Загрузка документа…
Тиркеме 2
«Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасынын алкагында иштөөнүн ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө катышкан кызыкдар мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга көмөктөшүү максатында (мындан ары – Документтер), «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасынын алкагында электрондук документтер менен иштөөнүн регламентин иштеп чыгууда жана түзүүдө (мындан ары - Регламент) «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасынын алкагында электрондук документтер менен иштөөнүн Типтүү регламенти (мындан ары - Типтүү регламент) иштелип чыккан.
2. «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасын колдонуу менен тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн Регламент Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук документтерди түзүү жана пайдалануу процессине байланыштуу негизги жоболорду аныкташы керек.
3. Типтүү регламентте баяндалган талаптар ишке тартылган ведомстволордун компетенциясынын чегинде, алып жүрүүчүлөрдүн түрүнө карабастан, Документтерди берүүдө колдонулуучу документтер автоматташтырылган маалыматтык технологиялардын жардамы менен кабыл алууга, даярдоого, каттоого, эсепке алууга, ишке ашуусун контролдоосуна жана документтерди өткөрүүгө колдонулат.
4. Регламент төмөнкү жоболорду камтышы керек:
1) иш-аракеттердин тартиби, мөөнөтү жана кезектүүлүгү, ошондой эле «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасын колдонуп, документтерди берүүгө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга катышкан бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын милдеттери;
2) «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасын колдонуу менен Документтерди берүү процессинде аткаруучунун иш-аракеттеринин белгиленген тартибинин жана мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдоонун формалары.
2. Терминдер жана аныктамалар
5. Регламенттин жоболорун так колдонуу үчүн пайдаланылган терминдерди жана аныктамаларды камтыган бөлүм Регламентте каралышы керек. Терминдер жана аныктамалар Өз ара аракеттенүү нускамасында баяндалган маанисинде колдонулат.
6. Регламент төмөнкү терминдерди жана аныктамаларды камтышы керек, алардын тизмеси ишке тартылган ведомствонун каалоосу боюнча толукталышы мүмкүн:
1) БТБ МИ - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы;
2) БТМС– «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы, мында тышкы экономикалык чөйрөдөгү электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын программалык, программалык-аппартатык жана аппараттык-техникалык каражаттардын комплекси, электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, кабыл алуу, сактоо, электрондук документтердин толуктугун текшерүү үчүн методдор жана жол-жоболор камтылат;
3) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, түздөн-түз иш алып барган же алардын өкүлдөрү аркылуу өз ара аракеттенген тышкы экономикалык иш жаатындагы электрондук өз ара аракеттенүү боюнча ишке тартылган ведомстволор, БТБ МИ;
4) ишке тартылган ведомстволор - Өз ара аракеттенүү боюнча нускаманын тиркемесинде көрсөтүлгөн, тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Документтерди берүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар;
5) Документтер - ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнгөн, алардын компетенциясынын чегинде ишке тартылган ведомстволор тарабынан берилүүчү документтер;
- «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу документтер (мындан ары – «ЛУТ документтер»);
- берүү тартиби башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынуучу Документтер (мындан ары – «башка документтер»);
6) кызмат көрсөтүүлөр - арыз берүүчүлөргө Документтерди берүү учурунда ишке тартылган ведомстволор жана БТБ МИ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар;
7) электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) – «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн өркүндөтүлгөн квалификациялуу электрондук кол тамга;
8) электрондук документ - электрондук түрдө берилген, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын колдонуу менен адамдын кабыл алуусуна ылайыктуу формада берилген, аны документ катары идентификациялоо атрибуттары, ошондой эле «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленген түзүмү бар документтештирилген маалымат;
9) документтин электрондук сүрөтү (электрондук сүрөт) - документтин кагаз түрүндөгү сканерленген же фотографиялык сүрөтү техникалык каражаттар менен электрондук формага электрондук формага айландырылган, электрондук түрдөгү документтештирилген маалымат;
10) арыз ээси - тышкы экономикалык иштин соода операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн «бирдиктүү терезе» принциби боюнча Документти алууга өтүнмө жөнөтүүчү, түздөн-түз өзүнүн атынан же өзүнүн өкүлү аркылуу иш алып барган жеке же юридикалык жак;
11) өтүнмө (мындан ары – өтүнмө) - тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн Нускамага ылайык документти алуу үчүн өтүнмө ээси тарабынан берилген кагаз түрүндөгү же электрондук документ түрүндөгү документ;
12) коштоочу документтер - тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө соода операцияларын жүргүзүү үчүн «бирдиктүү терезе» принциби боюнча Документтерди кабыл алуу жөнүндө өтүнмөгө тиркелүүчү документтер;
13) эсептик жазуу - өтүнмө ээси жана (же) анын өкүлү жөнүндө маалыматтарды камтыган, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө документтерди алуу үчүн электрондук түрдө өтүнмөлөрдү жана коштомо документтерди жөнөтүүгө мүмкүндүк берген, БТМСтеги өздүк кабинети. Эсеп жазуу колдонуучусун БТМСке каттоо жолу менен түзүлөт;
14) билдирүү каражаттары - БТМС өтүнмө берүүчүгө маалымдалгандыгы тууралуу кабарлоо каражаттары, ага төмөнкүлөр кирет: СМС билдирүүлөрүн, электрондук почта билдирүүлөрүн жөнөтүү, интернет эсеп жазуусу аркылуу билдирүүлөрдү алуу (БМТСга киргенде маалымат алуу);
15) тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары (ТЖС) - тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү процесстерге таасир этүүгө багытталган, мамлекеттик жөнгө салуунун бажы тарифтик методдору менен байланышпаган тышкы экономикалык ишин мамлекеттик жөнгө салуу методдорунун жыйындысы;
16) БТМС оператору - өтүнмөнү түздөн-түз кагаз жүзүндө кабыл алган жак, ал өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнү жөнөтүү жерине жана ыкмасына жараша, БТБ МИ кызматкери же ишке тартылган ведомствонун кызматкери болушу мүмкүн.
3-глава. Ишке тартылган ведомстволордун функцияларын аткаруу үчүн программалык жана техникалык каражаттарды түзүү жана кызмат көрсөтүү
7. Ишке тартылган ведомствого жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн Документтерди берүүгө катышкан кызматкерлер тийиштүү программалык камсыздоо менен жетиштүү көлөмдө камсыздалышы керек.
8. Кызматкерлерди ЭК менен камсыздоо үчүн жооптуу ишке тартылган ведомствонун кызматкери _________________ (кызмат орду көрсөтүлсүн).
9. Кызматкерлерди ЭК менен өз убагында камсыз кылуу үчүн жооптуу ишке тартылган ведомствонун кызматкеринин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) өтүнмөлөрдү кароо, иштеп чыгуу жана документтерге кол коюу укугуна ээ болгон, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучуларынын тизмесин түзүү жана бекитүү;
2) электрондук кол тамганы каттоо/кайра каттоо,
3) ЭК сатып алуу.
10. Программалык жана техникалык каражаттарды колдоого бюджетти түзүү үчүн жооптуу ишке тартылган ведомствонун кызматкери ______ (кызмат орду көрсөтүлсүн).
11. Электр булактарынын иштеп турушун жана интернет каналын камсыз кылууга жооптуу ишке тартылган ведомствонун кызматкери ___________ (кызмат орду көрсөтүлсүн).
12. Документтерди берүүгө катышкан, ишке татылган ведомстволордун кызматкерлеринин программалык-техникалык жабдыктарга үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жооптуу кызматкер __________ (кызмат орду көрсөтүлсүн).
4-бөлүм. Коштоочу документтердин тизмеси
13. Ишке тартылган ведомствонун Регламентинде ишке тартылган ведомство тарабынан берилген Документтер, алардын багыты, колдонуу мөөнөтү, кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн белгиленген формалары, коштоочу документтердин тизмеси, ошондой эле Документтерди берүүнүн башка талаптары жана шарттары баяндалууга тийиш.
5-бөлүм. Документтерди берүү жол-жоболору
§1. Арызды кабыл алуу ыкмалары жана аны аны карап чыгуунун жүрүшү жөнүндө маалымдоо
14. Кызмат көрсөтүүдө ишке тартылган ведомство БТМСнын программалык функциялары аркылуу кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүн, Документти даярдоо абалын, кошумча маалымат жана (же) документтештирүү боюнча суроо-талаптарды БТМСга киргизет, ушул сыяктуу суроо-талаптарга жоопторду алышат.
15. Арыз ээси кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшү менен БТМСнын билдирүүлөрү аркылуу таанышууга укуктуу.
16. Арыздын формасы жөнүндө, толтуруу эрежелери, ошондой эле талап кылынган документтер жөнүндө маалыматтар жеткиликтүү болуш үчүн БТМС жаңыланып турушу керек.
17. ЛУТ Документтерин алууга арыз «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.
18. Арыз ишке тартылган ведоствого төмөнкү жолдор менен жөнөтүлүшү мүмкүн:
1) арыз ээсинин же БТМС операторунун электрондук колу коюлган электрондук документ түрүндө;
2) арыз ээсинин атынан БМТС оператору тарабынан - кагаз жүзүндө, арыз ээсинин суроо-талабынын негизинде БМТС операторунун электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө.
§2. Кабыл алуу тартиби жана арызды каттоо
19. Электрондук документ түрүндөгү арыз келип түшкөндө, БТМСнын техникалык жана программалык каражаттарынын жардамы менен, арызга автоматтык түрдө каттоо номерин берет.
20. Алынган электрондук документтерде ЭК аныктыгын текшерүү БМТСнын техникалык жана программалык каражаттары тарабынан автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Электрондук колтамгасын аныктоого кошумча текшерүү жүргүзүлбөйт.
21. Ишке тартылган ведомстволорго кагаз түрүндө жиберилген бардык арыздар, БМТС операторунун функцияларын аткарган, ишке тартылган ведомствонун кызматкери тарабынан түзүлөт ___________ (ишке тартылган агенттиктин кызматкеринин кызматкеринин аты-жөнү көрсөтүлөт) жана катталат).
22. Арызды кагаз жүзүндө кабыл алууда:
1) Арызды түздөн-түз кабыл алган ишке тартылган ведомствонун БМТС оператору арызга тиркелүүчү документтердин толуктугун алдын-ала текшерүүнү жүзөгө ашырат. Арызга тиркелүүчү документтердин толуктугу жөнүндө сын-пикирлер жок болгон учурда, ишке тартылган ведомствонун БМТС оператору арыз ээсинен алынган маалыматтын жана кагаз түрүнө документтердин негизинде БМТСке өтүнмө түзөт жана басылып чыккан формада өтүнмөнү арыз ээси текшерүү жана кол коюу үчүн жөнөтөт.
2) Арыз ээси түздөн-түз арызды кабыл алып жаткан ишке тартылган ведомствонун БМТС операторунун катышуусунда, милдеттүү түрдө арыз ээсинин тастыктоочу документин алдын-ала көрсөтүү менен, басылып чыккан өтүнмөгө кол коет.
3) Арыз ээси кагазга басылган өтүнмөнү текшерип, кол койгондон кийин, ишке тартылган ведомство БМТС оператору ___ (сааттан) кечиктирбестен өзүнүн электрондук кол тамгасын колдонуп, БМТС аркылуу электрондук арызга кол коет. Ишке тартылган ведомствонун БМТС оператору өзүнүн электрондук кол тамгасы аркылуу электрондук түрдө арызга кол коет, муну менен кагазга түшүрүлгөн маалыматтардын тууралыгын жана арыз ээси тарабынан берилген коштомо документтердин мазмунунун аныктыгын тастыктап аларды электрондук көчүрмөлөрдүн негизинде кагаз жүзүндө арызга кол коет.
4) Ишке тартылган ведомствонун БМТС оператору өзүнүн ЭК кол койгон документтеринин электрондук көчүрмөсүн колдонуп, арызга тиркелген документтердин электрондук түрүн түзөт. Ар бир документ үчүн өзүнчө электрондук түрү түзүлөт жана ага аталышы, документтин түрү, номери жана түзүлгөн датасы ыйгарылат.
5) Документтердин бардык электрондук түрү электрондук документ түрүндө арызга тиркелет.
6) Ишке тартылган ведомствонун БМТС оператору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ишке тартылган ведомстволордун жергиликтүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, арызды кагаз жүзүндөгү түп нускасын жана арызга тиркелүүчү документтерди сактоого өткөрүп берет (кайсынысы экени көрсөтүлүп).
7) Арызга ЭК жардамы менен ишке тартылган ведомствонун БМТС операторунун колу коюлган учурдан тартып берилген деп эсептелет жана арызга БМТС каттоо номери берилет.
§3. Арызды тиешелүү агенттиктин жооптуу аткаруучусуна таркатуу
23. Электрондук кол тамга түзүлүп, кол коюлгандан кийин, электрондук документ түрүндөгү арыз аны кароого жооптуу, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине жөнөтүлөт.
24. Арызды кароого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси арызды кароону ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусуна жиберет.
25. Арызды карап чыгууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси арызды карап чыгууну БМТСдагы себебин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ишке тартылган ведомствонун башка жооптуу аткаруучусуна тапшырууга укуктуу. Ошол эле учурда, арызды кароо мөөнөттөрү өзгөрүүсүз калат жана өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
§4. Тийиштүү ведомствонун жооптуу аткаруучусу тарабынан арызды кароо
26. Ишке тартылган ведомствонун арызды карап чыгуучу жооптуу аткаруучусу _______________ (бул жерде арыздарды кароого катышкан, ишке тартылган ведомствонун кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн көрсөтүү керек).
27. Ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу, ага бөлүнгөн арыздарды берген датасына жана мөөнөтүнө жараша БМТС белгилеген кезектин тартибинде карайт.
28. Ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу башка документти алуу үчүн арыздын мазмунуна жана коштомо документтерине арызды кароодон баш тартуу үчүн негиздердин бар же жок экендигине экспертиза жүргүзөт, анын натыйжалары жөнүндө маалыматтар БМТСна дагы киргизилет __________ (арызды жана коштоочу документтерди карап чыгуу убактысы көрсөтүлөт).
29. Эгерде берилген документтердин так эместиги же дал келбестиги аныкталса, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу кошумча документтерди жана (же) болгон карама-каршылыктарды четтетүү үчүн БМТС аркылуу арыз ээсине суроо-талап жиберет. Эгерде өтүнмө кагаз түрүндө берилген болсо жана арыз ээсинде каттоо жазуусу жок болсо, анда суроо-талап арызда көрсөтүлгөн БМТС билдирүүлөрүнүн жеткиликтүү каражаттары аркылуу жөнөтүлөт.
30. Эгерде арыз ээси ишке тартылган органдын жооптуу аткаруучусунун талабы боюнча комплекстүү маалыматтарды жумушчу күндүн ичинде бербесе (күндөрдүн санын көрсөтүү керек), ишке тартылган ведомствонун жооптуу кызматкери 5-параграфга ылайык башка документти кароодон баш тартат.
§5. Арызды каттоодон баш тартууну тариздөө
31. Арызды каттоодон баш тартууга төмөнкүдөй себептер негиз болушу мүмкүн:
1) документтердин толук топтомунун жоктугу;
2) арыз ээси тарабынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнбөгөндө.
32. Арызды каттоодон баш тартуу, БМТСтеги ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу тарабынан БМТС аркылуу электрондук документ түрүндө жүргүзүлөт, каттоо мүмкүн эместигинин себептеринин тизмесин баш тартуу документин түзбөстөн колдонуучунун интерфейсине киргизет. Эгерде арызда документти кагаз түрүндө берүү зарыл экендиги көрсөтүлсө, анда тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага, ишке тартылган ведомстволордун ченемдик укуктук актылары ылайык жазуу жүзүндө түзөт.
33. Арызды кароодон баш тартуу арыз берилген күндөн тартып _____ жумушчу сааттын ичинде жүргүзүлүшү тийиш.
§6. Арызды кароодогу кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары
34. Ишке тартылган ведомство тарабынан программанын функциялары аркылуу кызматтар көрсөтүлгөндө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшү, Документтин даярдалуу абалы, кошумча маалымат жана (же) документация боюнча сурамдар жөнүндө маалыматтар, мындай суроо-талаптарга жооптор БМТСда түзүлөт.
35. Арызга кагаз жүзүндө берилгенде жана арыз ээсинде эсеп жок болсо, арыз берүүчүгө БМТСке кабарлоонун жеткиликтүү каражаттары аркылуу маалымдалат.
36. Эгерде товарлардын шайкештигин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык баалоо зарыл болсо, сертификациялоо схемасын тандоо арыз берүү учурунда арыз ээсинин каалоосу боюнча жүргүзүлөт.
§7. Лабораториялык изилдөөлөр зарыл болгон учурда
БМТСта иштөө тартиби
37. Эгерде Документти берүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы менен байланыштуу болсо, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу, арызды жана берилген коштоочу документтерди эксперттик кароодон өткөргөндөн кийин, БМТСта катталган тиешелүү лабораторияга сурам жөнөтөт. Ошол эле учурда, арыздын үстүнөн иштөө лабораториялык изилдөөлөр протоколдору алынганга чейин токтотулат.
38. Лабораториядан изилдөө протоколун алган учурда, арыз боюнча иш калыбына келтирилет.
39. Ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу, лабораториялык изилдөө натыйжалары боюнча, БМТСка корутунду даярдайт.
§8. Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген өзгөчө товарларга экспорттук жана импорттук лицензия берүүчү ишке тартылган ведомстволордун - лицензиарлардын өз ара аракеттенүүсү
40. Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган өзгөчө товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген товарларга экспорттук жана импорттук лицензия берүүгө тартылган ведомстволордун – лицензиярлардын Регламент менен жөнгө салынбаган өз ара иш аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, «бирдиктүү терезе» принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
§9. Документти тариздөө жана каттоо тартиби
41. Лицензиялык-уруксат берүү документин каттоо «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, «бирдиктүү терезе» принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобону эске алуу менен жүргүзүлөт.
42. Башка документти каттоо электрондук документ түрүндө жүргүзүлөт.
43. Эгерде кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары боюнча, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу Документти берүү мүмкүн деген тыянакка келсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса ал БМТС Документин түзүп, өзүнүн ЭК менен кол коет.
44. Документти чыгаруу боюнча чечим кабыл алуу үчүн жооптуу кызматкер (кызмат орду көрсөтүлөт), оң чечим кабыл алынган учурда, ______ аралыгында Документке өзүнүн ЭК менен кол коет (кароонун мезгилин көрсөтөт) .
45. Эгерде Документти берүү жөнүндө чечим кабыл алууга жооптуу кызматкер (кызмат орду көрсөтүлөт) чечим менен макул болбосо же Документти аткаруу учурунда каталарды тапса, Документти ______ чейин (кароо мезгилин көрсөтөт) кечиктирбестен толуктап иштеп чыгуу үчүн жооптуу аткаруучуга кайтарып берет.
46. Документти берүү жөнүндө чечим кабыл алууга ишке тартылган ведомствонун жооптуу кызматкери (кызмат ордун көрсөтөт) ЭК аркылуу кол койгондон кийин, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса БМТС автоматтык түрдө документке каттоо номерин берет.
§10. Документти берүүдөн баш тартууну тариздөө жана каттоо тартиби
47. Лицензиялык-урукат берүүчү Документти берүүдөн баш тартууну каттоо – «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.
48. Башка документти берүүдөн баш тартууну каттоо электрондук документ түрүндө жүргүзүлөт.
49. Эгерде кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары боюнча, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу Документти берүү мүмкүн эмес деген чечимге келсе, ал БМТСка Документти берүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен документти берүүдөн баш тартат, жана ага өзүнүн ЭК менен кол коет.
50. ЛУБ Документти берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер - булар:
1) ушул категориядагы субъекттер үчүн мыйзамдарда каралган иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салынганда;
2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен иш аракеттенүүгө тыюу салган соттун чечими болгондо;
3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалыматтар берилген учурда;
4) арыз ээси берген документтер ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп бербесе;
5) лицензияны жана (же) уруксатты карап чыгуу жана берүү үчүн лицензиялык алым төлөнбөгөндө.
Лицензиар баш тартуунун толук негиздерин көрсөтүү менен кат жүзүндө баш тартууга укуктуу.
51. Башка документти берүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) документтердин топтому толук эмес берилгенде;
2) берилген документтерде жалган маалыматтар көрсөтүлгөндө;
3) лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча (сертификациялоо органдары үчүн) белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
4) ишке тартылган ведомстволордун кызматтары үчүн белгиленген мөөнөттө акы төлөнбөгөн болсо;
52. Документти берүү жөнүндө терс чечим кабыл алынган учурда, Документти берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууга жооптуу кызматкер (кызмат орду көрсөтүлөт), документти өзүнүн ЭК менен күбөлөндүрөт (кароо мөөнөтү көрсөтүлөт).
53. Эгерде Документти берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууда ишке тартылган ведомствонун жооптуу кызматкери (кызмат ордун көрсөтсө) чечим менен макул болбосо же каталарды тапса, анда Документти берүүдөн баш тартууну каттоодо, документтерди кайра кароо үчүн ______ кечиктирбестен (кароонун мөөнөтү көрсөтүлөт) жооптуу аткаруучуга кайтарып берет.
54. Башка документти берүүдөн баш тартуу электрондук документ түрүндө гана катталат.
§11. Документти берүү, же Документти берүүдөн баш тартуу тартиби
55. ЛУБ Документти берүү же берүүдөн баш тартуу «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
56. Башка документти берүү арыз ээси тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын, анын ичинде төлөө үчүн бардык кошумча эсеп-фактураларды эске алуу менен жүргүзүлөт. Эгерде кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө каралбаса, анда башка документ акысыз берилет.
57. 44 жана 52-пункттарда көрсөтүлгөн шарттар аткарылгандан кийин, Документ же документти электрондук документ түрүндө берүүдөн баш тартуу БМТС аркылуу жеткиликтүү болот.
58. Эгерде арыз ээси арыз берүүдө Документти кагаз түрүндө берүү зарылдыгын көрсөткөн болсо, же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерде белгиленгендей, Документ кагаз түрүндө берилиши керек болсо, электрондук түрүндөгү Документке кошумча кагаз жүзүндөгү Документ берилет.
59. Ишке тартылган ведомство Документти берүү үчүн белгиленген мөөнөттө, Документти берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жөнүндө арыз ээсине билдирет.
60. ЛУБ Документти берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).
61. Документ арыз ээсине жекече тил кат аркылуу тапшырылат;
62. Документти даярдагандан кийин, арыз ээсине же анын өкүлүнө кагаз түрүндө берүү ишке тартылган ведомство тарабынан жүргүзүлөт.
§12. Ишке тартылган ведомстволордун кызматтары үчүн акы төлөө үчүн эсеп түзүү. Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө фактысын тастыктоо
63. ЛУБ Документти берүү үчүн акы төлөө «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
64. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм накталай жана накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
65. Арыз ээси, өзүнүн каалоосу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы үчүн төлөө ыкмасын тандап алууга укуктуу.
66. Кызматтарды төлөө үчүн эсеп катталган учурдан тартып БМТСта түзүлөт. Төлөм арыз ээси тарабынан БТБ МИ эсебине жүргүзүлөт.
67. Арыз ээсинен БТБ МИ эсебине төлөм келип түшөөр менен, төлөм автоматтык түрдө БМТСте көрсөтүлөт. Төлөм фактыларына ар кандай кошумча тастыктоо (төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү ж.б. түрүндө) талап кылынбайт.
68. Арыз ээси ишке тартылган ведомствонун кассасына кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөгөндө, ишке тартылган ведомствого накталай төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жооптуу кызматкери тарабынан БМТСта _______ акчалай төлөм кабыл алынгандыгы тастыкталат (кызмат ордунун толук аталышы көрсөтүлөт).
69. Эгерде төлөм БТБ МИ дарегине төлөнгөн болсо жана БМТСта акчалай төлөө фактысы тастыкталган болсо, ишке тартылган ведомствонун жооптуу аткаруучусу арызды кароону кийинкиге калтырууга укугу жок.
70. Арыз берүүчүлөр менен эсептешүүнү жүргүзүүгө тартылган ведомствонын жооптуу кызматкери болуп саналат _____ (кызмат ордун көрсөтүлөт).
71. Арыз ээсинен БТБ МИ эсебине ишке тартылган ведомствонун кызматтары үчүн келип түшкөн акчалай каражаттар, БТБ МИ менен ишке тартылган ведомстволордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке тартылган ведомствонун эсептик счетуна кеминде ____________ (мөөнөтү көрсөтүлөт) которулат.
72. БТБ МИ менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн ишке тартылган ведомствонун кызматкери – ________________ (кызмат орду көрсөтүлөт) жооптуу.
73. БТБ МИ өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү салыштыруу кеминде _____ (мөөнөтү көрсөтүлөт) жүргүзүлөт.
§13. Ишке тартылган ведомство тарабынан БТБ МИге маалымдама маалыматтарын берүү тартиби
74. Эгерде кандайдыр өзгөрүүлөр болсо ишке тартылган ведомство маалыматты БТБ МИ дарегине жиберүүгө милдеттүү.
75. Маалыматы БТБ МИ өткөрүп берүүгө жооптуу, ишке тартылган ведомство кызматкери _______ (кызмат орду көрсөтүлөт).
76. Маалыматты өткөрүп берүү үчүн ишке тартылган ведомствонун жооптуу кызматкери төмөнкүдөй маалыматты БМБ МИге өткөрүп берет:
1) ишке тартылган ведомство тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси;
2) кызматтарды көрсөтүү жана документтерди берүү үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеси;
3) көрсөтүлгөн кызматтарга баалар;
4) ишке тартылган ведомствонун уюштуруу түзүмү, анын ичинде анын аймактык бөлүмдөрү;
5) арыздарды кароодо Документтерди даярдоого жана берүүгө катышуучу ишке тартылган ведомствонун жетекчисинин жана кызматкерлеринин аты-жөнү.
77. Маалыматтагы ар кандай өзгөрүүлөр күчүнө кирген күндөн он жумуш күнүнөн кечиктирбестен ишке тартылган ведомствонун жооптуу кызматкери маалыматтарды БТБ МИ дарегине өткөрүп берет.
6-бөлүм. Регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
78. Регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо ички (учурдагы) контролдоо жана тышкы контролдоо болуп бөлүнөт.
79. Регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) контролду жүргүзөт (ведомствонун тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкери көрсөтүлөт, эреже катары бул жетекчи же анын орун басары же сапат боюнча менеджер, эгерде мындай кызматкер каралган болсо).
80. Ички (учурдагы) контролдоо кызматкердин жана ишке тартылган ведомствонун кызматкерлери тарабынан Регламенттин жоболорун, ошондой эле Документтерди берүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзөт.
81. Текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү ___________ (текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн көрсөтүңүз).
82. Ишке тартылган ведомствонун жетекчисинин буйругу менен пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн, анын ичинде конкреттүү арыз ээсинин талабы боюнча.
83. Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча Регламенттин талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлөт, күнөөлүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартуу маселеси каралат.
84. Регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контролду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жана уюмдары жүргүзөт.
7-бөлүм. Регламенттин талаптарын аткарбагандыгы үчүн жооптуу кызматкерлердин жана тартылган ведомстволордун кызматкерлеринин жоопко тартылуусу
85. Кызматкерлердин аракеттери жана/же аракетсиздиги _________ (ишке тартылган ведомствонун аталышы көрсөтүлөт), ошондой эле документтерди берүү учурунда кабыл алынган чечимдер, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте арыз ээси тарабынан даттанылышы мүмкүн.
86. Регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамы жана кызматкерлер (ишке тартылган ведомствонун аталышы көрсөтүлөт) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
8-бөлүм. Корутунду жоболор
87. Регламент үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш.
88. Регламенттин мазмуну ишке тартылган ведомствонун кызматкерлеринин керектөөчүлөргө көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү болушу керек.
89. Регламент төмөнкү дарек боюнча тартылган ведомстволордун кийинки веб-сайтына жайгаштырылган: _________ (ишке тартылган ведомстволордун веб-дареги киргизилет)