Арызды каттоодон баш тартууда үчүн каттоодон баш тартуу үчүн негиз болгон себептердин толук тизмеси көрсөтүлүшү керек.
34. БТМС аркылуу электрондук документ түрүндө арызды каттоо мүмкүн эмес болгон себептердин тизмеси документтен баш тартпастан туруп колдонуучунун интерфейсине чыгарылат.
35. Арыз ээси арызды каттоодон баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте даттанууга укугу бар.
36. Арыз ээси арызды каттоодон баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин, кайрадан арыз менен кайрылууга укуктуу. Арыз ээсине мындай кайрылуулардын саны чектелбейт.
7. Арызды кароодо кызмат көрсөтүү тартиби жана шарттары
37. Ишке тартылган ведомстволор тарабынан “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын алкагында арызды кароо, Ишке тартылган ведомство тарабынан бекитилген Типтүү регламенттин негизинде "Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын алкагында өз ара аракеттенүү жөнүндө Нускаманын, электрондук документтер менен иштөө Регламентинин негизинде жүргүзүлөт.
38. Лицензиялык-уруксат берүү - ЛУБ документин алууга арыздарды кароо “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин жобосуна ылайык ишке ашырылат.
39. Ишке тартылган ведомство кызмат көрсөтүүдө арыз берүү ыкмаларына карабастан БТМС программасынын функциялары аркылуу БТМСга - кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө, арызды кароонун статусу, кошумча маалыматтарды жана (же) документтерди сурап алуу жөнүндө жиберилген маалыматтарды киргизет.
40. Арыз ээси БТМС кабарландыруу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат менен таанышууга укугу бар
41. Эгерде арыз кагаз түрүндө берилсе жана арыз ээсинде эсептик жазуу жок болсо, анда арыз ээсине БТМС кабарландыруунун жеткиликтүү каражаттары аркылуу маалымдалат.
8. Башка документтерди алуу үчүн арыздарды кароодо кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуп туруу
42. Төмөнкү учурларда башка документтерди алуу үчүн арыздарды кароодо кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуп турууга жол берилет:
1) экспертиза же лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө - ишке тартылган ведомстволор жыйынтыктарды алганга чейин;
2) арыз ээсинин дарегине кошумча, жетпеген маалыматты же документти берүүгө суроо жиберилгенде-жетишпеген маалымат же документ арыз ээсинен алынганга чейин ;
3) Документти бергендиги үчүн акы төлөнбөгөн учурда - арыз ээси тарабынан акы төлөнгөнгө чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса;
4) белгиленген талаптарга продукция шайкеш келбеген учурда - лабораториялык изилдөөлөр аркылуу аныкталган шайкеш келбөө жокко чыгарылганга чейин.
43. Башка документти алуу үчүн арызды кароону токтотуп туруу, ушул арыз токтотулуп турганга чейин келип түшкөн башка арызды кароого тоскоолдук кылбайт.
9. Башка документ алуу үчүн арызды кароодо кошумча маалыматтарды жана документтерди суроо жана берүү тартиби
44. Кошумча маалыматтарды жана (же) документтерди алуу зарылчылыгы келип чыкса, тиешелүү ишке тартылган ведомствонун жооптуу кызматкери арыз ээсине тиешелүү суроо-талап жиберет.
45. Арыз ээсине бардык суроолор электрондук документ түрүндө таризделет, БТМСке катталат жана БТМС кабарландыруу каражаттарынын жардамы менен жөнөтүлөт.
46. Кошумча маалыматтарды жана (же) документтерди алууга, көрсөтүлүүчү кызматтардын тийиштүү түрүнө, документтерге түздөн-түз тиешеси болбогон суроо-талаптарды жөнөтүүгө тыюу салынат, ошондой эле, суралган маалымат арыз ээси тарабынан берилген документтерден алынса жана (же) ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу документти берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө кошумча маалыматсыз жана (же) документтерсиз чечим кабыл ала алат.
47. Кошумча маалыматтарды жана (же) документтерди берүү үчүн форманы тандоо (кагаз түрүндө же электрондук документ түрүндө) арыз ээсинин каалоосу боюнча жүргүзүлөт. Арыз ээсинен алдын-ала белгиленген формада маалыматты жана (же) документтерди талап кылууга жол берилбейт.
48. Арыз ээси өз каалоосу менен кошумча маалыматты жана (же) документтерди анын арызын кароого алгач кайсыл жактан жиберилгендигине карабастан БТБ МИ аркылуу же ишке тартылган ведомствого түздөн-түз берүүгө укуктуу.
49. Арыз ээсинен кошумча маалыматты жана (же) кагаз түрүндөгү документтерди түздөн-түз алган БТМС оператору документтердин электрондук үлгүлөрүн колдонуп документтердин электрондук көчүрмөлөрүн түзөт, алардын ар бири ушул жактын электрондук колтамгасы менен кол коет жана БТМСке киргизилет.
10. Лабораториялык сыноолор зарыл болгон учурда БТМСта арыз менен иштөө тартиби
50. Товардын үлгүлөрүнө экспертиза жана (же) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн учурда, ишке тартылган ведомство:
1) арыз берилген күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде арыз ээси менен товардын үлгүлөрүн алуу, текшерүү үчүн товарлар сакталган жайларга кароо үчүн барууну ишке ашырат;
2) ишке тартылган ведомство экспертиза жана лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдын эсебин жүргүзөт.
51. Лабораториялык сыноолорду жүргүзүүдө, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу, арыз жана берилген коштомо документтерди эксперттик кароодон өткөргөндөн кийин, изилдөө протоколдору алынганга чейин арыз менен иштөөнү токтотуп турат.
52. Ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу лабораториялык изилдөө жыйынтыгын алган күндөн тартып сыноонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты БТМСка киргизет.
11. Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча ишке тартылган лицензиар - ведомстволордун эксперт-уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
53. Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча ишке тартылган лицензиар - ведомстволордун эксперт-уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү ушул Нускама менен жөнгө салынбаган учурларда Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-декабрындагы №708 “Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, “бирдиктүү терезе” принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө” токтомунун жоболору менен жөнгө салынат.
12. Документти берүү же Документти берүүдөн баш тартуу тартиби
54. Ишке тартылган ведомстволор документти берүү же берүүдөн баш тартуу мөөнөтү аяктаганга чейин үч сааттан кечиктирбестен БТМСке документти берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалыматты киргизет. Документти берүүдөн баш тарткан учурда, ишке тартылган ведомство баш тартууга себеп болгон толук тизмени БТМСте көрсөтөт.
55. Документти берүү же берүүдөн баш тартуу электрондук документин формасында БТМС аркылуу жүргүзүлөт.
56. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде же макулдашууларда документ кагаз түрүндө гана бериле тургандыгы белгиленген болсо, анда электрондук документке кошумча түрүндө документти берүү же берүүдөн баш тартуу кагаз түрүндө да берилет.
57. Документти берүү же аны берүүдөн баш тартуу “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 21-беренелеринин жоболорун эске алуу менен ишке ашырылат.
58. Башка документти берүү арыз боюнча берилген эсептердин баары боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга төлөм жүргүзүлгөн шартта, ошондой эле “бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын алкагында иштөө Регламентинде каралган документтерди берүү же берүүдөн баш тартуу үчүн негиз жок болгон шартта жүргүзүлөт.
59. 57 жана 58-пункттарында көрсөтүлгөн шарттар аткарылгандан кийин электрондук документ түрүндөгү документти берүү же берүүдөн баш тартуу БТМСте жеткиликтүү болуп калат.
60. БТМС жеткиликтүү электрондук түрдө берилген документ бажы операцияларын жүзөгө ашырууда бажы органдары тарабынан колдонулат.
61. Арыз ээсине Документи кагаз түрүндө берүү 62-пункттун жоболорунун негизинде ишке тартылган ведомстволор тарабынан ишке ашырылат.
62. Ишке тартылган ведомство документти берүү үчүн белгиленген мөөнөттө кабарлоо каражаттары аркылуу документти берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине маалымдайт.
13. Эсептешүү тартиби
63. ЛУБ – Документин берүү “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.
64. Арыз бергенден кийин, арыз ээси кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын тиешелүү ишке тартылган ведомствонун төлөм боюнча берген эсебинин негизинде төлөйт.
65. Арыз ээси өзүнүн каалоосу боюнча БТМСта каралган жеткиликтүү төлөм ыкмаларынын тизмесинен карата кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөө ыкмасын тандап алууга укуктуу.
66. БТБ МИ кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө БТБ МИ жана ишке тартылган ведомстволордун ортосундагы түзүлгөн келишимдеринде көрсөтүлгөн БТБ МИ эсебине төлөнүшү керек.
67. Ишке тартылган ведомстволордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө, реквизиттерин көрсөтүү менен БТБ МИ жана ишке тартылган ведомстволордун ортосундагы түзүлгөн келишимдерин негизинде БТБ МИ эсебине төлөнүшү керек. Мындан ары акча каражаттары БТБ МИ менен ишке тартылган ведомстволордун ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн ишке тартылган ведомстволордун эсебине которулушу керек.
68. Эгерде БТМС далилденген төлөм фактысы болсо, ишке тартылган ведомстволорго каражат түшпөгөн учурда арызын кароону кийинкиге калтырууга укугу жок.
69. Экспертиза жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ишке тартылган ведомствонун кызмат көрсөтүү баасын эсептеп чыгып, төлөөгө эсеп-фактурасын жазып берет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы наркы арыз ээсине эсеп-фактура көрсөтүүгө БТМС киргизилет.
70. Өзгөчө учурларда ишке тартылган ведомство арыз ээсине кошумча эсеп-фактура берет. Төлөмгө кошумча эсеп-фактураларды берүү мотивациялуу болушу керек.
71. Кызмат көрсөтүүлөргө кошумча акы төлөө наркы арыз ээси тарабынан негизги тартиптегидей жүргүзүлөт.
14. Ишке тартылган ведомстволор БТБ МИ дарегине сурап билүү маалыматтарын берүү тартиби
72. Ишке тартылган ведомство ар кандай өзгөрүлөргө учураганда БТБ МИ дарегине сурап билүү маалыматтарын жиберүүгө милдеттүү. Жиберилүүчү сурап билүү маалыматтарын тизмеси:
1) ишке тартылган ведомстволордун кызмат көрсөтүү тизмеси;
2) Документтерди берүүгө жана көрсөтүлгөн кызматтарга керектүү маалыматтардын жана документтердин тизмеси;
3) көрсөтүлгөн кызматтардын наркы;
4) ишке тартылган ведомстволордун, анын ичинде аймактык бөлүмдөрүн уюштуруу түзүмдөрү;
5) Документтерди берүүдө жана даярдоодо арызды кароого катышкан ишке тартылган ведомстволордун башчыларынын жана кызматкерлеринин аты-жөнү;
73. Ишке тартылган ведомствонун кызматкерлери берилген маалыматтын өз убагында жана толук болушуна жооптуу.
74. БТМС ишке тартылган ведомстволордон алынган сурап билүү маалыматтарын жана (же) БТБ МИ расмий веб-сайтына жайгаштыруусун камсыз кылат жана жайгашылган сурап билүү маалыматынын тууралыгына жооптуу.
16. Корутунду жоболор
75. Бажы документтерин иштеп чыгууда бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу орган БТБ МИ электрондук документтерди кабыл алууга, ошондой эле бажы органдарынын электрондук күбөлүктөрдү, корутундуларды, лицензияларды жана башка БТМС аркылуу, кагаз түрүндө кайталап ырастоосуз тартылган ведомстволор тарабынан документтерди кабыл алууга милдеттүү.
76. БТБ МИ мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга маалыматтык система аркылуу бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасынын электрондук түрдө берилген документтерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттин органдар, башка уюмдар жана тышкы экономикалык иш-аракеттин
катышуучуларынын «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык
иштин документтерин каттоодо өз ара аракеттенүүсү боюнча
Нускамасына
1-тиркеме
“Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу документтерди тариздөөдө өз ара аракеттенүүчү тартылган ведомстволордун
тизмеси
№ | Ишке тартылган ведомствонун жана уюмдун аталышы | Берилген же катталган документтин аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги | Экспорт/импорт жана кызмат көрсөтүүгө лицензия |
Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия | ||
Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия | ||
2 | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги | 1, 2, 3 жана 4-формалардагы ЕАЭБдин ветеринардык сертификаттары; 5a, 5b, 5c, 5d, 5e, 5f, 5g формадагы ветеринардык сертификаттар |
Кыргыз Республикасына киргизүүгө уруксат же Кыргыз Республикасынын чегинен CITES конвенциясы таасир эткен өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, алардын бөлүгү же туундулары | ||
Фитосанитардык сертификат | ||
Карантиндик, фитосанитардык көзөмөлдөө акты | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | Шайкештик сертификаты |
4 | Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги | Продукциянын дары-дармек каражаттарына жана медициналык товарларга таандык экендигин тастыктаган сертификат |
Дары-дармек заттарына шайкештик сертификаты | ||
Баңги/психотроптук заттарды/ прекурсорлорду экспорттоого/ импорттоого лицензия | ||
Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | ||
Шайкештик жөнүндө декларациясы | ||
5 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Шайкештик сертификаты (милдеттүү түрдө) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
Шайкештик жөнүндө декларациясы | ||
Автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга лицензия | ||
6 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы | Товарлардын эмнеден жасалгандыгы жөнүндө күбөлүгү |
7 | Продукцияны сертификациялоочу аккредитацияланган органдар | Шайкештик сертификаты (милдеттүү түрдө) Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) Шайкештик жөнүндө декларациясы |
8 | Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
| Шайкештик сертификаты (милдеттүү түрдө) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
Шайкештик жөнүндө декларациясы | ||
9 | Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети | CITES Конвенциясына ылайык флора жана фаунанын объекттерин, алардын бөлүктөрүн же туундуларын Кыргыз Республикасына киргизүүгө же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары экспорттоого уруксат. |