Загрузка документа…
| 1-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
Шайкештик сертификатын (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана отургузуучу материалдардын сапатын аныктоодогу жыйынтыгыгын негизинде республиканын ичинде берилет), Эл аралык кызгылт сары сертификатын (OISLS) берүү (экспорттоо үрөн продукциясына берилет)”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 67-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү ишке ашырышат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын III-бөлүмүнүн 85-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
1) Өтүнмөнү кабыл алуунун чектелген убактысы - 15 мүнөттөн ашык эмес.
2) Сынамыкты алууну жүргүзүүгө чектелген убакыт – 1 сааттан ашык эмес (жол жүрүүгө кетирген убакытты кошпогондо).
3) Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө жана ИСТАнын эрежелерине ылайык (Эл аралык үрөндөрдү тестирлөө Ассоциациясы) сыноонун ыкмасына жараша үрөндүн себүү сапатын лабораториялык аныктоо боюнча - 7 күндөн 35 календардык күнгө чейин.
4) Кызмат көрсөтүүнүн документин даярдоого чектелген убакыт – 3 иш күндөн ашык эмес.
5) Шайкештик сертификатын жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификатын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызмат алуудагы керектелүүчү документтердин тизмеси:
а) Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн эл аралык ИСТАнын ыкмасы менен сынамыктарды алуу жана үрөндөрдү сыноого өтүнмө, белгиленген формада;
б) талаа инспекциясынын актысы, белгиленген формада;
в) үрөндөргө аттестат, белгиленген формада;
г) үрөндөргө күбөлүк, белгиленген формада;
д) акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызматтын акысы: Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун макулдашуусу менен агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу менен бекитилген баалардын прейскуранты.
(4) Кызматтын жыйынтыгы: Үрөндөрдүн себүү сапаттарына документтерди берүү:
- Эл аралык кызгылт сары сертификаты - экспорттоо үрөн продукциясына берилет, Эл Аралык Тестирлөө Ассоциациясынын (ИСТА) формасында;
- Шайкештик сертификаты - үрөн партиясына ылайыктуулугун тастыктаган документ, белгиленген формада.
2. Кызматты көрсөтүү процессиндеги аткарылуучу жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүүнүн өндүрүшү кийинки жол – жоболордун топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол – жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекеттик кызмат жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат жеткирүү |
|
2. | Өтүнмөнү алуу жана аны каттоо |
|
3. | Кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысын төлөө |
|
4. | Cынамыктарды алууга адистин чыгышы, аны тариздөө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелерине жеткирүү |
|
5. | Үрөндүк жана көчөт материалдардан сынамыкты бөлүп алуу жана тестирлөө |
|
6. | Жумушчу карточкасын толтуруу, шайкеш келүү сертификатын жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификатын жазып берүү |
|
3. Жол – жоболордун өз ара байланышынын блок – схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | ||||
1-жол- жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча керектөөчүлөргө маалымат жеткирүү | ||||||||
1.1-аракет Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча маалымат даярдоо | Агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун пресс – кызматы, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери | 15 мүнөттөн ашык эмес | - Мезгил мезгили менен жаңылануучу агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун расмий сайты www.agro.gov.kg; - даярдалган маалымат такталары, буклеттер, брошуралар; - электрондук кызматтардын Мамлекеттик порталы аркылуу | - Кыргыз Республикасынын «Үрөндөр боюнча» Закону, 1997 – жылдын 19 июнунан №38. - 2018 – жылдын 30 августунан №302 Агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу жана 2018 – жылдын 24 августунан №33 Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу менен макулдашылган үрөн материалдарга карата негизги сыноолордун (кызматтарынын) Прейскуранты. | ||||
1.2-аракет Мамлекеттик кызматтын төлөө акысы, аны төлөө тартиби, андан тышкары кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат жеткирүү | ||||||||
1.3.-аракет Маалыматты актуалдуу абалда кармап туруу жана жаңылтуу | ||||||||
Жол-жобонун натыйжасы: Мезгил мезгили менен жаңылануучу веб - сайт - www.agro.gov.kg; даярдалган маалымат такталар, буклеттер, брошуралар | ||||||||
Жол-жобонун созулушу: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруучулук-башкаруучулук | ||||||||
2-жол- жобо. Өтүнмөнү алуу жана аны каттоо | ||||||||
2.1-аракет а) Керектөөчүгө өтүнмөнүн бланкысын берүү жана анын толтуруусун камсыздоо
| Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары, адистери | а) 5 мүнөттөн ашык эмес
| а) Толтурулган өтүнмөнүн формасы
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен 2020 – жылдын 3 – мартынан №120 бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча типтүү жоболор жыйндысы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен 2019 – жылдын 7 октябрынан №525 бекитилген электрондук кызматтын Мамлекеттик порталынын колдонуу эрежелери. | ||||
б) Өтүнмөнү электрондук формада Мамлекеттик портал же агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун электрондук каражатынын аркылуу кабыл алуу | б) Автомат түрүндө
| б) Кабыл алуу жана автоматикалык түрүндө өтүнмөнү каттоо, керектөөчүнүн жеке кабинетине эскертмени жиберүү менен | ||||||
2.2-аракет а)Берилген документтердин комплекттүүлүгүн текшерүү б) Электрондук кызматтардын Мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн өтүнмөнү текшерүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери | 5 мүнөттөн ашык эмес | Жетекчиликке киргизүү же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана талаптарга дал келбеген документтерди кайтаруу (өтүнмө портал аркылуу келип түшсө электрондук форматта эскертүү жиберүү)
| |||||
2.3-аракет Өтүнмөнү журналда каттоо
| Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүдүрү жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери | 5 мүнөттөн ашык эмес | - Виза кою; - журналга каттоо |
| ||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Виза коюлду; каттоо журналында жаздыруу жүргүзүлдү ; эгерде документтер талаптарга ылайык келбесе, аларды кайтарып берүү | ||||||||
Жол-жобонун созулушу: Административдик иш аракетинин аткарылуусунун чектелген убактысы 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
Жол-жобонун тиби: Административдик жол - жобо | ||||||||
3-жол - жобо. Кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысын төлөө | ||||||||
3.1-аракет Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнө төлөө акысын жазып берүү
| Бухгалтер Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери | 10 мүнөттөн ашык эмес | - Төлөм жөнүндө квитанциянын түшүүсү | Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун макулдашуусу менен агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу менен бекитилген баалардын прейскуранты боюнча | ||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Төлөмдүн негизинде керектөөчү төлөө жөнүндө квитанцияны көрсөтөт, анын көчүрмөсү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелеринде сакталат. | ||||||||
Жол-жобонун созулушу: Керектөөчүгө счетту толтуруп берүүгө чектелген убактысы 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруучулук – башкаруучулук жол - жобосу | ||||||||
4-жол - жобо. Сынамыктарды алууга адистин чыгышы, аны тариздөө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелерине жеткирүү | ||||||||
4.1-аракет Үрөн партияларынын сактоо талаптарын камсыз кылуу жана баштапкы сынамыкты алуу боюнча текшерүү | Сынамыктарды алуу боюнча окуу курсун өткөн сынамык алуучу адис | 1 сааттан ашык эмес (жол жүрүүгө кетирген убакытты кошпогондо).
| - Документ түрүндө таризделинип алынган сынамык; - сынамыкты айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелерине жеткирүү.
| Кыргыз Республикасынын «Үрөндөр боюнча» Закону, 1997 – жылдын 19 июнунан №38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомдору: “Кыргыз Республикасынын дан эгиндеринин үрөндөрүн сертификациялоо боюнча" Жобосу 2002- жылдын 5 январынан №6, “Кыргыз Республикасынын кант кызылчасынын жана тоют кызылчасынын үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жүргүзүү боюнча” Жобосу, 2004-жылдын 25 ноябрынан № 861, “Кыргыз Республикасынын көп жылдык чанактуу чөптөрүнүн үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жүргүзүү боюнча” Жобосу, 2009-жылдын 12 январынан №5; - Эл аралык тестирлөө боюнча ассоциациясынын ыкмасы (Сапат боюнча колдомосу), - Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн партиясынан сынамыкты алуучулардын аттестациялоонун жүргүзүү тартиби боюнча Жобосу, агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу 2003 – жылдын 5-мартынан №61
| ||||
4.2-аракет Алынган сынамыктардан жумушчу сынамыкты бөлүп алуу жана нымдуулукту аныктоого сынамыкты алуу | ||||||||
4.3-аракет Алынган сынамыкты кичи капка салуу жана аны тариздөө, нымдуулук үчүн алынган сынамыкты суу өткөрбөгөн контейнерге салуу | ||||||||
4.4-аракет Сынамыкты алуу боюнча акт толтуруу | ||||||||
4.5-аракет Сынамыкты айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелерине жеткирүү | ||||||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Документ түрүндө таризделип алынган сынамык; сынамыкты айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелерине жеткирү | ||||||||
Жол-жобонун созулушу: 1 сааттан ашык эмес (жол жүрүүгө кетирген убакытты кошпогондо) | ||||||||
Жол-жобонун тиби: Атайын жол - жобосу | ||||||||
5-жол- жобо. Үрөндүк жана көчөт материалдардан сынамыкты бөлүп алуу жана тестирлөө | ||||||||
5.1-аракет жумушчу сынамыкты кабыл алуу, идентификациялоо жана журналга каттоо | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үрөндөрдү экспертизало Борбордук лабораториясынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери | 7 күндөн 35 календардык күнгө чейин | - Сынамыкты каттоо
| - “Сапат боюнча колдомо” (Эл аралык тестирлөө Ассоциациясы); - айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөндөрү. Сапат аныктоо ыкмалары,мамлекеттик стандарттар 12036-85, 12037-81,12038-84,12039-82,, 12041-82,12042 – 80,12043-88,12044-81,12045-81,12046-85,12047-85,22617.0-77,22617.1-77,22617.2-77,22617.3-77, 22617.4-91,22617.5 -77, 22617.6-77, 24933.0 – 81, 24933.1 – 81, 24933.2 – 81, 24933.3 – 81; 11856-89.
| ||||
5.2-аракет Сынамыкты тестирлөө | - Жумушчу сынамык тестирлөөдөн өттү
| |||||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Жумушчу сынамыкты тестирлөөнү аткаруу | ||||||||
Жол-жобонун созулушу: 7 күндөн 35 календардык күнгө чейин | ||||||||
Жол-жобонун тиби: Атайын жол - жобосу | ||||||||
6-жол - жобо. Жумушчу карточкасын толтуруу, шайкеш келүү сертификатын жана/же Эл аралык кызгылт сары сертификатын жазып берүү | ||||||||
6.1-аракет Жумушчу карточкасына тестирлөөнүн жыйынтыгын киргизүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үрөндөрдү экспертизалоо Борбордук лабораториясынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери | 15 мүнүттөн ашык эмес | - Үрөндөрдүн сапаты боюнча жыйынтык чыгаруу жана шайкештик сертификатын жана/же эл аралык кызгылт сары сертификатын жазып берүүгө жиберүү; - шайкештик сертификатын жана/же эл аралык кызгылт сары сертификатын жазып берүүдөн баш тартуу жана сыноо Протоколун жазып берүүгө жиберүү. | “Сапат боюнча колдомо” (Эл аралык тестирлөө ассоциациясы). Айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөндөрү. Сапат аныктоо ыкмалары,мамлекеттик стандарттар 12036-85, 12037-81,12038-84,12039-82,, 12041-82,12042 – 80,12043-88,12044-81,12045-81,12046-85,12047-85,22617.0-77,22617.1-77,22617.2-77,22617.3-77, 22617.4-91,22617.5 -77, 22617.6-77, 24933.0 – 81, 24933.1 – 81, 24933.2 – 81, 24933.3 – 81; 11856-89. Дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү. Сорттук жана себүү сапаттары. Техникалык шарттар. (КМС869:2002,КМС870:2002, КМС871:2002, 872:2002, 873:2002, 874:2002). Мамлекет аралык стандарттар:ГОСТ19450-93. Көп жылдык чанактуу тоют чөптөрдүн үрөндөрү. Сорттук жана себүү сапаттары. Техникалык шарттар., -ГОСТ32592-2013. Жашылча, бакча өсүмдүктөр,тоют тамыр жемиштер жана тоют капустанын үрөндөрү. Сорттук жана себүү сапаттары. Жалпы техникалык шарттар., -кант кызылчанын үрөндөрү. Себүү сапаттары. Жалпы техникалык шарттар: ГОСТ32066-2013. Айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөндөрү. Сапат аныктоо ыкмалары,мамлекеттик стандарттар: 10246-86, 10247-85, 10248-85, 10349-90, 10250-80, 10251-85, 10252-84, 10253-85, 11226-82, 11227-81, 11229-89, 11230-82. 9576-84, 9577-87, 9578-87, 9669-75, 9672-87, 9822-83, 9824-87, 2684-77,10430-83, 20455-89,20456-89, 21031-90, 21032-90, 28676.11-90, 7001-91, 19449-80, 3577-89, 12260-81, 12420-81, 27635-88. | ||||
6.2-аракет Жумушчу карточкасын туура толтуруусун жана эсебинин жыйынтыгын текшерүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үрөндөрдү экспертизалоо Борбордук лабораториянын башчысы жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери | |||||||
6.3-аракет Үрөндөрдүн сапаты боюнча корутундуларды даярдоо | ||||||||
6.4-аракет Шайкеш келүү сертификатын жана/же эл аралык кызгылт сары сертификатын жазуу, аларды белгиленген формадагы журналдарда каттоо жана арыз ээсине берүү
| Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүдүрү жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, үрөндөрдү экспертизалоо Борбордук лабораториянын башчысы | 3 жумушчу күндөн ашык эмес
| Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө сапаттын документинин түп нускасын берүү, анын көчүрмөсү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелеринде сакталат |
| ||||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө сапаттын документинин түп нускасын берүү, анын көчүрмөсү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мекемелеринде сакталат | ||||||||
Жол-жобонун созулушу: Документти даярдоонун чектелген убактысы - 3 жумушчу күндөн ашык эмес | ||||||||
Жол-жобонун тиби: Атайын жол - жобосу | ||||||||
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарылышына ички (күндөлүк) жана сырткы контролдоо жүргүзүү .
1) Ички текшерүүнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрдүн экспертизалоо департаментинин директору жүргүзөт.
2) Кызмат адамдардын жана кызматкерлердин административдик регламенттин жол – жобосунун сактоосун жана аткарылышын ички текшерүү үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүү менен ишке ашырылат, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин негизинде.
3) Текшерүүнү жүргүзүүдөгү мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолудан кем эмес түзөт. Кызматтын керектөөчүлөрдүн арызынын негизинде пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөт.
4) Кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жою, өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде чаралар көрүлөт, андан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин, “Мамлекеттик жарандар кызматы жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде күнөөлү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин чечиминин негизинде түзүлгөн комиссия кызматтын административдик регламентинин аткарылышынын сырткы контролун жүргүзөт
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат (справка) түрүндө таризделет, ага административдик регламентинине өзгөрүүлөрдүн сунуштары киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган учурдан тартып, 3 иш күндүн ичинде ал кызмат көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн баштап бир айдын ичинде табылган бузуулар жана кемчиликтерди жоюда чаралар көрүлүшү керек, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарга жана кызматкерлерге тартиптик таасир этүү жана административдик чаралар көрүлүшү керек.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышынын сырткы текшерүүсүн 1 жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузуулусунда кызмат адамдардын жоопкерчилиги
8. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттердин талаптарын бузууда Кыргыз Республикасынын эмгек жана бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамынын чегинде жоопкерчиликке тартылат.
9. Кызмат көрсөтүүнү же анын бөлүгүн аткарууда аутсорсингге менчик физикалык же/жана юридикалык жакка өткөрүп берүүдө, кызмат көрсөтүүдө административдик регламенттин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Кызматтын административдик регламенти мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, ведомстволук (структуралык жана аймактык) бөлүмдөр менен макулдашылып, акыркы керектөөчүгө ушул кызматты көрсөтүүдө алар менен өз ара аракеттенүү ишке ашырылат.
11. Кызматтын стандарты кайра каралууда жана зарылдыгына жараша административдик регламентида бир убакта кайта каралууга тийиш.
9. Административдик регламентин иштеп чыккандар:
1. . Калдаралиева Кулмира Садырбаевна – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрдү экспертизалоо департаментинин үрөндөрдү экспертизалоо Борбордук лабораториясынын башкы агроному.